Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 4- апрелиндеги №91 «Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук комплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой жана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 4-апрели № 91
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук комплекстеринин башкы
пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой жана
Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын
жактыруу жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык
аймактарын жайгаштырууну жакшыртуу боюнча
чаралар жөнүндө
Ысыккөл курорттук-рекреациялык зонасын андан ары өнүктүрүү, жаратылыш
ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, биосфералык аймактын өзгөчө
статусун эске алып, «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын сактоо жана
өнүктүрүү маанилүү мамлекеттик милдет болуп санала тургандыгын көњүлгө алуу
менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук комплекстеринин башкы планы
бекитилсин.
2. Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой, Чоктал эс алуу зонасын аймактык өнүктүрүү
схемасы жактырылсын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жер участогун бөлүү, аймакты жайгаштыруу жана куруу бекитилген жана
жактырылган шаар курулуш документтерине ылайык ишке ашырыла тургандыгы;
- Ысыккөл курорттук районун пландаштырууда аныкталган, борбору Чолпоната
шаары болгон «Түндүк», борбору Каракол шаары болгон «Чыгыш» жана борбору Тамга
айылы болгон «Түштүк» курорттук чакан райондорунун суу жээгинен жана
республикалык автомагистралдан көл кылаасы жагында жайгашкан аймак өзгөчө
корголуучу зона болуп эсептеле тургандыгы.
4. Өзгөчө корголуучу зонадагы жер пайдалануу төмөнкүлөрдү эске алуу менен
жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин:
- жерлерди «айыл чарба багытындагы жерлер», «токой фондунун жерлери»,
«запастагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына
которууну чектөө;
- эс алуучулар жана жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу менен
түздөн-түз байланышпаган жањы өнөр жай
ишканаларын жана башка объекттерди курууга жана иштеп жаткандарын кењейтүүгө
тыюу салуу.
5. Объекттерди жана курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарын
жайгаштыруу жана жер пайдалануу, куруу, эксплуатациялоо жана күтүү төмөнкүлөрдү
эске алуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин:
- шаар курулуш, технологиялык, санитардык-гигиеналык жана экологиялык
нормалар менен эрежелерди;
- санитардык-экологиялык талаптарга жооп берүүчү инженердик инфраструктура
менен камсыз болбогон объекттерди эксплуатациялоонун жол берилгистиги;
- рекреациянын колдонуудагы объектисинин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн же
өрткө каршы, санитардык-экологиялык, шаар курулуш же башка милдеттүү нормалар
менен эрежелерди бузуу менен жер участогун бөлүүнүн жол берилгистиги.
6. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыгууну камсыз кылсын:
«Түштүк» жана «Чыгыш» курорттук чакан райондорду аймактык өнүктүрүү
долбоорлорун;
Кара-Булуњ, Кажысай, Койсары курорттук комплекстеринин жана Каракол шаарынын
башкы пландарын;
«Түндүк» курорттук чакан районун кењири пландаштыруу долбоорлорун;
- калктуу конуштардын шаар курулуш документтерине түзөтүү киргизүүнү
камсыздасын;
- автомагистралдын жээгинде (Бишкек - Ысыккөлдүн түндүк жана түштүк
кылаасы) жүргүнчүлөр менен айдоочуларга комплекстүү кызмат көрсөтүү үчүн жол
жээгинде эс алуу пункттар тармагын түзсүн;
- жалпы пайдалануудагы аймак болуп саналган жана өзгөчө жөнгө салынууга
тийиш болгон, көлдүн бардык параметри боюнча жээктеги пляж зоналарын менчик
укугуна бекитип берүүгө жана участокторду бөлүүгө тыюу салсын;
- түзүлгөн шаар курулуш кырдаалын эске алуу менен пляж зоналарынын аймагына
элдин эркин келишин камсыз кылсын;
- пляж зоналарында санитардык-гигиеналык абалдын нормаларын жана пляж
зоналарынын экологиялык тењ салмактуулугун сактоо максатында функционалдык
инженердик-техникалык инфраструктураларды (жарыктандыруу, канализация,
дааратканалар, жуунучу жайлар, куткаруучу пункттар ж.б.) жана сервистик тейлөөнү
түзүүнү камсыз кылсын;
- шаар курулуш документтеринде каралбаган жана нормативдик талаптарга жооп
бербеген жерлерде тамактануу, соода кылуу боюнча башаламан пункттарды
жайгаштырууга жана алардын иштешине тыюу салсын;
- Ысыккөлдө тиешелүү кароодон өтпөгөн жана пайдаланууга тийиштүү уруксат
албаган дизель отуну менен жүрүүчү кемелерди пайдаланууга тыюу салсын;
- бирдиктүү шаар курулуш аймагын түзүүнү көњүлгө алуу, жер, инженердик-
техникалык жана уюштуруу маселелерин комплекстүү чечүү максатында Чолпоната
шаарынын, Кара-Ой, Бостери жана Хутор айылдарынын базасында жањы
администрациялык-аймактык бирдик түзүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуш
киргизсин;
- «Түндүк», «Түштүк» жана «Чыгыш» курорттук чакан райондору үчүн
таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу, ошондой эле Чолпоната шаарынын
тазалоочу топтук курулмаларын Бостери, Кара-Ой курортторунун канализацияларына
кошуу менен биринчи кезекте реконструкциялоо жана Чолпоната шаарынын тегерегинде
айланып өтмө жолду куруу жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте:
Ысыккөл облусунун аймагында иштеп жаткан жылытуучу от казандарын жана
автомобилге май куюучу станцияларга техникалык-экономикалык инвентаризация
жүргүзсүн;
республиканын ишканаларынын биринде биодааратканаларды чыгарууну уюштуруу
жана алар менен Ысыккөл облусун биринчи кезекте камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча
мамлекеттик агенттик:
- калктуу конуштарда жана курорттук-рекреациялык зоналарда шаар курулуш
маселелерин ведомстволор аралык мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырсын;
- Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте курорттук
аймактарды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежесин үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте рекреациялык
зонада жайгашкан бардык иштеп жаткан объекттердеги суу менен жабдуу, суу бөлүү
жана тазалоо курулмалар системаларына инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу
жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик төмөнкүлөр менен бирдикте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча
мамлекеттик агенттик менен:
экологиялык жактан кооптуу объекттерди модернизациялоо, жоюу, көчүрүү же
кайра профилдештирүү үчүн алардын тизмесин түзсүн;
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына курорттук-рекреациялык объекттерде бир эс
алуучуга нормаларды белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселени
карасын;
- Ысыккөл облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү министрликтерди жана
ведомстволорду, коомдук жана башка уюмдарды тартуу аркылуу курорттук-
рекреациялык зонаны сактоо жана туруктуу өнүктүрүү, Ысыккөл облусунун калктуу
конуштарын жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоону уюштуруу боюнча
комплекстүү программаны иштеп чыксын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө
жүктөлсүн.
Премьер министр А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттердн куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана…Постановление · 02.10.2007 · № 445
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №141 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери"…Постановление · 10.04.2008 · № 141
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун Токтому 2008-жылдын 20-июну №324 ("Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Ысыккөл районунун айыл чарба жерлерин которуу (трансформациялоо)…Постановление · 20.06.2008 · № 324
- Постановление Правительство КР от 29 июля 2009 года №481 "О переводе земель, расположенных на территории Чон-Сары-Ойского аильного округа Иссык-Кульского района Иссык-Кульской…Постановление · 29.07.2009 · № 481
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №281 токтомунун "«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жонундо" концепциясыКонцепция · 08.05.2009 · № 281
- Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2024-жылдын 23-августундагы № 30/39-17 Чолпон-Ата шаарынын чыгыш аймагында жайгашкан жер тилкесин башкы планына актуализация алкагында жер тилкесинин…Постановление · 23.08.2024 · № 30/39-17
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115