Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 сентября 2011 года №563 "О переводе общеобразовательных организаций Кыргызской Республики на подушевой принцип финансирования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-20.
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 токтомуна ылайык
күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 14-апрели № 146
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү
мекемелерин бюджеттик каржылоонун
минималдуу стандарттары жөнүндө
Билим берүү секторунда минималдуу мамлекеттик стандарттарды жерги-
ликтүү дењгээлде аткарууну камсыз кылуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик
саясат жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин бюджеттик
каржылоонун минималдуу стандарттарын аныктоо методикасы;
- 2007-жылдын шарттарында жалпы билим берүү мекемелерин бюджеттик
каржылоонун минималдуу стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдардан
тышкары).
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Рес-
публикасынын Билим берүү жана илим министрлигине эмгек акынын өлчөмүнүн
көбөйүшүн, инфляциянын дењгээлин эске алуу менен эсептөөгө жана Кыргыз
Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин бюджеттик каржылоонун ми-
нималдуу стандарттарынын шкаласын 2008-жылга жана андан кийинки жылдар-
га бекитүүгө укук берилсин.
3. Жалпы билим берүүчү мекемелердин тармактарын оптималдаштыруу
процессинде жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууда бошогон каражаттар
алып коюуга тийиш эместиги жана мектептердин учурдагы чыгымдарына жум-
шала тургандыгы белгиленсин.
4. "Билим берүүнү каржылоого жергиликтүү бюджеттерге категориалдык
грантты аныктоо методикасын жана формуласын бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы № 91 токтому менен
бекитилген Билим берүүнү каржылоого жергиликтүү бюджеттерге категориал-
дык грантты аныктоо методикасына жана формуласына төмөнкүдөй өзгөртүү
жана толуктоо киргизилсин:
- 4.1-пункттун он биринчи абзацында "250" деген цифра "500" деген
цифрага алмаштырылсын;
- 4.2-пункт "категориалдык грант" деген сөздөрдөн мурда "кошумча"
деген сөз менен толукталсын, андан ары текст боюнча.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы "Кыр-
гыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин бюджеттен финансылоо-
нун минималдуу стандарттары жөнүндө" № 271 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин бюджеттен
финансылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 271 токтомуна өзгөртүүлөрдү кир-
гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентяб-
рындагы № 694 токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 14-апрелиндеги
№146 токтому менен
бекитилген
2007-жылдын шарттарында жалпы билим берүү
мекемелерин бюджеттик каржылоонун
минималдуу стандарттарынын
ШКАЛАСЫ
(коммуналдык чыгымдардан тышкары)
(сом)
| Жалпы билим | Чыгымдардын | Шаарларда жайгашкан | Айыл жерлериндеги | ||||
| мекемелеринин | түрлөрү | жалпы билим берүү | жалпы билим берүү | ||||
| типтери | мекемелери | мекемелери | |||||
| I | II | III | I | II | III | ||
| баскыч | бас- | баскыч | баскыч | баскыч | баскыч | ||
| кыч | |||||||
| Жалпы билим | Эмгек акы | 2716 | 3283 | 3644 | 3084 | 3728 | 4343 |
| берүүчү | төлөөгө | ||||||
| мектептер | чыгымдар | ||||||
| Тамактанууга | 900 | 900 | |||||
| чыгымдар | |||||||
| Окуу чыгымдары | 74 | 82 | 104 | 74 | 82 | 104 | |
| Квалификацияны | 142 | 142 | 142 | 142 | 142 | 142 | |
| жогорулатууга | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Учурдагы | 242 | 242 | 242 | 242 | 242 | 242 | |
| ремонтко | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| 1 окуучуга | 4074 | 3749 | 4132 | 4442 | 4194 | 4831 | |
| БФМС | |||||||
| Башталгыч | Эмгек акы | 2910 | 3304 | ||||
| мектептер | төлөөгө | ||||||
| чыгымдар | |||||||
| Тамактанууга | 900 | 900 | |||||
| чыгымдар | |||||||
| Окуу чыгымдары | 74 | 74 | |||||
| Квалификацияны | 142 | 142 | |||||
| жогорулатууга | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Учурдагы | 242 | 242 | |||||
| ремонтко | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| 1 окуучуга | 4268 | 4662 | |||||
| БФМС | |||||||
| Мектеп-интер- | Эмгек акы | 5820 | 7036 | 7809 | 6608 | 7988 | 9306 |
| наттар | төлөөгө | ||||||
| чыгымдар | |||||||
| Тамактанууга | 2843 | 2843 | 2843 | 4753 | 4753 | 4753 | |
| чыгымдар | |||||||
| Окуу чыгымдары | 74 | 82 | 104 | 74 | 82 | 104 | |
| Квалификацияны | 142 | 142 | 142 | 142 | 142 | 142 | |
| жогорулатууга | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Учурдагы | 242 | 242 | 242 | 242 | 242 | 242 | |
| ремонтко | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| 1 окуучуга | 9121 | 10345 | 11140 | 11819 | 13207 | 14547 | |
| БФМС | |||||||
| Гимназиялар | Эмгек акы | 4102 | 4675 | 4781 | 5813 | ||
| төлөөгө | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Окуу чыгымдары | 82 | 104 | 82 | 104 | |||
| Квалификацияны | 142 | 142 | 142 | 142 | |||
| жогорулатууга | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Учурдагы | 242 | 242 | 242 | 242 | |||
| ремонтко | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| 1 окуучуга | 4568 | 5163 | 5247 | 6301 | |||
| БФМС | |||||||
| Лицейлер | Эмгек акы | 5304 | 6448 | 6595 | 7517 | ||
| төлөөгө | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Окуу чыгымдары | 82 | 104 | 82 | 104 | |||
| Квалификацияны | 142 | 142 | 142 | 142 | |||
| жогорулатууга | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| Учурдагы | 242 | 242 | 242 | 242 | |||
| ремонтко | |||||||
| чыгымдар | |||||||
| 1 окуучуга | 5770 | 6936 | 7061 | 8005 | |||
| БФМС |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.09.2011 · № 563 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 19 - мартындагы №91"Билим берүүнү каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерге категориялык грантты аныктоо методикасын жана формуласын…Постановление · 19.03.2008 · № 91 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы №271 " Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мекемелерди бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө"…Постановление · 30.07.2005 · № 271 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 271 "Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү…Постановление · 27.09.2006 · № 694 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2008 · № 7
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2006 · № 673
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.09.2011 · № 563 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 19 - мартындагы №91"Билим берүүнү каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерге категориялык грантты аныктоо методикасын жана формуласын…Постановление · 19.03.2008 · № 91 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 июля 2004 года № 554 " Об утверждении Государственного образовательного стандарта школьного образования Кыргызской Республики"Постановление · 23.07.2004 · № 554 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы № 271 "Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү…Постановление · 27.09.2006 · № 694 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон