Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жумуш убактысынын узактыгын (эмгек акысынын ставкасы үчүн педагогикалык иштии саат менен алынган ченеми) белгилөө жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-августу №549
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин
жумуш убактысынын узактыгын (эмгек акысынын ставкасы үчүн
педагогикалык иштии саат менен алынган ченеми) белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республиканын Эмгек кодексинин 379-статьясына ылайык Кыргыз
Республиканын Өкмөтү токтом кылат:
1. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин жумуш
убактысынын узактыгы (эмгек акысынын ставкасы үчүн аедагогикалык иштин
саат менен алынган ченеми) кызмат орунуна жана (же) адистигине жараша,
алардын эмгегинин өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен тиркемеге ылайык
бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 1 - августундагы № 549
токтомуна тиркеме
Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин
жумуш убактысынын узактыгы (эмгек акысынын ставкасы үчүн
педагогогикалык иштии саат менен алынган ченеми)
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн жумуш
убактысынын узактыгынын саны (педагогикалык иштердин саатынын
ченемдери) жумасына 36 сааттан ашык эмес жумуш убактысынын
кыскартылган узактыгынан белгиленет. Билим берүүнү башкаруунун
тиешелүү органдарынын уруксаты боюнча бул ченем 4 саатка чейин
көбөйтүлүшү мүмкүн.
1. Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин кызмат
орунуна жана (же) адистигине жараша, алардын эмгегинин өзгөчөлүгүн
эсепке алуу менен жумуш убактысынын узактыгынын төмөнкүдөй ченеми
белгиленет:
Жумасына педагогикалык иштерине 16 саат:
- мектеп, гимназия, мектеп-интернаттарынын 1-4-класстарынын
мугалимдерине;
- мектеп, мектеп-интернаттарынын 1-4-класстарынын мугалим-
логопеддерине, мугалим - дефектологдоруна;
- окуу мөөнөтү 5 жылдык, 7 жылдык жана 11 жылдык музыкалык, көркөм
өнөр мектептеринин жана искусство мектептеринин кенже класстарьшьш
педагогдоруна.
Жумасына педагогикалык (окутуучулук) иштерине 18 саат:
- бардык түрдөгү жана аталыштагы мектеп, гимназия, лицей, мектеп-
интернаттарыньш 5-9 (П)-класстарынын мугалимдерине, мугалим-
логопеддерине, мугалим-дефектологдоруна;
- логопеддик пункттардын башчыларына;
- өзгөчө шарттардагы тарбияга муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр
үчүн атайын мектептердин 2-3-класстарынын эмгекке окутуу
мугалимдерине;
- окуу мөөнөтү 5 жылдык, 7 жылдык жана 11 жылдык музыкалык, көркөм
өнөр мектептеринин жана искусство мектептеринин жогорку класстарынын
педагогдоруна;
- педагогикалык жана маданий-агартуу окуу жайларынын
окутуучуларына;
- саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо (балдар үйлөрүнөн
тышкары) мекемелеринин мугалимдерине, мугалим - дефектологдоруна жана
логопеддерине;
- ийримдердин жетекчилерине, анын ичинде билим берүү мекемелеринде
өзүн актоочулук принцибинде уюштурулган ийримдердин жетекчилерине;
- өзүн актоочулук принцибинде уюштурулган жалпы билим берүүчү
мектептердин башталгыч класстарындагы жана мектепке чейинки
мекемелердеги чет тилдерин окутуу боюнча топтордун мугалимдерине;
- бир жыл же андан ашык окуу мөөнөтүндөгү чет тил, стенография,
машинка басуу курстарын окуткан, ошондой эле чет тилдерди жана
стенография курстарын окуткан окутуучуларга;
- педагогикалык окуу жайларьшын спорттук секцияларынын
жетекчилерине.
Жумасына педагогикалык иштерине 24 саат (күнүнө 4 саат):
- угуу кабинеттериндеги мугалим - дефектологдорго;
- бардык түрдөгү жана аталыштагы балдар бакчасы, бөбөк-бакчасындагы
жана балдар үйлөрүндөгү мугалим-дефектологдорго, мугалим -
логопеддерге;
- мекемелердин штатында кызмат орундары каралган мектеп-
интернаттарынын мугалим-логопеддерине, мугалим - дефектологдорго,
бакчанын, балдар үйлөрүнүн логопеддерине.
Жылына педагогикалык (окутуучулук) иштерине 1016 саат:
- бир жылга жетпеген окуу мөөнөтүндөгү чет тил, стенография,
машинка басуу курстарын окуткан окутуучуларга.
Педагогикалык иштерине жумасына 30 саат:
- мектеп-интернаттардын, интернаттардын тарбиячыларына жана улук
тарбиячыларына;
улук тарбиячыларга;
- дене тарбиясы боюнча нускоочуларга жана угуу кабинеттеринин
нускоочуларына;
- балдар үйлөрүнүн, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, дене
жана акыл жагынын өнүгүүсү артта калган балдар жана өспүрүмдөр үчүн
атайын мектеп интернаттарынын, кичине жаштагы майыптар үчүн
санаториялык-токой мектептеринин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин,
үй-интернаттарынын, балдарды кабылдагыч-бөлүштүрүү мекемелеринин,
тарбиялык-эмгек колонияларынын, өзгөчө шарттагы тарбияга муктаж болгон
балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мектептердин тарбиячыларына.
Педагогикалык иштерине жумасына 36 саат:
- бардык түрдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын
тарбиячыларына (анын ичинде бөбөктөр тобундагы тарбиячыларына),
ошондой эле балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына жана улук тарбиячыларына.
Жумасына 40 саат:
- транспорттук каражаттарды айдоого, айыл чарба машиналарын
иштетүүгө, жазуу машинкаларына жана башка уюштуруучулук техникаларга
окутуунун өндүрүштүк устаттарына;
- жетим балдар жана ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүн
балдар үйлөрүндөгү жана мектеп-интернаттарындагы эмгек боюнча
нускоочуларга;
- турак жай-экспулатациялоо уюмдарында, жаш көрүүчүлөр театрында,
куурчак театрында жана балдар кинотеатрларында балдар жана өспүрүмдөр
менен тарбия иштерин жүргүзгөн педагог - уюштуруучуларга;
- педагогикалык окуу жайларынын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын
балдар бөлмөлөрүнүн, 1 - пункттун экинчи жана жетинчи абзацтарда
саналбаган чоњдор жана башка кызматкерлер үчүн социалдык камсыз кылуу
мекемелеринин жатаканаларынын тарбиячыларына.
Окуу жылында окуу иштерине 720 саат: баштапкы жана орто кесиптик
билим берүү окуу жайларынын окутуучуларына.
Окуу жылында окуу иштерине 850 саат: улук окутуучуларга (илимий
даражасы жок) жана окутуучуларга (ассистенттерге).
Окуу жылында окуу иштерине 800 саат: улук окутуучуларга (илимий
даражасы жана доценттиги бар).
Окуу жылында окутуу иштерине 750 саат: жогорку, жогорку окуу
жайынан кийинки билим берүү жана кошумча кесиптик билим берүү
уюмдарынын профессорлоруна.
Жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын окутуу иштерине төмөнкүлөр
кирет:
- сабактарды, лекциялык, семинардык, лабораториялык сабактарды,
практикалык сабактарды, консультацияларды жана сабактын башка түрлөрүн
өтүү;
- экзамен, зачет, модулдук тапшырмаларды кабыл алуу, ошондой эле
курстук иштерге (долбоорго), бүтүрүүчүлүк (дипломдук), квалификациялык
иштерге, студенттердин практикасына жана башкаларга жетекчилик кылуу.
2. Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысынын ставкасы үчүн
педагогикалык жана (же) окутуучулук иштеринин 1-пунктта саналган
сааттык ченеми астрономиялык саат, 1-пункттун экинчи жана жетинчи
абзацтарында академиялык саат менен белгиленген. Сааттардын
(сабактардын) ортосундагы танапис мугалимдин (окутуучунун, ийримдин
жетекчисинин ж.б.) иш убактысы болуп саналат.
3. Жумуш убактысын сарптоону талап кылуучу жана сааттардын саны
боюнча конкреттештирилбеген педагогикалык иштердин башка бөлүгүндөгү
жумуш убактысынын ченеми тарифтик-квалификациялык мүнөздөмө,
педагогикалык кызматкердин кызматтык милдеттери, билим берүү уюмунун
уставы жана ички тартибинин эрежелери менен аныкталат. Бул иш жумуштун
графиги жана планы, анын ичинде педагогикалык кызматкердин өздүк планы
менен жөнгө салынат.
4. Санитардык-эпидемиологиялык, климаттык жана башка негиздер
боюнча окуучулар, тарбиялануучулар үчүн окуу сабактарынын токтотулган
мезгшга билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жумуш
убактысы болуп саналат.
5. Педагогикалык кызматкерлердин каникул мезгилиндеги жумуш
убактысынын режими билим берүү уюмунун локалдык актысы жана иштин
мүнөзүн көрсөтүүчү жумуштун графиги менен жөнгө салынат.
6. Мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча
билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, алардын орун басарларынын иш
режими билим берүү уюмдарынын ишмердигин жетектөөнү камсыз кылуу
зарылдыгын эске алуу менен аныкталат, бирок, Кыргыз Республикасынын
Эмгек кодексине ылайык жумасына 40 жумуш сааты чегинде.
7. Педагогикалык кызматкерлердин жумуш убактысынын белгиленген
узактыгынын колдонулушу (педагогикалык жана (же) окутуучулук иштин
эмгек акысынын ставкасы үчүн сааттын ченеми) менчигинин түрүнө
карабастан бардык билим берүү уюмдарына жайылтылат.
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон