Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 марта 2009 года №200 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-03-20.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 14-майы № 221
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоо-
рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо
киргизилсин:
Кодекстин 26-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 139-4-статья менен то-
лукталсын:
"139-4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-атка-
руу системасынын түзөтүүчү мекемелеринин жана ишканаларынын жет-
кирүүлөрү КНСтен бошотулган жеткирүү болуп төмөнкүдөй учурларда эсепте-
лет:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу сис-
темасынын түзөтүүчү мекемелеринин жана ишканаларынын өздүк
өндүрүшүндөгү товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жеткирүүдө;
- түзөтүүчү мекемелеринде жаза тартып жаткан соттолгондордун саны
бул ишканалардагы жумушчулардын жалпы санынан 40 проценттен кем эмес
болгон учурда жазык-аткаруу системасынын түзөтүүчү мекемелеринин айма-
гында өзүнүн ишмердигин жүргүзгөн чарбакер субъекттердин товарларын
жеткирүүдө.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №200 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2009 · № 200 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №200 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2009 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.12.1996 · № 66 · Күчүн жоготкон