Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 18-июлу № 385
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республика-
сынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
төрагасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 3, 131-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьянын 5-пункту алып салынсын.
2. 3-статьяда:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, жергиликтүү
кењештердин депутаттары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, шай-
лануучу кызмат орундарга талапкерлер, алардын ишенимдүү адамдары жана
ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, башка шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, шайла-
нуучу кызмат орундарга талапкерлердин жакын туугандары, шайлануучу кыз-
мат орундарга талапкерлерге түздөн түз баш ийүүдөгү адамдар, укук кор-
гоо органдарынын кызматчылары, аскер кызматчылар, ошондой эле соттуулу-
гу алынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Борбор-
дук шайлоо комиссиясына чечүүчү добуш укугу менен мүчө боло алышпайт.";
- 5-пунктта "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызмат
орунуна" деген сөздөр алып салынсын;
3. 4-статьяда:
- 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат орунуна
талапкер" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президенттигине
жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттыгына талапкер-
лерди көрсөткөн саясий партия" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын кызмат адамдары, аскердик бөлүктөрдө, аскердик
уюмдарда, мекемелерде командирлик кызмат орундарды ээлеген адамдар,
судьялар, прокурорлор, ошондой эле соттуулугу алынбаган же мыйзамда
белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Борбордук шайлоо комиссиясына
кењешүүчү добуш укугу менен мүчө боло алышпайт.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат
орунуна талапкердин, Кыргыз Республикасынын Президенттигине жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттыгына талапкерлерди
көрсөтүшкөн саясий партиялардын, комиссиянын ошол мүчөсүн дайындаган
Кыргыз Республикасында референдумун өткөрүү боюнча демилгелүү топтун
чечими боюнча токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.";
- 10-пункт "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат орунуна
талапкер" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президенттигине
жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттыгына талапкер-
лерди көрсөткөн саясий партия," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 5-статьянын 1-пунктунда:
- 5 жана 7-пунктчалар алып салынсын;
- 6-пунктча "шайлоо комиссиялары" деген сөздөрдөн кийин "жана
алардын курамын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт" деген сөздөр
менен толукталсын;
- 10-пунктча "талапкерлердин шайлоо фонддорунун" деген сөздөрдөн
кийин "саясий партиялардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктчада "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы"
деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн талапкерлерге, саясий
партияларга теле-, радио уюмдардын каналдарынан эфирдик убакыт, мез-
гилдүү басылмаларда басма сөз аянтын берүүнүн тартиби жөнүндө нускама-
ларды же башка актыларды чыгарат;";
- 19-пунктчада "бир мандаттуу шайлоо округдарына же" деген сөздөр
алып салынсын;
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат орунуна талапкер-
лерди, саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де-
путаттыгына шайлоолор боюнча талапкерлеринин, Кыргыз Республикасынын
Президентинин кызмат орунуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу
өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын жана Жогорку Кењешине депутаттарды
шайлоо боюнча саясий партиялардын тизмелерин каттайт;";
- 24-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешине шайлоолордун жыйынтыгын аныктайт;";
- 26-пунктча "жыйынтыктарын" деген сөздөн мурда "добуш берүүнүн"
деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27) шайлоо округунда кайрадан добуш берүүнү, кайталап добуш
берүүнү белгилейт жана округдук шайлоо комиссиясына шайлоо округунда
аларды ишке ашырууну тапшырат, мында чечимде мыйзамда белгиленген учур-
ларда жана тартипте участоктук шайлоо комиссиялары шайлоону жањы курам-
да өткөрүүсүнүн зарылдыгын көрсөтө алат;";
- 28-пунктча "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши" деген
сөздөрдөн кийин "негиз пайда болгондон кийин 30 календарлык күндөн ке-
чиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 6-статьяда:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комис-
сиясынын жыйналыштары эки аптада бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.";
- 5-пунктта "үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө ал-
маштырылсын.
6. 7-статьяда:
- 2-пункту "анык эмес деп таануу" деген сөздөрдөн кийин "кайрадан
добуш берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катышып отургандар-
дын ичинен эч кимиси добуш берүүдөн качууга укугу жок.";
- 4-10-пункттар иретине жараша 5-11-пункттар деп эсептелсин;
- 4-пунктундагы "каалаган мүчөсүнүн" деген сөздөр "экиден кем эмес
мүчөсүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 8-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасындагы ", жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун башчыларын" деген сөздөр алып салынсын;
8. 9-статьянын 4-пунктунда "бардык" деген сөз "ачык" деген сөзгө
алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2008 · № 178 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон