Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Окмотунун токтому «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу».
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 августа 2010 года №168 "О Регламенте Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-08-18.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-июлу № 375
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
4-январындагы № 1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү тууралуу
Натыйжалуу экономикалык саясат жүргүзүү, аткаруу бийлигинин орган-
дары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл
алынган ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын регулятив-
дик таасирине талдоо киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине төмөнкү-
дөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 56-пунктунда:
сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Макулдашуучу кењешменин протоколдорун (алар болгон учурда), пи-
кирлердин матрицасын тиркөө менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн макроэкономикалык
көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизген актылардын долбоорлору, ошондой эле
регулятивдик таасирди талдоонун натыйжаларынын негизинде таризделген
түшүндүрмө катты тиркөө менен ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуу-
чу актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Эконо-
микалык өнүктүрүү жана соода министрлигине макулдашууга жиберилет.";
төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-
лиги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тиешелүү чечимдердин таасирине
баа берет жана ишкердик субъекттеринин ишине карата регулятивдик таа-
сирге жүргүзүлгөн талдоону берет. Мында бул маселелер боюнча актылардын
долбоору оњ корутунду алганда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ка-
роосуна киргизилет.".
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтому менен бекитилген)Регламент · 04.01.2006 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы №1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон