Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 „Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-октябры № 586 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары - Нью-Иорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Эл аралык аудитордук практика боюнча комитети тарабынан чыгарылуучу Аудиттин эл аралык стандарттары;
2) Кыргыз Республикасында кесипкөй бухгалтерлердин жана аудиторлордун этика кодекси катары - Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын бухгалтерлери үчүн Эл аралык этика стандарттары боюнча комитет тарабынан чыгарылуучу Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодекси.
Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу мамилелерде Бахрейндин Манама шаарындагы Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюм тарабынан иштелип чыгуучу ислам финансы институттарына аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 470
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 134 · Күчүн жоготкон