Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-06-18.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 18-июну № 376 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2008-жылдын 30-майы № 251
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруу эрежесин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган биринчи кезектеги иш-аракеттерди жүргүзүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 126 токтому менен бекитилген Дүйнөлүк банк- тын "Бизнес жүргүзүү" отчетуна карата Кыргызстандын эл аралык ка- дыр-баркынын индикаторлорун жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү Карантиндеги продукцияларды импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык документтерди берүү боюнча иштерди уюштуруунун тиркелген эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-
нистрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уруксат берүүчү документтерди берүү жөнүндө ченем- дик укуктук актыларга текшерүү жүргүзүшсүн жана соодада техникалык тос- коолдуктарды минималдаштыруу боюнча эларалык укуктун нормаларына ылайык келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик…Постановление · 18.06.2015 · № 376
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №183 "2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн…Постановление · 16.03.2012 · № 183 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилүүчү…Правила · 30.05.2008 · № 251 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик…Постановление · 18.06.2015 · № 376
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 4 апрелинин "Кыгыз Республикасынын эл-аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган биринчи кезектеги иш-аракеттерди…Постановление · 04.04.2008 · № 126 · Күчүн жоготкон