Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Реестрде документтин статусу: «Утратил силу». Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүдөн мурун учурдагы редакциясын текшериңиз. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-июлу № 358
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке
ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 17-мартындагы № 142 токтомуна толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысын Кыргыз Респуб-
ликасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу
чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мар-
тындагы № 142 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактардан
бюджетке пайдага салыкты эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада
31-пункттун экинчи абзацындагы "баалуу кагаздарга" деген сөздөрдөн
кийин ", ошондой эле лизинг берүүчү-резиденттер алган проценттерге ка-
рата" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык алынуучу берүүлөр
боюнча кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускама-
да:
28-пунктунун "д)" пунктчасынын онунчу абзацы алып салынсын;
28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "у)" пунктчасы менен толукталсын:
"у) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды
өткөрүп берүү жана төлөмдөрдү жүргүзүү төмөнкү шарттардын бири сактал-
ган учурда лизинг берүүчү алууга тийиш болгон проценттердин суммасы жа-
гында бошотулган берүү болуп саналат:
- эгерде өткөрүп берилген негизги каражаттардын импорту Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 148-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык ко-
шумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулса;
- эгерде лизинг берүүчү аталган негизги каражаттарды Кыргыз Рес-
публикасынын Салык кодексинин 127-статьясына ылайык салык алынуучу
субъект болуп саналбаган сатуучудан сатып алса.";
28-1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- айыл чарба өндүрүүчүлөрү түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максатта-
ры үчүн жана/же чарба жүргүзүүчү субъекттер финансылык ижара (лизинг)
келишими боюнча жүргүзгөн негизги каражаттарды ташып келүүдө ошол чарба
жүргүзүүчү субъекттин КНС төлөөчү катары катталгандыгынын фактысына ка-
рабастан КНС төлөөдөн бошотулат.";
төмөнкүдөй мазмундагы 28-3-пункт менен толукталсын:
"28-3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 140-1-статьясын
колдонуу максатында финансылык ижара (лизинг) - негизги каражаттарды
өткөрүп берүү жагындагы ижаралык мамилелердин "Финансылык ижара (ли-
зинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган бир же ан-
дан ашык белгилерди камтуучу финансылык ижара (лизинг) келишиминин не-
гизинде ишке ашырылуучу өзгөчө түрү.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 3 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (3)
- Инструкция о порядке исчисления и уплаты налога на добавленную стоимость по облагаемым поставкам (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000…Инструкция · 17.03.2000 · № 142
- Инструкция о порядке исчисления и уплаты в бюджет налога на прибыль с юридических лиц (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142)Инструкция · 17.03.2000 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Финансылык ижара (лизинг) жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 17 марта 2000 года №142 "О мерах по реализации требований Налогового кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 17.03.2000 · № 142 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон