Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-июну № 279
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында орто кесиптик медициналык жана
фармацевттик билим берүү мекемелерин каржылоо жөнүндө
Орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү секторун-
дагы кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын
жүргүзүү жана мамлекеттик финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу-
ну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында орто кесиптик медициналык жана фармацевт-
тик билим берүү мекемелерин бюджеттик каржылоонун минимумдук стандарт-
тарын аныктоо методикасы;
- орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекеме-
лерин бюджеттик каржылоонун минимумдук стандарттар шкаласы (коммуналдык
чыгымдардан тышкары).
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте:
- 2009-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунан баштан орто ке-
сиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекемелеринин чыгаша-
лар сметасын I студентке эсептелген бюджеттик каржылоонун минимумдук
стандарттарынын негизинде түзүүгө киришсин;
- орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекеме-
лерин 1 студентке эсептелген каржылоо шартында кармоого чыгымдарды
түзүү жана аткаруу тартибин иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- үнөмдөлгөн каражаттарды орто кесиптик медициналык жана фарма-
цевттик билим берүү мекемелердин күнүнкү муктаждыгын каржылоого реин-
вестициялоо тартибин иштеп чыгышсын;
- орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекеме-
лерин бюджеттик каржылоонун жыл сайын бекитилчү минимумдук стандарттар
шкаласын инфляциянын болжолдонгон дењгээлин эске алуу менен эмгек акы-
нын өлчөмүн көбөйтүүнүн бюджеттик саясатына ылайык келтирип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюд-
жеттен каржыланчу орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим
берүү мекемелерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги-
нин администрациялык классификациясы боюнча каржылоого которсун.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз
Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте:
- 2009-жылдан баштап орто кесиптик медициналык жана фармацевттик
билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын
студентке эсептелген каржылоо механизмине ылайыкташтырып иштеп чыксын
жана ишке киргизсин;
- 1 студентке карата каржылоо шартындагы орто кесиптик медициналык
жана фармацевттик билим берүү мекемелери жөнүндө типтүү жобону иштеп
чыксын жана бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республи-
касынын Финансы министрлиги менен бирдикте:
- бюджеттик жана башка каржылоо булактарынын эсебинен студенттерди
кабыл алуунун жалпы жол берилчү чегин аныктоо жана бюджеттик билим
берүү гранттарын мекемелерге карата бөлүштүрүү максаттары үчүн адистик-
тер жана республиканын региондору боюнча орто кесиптик медициналык жана
фармацевттик билимдүү адистерге муктаждыкты аныктоо үчүн жыл сайын иш
жүргүзүшсүн;
- мамлекеттик финансылык ресурстардын оптималдуу пайдаланылышын
камсыз кылуу жана сарптоолорду 1 студентке эсептелген киши башына кар-
жылоо суммасына ылайык келтирүү максатында орто кесиптик медициналык
жана фармацевттик билим берүү мекемелеринин иштешинин натыйжалуулугуна,
уюштуруу түзүмүнө, кызматкерлеринин штаттык санына жана чыгашаларына
2008-жылдын 1-сентябрына чейин баалоо жүргүзсүн;
- студенттерге өз алдынча иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн
үйрөтүүгө көњүл буруу менен теориялык аудиториялык ишти кыскартуу мак-
сатында колдонуудагы окуу пландарынын мазмунун оптималдаштырсын.
6. Орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекеме-
лерин 1 студентке эсептелген каржылоо шартында персоналдын штаттык са-
нынын колдонуудагы ченемдери сунуштама мүнөздө экендиги белгиленсин.
7. Орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү мекеме-
лерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бир-
ге жылына бир студентти коммерциялык негизде окутуунун наркын бюджеттик
каржылоонун минимумдук стандарты өлчөмүндө аныктоо сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июнундагы
№ 279 токтому менен
бекитилген
Орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү
мекемелерин бюджеттик каржылоонун минимумдук стандарттар
шкаласы (коммуналдык чыгымдардан тышкары)
| I курс | II курс | III курс | IV курс | |
| "ДАРЫЛОО ИШИ" (0401) АДИСТИГИ БОЮНЧА | 11662 | 11662 | 11394 | 10029 |
| БЮДЖЕТТИК КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ | ||||
| СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 6501 | 6501 | 6233 | 4868 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | ||||
| жогорулатууга чыгымдар | 250 | 250 | 250 | 250 |
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | ||||
| чыгымдар | 502 | 502 | 502 | 502 |
| "АКУШЕРДИК ИШ" (0402) АДИСТИГИ БОЮНЧА | 12812 | 12812 | 12511 | 10856 |
| БЮДЖЕТТИК КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ | ||||
| СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 7651 | 7651 | 7350 | 5695 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | ||||
| жогорулатууга чыгымдар | 250 | 250 | 250 | 250 |
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | ||||
| чыгымдар | 502 | 502 | 502 | 502 |
| "МЕДИЦИНАЛЫК-ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ" | 12253 | 12253 | 11727 | 10792 |
| (0403) АДИСТИГИ БОЮНЧА БЮДЖЕТТИК | ||||
| КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 7092 | 7092 | 6566 | 5631 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | ||||
| жогорулатууга чыгымдар | 250 | 250 | 250 | 250 |
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | ||||
| чыгымдар | 502 | 502 | 502 | 502 |
| I курс | II курс | III курс | IV курс | |
| "СТОМАТОЛОГИЯ" (0404) АДИСТИГИ БОЮНЧА | 11555 | 11555 | 11501 | 9841 |
| БЮДЖЕТТИК КАРЖЫЛООНУН МИНИМАЛДУУ | ||||
| СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 6394 | 6394 | 6340 | 4680 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | ||||
| жогорулатууга чыгымдар | 250 | 250 | 250 | 250 |
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | ||||
| чыгымдар | 502 | 502 | 502 | 502 |
| "ФАРМАЦИЯ" (0405) АДИСТИГИ БОЮНЧА | 12425 | 12425 | 12285 | 10819 |
| БЮДЖЕТТИК КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ | ||||
| СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 7264 | 7264 | 7124 | 5658 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | ||||
| жогорулатууга чыгымдар | 250 | 250 | 250 | 250 |
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | ||||
| чыгымдар | 502 | 502 | 502 | 502 |
| "МЕДАЙЫМДЫК ИШ" (0406) АДИСТИГИ | 13027 | 13027 | 11995 | 11071 |
| БОЮНЧА БЮДЖЕТТИК КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ | ||||
| СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 7866 | 7866 | 6834 | 5910 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | 250 | 250 | 250 | 250 |
| жогорулатууга чыгымдар | ||||
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | ||||
| чыгымдар | 502 | 502 | 502 | 502 |
| "ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ДИАГНОСТИКА" | 12543 | 12543 | 12264 | 11071 |
| (0407) АДИСТИГИ БОЮНЧА БЮДЖЕТТИК | ||||
| КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 7382 | 7382 | 7103 | 5910 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендияны төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | 250 | 250 | 250 | 250 |
| жогорулатууга чыгымдар | ||||
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды утурумдук ремонттоого | 502 | 502 | 502 | 502 |
| чыгымдар | ||||
| I курс | II курс | III курс | IV курс | |
| "ОРТОПЕДИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ" | 12640 | 12640 | 12570 | 10625 |
| АДИСТИГИ БОЮНЧА БЮДЖЕТТИК | ||||
| КАРЖЫЛООНУН МИНИМУМ СТАНДАРТЫ | ||||
| анын ичинде: | ||||
| эмгек акыга чыгымдар | 7479 | 7479 | 7409 | 5464 |
| окуу чыгымдары | 2315 | 2315 | 2315 | 2315 |
| стипендия төлөөгө чыгымдар | 1794 | 1794 | 1794 | 1794 |
| окутуучулардын квалификациясын | 250 | 250 | 250 | 250 |
| жогорулатууга чыгымдар | ||||
| окуу китептерди алууга чыгымдар | 300 | 300 | 300 | 300 |
| имараттарды учурдагы ремонттоого | 502 | 502 | 502 | 502 |
| чыгымдар |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-июнундагы
№ 279 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасында орто кесиптик медициналык жана
фармацевттик билим берүү мекемелерин бюджеттик
каржылоонун минимумдук стандарттарын аныктоо
МЕТОДИКАСЫ
I. Жалпы жоболор
1.1. Орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү меке-
мелерди (мындан ары - медициналык окуу жайларды) бюджеттик каржылоонун
минимум стандарты (мындан ары - БКМС) - бул негизги билим берүү прог-
раммаларын каржылоо нормаларынын, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюл-
ган базалык талаптардын, студенттерге берилген окуу жүгүнүн чегинин не-
гизинде аныкталган орто кесиптик медициналык жана фармацевттик окутуу-
нун мамлекеттик билим берүү стандартын каржылоонун минимумдук дењгээли.
1.2. Медициналык окуу жайларды БКМС - медициналык окуу жайларды
жалпысынан республика жана региондор боюнча каржылоо көлөмүн аныктоодо
айкындыктын жана акыйкаттыктын бирдиктүү принциптеринде түзүлгөн бир-
диктүү методикалык ыкмаларды камсыз кылуу максатында киргизилип жатат.
1.3. БКМСти аныктоодо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам-
дарынын нормалары колдонулду. Мында каржылоонун жана оорчулук келүүнүн
топко эсептелген колдонулуп жаткан республикалык нормалары 1 окуучуга
эсептелип киши башына карата каржылоого которулду.
II. БКМСтин түзүмү
2.1. Медициналык окуу жайлардын БКМСи түзүм жактан күнүнкү каржы-
лоо ченеминен жана мамлекеттик билим берүү стандартын инвестициялык
каржылоо ченеминен турат.
2.2. Утурумдук каржылоо ченеминин түзүмү:
а) эмгек акыга төлөө чыгымдары (педагогикалык кызматкерлер, адми-
нистрациялык-башкаруучу жана башка кызматкерлер боюнча);
б) окуу чыгымдары;
в) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга чы-
гымдар;
г) стипендиялык фонд боюнча чыгымдар;
д) окуу китептерин сатып алууга чыгымдар;
е) мекеменин инфраструктурасын кармоого чыгымдар.
2.3. Медициналык окуу жайларды күнүнкү каржылоо ченеми адистиктер
жана окуу курстары боюнча бөлүштүрүлөт, анткени анын негизи болуп мил-
деттүү сааттары ар кандай сандагы мамлекеттик билим берүү стандартын
аткаруу саналат.
2.4. Инвестициялык каржылоо ченеминин түзүмү жабдууларды калыбына
келтирүүгө чыгымдарды кошо камтыйт.
III. Күнүнкү чыгымдарды каржылоо ченемин эсептөө
3.1. Эмгек акы төлөө чыгымдарын эсептөө
Эсептөөнүн негизин төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү эсепке алуу менен эм-
гек акы төлөөнүн ченемдик фондун аныктоо түзөт:
- мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча милдеттүү окуу сааттар-
дын санын (адистиктер жана курстар боюнча);
- топтордун ченемдик толуктугун;
- бир педагогикалык ставкага сааттардын ченемдик санын;
- педагогикалык жумуштун бир саатынын орточо наркын (Бирдиктүү та-
рифтик торчо боюнча);
- педагог кызматкерлердин жана администрациялык-башкаруучу,
көмөкчү кызматкерлердин эмгек акы фондунун ченемдик катыштарын;
- педагог кызматкерлердин эмгек акысынын, үстөк жана кошумча акы-
ларынын ченемдик катышын.
3.1.1. Мамлекеттик билим берүү стандартынын милдеттүү сааттарынын
саны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен
окуу пландары боюнча сааттардын санынын негизинде белгиленген (Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2005-жылдын 1-ав-
густундагы № 507/1 буйругу):
| Адистиктин аталышы | Адистик- | Жылдагы милдеттүү окуу саатта- | |||
| тин коду | рынын саны, курстар боюнча | ||||
| I | II | III | IV | ||
| Дарылоо иши | 0401 | 1210 | 1210 | 1160 | 906 |
| Акушердик иш | 0402 | 1424 | 1424 | 1368 | 1060 |
| Медициналык-профилактикалык | 0403 | 1320 | 1320 | 1222 | 1048 |
| иш | |||||
| Стоматология | 0404 | 1190 | 1190 | 1180 | 871 |
| Фармация | 0405 | 1352 | 1352 | 1326 | 1053 |
| Медайымдык иш | 0406 | 1464 | 1464 | 1272 | 1100 |
| Лабораториялык диагностика | 0407 | 1374 | 1374 | 1322 | 1100 |
| Ортопедиялык стоматология | 0408 | 1392 | 1392 | 1379 | 1017 |
3.1.2. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму
жөнүндө жобонун негизинде кесиптик орто билим берүү мекемелери үчүн
топтордун ченемдик толуктугу 25 адам болуп белгиленген (Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому). Бирок ме-
дициналык окуу жайлардын БКМСин эсептегенде топтун толуктугунун
көрсөткүчү катары 16 адам колдонулган, анткени айрым атайын курстарды
(предметтерди) окутканда топ эки же үч чакан топторго бөлүнөт.
3.1.3. Бир педагогикалык ставкага сааттардын ченемдик саны Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы № 549 токтому ме-
нен белгиленген билим берүү уюмдарындагы педагог кызматкерлердин жумуш
убактысынын узактыгына жараша (эмгек акы ставкасы үчүн педагогикалык
иштин сааттарынын нормасы) жылына 720 саат өлчөмүндө аныкталган.
3.1.4. Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча педагогикалык иштин I саа-
тынын орточо наркы Кыргыз Республикасынын медициналык окуу жайларындагы
педагог кызматкерлердин орточо алынган разрядына ылайык 11 разряд
дењгээлинде аныкталган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
7-декабрындагы № 561 токтому).
| Педагог | БТТ | |
| кызматкерлердин | боюнча | |
| ставкаларынын | орточо | |
| жылдык орточо | разряд | |
| саны | ||
| Бишкек медициналык окуу жайы | 95,7 | 11 |
| Токмок медициналык окуу жайы | 52,7 | 10 |
| Кара-Балта медициналык окуу жайы | 39,6 | 11 |
| Нарын медициналык окуу жайы | 50,5 | 11 |
| Каракол медициналык окуу жайы | 47,9 | 10 |
| Талас медициналык окуу жайы | 73,1 | 11 |
| Ош медициналык окуу жайы | 92,6 | 10 |
| Кызыл-Кыя медициналык окуу жайы | 57,5 | 10 |
| Жалал-Абад медициналык окуу жайы | 109,4 | 11 |
| Майлы-Сай медициналык окуу жайы | 44,2 | 11 |
| МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР БОЮНЧА БАРДЫГЫ | 663,2 | 11 |
3.1.5. Педагогикалык ставкалар менен администрациялык-башкаруучу
жана көмөкчү кызматкерлердин ставкасынын катышы администрациялык-чарба-
лык кызматкерлердин типтүү штатынын негизинде аныкталган.
Медициналык окуу жайларды БКМСын эсептегенде администрациялык-баш-
каруучу жана көмөкчү кызматкерлердин эмгек акы фондунун үлүшү жалпы эм-
гек акы төлөө фондусунда төмөнкү өлчөмдө колдонулган:
- жатаканасы жок медициналык окуу жайлар боюнча - 30 процент,
- жатаканасы бар медициналык окуу жайлар боюнча - 45 процент.
3.1.6. Педагог кызматкерлердин эмгек акысы менен ошого болгон
үстөк акы жана кошумча акылардын өлчөмүнүн ченемдик катышы бир катар
жылдар бою түзүлгөн пропорцияларды талдоонун негизинде аныкталган.
БКМСти эсептегенде үстөк акы менен кошумча акынын өлчөмдөрүнүн катышы
педагог кызматкерлердин эмгек акы фондусунун 30 процент өлчөмүндө кол-
донулган.
3.1.7. Кызматкерлердин эмгек акысына чыгымдар ченемин эсептөө:
УП
ЧМЕС АХП
---- x ЕТС x (1 + ДОПЛ) x (1 + ---------)
ПС 100 - АХП
j ЧМЕС
Зi = ----------------------------------------- x (1 + СФ) x 12,
Н
мында: (1)
Зi - бир студентке эсептегенде мамлекеттик билим берүү стандар-
тын аткарууга i-адистигинин j-курсу боюнча эмгек акы
төлөөнүн чемемдик фондусуна чыгымдар;
УП
ЧМЕС - i-адистигинин j-курсу үчүн бир айга эсептелген окуу планы
боюнча милдеттүү сааттардын саны;
ПС
ЧМЕС - 1 педагогикалык ставкага бир айга эсептелген милдеттүү са-
аттардын саны;
ЕТС - Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча орточо алынган разрядга жа-
раша эмгек акы төлөө ставкасы;
ДОПЛ - педагог кызматкерлердин негизги эмгек акысына үстөк акы жа-
на кошумча акылардын үлүшү.
АХП - жалпы эмгек акы фондусунда администрациялык-башкаруучу жана
көмөкчү кызматкерлердин эмгек акы төлөө фондусунун үлүшү;
Н - топтун толуктугу;
СФ - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдүн че-
неми;
12 - бир жылдагы айлардын саны.
Медициналык окуу жайлардын БКМСинде кызматкерлердин
эмгек акысын төлөөгө 2008-жылдын шартында 1-формула боюнча
эсептелген чыгымдар (сом)
| Адистиктин аталышы | I курс | II курс | III курс | IV курс |
| Дарылоо иши (0401) | 6501 | 6501 | 6233 | 4868 |
| Акушердик иш (0402) | 7651 | 7651 | 7350 | 5695 |
| Медициналык-профилактикалык иш (0403) | 7092 | 7092 | 6566 | 5631 |
| Стоматология (0404) | 6394 | 6394 | 6340 | 4680 |
| Фармация (0405) | 7264 | 7264 | 7124 | 5658 |
| Медайымдык иш (0406) | 7866 | 7866 | 6834 | 5910 |
| Лабораториялык диагностика (0407) | 7382 | 7382 | 7103 | 5910 |
| Ортопедиялык стоматология (0408) | 7479 | 7479 | 7409 | 5464 |
3.2. Окуу чыгымдарын каржылоо ченемин эсептөө
Окуу чыгымдарынын түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- окуулук-көрсөтмө куралдарды, методикалык жана окуу адабияттарды
сатып алууга байланыштуу чыгымдар;
- окуу жана лабораториялык сабактар үчүн материалдар, муляждар жа-
на моделдер, тренажерлор, медициналык аспаптар, дары жана дезинфекция-
лык каражаттар;
- чарбалык сарптоолор;
- өндүрүштүк практика өткөрүүгө чыгымдар.
2008-жылдагы баа боюнча бир студентке окутуу
чыгымдарын эсептөө (сом)
| БИР ТОПКО ЧЫГЫМДАР - БАРДЫГЫ (СОМ) | 57870 |
| - окуулук-көрсөтмө куралдарды, методикалык жана окуу | 1500 |
| адабияттарын сатып алууга байланыштуу чыгымдар | |
| - окуу жана лабораториялык сабактар үчүн материалдар, | 56000 |
| моделдер, тренажерлор, медициналык аспаптар, дары | |
| жана дезинфекциялык каражаттар | |
| - чарба чыгымдары | 120 |
| - өндүрүштүк практика өткөрүүгө чыгымдар | 250 |
| ТОПТУН ТОЛУКТУГУ | 25 |
| 1 ОКУУЧУГА БКМСтеги ОКУУ ЧЫГЫМДАРЫ (СОМ) | 2315 |
3.3. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын
жогорулатууга чыгымдарды каржылоо ченемдерин эсептөө
3.3.1. Квалификациясын жогорулатууга чыгымдар педагог кызматкер-
лердин 5 жылда бир жолу квалификациясын жогорулатуу курсуна келгенине
жана жашаганына кеткен бир окутуучуга эсептелген иш-сапар чыгымдарын
камтыйт.
3.3.2. Студенттерге ченем квалификациясын жогорулатууга кеткен
бардык чыгымдардын суммасын студенттердин санына бөлүү менен аныкталат.
Квалификациясын жогорулатып жаткан окутуучулардын саны Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 "Командировкалык
чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө"
токтомуна ылайык квалификацияны жогорулатуунун мезгилдүүлугүн эске алып
аныкталат.
2008-жылдын баасы боюнча 1 студентке квалификацияны
жогорулатууга чыгымдарды эсептөө (сом)
| Чыгымдар | Саны | Бардыгы(сом) | |
| (сом) | |||
| Барып-келиши | 195 | 2 | 390 |
| Суткалык | 200 | 25 | 5000 |
| Жашаганы | 200 | 25 | 5000 |
| Натыйжада окутуучуга | 10390 | ||
| Педагогдордун саны | 634 | ||
| Бардык педагогдорго жылына квалификацияны жогорулатуу саны | 127 | ||
| (5 жылда бир жолу) | |||
| Бардык педагогдорго чыгымдардын бардыгы (мињ сом) | 1317 | ||
| Студенттердин саны | 5267 | ||
| 1 ОКУУЧУГА БКМСтеги ОКУУ ЧЫГЫМДАРЫ (СОМ) | 250 |
3.4. Стипендиялык фондду каржылоонун ченемин эсептөө
БКМСте стипендия төлөөгө чыгымдарды эсептөө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамле-
кеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын
студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө
жөнүндө" токтому менен бекитилген нормалардын жана эрежелердин негизин-
де жүргүзүлгөн.
2008-жылдын баасы боюнча 1 студентке стипендиялык фондду
каржылоого чыгымдарды эсептөө (сом)
| Студенттердин саны (адам) | 5267 |
| анын ичинде стипендия алгандар (адам) | 3528 |
| Стипендиянын орточо өлчөмү (сом) | 221,0 |
| Стипендиялык фонд, анын ичинде материалдык жардам фонду 1% | 9449,8 |
| өлчөмүндө (мињ сом) | |
| 1 ОКУУЧУГА БКСМте ОКУГАНДАРДЫН СТИПЕНДИЯСЫНА ЧЫГЫМДАР (СОМ) | 1794 |
3.5. Окуу китептерин сатып алууга чыгымдарды каржылоого
ченемдерин эсептөө
Окуу китептерин сатып алууга чыгымдарда окуу китептерин орточо
наркы аны төрт жыл колдонуу мөөнөтүн эске алынат.
2008-жылдын баасы боюнча 1 студентке окуу китептерди
сатып алууга чыгымдарды эсептөө (сом)
| Студенттердин саны (адам) | 5267 |
| Жылына сатып алынуучу окуу китептердин саны | 3950 |
| 1 окуу китептерин орточо наркы (мињ сом) | 400,0 |
| Окуу китептерин алууга жалпы муктаждык (мињ сом) | 1580,1 |
| БКСМте 1 СТУДЕНТКЕ ОКУУ КИТЕПТЕРДИ САТЫП АЛУУГА ЧЫГЫМДАР | 300 |
| (СОМ) |
3.6. Имараттарды утурумдук оњдоого чыгымдарды
каржылоо ченемин эсептөө
Медициналык окуу жайлардын имараттарын утурумдук оњдоого БКМС чы-
гымдарын эсептөө 2007-жылы каралган бюджеттик чыгымдардын жалпы респуб-
лика боюнча базалык орточо көрсөткүчүнүн жана аны кийин бардык медици-
налык окуу жайларга колдонуунун негизинде курулган.
Имараттарды утурумдук оњдоону каржылоого чыгымдардын
эсеби 2008-жылдын баалары боюнча 1 студентке карата (сом).
| 2007-жылга план | |
| боюнча утурумдук | |
| оњдоо жүргүзүүгө | |
| чыгымдарды | |
| бюджеттик | |
| каржылоо | |
| (мињ сом) | |
| Бишкек медициналык окуу жайы | 644,5 |
| Токмок медициналык окуу жайы | 187,1 |
| Кара-Балта медициналык окуу жайы | 220,2 |
| Нарын медициналык окуу жайы | 146,8 |
| Каракол медициналык окуу жайы | 175,6 |
| Талас медициналык окуу жайы | 223,4 |
| Ош медициналык окуу жайы | 186,7 |
| Кызыл-Кыя медициналык окуу жайы | 186,7 |
| Жалал-Абад медициналык окуу жайы | 578,4 |
| Майлы-Сай медициналык окуу жайы | 93,5 |
| МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР БОЮНЧА БАРДЫГЫ | 2642,9 |
| Студенттердин саны (адам) | 5267 |
| 2008-жылы утурумдук оњдоого муктаждык (мињ сом) | 2642,9 |
| 1 ОКУУЧУГА БКМСте УТУРУМДУК ОЊДООГО ЧЫГЫМДАР (СОМ) | 502 |
IV. Инвестициялык каржылоо ченемдерин эсептөө
Бюджеттик чектөөлөр болуп турган жана медициналык окуу жайлардын
окутуучу, көмөкчү жабдууларынын наркы жана алардын канчалык эскиргени
жөнүндө маалымат болбогон шартта жабдууларды калыбына келтирүүгө чыгым-
дардын ченеми БКМСке жабдууларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик мак-
саттуу программа бекитилгенде киргизилет.
V. Медициналык окуу жайлардын БКМСин бир студентке
карата эсептөө
Медициналык окуу жайларынын БКМСи төмөнкү формула боюнча аныкта-
лат:
j j
БКМСi = Зi + РУЧЕБ + РКВАЛ + РСТИП + РПРУЧ + РТР, мында: (2)
j
Зi - бир студентке эсептегенде мамлекеттик билим берүү стандар-
тын аткарууга i-адистигинин j-курсу боюнча эмгек акы
төлөөнүн фондусуна чыгымдар ченеми;
РУЧЕБ - бир студентке эсептелген окуу чыгымдарынын ченеми;
РКВАЛ - окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын
бир студентке эсептелген ченеми;
РСТИП - стипендияларды төлөөгө чыгымдардын бир студентке эсептел-
ген ченеми;
РПРУЧ - окуу китептерин сатып алууга чыгымдардын бир студентке
эсептелген ченеми;
РТР - имараттарды утурумдук оњдоого чыгымдардын бир студентке
эсептелген ченеми.
VI. Медициналык окуу жайлардын БКМСин камсыздоо үчүн
мамлекеттик бюджеттин каражаттарына муктаждыкты аныктоо
Медициналык окуу жайлардын БКМСин камсыз кылуу үчүн келерки жылга
карата мамлекеттик бюджеттин каражаттарына муктаждык төмөнкүдөй тартип-
те аныкталат.
6.1. Медициналык окуу жайлардын БКМСин келерки жылга эсептөө те-
мөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
j зп_тг пр_тг
БКМСi = БКМСi х Iзп + БКМСi х Iинф, где: (3)
j
БКМСi - i-адистигинин j-курсу боюнча келерки жылдын БКМСи;
зп_тг
БКМСi - i-адистигинин j-курсу боюнча үстүдөгү жылдын эмгек акы
төлөө чыгымдарынын БКМСи;
Iзп - келерки жылы билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы-
нын болжолдонгон өсүш индекси;
пр_тг
БКМСi - чыгымдар БКМСи, i-адистигинин j-курсу боюнча үстүдөгү
жылы эмгек акыга кетирген чыгымдарды кошпогондо;
Iинф - келерки жылга болжолдонгон инфляция индекси.
6.2. Келерки жылга карата БКМСти камсыз кылуу үчүн мамлекеттик
бюджеттин каражаттарына муктаждык төмөнкү формула боюнча аныкталат:
В С МГ
Пi = БКМСi х ЧУi х Кi х Кi х Кi , мында: (4)
Пi - i-медициналык окуу жай боюнча келерки жылга БКМСти камсыз
кылууга мамлекеттик бюджеттин каражаттарына муктаждык;
БКМСi - 6.1. пунктка ылайык эсептелген i-медициналык окуу жай бо-
юнча боюнча келерки жылга БКМС;
ЧУi - i-медициналык окуу жай боюнча үстүдөгү жылдын аягында
күндүз окуган бюджеттик студенттердин саны;
В
Кi - i-медициналык окуу жай үчүн БКМСтин бийик тоолуу жана
алыстык коэффициенти;
С
Кi - i-медициналык окуу жай үчүн БКМСке карата айылдык коэффи-
циент;
МГ
Кi - i-медициналык окуу жай үчүн БКМСке карата чакан шаар коэф-
фициенти.
VII. Мамлекеттик бюджеттин келерки жылга карата
медициналык окуу жайларга чыгымдарын аныктоо
7.1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте БКМС боюнча медици-
налык окуу жайларга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнүн ченемин жыл
сайын аныктайт.
7.2. Медициналык окуу жайларга мамлекеттик бюджеттин кийинки жылга
карата чыгымдары төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Бi = Пi х р + КУi, мында: (5)
Бi - i-медициналык окуу жайга мамлекеттик бюджеттин чыгымдары;
Пi - i-медициналык окуу жайга БКМСти камсыз кылуу үчүн мамлекет-
тик бюджеттин каражаттарына муктаждык;
р - келерки жылы БКМС боюнча муктаждыкты мамлекеттик бюджеттин
каражаттарынан жабуу ченеми;
КУi - i-медициналык окуу жай боюнча коммуналдык тейлөөгө кеткен
мамлекеттик бюджеттин чыгымдары;
7.3. Коммуналдык тейлөөгө чыгымдар келерки жылдын муктаждыгын
өткөн жылдын базалык шарттары боюнча эсептеп кабыл алынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине…Постановление · 27.06.2005 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы №549 "Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жумуш убактысынын узактыгын (эмгек акысынын ставкасы үчүн…Постановление · 01.08.2006 · № 549
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чӨйрӨнүн кызматкерлеринин эмгегине акы тӨлӨӨ шарттары жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 07.12.2005 · № 561 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон