Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 26-августу N 470 Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы N 536, 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары - Нью-Иорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Эл аралык аудитордук практика боюнча комитети тарабынан чыгарылуучу Аудиттин эл аралык стандарттары;
2) Кыргыз Республикасында кесипкөй бухгалтерлердин жана аудиторлордун этика кодекси катары - Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын бухгалтерлери үчүн Эл аралык этика стандарттары боюнча комитет тарабынан чыгарылуучу Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодекси.
Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу мамилелерде Бахрейндин Манама шаарындагы Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюм тарабынан иштелип чыгуучу ислам финансы институттарына аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги N 235 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары…Постановление · 31.10.2019 · № 586
- Постановление Правительства КР от 15 августа 2009 года № 536 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 26 августа 2008 года N 470 "О…Постановление · 15.08.2009 · № 536
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 "2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны…Постановление · 31.03.2014 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 апреля 2003 года № 235 "О международных стандартах аудита в Кыргызской Республике"Постановление · 22.04.2003 · № 235 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 22 апреля 2003 года № 235 "О международных стандартах аудита в Кыргызской Республике"Постановление · 22.04.2003 · № 235 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.