Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-апрели № 141
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык
аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-
рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-
калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл районунун Чоњ-Сары-Ой айыл-
дык кењешинин аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү
жарандарына жеке менчик укугунда таандык 17,75 га сугат айдоону "Айыл
чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш-
тык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл
алынсын:
Р. Салиевага - 4,8 га сугат айдоону;
К. Абдановага - 4,8 га сугат айдоону;
Т. Манаевага - 4,95 га сугат айдоону;
М. Жекшеналиевага - 3,2 га сугат айдоону.
2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-
рациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго курулуш ку-
рууга шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 "Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук
комплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой
жана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жана
Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жак-
шыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен жактырылган Чоктал эс алуу
зонасын аймактык өнүктүрүү схемасына ылайык иштеп чыксын;
- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып
коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгилен-
ген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун
толтуруу наркынын суммасын ушул токтомдун 1-пунктунда саналып өткөн
Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан төлөнүшүн камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 4- апрелиндеги №91 "Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук комплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой жана…Постановление · 04.04.2007 · № 91
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон