Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20 -июнундагы № 325 «Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө» жалпы техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 20-июну № 325
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана
утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана
утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мый-
зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо
жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы Техникалык регламент"
1-глава. Жалпы жоболор
1-статья. Бул Мыйзамдын максаттары жана колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзам (мындан ары - Техникалык регламент) "Кыргыз Респуб-
ликасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
жана утилдештирүү процесстеринде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу
факторлордон жарандардын өмүрүн жана денсоолугун коргоо, жеке адамдар-
дын жана юридикалык жактардын мүлктөрүн, мамлекеттик жана муниципалдык
мүлктөрдү сактоо, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү
коргоо максатында:
техникалык жөнгө салуунун объекттерин, аларды идентификациялоо ык-
малары (эрежелери) менен кошо;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу милдеттүү талаптарды;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстерин ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүн
баалоо формаларын белгилейт.
2. Ушул Техникалык регламенттин колдонулушу Кыргыз Республикасынын
аймагынын чегинде ишке ашырылып жаткан коркунучтуу жана/же зыяндуу фак-
торлордун, анын ичинде жарылуу коопсуздугу, электрлик жана механикалык
коопсуздук боюнча, келип чыгышы мүмкүн болгон машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин баарына жайылты-
лат. Аталган процесстердин тизмеси ушул Техникалык регламенттин тирке-
месинде берилди.
3. Бул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техникалык регламен-
ттерде белгиленген, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо при-
борлордун жана жабдуулардын иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жаа-
тында электр-магниттик шайкештикти, биологиялык, өрт, термиялык, химия-
лык, ядролук жана радиациялык, нурлануу коопсуздугун камсыз кылуучу та-
лаптарды камтыбайт. Бул Техникалык регламент. өзүнө башка жалпы техни-
калык регламенттерде белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын
камтыбайт.
Ошондой эле үй чарбаларында колдонулган машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери, турмуш-тиричилик
техникаларын эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери да бул тех-
никалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери болуп санал-
байт.
4. Ушул техникалык регламент менен аныкталган машиналарды жана
жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча талаптар машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоону жана утилдештирүүнү ишке ашыруучу бардык
адамдар жана укуктук мамилелердин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү
болуп саналат.
2-статья. Техникалык жөнгө салуунун объектилери жана аларды
идентификациялоо тартиби
1. Бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери
(1-статьянын 2-пунктунда аныкталган талаптарды эске алуу менен) төмөн-
күлөр болуп саналат:
1) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун ар кандай про-
цесстери;
2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн ар кандай процесс-
тери.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин иден-
тификациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди эксплуатациялоо
документтеринде көрсөтүлгөн иштер менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин идентификаци-
ялоо максаттары үчүн эксплутациялоочу, башка кызыкдар тарап машиналар
жана жабдуулар менен төмөнкү иштердин бири аткарыла тургандыгына ына-
нууга тийиш:
1) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоого киргизилет;
2) машиналар жана жабдуулар арналышы боюнча колдонулат;
3) машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө же оњдоо (экс-
плуатациялоодон чыгарылбастан) жүргүзүлөт;
4) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоодон чыгарылат.
3. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин иденти-
фикациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди эксплуатациялоо
документтеринде көрсөтүлгөн иштер менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин идентификациялоо
максаттары үчүн эксплутацияоочу, башка кызыкдар тарап машиналар жана
жабдуулар аткарып жаткан иштердин (операциялардын) натыйжасында аларды
андан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес экендигине ынанууга тийиш.
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Техникалык регламентти колдонуу максаттары үчүн төмөнкү түшү-
нүктөр пайдаланылат.
Машиналардын жана жабдуулардын авариясы (мындан ары - авария) ма-
шиналардын жана жабдуулардын аларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу бүлүнүшү же бузулушу, көзөмөлдөнбөгөн жарылуу жана/же коркунуч-
туу заттардын сыртка чыгышы.
Тосмолоо (блокировка) - машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-
лоодо жана кызматчылардын коопсуздукту камсыз кылуучу талаптарды буз-
гандыгынан же башка себептерден улам чукул жагдайдын (анын ичинде ава-
риялык) келип чыгуу коркунучу пайда болгондо машиналарды жана жабдуу-
ларды иштетүүгө мүмкүндүк бербей турган түзүлүш.
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүү - эксплуа-
тациялоочу тарабынан машиналарды жана жабдууларды арналышы боюнча пай-
далануу башталгандыгын тастыктоочу окуя.
Жарылуу - жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн энергиянын бөлүнүп чыгышы
жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон экзотермиялык хи-
миялык тез өзгөрүшү.
Жарылуу коопсуздугу - машиналардын жана жабдуулардын эксплуатация-
лоо, утилдештирүү учурундагы жарылуу мүмкүнчүлүгү четтетилген же пайда
болгон учурда анын кызматчыларга жана башка адамдарга коркунуч келти-
рүүчү жана зыяндуу факторлорунун таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын
алуу жана жеке адамдардын, юридикалык жактардын мүлкүн сактоо камсыз
кылынган эксплуатациялоо жана утилдештирүү абалы.
Жарылуу коркунучу бар чөйрө - жарылуу болушу мүмкүн болгон шарт-
тарда турган химиялык активдүү чөйрө.
Зыяндуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин белгилүү бир шарттар-
да адамга тийгизген таасири кесиптик ооруларды пайда кылуучу, ишке жөн-
дөмдүүлүгүн убактылуу же туруктуу төмөндөтүүчү, соматикалык жана инфек-
циялык оорулардын жыштыгын жогорулатуучу, тукумдун денсоолугунун бузу-
лушуна алып келүүчү терс таасири менен мүнөздөлгөн фактору.
Эмгек шарттарынын гигиеналык нормативдери (ЖЧК, ЖЧД) - Кыргыз Рес-
публикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштун узактыгы нормативдик уба-
кыттан ашпай иштеген кишинин, ошондой эле өмүрүнүн кийинки бөлүгүндө
жана анын төрөлгөн балдарында азыркы заманбап изилдөөлөрдүн натыйжасын-
да табылуучу ооруларды же денсоолугунда болуучу четтөөлөрдү пайда кыл-
бай турган зыяндуу факторлордун дењгээли. Гигиеналык нормативдерди сак-
тоо тийиштүү зыяндуу факторго (факторлорго) карата жогорку сезгичтикке
ээ адамдарда денсоолуктун бузулушун болтурбайт дешке болбойт.
ЖЧК (ПДК) - жол берилген чектик концентрация
ЖЧД (ПДУ) - жол берилген чектик дењгээл
Коргогуч тосмо - адамды, анын дене бөлүктөрүн, кийимин жана аспап-
тарды машиналардын жана жабдуулардын коркунуч келтирүүчү бөлүктөрүнө
(кыймылдагы, ток бар ж.б. бөлүктөрүнө) жол берилбеген тийип кетүүдөн
жана чайналуудан, ошондой эле кызматчыларды машиналарды жана жабдуулар-
ды эксплуатациялоодо келип чыгышы мүмкүн болгон зыяндуу жана коркунуч-
туу факторлордон коргой турган техникалык түзүлүш.
Коопсуздук белгиси - адамдарга түздөн-түз же мүмкүн болуучу корку-
нуч тууралуу эскертүүгө арналган, белгилүү аракеттерге тыюу салган, эс-
керткен же жол берген, ошондой эле объекттер менен каражаттардын жайга-
шуусу тууралуу маалымат берүү үчүн арналган кабарлоочу жана контрасттуу
түстөр, графикалык символдор жана түшүндүрмө жазуулар пайдаланылган,
геометриялык формадагы түстүү графикалык сүрөттөлүш.
Жасоочу - машиналарды, жабдууларды жасап чыгарган юридикалык жак
же жеке адам.
Нускоо (инструктаж) - эксплуатанттын кызматчыларына конкреттүү ма-
шиналарды жана жабдууларды коопсуз иштетүү боюнча эрежелерди, ыкмаларды
жана усулдарды билгизүү.
Аспап - адамдын булчуњ күчүнүн катышуусу менен материалды иштетүү
же технологиялык бөлөк аракеттерди жүзөгө ашырууга арналган аспап.
Машина - бөлүктөрдүн жана түйүндөрдүн өзара байланышып, конкреттүү
колдонуу (иштетүү, кайра иштетүү, жылдыруу же тањгактоо ж.б.) үчүн ма-
териалды бириктирилген катары, анын жок дегенде бир бөлүгү же түйүнү
тийиштүү иштеткичтин (приводдун), башкаруу чынжырынын, энергия булагы-
нын ж.б. жардамы менен кыймылга келет.
Эмгектин чыњалгандыгы - эмгек процессинин кызматчынын борбордук
нерв системасына, сезүү органдарына, эмоциялык жагына күч келтирүүчү
мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы.
Жабдуу - өз алдынча пайдаланылуучу же машинага орнотулуучу жана
негизги жана кошумча (жардамчы) функцияларды аткаруу үчүн, ошондой эле
машиналарды технологиялык комплекске бириктирүү үчүн зарыл техникалык
түзүлүш.
Коркунучтуу зона - мейкиндиктин машиналарды жана жабдууларды эксп-
луатациялоо ордундагы коркунучтуу факторлордун келип чыгуу ыктымалдыгы
жогору жана/же коркунучтуу факторлор бар чектелген чөйрөсү, факторлор-
дун коркунучтуулук мааниси ЖЧД/ЖЧКнын нормасына салыштырмалуу жогорула-
ган (же төмөндөгөн) болот.
Коркунучтуу (чукул) жагдай - табигый жана машиналарды, жабдууларды
эксплуатациялоо жана утилдештирүү процессинде пайда болушу мүмкүн бол-
гон коркунучтуу жана/же зыяндуу [белгиленген чектик мааниден өйдө (тө-
мөн)] факторлордун жана кырсыктын адамдарга таасир этүүсүнө алып келүү-
чү жагдай.
Коркунучтуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин кызматчылардын
травма алышына, ден соолугунун кескин төмөндөшүнө, анын ичинде катуу
кармаган ооруга, өлүмгө жана машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоодо
кырсыктын келип чыгышына себепкер болуучу фактору.
Оператор - кызматчылардын ичинде машиналарды жана жабдууларды экс-
плуатациялоого жиберилүүчү, тийиштүү кесиптик (квалификациясы, адисти-
ги), анын ичинде аткара тууган жумушунун мүнөзүнө ылайык эмгек коопсуз-
дугу боюнча даярдыгы бар адам.
Эксплуатанттын кызматчылары (мындан ары - кызматчылар) - эксплуа-
тациялоочу менен эмгектик же жарандык-укуктук карым-катышта болгон жана
машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоо орундарында же машиналарды,
жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жакын жерде болушу ыктымал жеке
адамдар.
Чектик абал - машиналардын жана жабдуулардын ушул машиналар менен
жабдууларды нормага ылайык эксплуатациялоо учурунда кырсыктын жол бе-
рилген кооптуулугун жогорулатууга алып келет жана кырсыктын келип чыгуу
кооптуулугун жол берилген чекте кармоо үчүн атайын чараларды же машина-
ларды, жабдууларды эксплуатациялоодон четтетүүнү талап кылуучу техника-
лык абал.
Долбоорлоочу - машиналарды, жабдууларды долбоорлогон юридикалык
тарап же жеке адам.
Кырсыктан коргоо - машиналарды жана жабдууларды токтотуучу түзү-
лүш, аларды иштөөнүн башка режимдерине которуу, кырсыктын алдын алуу
максатында кошумча түзүлүштөрдү иштетүү же болушу мүмкүн болгон кырсык-
тын кесепеттеринин алдын алуу.
Жумуш зонасы - полдун же аянтчанын дењгээлинен 2,5 м бийиктик ме-
нен чектелген, кызматчылар дайыма же дайыма эмес (убактылуу) болуучу
орундар жайгашкан мейкиндик.
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессиндеги жумушчу
орун (мындан ары - жумушчу орун) - эксплуатациялоочунун кызматчылары
тарабынан машиналар жана жабдуулар эксплуатациялана турган орун.
Ресурс - машинанын, жабдуунун долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабы-
нан натуралай көрсөткүчтөрдө (циклдерде, километрлерде ж.б.) белгилен-
ген эксплуатациялоо башталгандан болжолдонгон чектик абалга өткөнгө
чейинки суммалык иштеши.
Оњдоо - машиналардын жана жабдуулардын оњ абалын (ишке жөндөмдүү-
лүгүн), машиналардын, жабдуулардын жана алардын курамдык бөлүктөрүнүн
ресурстарын калыбына келтирүү боюнча аракеттердин комплекси.
Кабарлагыч (сигнализация) - көзөмөлдөнүүчү параметрлердин белги-
ленген маанисине жеткенде добуш жана/же жарык аркылуу белги берүүнү
камсыз кылуучу түзүлүш.
Кабарлоочу түс - кызматчылардын же башка адамдардын көњүлүн түз-
дөн-түз же болушу мүмкүн болгон коркунучка, жабдуулардын, машиналардын
жана механизмдердин жана/же конструкциялардын коркунучтуу жана/же зыян-
дуу факторлордун булагы болушу мүмкүн болгон жумушчу түйүндөрүнө, өрт
техникасына, өрткө каршы жана башка коргоо каражаттарына, коопсуздук
белгилерине жана кабарлоочу белгилерге бурууга арналган түс.
Кабарлоочу белги - конструкциялардын, дубалдардын, тосмолордун,
жабдуулардын, машиналардын, механизмдердин (же алардын элементтеринин)
үстүњкү бетине, ошондой эле тасмаларга, чынжырларга, мамычаларга, түр-
күктөргө, бөгөттөөчү тоскоолдорго, такталарга жана башкаларга коркунуч-
ту билдирүү максатында, ошондой эле көрсөтмө жана маалымат берүү үчүн
кабарлоочу жана контрасттуу түстөрдү колдонуу менен түшүрүлгөн түстүү
графикалык сүрөттөлүш.
Жеке коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун
таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, ошондой эле булгануудан
сактоо үчүн адамдын денесине же дене бөлүктөрүнө кийилүүчү же киши пай-
далануучу каражат.
Жамааттык коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу фактор-
лордун таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, машиналар жана
жабдуулар, технологиялык процесс, эксплуатациялоо оруну [жай (имарат)
же башка аймак] менен конструкциялык жана/же функциялык жактан байла-
нышкан каражат.
Иштөө мөөнөтү - машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоонун жасоо-
чу жана/же долбоорлоочу тарабынан белгиленген эксплуатациялоо баштал-
гандан болжолдук чектик абалга өткөнгө чейинки убакыттын узактыгы.
Техникалык диагноздоо (техникалык текшерүү) - эксплуатациялоочу же
ал атайын укук берген адам тарабынан эксплуатациялоодогу машиналардын
жана жабдуулардын техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлгөн
иш-чаралар.
Техникалык тейлөө - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо-
до, сактоодо жана ташууда алардын ишке жарактуу түрдө кармап туруу бо-
юнча операция же операциялардын комплекси.
Технологиялык комплекс - бирдиктүү максатка жетүү үчүн бир бүтүн
нерсе катары куралган (монтаждалган) жана бир бүтүн нерсе катары иштөө-
чү бир нече машинанын жана/же жабдуулардын бирдиги.
Технологиялык процесс - машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-
лоого байланыштуу, аралык же даяр продукция (натыйжа) алуу максатында
кызмат көрсөтүү же чийки затты жана материалдарды иштетүү (кайра иште-
түү), тетиктерди, түйүндөрдү, агрегаттарды жыйноо үчүн зарыл аракеттер-
дин ырааттуулугу.
Ток бар бөлүк - бейтарап өткөргүч менен кошо алганда чыњалуунун
алдында нормадагы режимде иштөөгө арналган өткөргүч же өткөрүүчү бөлүк.
Жумуштун оордугу - ишмердиктин түрү үчүн эмгек процессинин кызмат-
чылардын таяныч-кыймыл аппаратына жана организминин функциялык система-
сына (жүрөк-кантамыр, дем алуу ж.б.) күч келтирүүчү мүнөздөмөлөрүнүн
жыйындысы.
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодогу эмгек шарттары
(мындан ары - эмгек шарттары) - кызматчылар машиналарды жана жабдуулар-
ды иштетүү учурундагы эмгек менен чөйрөнүн оордугунун жана чыњалуусунун
жыйындысы.
Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү - эксплуатациялоодон чы-
гарылган машиналарды жана жабдууларды долбоорлоочу жана/же жасоочу та-
рабынан аныкталган арналышы боюнча колдонууга болбой турган абалга кел-
тирүү максатындагы аракеттерди жүзөгө ашыруу.
Эксплуатациялоочу - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды эксплуатациялоо-
нун коопсуздугу үчүн жоопкер юридикалык жак жеке адам, укуктук мамиле-
лердин башка катышуучусу.
Эксплуатациялык документтер - долбоорлоочу, жасоочу, эксплуатация-
лоочу тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, машиналарды жана жаб-
дууларды эксплуатациялоого жана утилдештирүүгө арналган, жалпы жана
атайын Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптары эске алынган вер-
балдык (тексттик), сандык, графиктик маалыматтардын нускама, эреже, сы-
паттоо, чийме, схема, технологиялык карталар жана бөлөк документтер тү-
рүндөгү жыйындысы.
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо - машиналарды жана
жабдууларды жасоочу (долбоорлоочу) тарабынан аныкталган, арналышы боюн-
ча пайдалануу, анын ичинде машиналарды жана жабдууларды эксплуатация-
лоого киргизүү, машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњ-
доо (эксплуатациялоодон чыгарбастан) жана машиналар менен жабдууларды
эксплуатациялоодон чыгаруу.
2-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз
кылуучу жалпы талаптар
4-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого
киргизүүнүн шарттары
Машиналардын жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүдө машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн төмөнкү шарттары
аткарылууга (камсыз болууга) тийиш:
1) кызматчылардын кесиптик даярдыгы боюнча талаптардын (тийиштүү
квалификациясы жана адистиги) аткарылышы;
2) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу жана орнотуу боюнча
талаптардын аткарылышы;
3) коопсуздук белгилери менен кабарлагыч белгилерди кошо алганда
эксплуатациялоо орунун жарыктандыруу боюнча талаптардын аткарылышы;
4) машиналарды жана жабдууларды штаттык эксплуатациялоодо зыяндуу
факторлордун кызматчыларга таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон дењгээлин
аныктоо, ушул Техникалык регламенттин 4 жана 5-статьяларына ылайык экс-
плуатациялоочунун кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылуу принциптерин
жана ыкмаларын тандашы жана жүзөгө ашырышы;
5) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон кызматчылардын өмүрүнүн,
денсоолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы
жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын аткарылы-
шы;
6) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо макса-
тында адам өмүрүнүн, ден-соолугунун, мамлекеттик жана муниципалдык мүл-
ктөрдүн, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерине ка-
тышпаган жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын мүлктөрүнүн кооп-
суздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жана атайын техникалык регламенттер-
де белгиленген талаптарды аткаруу.
7) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо макса-
тында айлана-чөйрөнү, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо боюнча жалпы
жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды аткаруу.
8) долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документте-
ринин жана/же эксплуатациялоочу тарабынан иштелип чыккан эксплуатация-
лык документтердин болушу.
9) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын атайын Техникалык
регламенттерде белгиленген учурлар менен тартипте машиналарды жана жаб-
дууларды эксплуатациялоого киргизүүгө берген уруксатынын болушу.
5-8-пунктчаларда көрсөтүлгөн шарттардын аткарылышы машиналар жана
жабдуулар белгиленген тартипте дал келүү жол-жобосунан өткөндүгүн ырас-
таган документтердин болушу менен тастыкталууга тийиш.
5-статья. Кызматчыларга машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоого жол берүүнүн шарттары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу адамдардын ат-
карган жумушунун мүнөзүнө ылайык кесиптик даярдыгы (тиешелүү квалифика-
циясы жана адистиги), анын ичинде эмгек коопсуздугу боюнча да болууга
тийиш.
2. Кызматчылардын квалификациясына коюлуучу талаптар, мезгил-мез-
гили менен квалификациясын (квалификациясын өзгөрткөнүн) тастыктоонун
негизи, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордунда нускоодон
өтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
Квалификациялык талаптардын мазмуну (курамы) жана квалификацияны
ырастоо тартиби мамлекеттер аралык, региондук, улуттук билим берүү
стандарттарын эсепке алуу менен түзүлгөн билим берүү программалары ме-
нен белгиленет.
3. Түздөн-түз эксплуатациялоочу тарабынан машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талап-
тарды кызматчылардын окуп-үйрөнүшүн жана билимин текшерүүнү уюштуруу
(нускоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Кызматчыларды медициналык күбөлөндүрүү, алардын маал-маалы ме-
нен андан өтүп турушун негиздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык белгиленет.
6-статья. Машиналар менен жабдууларды эксплуатациялоо ордуна
жайгаштырууга жана аларды эксплуатациялоо орундарын
жарыктандырууга карата талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу аларды эксплуатацияло-
онун коопсуздугун, анын ичинде техникалык тейлөөнүн жана оњдоонун кооп-
суздугун төмөндөгүлөрдү эске алуу менен камсыз кылууга тийиш:
1) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруунун натыйжасында кошум-
ча зыяндуу факторлордун келип чыгышына жол бербөө;
2) кызматчылардын жана башка адамдардын ары-бери коопсуз жүрүүсү
жана өтө шашылыш учурларда аларды ылдам эвакуациялоо, ошондой эле жумуш
орундарына, мүмкүн болушунча транспорт жүрүүчү жолду кесип өтпөгөн эњ
кыска жол менен жетүү;
3) чийки заттардын, баштапкы материалдардын жана өндүрүш калдыкта-
рынын башка жүк ташуу агымына жолукпагандай оптималдуу жол менен ташы-
лышы;
4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессине байла-
нышкан транспорт каражаттарынын коопсуз эксплуатацияланышы;
5) кызматчыларды коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун терс та-
асиринен коргоочу каражаттарды жайгаштыруу;
6) машиналарды жана жабдууларды монтаждоодо (демонтаж), техникалык
тейлөөдө жана оњдоодо кызматчылардын операцияларды эркин жана коопсуз
аткаруусун камсыз кылуучу жумушчу зоналарын (жумушчу орундарын) колдо-
нулуучу аспаптардын, орнотулуучу жердин өлчөмүн, запас жана чечилүүчү
тетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарууну жана убактылуу жай-
гаштырууну эске алуу менен уюштуруу;
7) иштелип жаткан заготовкаларды, баштапкы материалдарды, чала
фабрикаттарды, даяр продукцияны, өндүрүш калдыктарын, кампа жабдууларын
(орнотулбаган текчелер, технологиялык идиштер) жайгаштыруу үчүн аянт-
тардын жана ушуга окшош көмөкчү зоналардын болушу;
8) стационардык аянтчаларды, тепкичтерди, материалдарды сактоо жа-
на бир орундан экинчи орунга которуу үчүн түзүлүштөрдү, аспаптар үчүн
столдорду, электр шкафтарын, өрт инвентарын жана стационардык түзүлүш-
төрдүн ушуга окшош зоналарын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болушу.
9) коммуникациялык системаларды, полдун жана аянтчанын дењгээлинен
берилген бийиктикте орнотула турган көмөкчү машиналарды жана жабдуулар-
ды, пол астындагы алынуучу же ачылуучу тосмолору бар инженердик курул-
маларды (коммуникцияларды) жана коммуникациялардын ушуга окшош зонала-
рын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болушу;
10) роботтор иштеген участкаларда өнөр жай роботторунун жана тей-
лөөчү кызматчылардын жумушчу зоналарына бөлүштүрүлүшү;
11) күйүүчү-майлоочу материалдар топтолгон жерди аныктоону жана
аларды агызуучу арыктарды тазалоону уюштуруу.
2. Коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон машиналарды
жана жабдууларды, ошондой эле коммуникацияларды жайгаштырууда машина-
лардын жана жабдуулардын бирдиктеринин араларындагы, ошондой эле маши-
налар жана жабдуулар менен дубалдын, курулмалардын ортосундагы аралык
жалпы жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жооп
берүүгө тийиш.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жана
жумушчу орундарына баруучу өткөөл жолдор түз болууга тийиш, ањдар, ка-
зылган чуњкурлар болбошу керек. Кышында өткөөлдөр кардан тазаланууга,
ал эми муз тоњуп калган учурда кум, шлак же башка сыйгаланбоочу матери-
алдар чачылууга тийиш.
4. Жумуш ордуна өтүү (көтөрүлүү) үчүн Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын талаптарына жооп берген тротуарлар, тепкичтер, көпүрөчөлөр,
траптар алдын ала каралууга тийиш.
7-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
Бардык категориядагы адамдар, мүлктөр, ошондой эле айлана-чөйрө
үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин кооп-
суздугу эксплуатациялоочу тарабынан ушул Техникалык регламенттин
2-4-главаларында белгиленген талаптарды сактоо менен катар, ушул стать-
яда белгиленген бардык категориядагы адамдар, мүлктөр, ошондой эле ай-
лана-чөйрө үчүн коопсуздукту камсыз кылуу принциптеринин жыйындысын иш
жүзүнө ашыруу менен жетишилүүгө тийиш. Айрым категориядагы адамдар,
мүлктөр үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун ар кандай принцибин иш жүзүнө
ашырууда тийиштүү категориядагы адамдар, мүлктөр үчүн машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугу камсыз болууга
тийиш.
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо (ГОСТ 12.0.003
Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кооптуу жана зыяндуу
өндүрүш факторлору. Классификация.) кызматчыларды коркунучтуу жана зы-
яндуу факторлордун таасиринен коопсуз болушун камсыз кылуу төмөнкү
принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү менен
колдонуу, ошондой эле жалпы жана атайын Техникалык регламенттерде бел-
гиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген коркунучтуу факторлордун,
зыяндуу факторлордун кызматчыларга таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү
камсыз кылуучу технологиялык процесстерди колдонуу.
2) эксплуатациялоочу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-
цесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктча-
сында белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган
учурда эксплуатациялоочу техникалык чараларды жана кызматчыларды жа-
мааттык коргоо каражаттарын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү.
3) эксплуатациялоочу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-
цесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул статьянын 1-пунктунун 1, 2-пункт-
чаларында белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган
учурда эксплуатациялоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
кызматчылардын жеке коргонуу жана/же кызматчылардын иштешинин атайын
режимдерин колдонууга милдеттүү.
4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин
коопсуздугун ушул статьянын 1-пунктунун 1-3-пунктчаларында белгиленген
принциптерин ишке ашырганда камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда эксплу-
атациялоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка
иш-чараларды аткарууга милдеттүү.
2. Иштин оордугунун жана чыњалгандыгынын таасири болгондо эксплуа-
тациялоочунун кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү прин-
циптерге ылайык жүзөгө ашырылат.
1) эксплуатациялоочунун эмгектин оордугунун жана чыњалгандыгынын
көрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол
берилген маанилерин сакташы;
2) эксплуатанттын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
жол берилген маанилердин дењгээлине чейин иштин оордугунун жана чыњалу-
усунун таасирин азайтуу боюнча иш-чараларды аткарышы.
3. Эксплуатациялоо ордуна жакын жердеги (иштеген, жашаган ж. б.)
жана машиналар менен жабдууларды эксплуатациялоого катышпаган адамдар-
дын, эксплуатациялоо ордуна жакын жайгашкан ар кандай мүлктүн коопсуз-
дугуњ камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт: эгер машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоо көрсөтүлгөн адамдар менен мүлк-
төрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттер ме-
нен белгиленген милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе машиналарды
жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүгө жол берилбейт.
4. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордуна жакын жер-
деги жана аларды эксплуатациялоо процессине катышпаган жеке адамдардын
өмүрүнүн, ден-соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу төмөн-
кү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү менен
колдонуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдар менен мүлктөргө жалпы жана
атайын техникалык регламенттерде белгиленген гигиеналык нормаларга туу-
ра келбеген коркунучтуу факторлордун таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү
камсыз кылуучу технологиялык процесстерди колдонуу;
2) эксплуатациялоочу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык про-
цесстин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул статьянын 4-пунктунун 1-пунктчасында
белгиленген принцибин жүзөгө ашырууну камсыз кыла албаган учурда эксп-
луатациялоочу техникалык чараларды жана жамааттык, жеке коргоо каражат-
тарын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү.
5. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принципке
ылайык жүргүзүлөт: машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орунда-
рына башка адамдардын келишин чектөө.
6. Айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу төмөнкү принципке ылайык
жүргүзүлөт: эгер машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айлана-чөйрөнү коргоо жаатын-
дагы милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, анда мындай эксплуа-
тациялоого жол берилбейт.
8-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу жолдору
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин ко-
опсуздугун камсыз кылуучу талаптарды аткарууга адамдын өмүрүн жана
ден-соолугун, жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын мүлкүн, мам-
лекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү, айлана-чөйрөнү, жаныбарлар менен
өсүмдүктөрдү коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоонун
зарыл ыкмаларынын жыйындысын колдонуу аркылуу жетишилет.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип
чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон коргоонун колдонулуучу
жолдору жасоочу жана/же долбоорлоочу алдын ала көрсөткөн ыкмаларга ко-
шумча, ушул Техникалык регламенттин 7-статьясында баяндалган принцип-
тердин негизинде эксплуатациялоочу тарабынан өз алдынча аныкталат. Бул
ыкмалардын курамы аларды чогуу колдонуунун натыйжасында ушул жана башка
техникалык регламенттер менен белгиленген талаптардын аткарылышы камсыз
боло тургандай болуп тандалат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин
коопсуздугу төмөнкү жолдордун бири же алардын комбинациясы менен кам-
сыздалат:
1) коопсуз технологиялык процесстерди, анын ичинде машиналар менен
жабдуулардын коопсуз режимде иштеши, коркунучтуу жана зыяндуу фактор-
лордун келип чыгышы менен байланышкан технологиялык процесстер менен
операцияларды мындай факторлор жок же жалпы жана атайын техникалык рег-
ламенттерде белгиленген гигиеналык нормалардын чегинде болгон техноло-
гиялык процесстер жана операциялар менен алмаштыруу, ошондой эле функ-
цияларды кызматчылардын, машиналардын жана жабдуулардын ортосунда туура
бөлүштүрүү;
2) эксплуатациялоо орундарын коопсуздук талаптарына ылайык жарык
кылуу, анын ичинде имараттын ичин жана башка аймактарды (машиналарды
жана жабдууларды имараттардан жана курулмалардан сырткары эксплуатация-
лоодо), белгиленген ыкмалар аркылуу машиналарды жана жабдууларды эксп-
луатациялоонун коркунучтуу зоналарын көрсөтүү;
3) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизбей турган
баштапкы чийки заттарды (сырье), материалдарды колдонуу, ал эми бул та-
лапты аткаруу мүмкүн болбогон учурда коркунучтуу чийки зат менен мате-
риалды иштетүүдө (кайра иштетүүдө) машиналарды жана жабдууларды эксплу-
атациялоо процессинин коопсуздугун, кызматчыларды коргоону камсыз кы-
луучу шарттарды сактоо;
4) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун өлчөнүүчү параметрлеринин
көзөмөлдөөнүн белгиленген ыкмалары менен каражаттарын колдонуу;
5) кырсыктан коргоочу жана кабарлагыч түзүлүштөрдү колдонуу;
6) коркунучтуу жана зыяндуу факторлорду чектөөчү (локализациялоо-
чу) тез таасир этүүчү каражаттарды колдонуу;
7) машиналарды жана жабдууларды жайгаштырууну жана жумушчу орунда-
рын уюштурууну коопсуздуктун талаптарына ылайык жайгаштыруу;
8) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизе турган баш-
тапкы материалдар, заготовкалар, жарым фабрикаттар, комплекттөөчү буюм-
дар (тетиктер, түйүндөр, агрегаттар), даяр продукция жана өндүрүштүн
калдыктары менен түздөн-түз контактта болушун машиналарды жана жабдуу-
ларды эксплуатациялоо процессин башкаруунун автоматтык системасын кол-
донуу менен четтетүү;
9) кесиптик тандоо, кызматчыларды окутуу-үйрөтүү, эмгек коопсузду-
гун билүүсүн жана көндүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген талаптарга ылайык текшерүү;
10) мүмкүн болгон коркунучтуу же зыяндуу факторлордун мүнөздөрүнө
ылайык кызматчыларды коргоонун жеке жана жамааттык каражаттарын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуу;
11) туюк циклдин калдыксыз технологиясын колдонуу, эгер бул мүмкүн
болбосо коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон өндүрүш
калдыктарын өз убагында утилдештирүү аркылуу; суу менен жабдуунун ай-
ланма системасын колдонуу;
12) азыркы илимий-техникалык өнүктүрүү дењгээлинде белгилүү башка
мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу.
9-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы
талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин
коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эксплуатациялоочу коркунучтуу (чукул)
жагдайлардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө мил-
деттүү.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо эксплуатациялык
документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт, жасоочу ал документтерди
машиналар жана жабдуулар менен чогуу берүүгө милдеттүү.
Эксплуатант машиналар менен жабдууларга эксплуатациялык документ-
терди сактоого жана ушул документтерде белгиленген талаптарды аткарууга
милдеттүү.
Эгер машиналарды жана жабдууларды монтаждоодо (жөндөөдө) долбоор-
лоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтери толук же жа-
рым-жартылай жок болсо, анда эксплуатациялоочу долбоорлоочудан жана/же
жасоочудан машиналарды жана жабдууларды монтаждоонун (жөндөөнүн) жана
алардын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон
документтерди суроого милдеттүү, документтерди толук алмайынча машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүнү токтотуп турат.
Долбоорлоочунун жана/же жасоочунун ким экендигин билүү мүмкүн бол-
богон учурда (жок болсо) эксплуатациялоочу ошол машиналарды жана жаб-
дууларды эксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн зарыл болгон эксплуатация-
лык документтерди иштеп чыгууну камсыз кылууга, же болбосо ошол эксплу-
атациялык документтери калыбына келтирүүгө милдеттүү.
3. Эксплуатациялоочу долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуата-
циялык документтерин кызматкерлерге жеткирүүгө (билгизүүгө) милдеттүү,
ошондой эле зарыл учурда жалпы жана атайын техникалык регламенттердин
милдеттүү талаптарын эске алуу менен машиналарды жана жабдууларды эксп-
луатациялоо процессин уюштуруу үчүн кошумча эксплуатациялык документ-
терди иштеп чыгууга милдеттүү.
4. Эксплуатациялоочу долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуата-
циялык документтерине алардын макулдугусуз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө
укугу жок.
5. Эгер эксплуатациялоочу долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксп-
луатациялык документтерин жоготуп койгон болсо, анда ал жетишпеген экс-
плуатациялык документтерди ылайыктуу мөөнөттө, бирок жоготуу билинген
учурдан баштап, алты айдан ашпаган мезгилде, ордуна келтирүүгө чара ке-
рүүгө милдеттүү.
Долбоорлоочу жана/же жасоочу эксплуатациялык документтерсиз экс-
плуатациялоого жол бербеген учурда эксплуатациялоочу машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоо процессин токтотуп турууга милдеттүү.
6. Иштөө мөөнөтү жана ресурсу бүткөн машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоого долбоорлоочу жана/же жасоочу белгилеген шарттарда жол
берилет.
7. Эксплуатациялоочу төмөнкү учурларда иштөө мөөнөтү аяктай элек
жана ресурсу түгөнө элек машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону
токтотууга милдеттүү.
1) эгер машина, жабдуу иштен чыкса (кырсыктан токтоо);
2) тийиштүү ыйгарым укуктары бар мамлекеттик бийлик органдарынын
талабы боюнча - коркунучтуу (чукул) жагдай келип чыккан убакта же ошол
эксплуатациялоочунун же башка эксплуатациялоочулардын ушундай машинала-
ры жана жабдуулары кырсыкка учураганда;
3) тийиштүү машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону уланта
берсе кырсыкка учуратышы мүмкүн болгон коркунучтуу (чукул) жагдайлар
(анын ичинде табигый кырсыктар) келип чыкканда.
8. Эгер долбоорлоочу жана/же жасоочу машиналардын жана жабдуулар-
дын тетиктерине, түйүндөрүнө иштөөнүн өзүнчө мөөнөтүн (ресурсун) белги-
леген болсо, анда ушул статьянын 6, 7-пункттарында белгиленген эрежелер
аларга да тийиштүү.
9. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялык документтерде бел-
гиленгенден айырмаланган режимде жана шарттарда эксплуатациялоого жол
берилбейт.
10. Эгер машиналардын жана жабдуулардын конструкциясында, техноло-
гиялык процесстер менен кошо, эксплуатациялоо процессинин коопсуздугун
камсыз кылуучу башкаруу системасынын болушу каралса, анда башкаруу сис-
темасы токтотулган, ажыратылган же бузук мындай машиналарды, жабдуулар-
ды эксплуатациялоого тыюу салынат.
11. Эгер машиналардын жана жабдуулардын конструкциясында коргоо
системасы жана/же кабарлагыч түзүлүш кошо курулган болсо, анда коргоо
системасы жана/же кабарлагыч түзүлүшү токтотулган, ажыратылган же бузук
мындай машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого тыюу салынат.
12. Радиоактивдүү нурлануу булагы бар приборлор менен жабдылган
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо аларды тейлөөчү кызмат-
чылар үчүн радиациялык көзөмөл жана анын натыйжаларын каттоо радиация-
лык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарына жооп
берүүгө тийиш.
13. Техникалык диагноздоо жүргүзүү долбоорлоочу жана/же жасоочу
тарабынан, ошондой эле атайын техникалык регламенттерде белгиленген
учурда эксплуатациялоочу техникалык диагноздоо жүргүзүүгө милдеттүү.
10-статья. Кырсыктан коргоо каражаттарын жана кабарлагыч
түзүлүштөрдү колдонуунун талаптары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо төмөндөгүдөй та-
лаптарга жооп берген кырсыктан коргоо каражаттары колдонулууга тийиш:
1) кырсыктан коргоо каражаттары коркунучтуу (чукул) жагдай келип
чыкканда же кырсык болгондо өз милдетин аткарууга тийиш;
2) кырсыктан коргоо каражаттарынын аракеттери тийиштүү коркунучтуу
же зыяндуу фактор жоюлганга чейин токтолбоого тийиш;
3) кырсыктан коргоо каражаттарынын биринин же анын элементинин иш-
тебей калышы коргоонун башка каражаттарынын аракетин токтотуп койбоого
тийиш.
2. Кырсыктан коргоо каражаттарынын жайгаштырылышы эксплуатациялоо-
чунун машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоону жана тех-
никалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койбоого
тийиш;
3. Кабарлоо каражаттарынын жана коркунучтуу (чукул) жагдайлардын
келип чыкканы тууралуу кабарлоочу башка маалымат каражаттарынын жайгаш-
тырылышы кызматчылардын маалыматты жањылбай, туура жана ылдам кабыл
алышын камсыз кылууга тийиш.
4. Коркунуч тууралуу билдирүүчү кабарлагыч түзүлүштөр алардын сиг-
налдары машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде корку-
нуч келтирилген же коркунуч келиши мүмкүн болгон адамдарга жакшы угул-
гандай жана ажырата алгандай аткарылууга жана жайгаштырылууга тийиш.
5. Добуш менен кабарлагыч оператордун көрүү каналы маалымат менен
толуп калган учурда, ошондой эле чектелген көрүү шартында, машиналарды
жана жабдууларды эксплуатациялоо орундары мейкиндикте көп орун ээлеген-
де, кызматчылардын ишмердиги монотондуу болгон учурларда колдонулууга
тийиш.
6. Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттары
эки тараптуу маалымат алмашуу талап кылынган учурда, ошондой эле маши-
наларды жана жабдууларды эксплуатациялоодо келип чыккан жагдайдан улам
сөз түрүндөгү эмес кодду (сигналды) айрып билүү кыйын болуп калганда
колдонулууга тийиш.
Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттарынын
динамикалуу диапазону сапаттуу сөз байланышын камсыз кылууга тийиш.
Ызы-чуу таасир эткен шарттарда үндү угузуунун энергиялык дењгээли
ызы-чуунун дењгээлинен кеминде 10 дБден ашык болушу зарыл.
11-статья. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу боюнча
талаптар
1. Бул талаптар кызматчыларга коркунучтуу жана/же зыяндуу фактор-
лордун таасиринин алдын алуу же таасирин азайтуу үчүн коргоо каражатта-
рын колдонууга таандык.
2. Аларды колдонуу мүнөзүнө жараша персоналды коргоо каражаттарын
Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кызматчыларды коргоо
каражаттары. Жалпы талаптар жана классификациясы: ГОСТ 12.4.011 ылайык
эки категорияга бөлүнөт:
1) жамааттык коргонуу каражаты;
2) жеке коргонуу каражаты.
3. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу төмөнкүлөрдү камсыз
кылууга тийиш:
жумушчу зонадан коркунучтуу жана/же зыяндуу заттар менен материал-
дарды алып кетүү (жамааттык коргонуу каражаты үчүн);
коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасирин (санын) жалпы
жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген маанилерге чейин
төмөндөтүү;
кызматчыларды кабыл алынган технологияны жана жумуштун шарттарын
коштоп жүрүүчү коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тий-
гизүүсүнөн коргоо;
кызматчыларды технологиялык процессти бузуудан же кырсыктан келип
чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тийгизүүсүнөн
коргоо;
4. Кызматчылар коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун мүмкүн бо-
луучу таасир этүүсү эске алынып, жеке коргонуу каражаттары менен Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз болууга тийиш.
5. Кызматчылар жеке коргонуу каражаттарын алганда бул каражаттарды
пайдалануунун тартиби тууралуу нускоодон өтүүгө жана ал каражаттарды
кароо талаптары менен таанышууга тийиш.
6. Кызматчыны төмөнкүдөй коргой турган каражаттарды колдонууга жол
берилет:
1) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун аракетинин алдын алат же
төмөндөтөт;
2) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болуп эсептелбейт;
3) эргономиканын талаптарына жооп берет;
4) техникалык регламенттердин жана эксплуатациялык документтердин
талаптарына ылайык арналышы жана иштөө мөөнөтү, аны эксплуатациялоонун
жана сактоонун эрежелери көрсөтүлүп маркаланган.
7. Кызматчыларды коргоо каражатынын конкреттүү тибин тандоо тийиш-
түү процесс жана жумуштун түрү үчүн коопсуздуктун талаптарын эске алуу
менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
8. Жеке коргонуу каражаттарын колдонууда жана аларды техникалык
тейлөөдө эксплуатациялоочу жасоочунун документтеринде белгиленген та-
лаптарды сактоого милдеттүү.
9. Жеке коргонуу каражаттарынын коргоочу, физиологиялык-гигиеналык
жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрү боюнча дал келүүсү атайын техникалык
регламент менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө бааланууга тийиш.
10. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналар, жабдуу-
лар жана башкаруу элементтери менен конструкциялык жактан коркунучтуу
(чукул) жагдай келип чыкканда коргонуу каражатынын автоматтык түрдө иш-
теши камсыз кылынгыдай болуп бириктирилген болушу керек.
Жамааттык коргонуу каражаттарын машиналарды жана жабдууларды иште-
түү жана токтотуу үчүн башкаруу элементи катары колдонууга жол берилет.
11. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналарда жана
жабдууларда же жумуш ордунда алардын иштешине үзгүлтүксүз көзөмөл жүр-
гүзүү, ошондой эле аларды коопсуз техникалык тейлөө жана оњдоо мүмкүн-
дүгү камсыз болгондой жайгаштырылат.
12. Жумушчу орундардагы жамааттык коргонуу каражаттарынын натыйжа-
луулугун көзөмөлдөө жамааттык коргонуу каражатын жасоочунун эксплуата-
циялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
13. Жумушчу орундардагы жеке коргонуу каражаттарынын натыйжалуулу-
гун көзөмөлдөө жамааттык жеке коргонуу каражатын жасоочунун эксплуата-
циялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
12-статья. Машиналарды жана жабдууларды башкаруу тутумун
эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз
кылуучу талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону башкаруучу эксп-
луатациялоо тутумунун процессиндеги (машиналык, адамдык-машиналык) бар-
дык каралган иштөө режимдерде жана эксплуатациялык документтерде карал-
ган бардык тышкы таасирлерде бул башкаруунун коопсуздугу камсыз болушу
керек.
Жумуш орундарында башкаруу аракеттеринин керектүү кезеги тууралуу
жазуулар, схемалар жана маалыматтын башка каражаттары болушу керек.
2. Башкаруу органдары төмөнкүдөй болгон машиналар жана жабдуулар
эксплуатациялоого уруксат берилет:
1) аларды контролдогон персонал үчүн мүмкүндүк алууга жењил жана
эркин айырмалануучу, зарыл учурда жазуулар, символдор жана башка ыкма
менен белгиленген;
2) алар эркин жүрбөй тургандай жана аларды ишенимдүү жана бирдей
мааниде, анын ичинде персонал жеке коргонуу каражаттарын колдонгон
учурда дагы манипуляциялоо камсыз болгондой конструкцияланган жана жай-
гашкан;
3) жылдыруу, ырааттуулугу жана пайдалануу жыштыгы үчүн талап кы-
лынган күч аракеттерди, ошондой эле функциялардын маанилүүлүгүн эске
алуу менен жайгашкан;
4) алардын формасы, өлчөмү жана контакттын үстү оператор тарабынан
кармоо (манжалар менен, кол менен) же басуу (манжа, алакан, таман ме-
нен) ыкмасына ыњгайлуу болгондой кылып жасалган;
5) функционалдык багыты персоналдын кооптуу зонада болушун талап
кылган башкаруу органдарынан тышкары, кооптуу зонадан тышкары жайгаш-
кан.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону баштоо, ошондой
эле алар токтогондон кийин, токтоо себебине карабай эксплуатацияланышын
кайтадан баштоо аракетке келтирүүнү башкаруу органын манипуляциялоо жо-
лу менен гана жүргүзүлөт.
Эгерде токтогондон кийин кайрадан аракетке келтирүү ошол режимде
каралган болсо, бул талап автоматтык режимде эксплуатацияланып жаткан
машиналарды жана жабдууларды кайрадан аракетке келтирүүгө тийиштүү
эмес.
4. Энергия менен камсыздоонун толук же жарым-жартылай токтотулушу
жана анын андан ары калыбына келтирилиши, ошондой эле энергия менен
камсыздоону башкаруу түйүнүнүн бузулушу кооптуу (штаттык эмес) абалдар-
дын түзүлүшүнө алып келбеши керек, анын ичинде:
1) энергия менен камсыздоону калыбына келтирүүдө машиналардын жана
жабдуулардын өз алдынча аракетке келишине;
2) токтоого берилген команданын аткарылбашына;
3) машиналардын жана жабдуулардын кыймылдуу бөлүктөрүнүн жана ага
бекитилген буюмдардын (мисалы, даярдоо буюмдарынын, шаймандардын ж.б.)
түшүп калышына жана ыргып кетишине;
4) жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын майнаптуулугунун
төмөндөшүнө.
13-статья. Эксплуатацияланып жаткан машиналарды жана жабдууларды
техникалык диагностирлөө
1. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностирлөө процес-
синде эксплуатант төмөнкүлөрдү белгилеши керек:
1) техникалык диагностирлөө учурунда машиналардын жана жабдуулар-
дын андан ары коопсуз эксплуатациялоого жарактуулугун;
2) эксплуатацияланып жаткан машиналардын жана жабдуулардын болжол-
дуу начар абалга жетишин аныктоону (машиналардын жана жабдуулардын кал-
ган ресурсу), анын ичинде машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуа-
тациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоону.
2. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностирлөө (техника-
лык текшерүү) эксплуатант тарабынан өзүнө техникалык изилдөөнү, сыноо-
ну, күбөлөндүрүүнү жана ушул статьянын 1-пунктунда саналган максаттарга
жетүүгө мүмкүндүк берген башка ыкмаларды камтыган иш чараларды өткөрүү
жолу менен жүргүзүлөт.
3. Эгер техникалык диагностирлөөнүн жыйынтыгы боюнча (техникалык
текшерүү) машиналар жана жабдуулар андан ары эксплуатациялоого кооптуу
абалда деп табылса, эксплуатант аларды эксплуатациядан алып салышы же
андан аркы коопсуз эксплуатацияны камсыз кылган тийиштүү оњдоо иштерин
жүргүзүшү керек.
14-статья. Техникалык тейлөөнү уюштуруу жана машиналар менен
жабдууларды оњдоо боюнча талаптар
1. Эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды техникалык
тейлөө жана оњдоо уюштурулушу же алар алмаштырылышы керек.
2. Техникалык тейлөөнүн көлөмү машиналарды жана жабдууларды экс-
плуатациялоонун коопсуздугун кармоо жана ушул техникалык регламентте,
атайын техникалык регламенттерде, эксплуатациялык документтерде карал-
ган алмашып туруучу жумуш шарттарынын чегине ылайыктоо муктаждыгы менен
аныкталышы керек.
3. Машиналардын жана жабдуулардын айрым түрлөрү үчүн оњдоонун мез-
гилдүүлүгү жана анын бардык түрлөрү эгер башкасы атайын техникалык рег-
ламентте каралбаса, долбоорлоочунун жана/же даярдоочунун эксплуатация-
лык документтерине ылайык белгиленет.
4. Долбоорлоочу жана/же даярдоочу тарабынан аныкталган тийиштүү
талаптарды эске алуу менен техникалык диагностирлөөнүн жыйынтыгы боюнча
машиналардын жана жабдуулардын абалына карата оњдоонун мезгилдүүлүгүн
өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.
5. Технологиялык комплекске тикелей байланыштуу машиналарды жана
жабдууларды оњдоо акыркыларды оњдоо менен бир убакта жүргүзүлөт.
6. Машиналарды жана жабдууларды конструкциялык өзгөртүү техникалык
регламенттерге, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык
документтерине ылайык белгиленген чекте жүргүзүлөт.
7. Оњдоодон кийин машиналарды, жабдууларды эксплуатацияга берүүдө
каралган жумуштардын бардыгынын аткарылышы, атайын техникалык регламен-
тте жана/же даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык доку-
менттеринде каралган оњдоонун отчёттук техникалык документтеринин бо-
луусу текшерилиши керек.
8. Оњдоодон кийин машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияга бе-
рүү атайын техникалык регламенттин, даярдоочунун жана/же долбоорлоочу-
нун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оњдоо боюн-
ча жумуштарды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуучу уюштуруучулук жана
техникалык иш чаралар аткарылышы керек.
15-статья. Сигналдык түстөрдү, коопсуздук белгилерин жана
сигналдык белгилерди колдонуу боюнча жалпы талаптар
1. Ушул статьянын талаптары машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо процессиндеги сигналдык түстөрдү, коопсуздук белгилерин жана
сигналдык белгилерди колдонууга тийиштүү.
Эксплуатациялоочу жерлердеги кооптуу зоналар, машиналардын жана
жабдуулардын кооптуу бөлүктөрү ушул статьянын талаптарына ылайык сиг-
налдык түстөргө боёлушу керек жана тийиштүү коопсуздук белгиси менен
белгилениши керек.
2. Бул Техникалык регламент төмөнкүлөргө коюлган кошумча талаптар-
ды камтыбайт:
транспорт каражаттарынын жана жол кыймылынын бардык түрлөрүнүн жа-
рык сигнализациялары үчүн колдонулуучу түстөргө;
газдарды жана суюктуктарды сактоо жана ташуу үчүн баллондордун,
түтүк өткөргүчтөрдүн, сыйымдуулуктардын түстөрүнө, белгилерине жана
маркировкалоочу щитчелерине;
жол белгилерине, темир жолдордун жолдук жана сигналдык белгилери-
не, транспорттун бардык түрлөрүнүн коопсуз кыймылын камсыз кылуу белги-
лерине;
кооптуу жүктөрдүн белгилерине жана маркаларына, ташуунун жана сак-
тоонун атайын шарттарын талап кылган жүк бирдиктерине; өрт белгилерине.
3. Сигналдык түстөр, коопсуздук белгилери жана сигналдык белгилер
персоналдын жана эксплуатациялоо жүргүзүлүп жаткан жерде турган адам-
дардын көњүлүн кооптуу абалды болтурбоо максатында алдын алуу, кооптуу
абалды кенебегенден улам болуучу нерсе тууралуу билдирүү, белгилүү ара-
кеттерди эскертүү же талап кылуу үчүн коркунучка, ошондой эле керектүү
маалыматтарды билдирүү үчүн бурууга колдонулушу керек.
4. Сигналдык түстөрдү, коопсуздук белгилерин жана сигналдык белги-
лерди колдонуу коопсуздук шарттарын камсыздоо боюнча уюштуруучулук жана
техникалык иш чараларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдарына ылайык жеке жана жамааттык коргоону каражаттарын колдонуу
муктаждыгын алмаштырбайт.
5. Эксплуатант ушул Техникалык регламенттин талаптарын эсепке алуу
менен төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сигналдык белгилердин болушун камсыз кылууга, сигналдык түстөр-
гө боеё жана кооптуу зоналарды белгилеген жана коркунучтун түрлөрү,
мүмкүн болгон кооптуу абалдар тууралуу маалымдаган коопсуздук белгиле-
ринин болушун камсыз кылууга;
2) коркунучтун мүнөзүнө жана түрүнө коопсуздук белгилеринин ылайык
келишин камсыз кылууга (керек учурда коопсуздук белгилерине түшүндүрмө
жазуулардын текстин тандоо);
3) өлчөмдөрдүн, түрлөрдүн жана коопсуздук белгилеринин жана сиг-
налдык белгилердин жасалышынын ушул техникалык регламенттин талаптарына
ылайык келүүсүн камсыз кылууга;
4) коопсуздук белгилеринин жасалышы менен жеке коргонуу каражатта-
ры жайгашкан жерлерди белгилөөгө.
6. Түстү өзгөртүүдө же ал техникалык регламенттин талаптарына
ылайык келбесе эксплуатант боесо, сигналдык белгилерди коюуга же белги-
ни алмаштырууга милдеттүү. Белгилер деформация болгон же бузулган учур-
да дагы алмаштырылат.
7. Атайын техникалык регламенттер менен ушул техникалык регламент-
те каралбаган кошумча башка коопсуздук белгилери, графикалык символдор
жана коопсуздук белгилериндеги түшүндүрмө жазуулар кошумча орнотулушу
мүмкүн.
8. Сигналдык түстөрдү, сигналдык белгилерди, коопсуздук белгилерин
белгилөөгө жана колдонуу тартибине карата талаптар Р 12.4.026-2001 мам-
лекеттик стандартында (ГОСТ) белгиленген.
3-глава. Жарылуу коопсуздугу боюнча талаптар
16-статья. Жарылуу коопсуздугу боюнча жалпы жоболор
Заттарды (материалдарды), анын ичинде газдарды, бууларды, суюктук-
тарды, катуу заттарды жана материалдарды, чањдарды жарылуу коопсуздугу
боюнча классификациялоо, анын ичинде категориялар жана топтор боюнча
классификациялоо, ошондой эле жарылуу коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн но-
менклатурасы, заттарды (материалдарды) колдонууда жарылуу коопсуздугу-
нун бул көрсөткүчтөрү, шарттары боюнча талаптар өрт коопсуздугу тарма-
гындагы техникалык регламенттер менен белгиленет.
Машиналардын жана жабдуулардын жарылуу коопсуздугун жана эксплуа-
тациялоону камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар Эмгек коопсуздугунун
стандарттарынын системасы. Жарылуу коопсуздугу. Жалпы талаптар. ГОСТ
12.1.010 го ылайык келүүгө тийиш.
17-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо
жарылуунун алдын алуунун жалпы талаптары
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде жарылуу-
нун алдын алуу максатында эксплуатант төмөнкү талаптарды аткарууга мил-
деттүү:
1) жарылуу коркунучунун санын, классын жана жарылуу коркунучу бар
аймактардын өлчөмдөрүн азайтууну камсыздоо;
2) конструкцияларды, экслуатациялоо, машиналарды жана жабдууларды
жайгаштыруу шарттарын тандоо эсебинен аварияларда аймактын жарылуу кор-
кунучунун дењгээлин азайтуу үчүн күйүүчү заттын жана чањдын атмосферага
чыгышын азайтуу;
3) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймагынын жарылуу
коркунучу классына ылайык келген жарылуудан коргоо классында жасалган-
дарды колдонуу.
18-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо
жарылуунун алдын алуу ыкмалары
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын
алуу төмөнкүлөрдүн ыктымалдыгын жоюу же азайтуу ыкмалары менен жүргүзү-
лөт:
1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн түзүлүшү;
2) жарылууну болтуруучу булактын пайда болушу (ачык от, ысык жана
чок болгон нерселер, электр разряддар, химиялык реакциялардын жана ме-
ханикалык таасирлердин жылуулук чыгарышы, уруудан жана сүрүлүүдөн чык-
кан учкун, уруучу толкундар, электрмагниттик жана башка нурлануулар).
19-статья. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо
2. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо машиналарды
жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуу коопсуздугу боюнча милдеттүү
талаптарды белгилөө, ошондой эле милдеттүү талаптарды аткарууну көзө-
мөлдөө максатында киргизилет. Жарылуу коркунучу бар аймак деп коргоонун
атайын чараларын талап кылган көлөмдө жарылуу коркунучу же жардыруучу
аралашма бар же пайда болушу мүмкүн болгон аймак аталат.
Жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы деп жалындаганда күйбөгөн
аралашманын бардык көлөмүнө тараган нормалдуу атмосфералык шарттардагы
күйүүчү газдардын же абасы бар буулардын аралашмасы аталат.
Жардыруучу чањ аба аралашмасы (жардыруучу чањдын булуту) деп жа-
лындаганда күйүү жалындабаган аралашманын баарына тараган нормалдуу ат-
мосфералык шарттардагы чањ же була түрүндөгү жалындоочу заттардын аба
менен аралашмасы аталат.
1. Жарылуу коркунучу бар аймактарды жарылуу коркунучу бар газ ара-
лашмасынын жыштыгына жана болуу узактыгына Жарылуудан корголгон электр
жабдуу. 10-бөлүк. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо:
ГОСТР 51330.9 (МЭК 60079-10-95) ылайык үч класска бөлүшөт.
1) 0-классындагы аймак: жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы дайы-
ма же узак убакыт бою болгон аймак.
2) 1-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жа-
рылуу коркунучу бар газ аралашмасы болушу мүмкүн болгон аймак.
3) 2-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жа-
рылуу коркунучу бар газ аралашмасынын болуу ыктымалдыгы аз, ал эми ал
пайда болсо да чанда болгон жана көпкө созулбаган аймак.
Жарылуу коркунучу бар аймактар жардыруучу чањ аба аралашмаларынын
жыштыгына, болуу узактыгына жана чањ катмарларынын болушуна жараша
төмөнкү класстарга бөлүнөт:
1) 20-класстагы аймак: булут түрүндөгү күйүүчү чањ күйүүчү же жа-
лындоочу чањдын аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концен-
трацияны түзүүгө жарай турган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу режи-
минде дайыма же көбүнчө болгон жана/же чањ катмарлары жарылуу үчүн же-
тиштүү санда топтолушу мүмкүн болгон аймак. Бул анда чањ көбүнчө же
узак убакыт бою жардыруучу аралашмаларды пайда кыла турган чањ болгон
аймактын ичиндеги кабыкча болушу мүмкүн. Эреже катары бул жабдуунун
ичинде болот.
2) 21-класстагы аймак: 20-классындагы аймак катары классификация-
ланбаган аймак, анда булут түрүндөгү күйүүчү чањ күйүүчү чањдын аба ме-
нен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрацияны түзүүгө жарай
турган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу режиминде болушу мүмкүн бол-
гон аймак. Бул аймак чањ топтолууга жакын жерлерди жана аймак чањдын
аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрация түзүлүшү
мүмкүн болгон иштин нормалдуу режиминде чањ булуттары бар жерлерди кам-
тышы мүмкүн.
3) 22-класстагы аймак: 21-класстагы аймак катары классификациялан-
баган аймак, анда күйүүчү чањдын булуттары чанда пайда болуп аз убакыт-
ка гана сакталат же анда күйүүчү чањ катмарларынын топтолушу штаттыктан
айырмаланган иштин нормалдуу эмес режиминде болушу мүмкүн, бул абада
жалындоого жарай турган чањ аралашмаларынын пайда болушуна алып келиши
мүмкүн. Эксплуатациялоо шарттарына жараша чањдын топтолушун же катмар-
ларын жок кылууга кепилдик берилбесе анда аймакты 21-класстагы аймак
катары классификациялашат. Бул аймак андан чањ тешик жерлер аркылуу
учушу жана топтолушу мүмкүн болгон чањдан турган жабдуунун жанындагы
жерлерди камтышы мүмкүн.
Чањ боюнча классификациялануучу аймак катары булут же катмар тү-
рүндөгү күйүүчү чањ жардыруучу чањ-аба аралашмасынын же күйүүчү чањдын
катмарынын жалындашынын алдын алуу үчүн жабдуунун конструкциясы же пай-
далануу тартиби боюнча коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүүнү талап
кылган санда болгон же күтүлгөн аймак аталат.
Машиналардын жана жабдуулардын иштешинин нормалдуу режими деп бар-
дык параметрлердин иштөөчү маанилери менен мүнөздөлгөн машиналардын жа-
на жабдуулардын иштешинин режими аталат. Жарылуу коркунучу бар чөйрөнү
түзүүгө алып келбеген, аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы
түзүүгө жарай турган күйүүчү заттын анча-мынча чыгышы нормалдуу режим
катары каралат. Машиналарды жана жабдууларды шашылыш токтотууну же оњ-
доону талап кылган авариялар нормалдуу режим катары каралбайт.
20-статья. Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоого коюлуучу талаптар
1. Жарылуу коркунучу бар чөйрө болсо эксплуатант ушул Техникалык
регламенттин 19-статьясына ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо аймагынын жарылуу коркунучунун классын аныктоого тийиш. Аймак-
тарды жарылуу коркунучунун белгилүү класстарына киргизүү заттардын ка-
тегорияларын жана топторун эсепке алуу менен жүргүзүлүшү керек. Жарылуу
коркунучу бар чөйрө, анын ичинде аны түзүүчү компоненттердин жетиштүү
көлөмү жок болгон учурда эксплуатант жарылуу коркунучу бар аймактардын
классын аныктоону жүргүзбөйт, машиналарды жана жабдууларды эксплуатаци-
ялоо аймактары жарылуу коркунучу жок аймактарга киргизилет. Жарылуу
коркунучу жок аймак деп коргоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдө
жарылуу коркунучу бар аралашма пайда болушу мүмкүн болбогон аймак ата-
лат.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймактарын жарылуу
коркунучу бар белгилүү аймактарга киргизүү документтештирилген болууга
тийиш. Документтер төмөнкүлөр тууралуу маалыматты камтууга тийиш:
1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн жана анын компоненттеринин болу-
шу;
2) жарылуу коопсуздугунун талаптарын камсыз кылуу;
3) көрсөткүчтөрдүн жыйындысы, анын ичинде чыгуунун (чыгуу дењгээ-
линин) мүмкүн болчу жыштыгы жана узактыгы, күйүүчү заттын чыгуу жана
топтолуу ылдамдыгы, шамалдоонун ишенимдүүлүгүн жана аймактын жарылуу
коркунучунун дењгээлине таасир этүүчү башка факторлор;
4) аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө же жа-
лындоочу чањды бөлүп чыгаруу булагы болууга жарамдуу күйүүчү заттардын
чыгуу булагы боло турган машиналардын жана жабдуулардын ар бир элемен-
тин талдоо.
Чыгуу ылдамдыгы (тездиги) деп чыгуу булагынан убакыт бирдигинде
чыгарылуучу аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө жа-
рамдуу күйүүчү заттын (газдын, буунун же суюктуктун) саны аталат.
Чыгуу дењгээли деп жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын пайда
болуу ыктымалдыгына байланыштуу чыгуу мүнөздөмөсү түшүнүлөт. Чыгуулар
төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- туруктуу (үзгүлтүксүз) чыгуу;
- үзгүлтүксүз же узак убакыт бою чыгуу;
- биринчи даражадагы чыгуу;
- машиналардын жана жабдуулардын нормалдуу иш режиминде пайда бо-
лушу мезгилдүү же кокустуу мүнөздө болгон чыгуу;
- экинчи даражадагы чыгуу;
- машиналардын жана жабдуулардын нормалдуу иш режиминде жок бол-
гон, ал эми пайда болсо да кыска убакытта болгон чыгуу.
Чыгуу булагы деп андан жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын
пайда болушу үчүн жетиштүү көлөмдө атмосферага чыгышы мүмкүн болгон ма-
шинанын, жабдуулардын элементи аталат.
Жалындоочу чањды бөлүп чыгаруу булагы деп андан күйүүчү чањ жарды-
руучу чањ-аба аралашмасы пайда болушу мүмкүн болгондой бөлүп чыгарыла
же көтөрүлө турган чекит же орун аталат.
3. Эксплуатант машиналарды жана жабдууларды аймактын жарылуу кор-
кунучунун классына ылайык колдонууга тийиш.
4-глава. Механикалык жана электр коопсуздугу боюнча талаптар
21-статья. Коргоочу тосмолорду орнотуу боюнча талаптар
1. Бул статьянын талаптары персоналды машинанын жана жабдуулардын
кыймылдуу бөлүктөрү, буюмдар, даярдоолор жана материалдар, иштетилүүчү
материалдын учуучу бөлүктөрү жана майлоочу-муздатуучу суюктуктар түзгөн
коркунучтан коргоого арналган машиналардын жана жабдуулардын коргоочу
тосмолоруна (мындан ары - тосмолорун) колдонууга таралат.
Бул статья өзүнө аба, суу жана жер транспортунун каражаттарына
тосмолорду колдонууга коюлуучу кошумча талаптарды камтыбайт.
2. Тосмолор машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоодо жана техни-
калык тейлөөдө алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тийиш эмес.
3. Тосмолор коркунуч булактары болбоого тийиш.
4. Артка түшүрүлүүчү, бүктөлүп жыйналуучу жана алып салынуучу тос-
молор коргоо абалында өз алдынча жылдыруудан кармалууга тийиш. Өйдө
көздөй ачылуучу тосмолор ачык абалда кармалып турушу керек.
5. Буга технологиялык мүмкүнчүлүктөр жол берген бардык учурларда
текши тосмолор колдонулушу керек.
Тордон жасалган тосмолор форманын туруктуулугун жана белгиленген
катуулукту камсыз кылган конструкцияда болууга тийиш.
Перфорацияланган материалдан же тордон даярдалган тосмо жана кор-
кунучтуу элементтин ортосундагы аралык 1-таблицада келтирилген.
1-таблица
Перфорацияланган материалдан же тордон даярдалган
тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагы аралык
| Решетканын (тордун) тешигине | Тосмодон коркунучтуу |
| келтирилген айлананын | элементке чейинки |
| диаметри, мм | аралык, мм |
| 8ге чейин | 15тен кем эмес |
| 8ден 10го чейин | 15тен 35ке чейин |
| 10дон 25ке чейин | 35тен 120га чейин |
| 25тен 40ка чейин | 120дан 200ге чейин |
Ийүүнү болтурбоо мүмкүн эмес болгон перфорацияланган материалдан
жасалган тосмолор үчүн тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагы
аралык ийүү чоњдугуна көбөйтүлөт.
6. Тосмонун конструкциясы жана жабышкан жери персоналдын тосулуучу
элементтер менен кокусунан тийип кетишин болтурбоого тийиш.
7. Тосмонун бекемдиги персоналдын тосмого таасиринин аракеттери
боюнча аныкталуучу басымды, машиналардын жана жабдуулардын бузулган бө-
лүктөрүн же материалдардын чыгышын эсепке алуу менен орнотулууга тийиш.
8. Тосмонун коргоочу касиети коркунучтуу же зыяндуу факторлордун
таасири астында азайбашы керек.
9. Тосмо машиналарды жана жабдууну эксплуатациялоодо аны коргоочу
абалдан жылдырууга мүмкүн болбогондой кылып орнотулушу керек. Тосмону
жылдыруу мүмкүн болсо, анда мындай жылдыруу тосулуучу элементтерди ток-
тотууга алып келүүгө тийиш.
10. Өзгөчө көњүл бурууну талап кылган машиналардын жана жабдуулар-
дын элементтерин же атайын макулдашылган элементтерди алууга тоскоол
болгон тосмолордун машиналарды жана жабдууларды тосмо коргоочу абалда
турганда гана иштөөсүн камсыз кылган автоматтык блокировкасы болууга
тийиш.
11. Блокировка түзүлүштөрү машиналардын жана жабдуулардын элемент-
терин же жумушчу циклин автоматтык түрдө күйгүзүү үчүн колдонулбашы ке-
рек
12. Кароочу терезелер тосмонун коргоочу функциясын азайтпоого тий-
иш.
13. Тосмо анын коргоочу функциясын камсыз кылган абалга карата
кыйшаюуну же жылышууну болтурбоочу тактыкта даярдалышы же орнотулушу
керек.
Тосмону (тосмолорду) колдонууну эсепке алуу менен персонал үчүн
коопсуздук аймактары жумуштарды отурган жана турган абалда аткарууда
жумушчу орундарын жабдууга коюлуучу милдеттүү талаптарга ылайык адамдын
мотордук талаасынын аймактарына ылайык келүүгө тийиш.
14. Тосмонун формасы, өлчөмдөрү жана катуулугу машиналардын жана
жабдуулардын тосулуучу бөлүктөрүнө карата анын орун алышы тосулуучу бө-
лүктөрдүн жана мүмкүн болчу чыгаруулардын (мисалы, аспаптын, иштетилүү-
чү тетиктердин) персоналга таасир этишин болтурбоого тийиш.
15. Мындай конструкциялардын тосмолорун эксплуатациялоого жол бе-
рилет:
1) тосмонун персоналды коргоону камсыз кылган абалдан өз алдынча
жылуусун мүмкүн кылбаган;
2) персоналды аспаптын жардамы менен гана коргоону камсыз кылган
абалдан тосмонун жылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат же тосмолор өзүнүн
коргоочу функцияларын аткара албаган абалда болсо машиналарды жана жаб-
дууларды эксплуатациялоону токтотушат;
3) персоналдын каралган аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз
кылышат, зарыл учурларда машиналардын жана жабдуулардын тосулуучу бө-
лүктөрүнүн ишине байкоо жүргүзүү;
4) кошумча коркунучтуу (штаттык эмес) жагдайларды түзүшпөйт.
16. Бир жумуш мөөнөтүнүн ичинде кол менен бир нече жолу ачуу,
алуу, ордун алмаштыруу же орнотуу керек болгон тосмолордун тийиштүү тү-
зүлүштөрү (кармагычтары, скобалары ж.б.) болууга тийиш.
17. Мезгил-мезгили менен кол менен ачылуучу тосмолор ушул Техника-
лык регламенттин 15-статьясынын талаптарына ылайык ич жагынан белги бе-
рүүчү түскө боелууга тийиш. Тосмонун сырткы бетине эскертүүчү белги ко-
юлат же бекитилет.
18. Тосмонун бийиктиги кооптуу элементтин жайгашуу бийиктигине,
коргоочу тосмо жана коркунучтуу элемент ортосундагы аралыкка жараша
адамдын денесинин бөлүктөрүнүн коркунучтуу элемент менен кокусунан тий-
ишин болтурбагандай кылып тандалат.
22-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр
коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жоболор
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуз-
дугунун төмөнкү негизги эрежелери сакталууга тийиш:
1) токту жеткирүүчү коркунучтуу бөлүктөр кокусунан тийүү үчүн ачык
болбоого тийиш;
2) ачык жеткирүүчү бөлүктөр нормалдуу шарттарда, ошондой эле бузу-
луу болгондо коркунучтуу болбошу керек.
Жеткирүүчү бөлүк деп электр тогун жеткире алчу машинанын жана жаб-
дуунун бөлүгү аталат.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуз-
дугу ушул Техникалык регламенттин, атайын техникалык регламенттердин
талаптарына, эксплуатациялык документтерге, ошондой эле электр түзүлүш-
төрүн орнотуу эрежелерине (ЭТЭ) ылайык камсыз кылынат.
23-статья. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр
коопсуздугун камсыз кылуучу ыкмалар жана коргоо
каражаттары
Кокусунан түз тийүүдөн, башкача айтканда адамдардын же жаныбарлар-
дын чыњалуудагы машиналардын жана жабдуулардын ток жеткирүүчү бөлүктөрү
менен электр контактынан коргоо үчүн аларды эксплуатациялоодо долбоорчу
жана/же чыгаруучу караган каражаттарга кошумча төмөнкү техникалык кара-
жаттар колдонулат:
1) коргоочу тосмолор (убактылуу же стационардык);
2) эскертүүчү сигнализация, коопсуздук белгилери.
Электр коопсуздугун камсыз кылуунун техникалык каражаттары төмөн-
күлөрдү эсепке алуу менен колдонулууга тийиш:
1) электр жабдуусунун номиналдык чыњалуусун, токтун түрүн жана
жыштыгын;
2) тышкы чөйрөнүн шарттарын;
3) машиналардын жана жабдуулардын аткарылуу түрүн (сүйрөп жүрүүчү,
көтөрүп жүрүүчү);
4) аларда же алардын жанында жумуш жүрө турган ток жеткирүүчү бө-
лүктөрдөн чыњалууну алып салуу мүмкүнчүлүгүн жана/же зарылдыгын;
5) чыњалуудагы ток жеткирүүчү бөлүктөргө уруксат берилгенден аз
аралыкта жакындоо мүмкүнчүлүгүн.
24-статья. Электр коопсуздугун камсыз кылуу максатында
машиналарга жана жабдууларга техникалык тейлөөнү
уюштуруу боюнча талаптар
1. Оњдоо иштерин жүргүзүүдө электр схемалары Техникалык регламент-
терге, чыгаруучулардын жана/же долбоорчулардын эксплуатациялык докумен-
ттерине ылайык өзгөртүлөт.
2. Оњдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оњдоо иштери
жүргүзүлө турган жерлерде машина жана жабдуу же алардын бөлүктөрү атай-
ын техникалык регламенттерде башка белгиленбесе тосулууга жана атайын
тыюу салуучу сигналдык белгилер менен белгиленүүгө тийиш.
5-глава. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз
кылуучу талаптар
25-статья. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуз-
дугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) коркунучтуу факторлордун пайда болушунун алдын алуучу жана ма-
шиналарды жана жабдууларды утилдештирүү учурунда алардын болушу зыян
келтирүү коркунучуна алып келген зыяндуу факторлордун таасирин азайтуу-
чу же жок кылуучу даярдоочу процесстерди сөзсүз түрдө колдонуу;
2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинин ушул жана
атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга шайкештиги.
26-статья. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмалары
1. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү төмөнкү ыкмалар менен
жүргүзүлөт:
1) башка арналышы боюнча пайдалануу;
2) жок кылуу, анын ичинде кайра иштетүү жолу менен;
3) көмүү.
2. Башка арналышы боюнча пайдалануу утилдештирүү ыкмасы болуп са-
налат, анда машиналар жана жабдуулар долбоорлоодогу жана даярдоодогу
максаттарда каралбаган башка максаттарда колдонуу дењгээлинде машина-
лардын жана жабдуулардын максаттарынын сапаттык өзгөрүшү жүрөт.
3. Машиналарды жана жабдууларды жок кылуу утилдештирүү ыкмасы бо-
луп саналат, анын жыйынтыгында жок кылынуучу машиналардын жана жабдуу-
лардын даярдоочу жана/же долбоорлоочу белгилеген бүтүндөй, ошондой эле
анын айрым түзүүчү бөлүктөрүнүн касиеттери жана белгилери сакталбастан
машиналар жана жабдуулар жок кылынат.
4. Машиналарды жана жабдууларды кайра иштетүү утилдештирүү ыкмасы
болуп саналат, анда энергия же/жана чийкизат же/жана материалдар алы-
нат.
5. Машиналардын жана жабдууларды айрым бөлүктөрүн, түйүндөрүн кө-
мүү, аларды башка максаттарда пайдалануу же жок кылуу, анын ичинде кай-
ра иштетүү жолу менен жок кылуу мүмкүн болбогондо жана/же максатка
ылайык келбеген учурда гана колдонулушу мүмкүн.
6. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмасы ушул жана
атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды эсепке алуу ме-
нен тандалып алынат.
7. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинде пайда
болгон таштандылар жок кылынууга, анын ичинде кайра иштетилүүгө, ошон-
дой эле көмүлүүгө тийиш. Таштандылар айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштүн
жана керектөөнүн таштандыларын чыгаруу тармагындагы Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чыгарылат.
27-статья. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн даярдоочу
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча
талаптар
1. Бул Техникалык регламентте машиналарды жана жабдууларды утил-
дештирүүнүн даярдоочу процесстери деп машиналарга жана жабдууларга ка-
рата жасалган алардын жыйынтыгында аларды мындан ары эксплуатациялоо
мүмкүн эмес болгон аракеттер (операциялар) аталат.
2. Техникалык регламенттерде белгиленген нурлануулардын коопсузду-
гун камсыз кылуучу талаптарды сактоо үчүн утилдештирүү процесси баштал-
ганга чейин машиналарды жана жабдууларды энергиянын (азыктандыруунун)
бардык булактарынан өчүрүп коюу керек.
3. Атайын техникалык регламенттерде жарылуу коопсуздугу боюнча ко-
юлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин
машиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучун
түзгөн жарылуу коркунучу бар бардык заттарды (материалдарды) алып таш-
тоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда көрсөтүлгөн заттар
(материалдар) бар машиналардын жана жабдуулардын элементтерин (бөлүктө-
рүн) алып таштоо керек.
4. Атайын техникалык регламенттерде механикалык коопсуздук боюнча
коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чей-
ин машиналардын жана жабдуулардын курамындагы өз алдынча кыймылдоочу
элементтерди (бөлүктөрдү) алып таштоо керек, адамдын өмүрүнө жана
ден-соолугуна зыян келтирүү коркунучун түзгөн (дем алуу органдары аркы-
луу адамдын организмине кирүүчү) күкүм түрүндөгү заттарды (материалдар-
ды) алып таштоо керек, ошондой эле машиналардын жана жабдуулардын бар-
дык элементтериндеги (бөлүктөрүндөгү) басымды атмосфералык басымга тењ
келтирүү зарыл.
5. Атайын техникалык регламенттерде термикалык коопсуздук боюнча
коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чей-
ин машиналардын жана жабдуулардын, ошондой эле алардын курамындагы эле-
менттердин (бөлүктөрдүн) температурасын жол берилген дењгээлдерге чейин
жеткирүү керек.
6. Атайын техникалык регламенттерде химиялык коопсуздук боюнча ко-
юлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин
машиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучун
түзгөн жарылуу коркунучу бар бардык химиялык агрессивдүү (активдүү)
заттарды (материалдарды) алып таштоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк бол-
богон учурда көрсөтүлгөн заттар (материалдар) бар машиналардын жана
жабдуулардын элементтерин (бөлүктөрүн) алып таштоо керек.
7. Атайын техникалык регламенттерде электр коопсуздугу боюнча кою-
луучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин
машиналарды жана жабдууларды энергиянын (азыктандыруунун) бардык булак-
тарынан өчүрүп коюу керек, ошондой эле алар иштөө жана технология прин-
цибинен улам (алар технологиялык мүмкүн болгон) топтолгон машиналардын
жана жабдуулардын элементтеринен (бөлүктөрүнөн) калган чыњалууну (за-
рядды, статикалык электрди) алып таштоо керек.
6-глава. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо
жана утилдештирүү процесстеринин ушул Техникалык
регламентте белгиленген талаптарга шайкештигине баа берүү
28-статья. Шайкештикке баа берүү жана шайкештикке баа берүү
түрлөрү
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин шайкештигине баа берүү ушул Техникалык регламентте тех-
никалык жөнгө салуу объектилерине коюлган талаптардын сакталышын анык-
тоо максатында жүргүзүлөт.
2) Ушул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуу объектилери-
не коюлган талаптарды сактоо үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуа-
тациялоо жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүүнүн
түрлөрү: мамлекеттик контроль жана көзөмөл белгиленген.
29-статья. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү эрежелери
жана тартиби
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл ушул Техникалык регламенттин машиналарды жана
жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине коюлган та-
лаптарынын аткарылышын (сакталышын) текшерүү боюнча аткаруу бийлигинин
ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары жүргүзгөн иш-чаралар тү-
рүндө ишке ашырылат.
2. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилен-
ген ыйгарым укукка ылайык аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары
тарабынан жүргүзүлөт. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө са-
луу бир объектисине бир эле талаптарды мамлекеттик контроль жана көзө-
мөл боюнча бир эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин бирден ашык ый-
гарым укуктуу органына белгилөөгө тыюу салынат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү
процесстеринин коопсуздугун камсыз кылган ушул Техникалык регламент ме-
нен белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзө-
мөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан белгиленген ушул Техникалык регламентти колдонуу үчүн
керектүү изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана
ыкмалары, ошондой эле изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана ченөөлөрдү өткөрүү
үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелери колдонулат.
4. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу
бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары мамлекеттик контроль жана көзөмөл
жүргүзүүдө юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоо
жагындагы административдик мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында белгиленген тартипте ишке ашырышат.
5. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик
контроль жана көзөмөл атайын техникалык регламенттерде башкача каралба-
са жеке тиричилик муктаждыктары үчүн машиналарды жана жабдууларды эксп-
луатациялоо жана утилдештирүү процесстерин ишке ашырууда жүргүзүлбөйт.
30-статья. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
1. Эксплуатант ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды
бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учур-
ларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды сактоого
мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды өткөрүү-
гө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдары ушул
Техникалык регламенттин талаптарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген изилдөөлөрдү (сы-
ноолорду) жана ченөөлөрдү өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелерин буз-
гандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер-
де жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
7-глава. Корутунду жана өтмө жоболор
31-статья. Өтмө жоболор
Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн баштап зыян келти-
рүү коркунучунун дењгээли ушул Техникалык регламентте эске алынган зыян
келтирүү коркунучунун дењгээлинен жогору болгон машиналарды жана жаб-
дууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү маселелери боюнча
атайын техникалык регламент күчүнө киргенге чейин көрсөтүлгөн машина-
ларды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү ушул Техника-
лык регламенттин талаптарына ылайык, ошондой эле жарандардын өмүрүн,
ден-соолугун жеке, юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муници-
палдык мүлктү коргоо, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо,
утилдештирүү процессинде келип чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу фак-
торлордон айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо максат-
тарына ылайык келүүчү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик
укуктук актыларында жана аткаруу бийлик органдарынын нормативдик доку-
менттеринде белгиленген талаптарды эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тий-
иш.
32-статья. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Бул техникалык регламент расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап
6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук акты-
ларын ушул Техникалык регламентке ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Машиналарды жана жабдууларды
коопсуз эксплуатациялоо жана
утилдештирүү жөнүндө" жалпы
Техникалык регламентке
тиркеме
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо
жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы Техникалык регламент
тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу
жайылтыла турган машиналарды жана жабдууларды
эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин
ТИЗМЕСИ
1. Пайдалуу кен байлыктарын казуу, кайра иштетүү жана байытуу бо-
юнча.
2. Мунай жана газ өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча.
3. Өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды чыгаруу боюнча.
4. Тамак-аш азыктары, анын ичинде суусундуктарды, тамекини чыгаруу
жана данды кайра иштетүү боюнча.
5. Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча.
6. Булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдарды жана бут кийимдерди
чыгаруу боюнча.
7. Жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды чыгаруу боюн-
ча.
8. Целлюлоза-кагаз өндүрүшү, басмакана иши боюнча.
9. Мунайзаттарды өндүрүү боюнча.
10. Химия өндүрүшү боюнча.
11. Желим жана пластмасса буюмдарды чыгаруу боюнча.
12. Курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды, такта
айнек чыгаруу боюнча.
13. Металлургия өндүрүшү жана металлконструкцияларын чыгаруу боюн-
ча.
14. Машиналарды жана жабдууларды чыгаруу боюнча.
15. Электржабдууну, электрондук жана оптикалык жабдууну чыгаруу
боюнча.
16. Транспорт каражаттарын жана жабдууларды чыгаруу боюнча.
17. Электр, жылуулук энергиясын жана сууну өндүрүү боюнча.
18. Дыйкан (фермердик) чарбаларда айыл чарба продукциясын чыгаруу
боюнча.
19. Курулушта.
20. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын, газ түрүндөгү отунду
жана сууну бөлүштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
21. Соода кызматтарын көрсөтүүдө, анын ичинде мотор майын дүњүнөн
жана чекене сатууда.
22. Автомобилдерди жана тиричилик техникасын техникалык тейлөө жа-
на оњдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
23. Мейманканалардын, пансионаттардын, курорттук-ден соолукту чыњ-
доочу башка мекемелердин, ресторандардын, кафелердин кызмат көрсөтүүлө-
рүндө.
24. Жүргүнчүлөр жана жүк транспортунун, ошондой эле электр байла-
нышынын бардык түрлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүндө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-ноябрындагы № 762-IV ""Машиналар менен жабдууларды коопсуз пайдалануу жана керектен чыгаруу жөнүндө" Жалпы техникалык регламент" Кыргыз…Постановление · 14.11.2008 · № 762-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламентЗакон · 29.12.2008 · № 280 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон