Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-августу № 462
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана
байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы №
547 "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик
колдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Пекин шаарында 2008-жылдагы XXIX Олимпиадалык оюндардын жењүүчү-
лөрүнө жана байге ээлерине бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөгө төмөн-
күдөй финансы каражаттарын карасын:
1-орун үчүн - алтын медаль - 150000 АКШ доллары;
2-орун үчүн - күмүш медаль - 100000 АКШ доллары;
3-орун үчүн - коло медаль - 75000 АКШ доллары;
4-орун үчүн - 25000 АКШ доллары;
5-орун үчүн - 15000 АКШ доллары;
6-орун үчүн - 13000 АКШ доллары;
7-орун үчүн - 12000 АКШ доллары;
8-орун үчүн - 10000 АКШ доллары;
башкы жана жеке машыктыруучуларына спортсмендердин сыйлыгынын өл-
чөмүнүн - 25 проценти;
- "2008-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Олимпиадалык оюндардын жана оюндардын чемпиондоруна жана байге
ээлерине өмүр бою берилүүчү ар айлык стипендияларды төлөөгө жыл сайын
республикалык бюджетте финансы каражатын карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-
тик Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр бою
берилүүчү ар айлык стипендиялар жөнүндө жобону белгиленген тартипте иш-
теп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-мартындагы № 73-б (Бир жолку акчалай сыйлыктар төлөнүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 03.03.2018 · № 73-р