Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 547 «Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө» Жарлыгы
КР Президентинин 2019-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 23 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-декабры ПЖ № 547
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана
байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө
Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик
колдоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын
көтөргөн жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында токтом
кылам:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып өмүр бою берилүүчү ар айлык тө-
мөнкүдөй стипендиялар уюштурулсун:
- Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна - 20000 (жыйырма мињ) сом
өлчөмүндө;
- Олимпиадалык оюндардын күмүш байгесинин ээлерине - 17000 (он же-
ти мињ) сом өлчөмүндө;
- Олимпиадалык оюндардын коло байгесинин ээлерине - 15000 (он беш
мињ) сом өлчөмүндө.
2. Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр
бою берилүүчү ар айлык стипендиялар ар бир олимпиадалык наам үчүн өзүн-
чө эмес, "Олимпиадалык оюндардын чемпиону", "Олимпиадалык оюндардын
байге ээси" деген титулдар үчүн берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине стипен-
дияларды төлөөгө финансылык каражаттарды тапсын жана мындан ары жыл
сайын карасын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө" 2008-жылдын 16-августундагы № 462 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуПостановление · 16.08.2008 · № 462
- КР Президентинин 2019-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин…Указ · 15.02.2019 · № 23