Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 6-июну № 276
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын
орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек
шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-
публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасы-
нын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелин-
де Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө
2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган
макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмө-
түнүн ортосунда Аба катнашын орнотуу жөнүндө 2002-жылдын 4-апрелинде
Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги армян тарапка атал-
ган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги
жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-
ну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн.
4-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Армения об установлении воздушных сообщений от 4 апреля 2002 года (Одобрено постановлением…Соглашение · 06.06.2008 · № 276
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон