Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-05.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 5-августу № 425
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке
ашыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле медициналык билим бе-
рүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна кара-
бастан клиникалык базаларды бекитип берүү маселелерин жөнгө салуу жана
тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Студенттерди практикалык окутуу маселеси боюнча саламаттык сак-
тоо уюмдарынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен өз ара ара-
кеттенүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 5-августундагы
№ 425 токтому менен
бекитилген
Студенттерди практикалык окутуу маселеси боюнча
саламаттык сактоо уюмдарынын жогорку жана орто
кесиптик окуу жайлар менен өз ара аракеттенүү
тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граж-
дандык кодексине жана Кыргыз Республикасында студенттерди практикалык
окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелерин жөнгө салуучу
башка нормативдик укуктук документтерге ылайык иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам
көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары келишимдик негизде студенттерге
практикалык билим берүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселеле-
ри боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен (мындан ары би-
лим берүү уюмдары) биргелешип аракеттенет.
Студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра да-
ярдоо маселелери боюнча билим берүү уюмдары менен саламаттык сактоо ме-
кемелеринин биргелешкен аракети жөнүндөгү келишимдин типтүү формасын
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулда-
шуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги беки-
тет.
3. Студенттерди практикалык окутуу, медициналык кадрларды даярдоо
жана кайра даярдоо клиникалык базалар катары билим берүүчү уюмдарга бе-
китип берилген саламаттык сактоо уюмдарынын базасында жүргүзүлөт.
Анын базасында студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо
жана кайра даярдоо жүргүзүлүшү мүмкүн болгон саламаттык сактоо уюмдары-
нын тизмесин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги анык-
тайт.
Клиникалык базалардын имараттарында орун алган билим берүүчү уюм-
дардын кафедраларын (бөлүмдөрүн, циклдерин ж.б.) жайгаштыруу маселеле-
рин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнгө салат.
4. Билим берүүчү уюмдардын клиникалык базалары болуп (мындан ары -
клиникалык база) медициналык жардамдын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүчү
жана уюштуруу-методикалык, илимий-изилдөө, окутуу жана дарылоо-дарт
аныктоо иштеринин окуу үчүн зарыл болгон заманбап методдорун, саламат-
тык сактоо системасынын адистерин, илимий кадрларды сабаттуу даярдоо
жана кайра даярдоону камсыздоочу кадрдык потенциалы жана материал-
дык-техникалык жабдууларынын жетиштүү дењгээли болгон саламаттык сактоо
уюмдары менчигинин формасына жана ведомстволук таандуулугуна карабастан
чыга алышат.
Билим берүүчү уюмдардын өзүлөрүнүн клиникалары болушу мүмкүн.
5. Клиникалык базаларда студенттерди практикалык окутуу, кадрларды
даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдары
менен билим берүүчү уюмдардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин катышуусу менен
тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет.
II. Клиникалык базалардын милдеттери
6. Клиникалык базалардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп сана-
лат:
- Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык адистерди үзгүл-
түксүз, көп дењгээлдүү (орто атайын, жогорку, дипломдон кийинки, кошум-
ча кесиптик билим берүү) даярдоону ишке ашыруу;
- оорулууларды профилактикалоо, дартын аныктоо, дарылоо жана реа-
билитациялоонун натыйжалуу методдорун иштеп чыгуу жана практикалык са-
ламаттык сактоо системасына колдонууга киргизүү;
- заманбап медициналык жабдууларды колдонуу менен окуу процессинен
илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн билим берүүчү уюмдарга шарттарды тү-
зүү.
7. Клиникалык базанын жетекчилиги төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- студенттер, клиникалык ординаторлор, врач-интерндер, аспиранттар
жана курсанттар үчүн керектүү сандагы окутуу жайларын жана окуу процес-
синде клиникалардын жабдууларын жана шаймандарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн
берүү менен зарыл шарттарды түзүүнү;
- дарылоо процессине толук катышуу үчүн билим берүүчү уюмдардын
кызматкерлерине шарттарды түзүүнү.
8. Клиникалык базаларга билим берүүчү уюмдар менен келишимде ка-
ралган санда окуу процессин жана илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарыл
болгон тематикалык оорулууларды госпиталдаштырууга укук берилет.
III. Клиникалык базалардын ишин уюштуруу
9. Клиникалык базаларга жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Сала-
маттык сактоо министрлиги тарабынан клиникалык база катары аныкталган
саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси (башкы врач, директор) жүргүзөт.
10. Клиникалык жана билим берүүчү уюмдун жетекчилиги студенттерге
практикалык билим берүү, медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даяр-
доого жоопкерчилик тартат жана окуу процессин уюштурууга көмөк көрсө-
төт.
11. Окумуштуулук даражасы, биринчи/жогорку квалификациялык катего-
риясы бар клиникалык базанын врачтары окутуучулук иш жүргүзүүгө жана
билим берүүчү уюмдарда айкалыштырып иштөөгө укуктуу.
12. Билим берүүчү уюмдардын кафедра жетекчиси:
- жарандардын ден соолугун коргоо жана билим берүү жагындагы нор-
мативдик укуктук актыларды, клиникалык база тарабынан аныкталган сала-
маттык сактоо уюмунун уставын, билим берүүчү уюмдун уставын, ушул Жобо-
ну жетекчиликке алат;
- дарылоо иштери боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жана
жетекчисинин орун басары, уюштуруу маселелери боюнча бөлүм башчысы ме-
нен биргеликте иштейт, саламаттык сактоо уюмдарынын бөлүмдөрүндө, дары-
лоо-диагностикалык, консультациялык жардам көрсөтүүдө жана окуу процес-
син уюштурууда бирдей жоопкерчилик тартат;
- базалык бөлүмдүн иш-аракетин тейлейт жана дарылоо иштери үчүн
саламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы менен бирдикте жоопкерчилик
тартат;
- саламаттык сактоо уюму менен келишимдин негизинде милдеттүү тар-
типте дарылоо жана консультациялык иштерди аткарат.
13. Билим берүүчү уюмдардын доценттери, ассистенттери педагогика-
лык жана илимий-изилдөө иштери менен катар:
- келишимге ылайык врач-ординаторлор же консультанттар катары мил-
деттүү тартипте дарылоо жана консультациялык иштерди аткарышат жана
клиникалык базанын ички тартибинин эрежелерин жетекчиликке алышат;
- дарылоо иштеринин сапатына жана бекитилип берилген окутуучу жай-
лар менен жабдуулардын сакталышына жоопкерчилик тартышат.
14. Докторанттар, аспиранттар, клиникалык ординаторлор жана
врач-интерндер саламаттык сактоо уюму менен билим берүүчү уюмдун орто-
сундагы келишимге ылайык дарылоо иштерин аткарышат.
15. Билим берүүчү уюмдарга бөлүнгөн клиникалык базанын окутуучу
жайларына ремонт иштерин жүргүзүү билим берүүчү уюмдар тарабынан ишке
ашырылат. Окутуу максаттарына бөлүнгөн жайлар, коммуналдык кызматтар
үчүн акы төлөө билим берүүчү уюмдун жана саламаттык сактоо уюмунун ор-
тосундагы келишимге ылайык жүргүзүлөт.
16. Билим берүүчү уюмдун жетекчилиги билим берүү уюмунун кафедра-
ларынын кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоо-консультациялык
жардамдын сапатына, окуу сабактарын өткөрүүдө медициналык аппаратура-
лардын жана жабдуулардын бузулушу үчүн, ошондой эле эмгекти коргоо жана
өрт коопсуздугунун эрежелеринин нормалары менен талаптарын студенттер
бузган учурларда жоопкерчилик тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Мамлекеттик органдары,, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 октября 2015 года № 720 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении стандартов государственных…Постановление · 21.10.2015 · № 720 · Күчүн жоготкон