Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 18-мартындагы
№ 87 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык
кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы
(протоколдук формадагы кийими) жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызмат-
керлеринин протоколдук формадагы кийиминин жана Кыргыз Республикасынын
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин расмий жолугушууларда жана кыз-
маттык иш сапарларда кийүүчү формалык кийиминин көрүнүшүн, берүү ченем-
дерин жана кийүү мөөнөттөрүн белгилейт.
I. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу
Элчисинин формасын кийүү укугуна ээ адамдардан башка Кыргыз
Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин
экипировкасы (протоколдук формадагы кийимдери)
1.1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери
(мындан ары - кызматкерлер) протоколдук формадагы кийимди (мындан ары -
форма) расмий жолугушууларга катышканда жана кызматтык расмий иш сапар-
ларда кийишет.
1.2. Форманын өзгөртүлгөн же бекитилбеген үлгүдөгү предметтерин
пайдаланууга жана жарандык кийим менен аралаш кийүүгө тыюу салынат.
1.3. Кызматкерлер форма менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекеме-
леринин атайын каражаттарынын эсебинен камсыздалат.
Кызматкерге форма берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги
мекемелеринин атайын каражатынан аны сатып алууга акча каражат төлөнөт,
бирок эки жылда бир жолудан кем эмес берилет.
Төлөмдүн өлчөмү форма предметтеринин орточо рыноктук баасын эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан жыл
сайын бекитилет, ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
форма кийимди жасачу же берүүчү уюмга форма предметтеринин (бештен кем
эмес) баасы жөнүндө суроо-талабынын негизинде белгиленет.
1.4. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерле-
ринин формасынын предметтеринин сүрөттөмөсү:
Жүн кездемеден тигилген бешмант, классикалык үлгүдө, бир жагына
кымтыланма, кара же кара-көк, же кара-боз түстө.
Бешмант бир катарда жайгашкан 2 же 3 топчулуу болот.
Бешманттын жакасы кайырма, учасы түз тигилип, этегинде тилиги жок,
жењдери кош тигиштүү.
Бешмант капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктүү.
Шымы түз, классикалык үлгүдө, бешмант менен бирдей түстөгү бирдей
материалдан тигилет жана чогуу алганда костюмду түзөт (аялдар үчүн шым-
дын ордуна - бешмант менен бирдей түстөгү бирдей материалдан тигилген
жана чогуу алганда костюмду түзүүчү юбка).
Эркек көйнөктүн түсү ак, узун жењдүү (аялдар үчүн көйнөктүн ордуна
- блуза).
Галстук (эркектер үчүн гана).
Туфли классикалык үлгүдө, кара түстө.
1.5. Берүүнүн ченемдери жана кийүү мөөнөтү
| № | Аталышы | Кийүү мөөнөтү | Комплекттердин |
| (жыл) | саны | ||
| 1 | Бешмант | 2 | 1 |
| 2 | Шым (же юбка) | 2 | 1 |
| 3 | Көйнөк (же блуза) | 2 | 4 |
| 4 | Галстук | 2 | 2 |
| 5 | Туфли | 2 | 1 |
II. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым
укуктуу Элчисинин формасы
2.1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республи-
касынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, Кыргыз Республикасы-
нын тышкы иштер министринин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын иш-
теп жаткан Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана Кыргыз Республика-
сынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангга ээ,
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлдөрү, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи деген дипломатиялык рангы бар отстав-
кадагы жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарында 10
жылдан кем эмес иштеген эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Ту-
руктуу Өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Эл-
чисинин формасын кийүү укугуна ээ.
2.2. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин
формасынын сүрөттөмөсү:
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин эр-
кектер үчүн формасы эки жакка кымтыланма бешманттан жана шымдан турат.
Бешмант ачык-сары-кызгылт түстөгү жогорку сапаттуу (чесучи тибинде)
кездемеден тигилет. Бешмант Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү
түшүрүлгөн алтын жалатылган алты топчулуу, эки жакка кымтыланма болот.
Бешмант жарым кынама түрдө бычылып, түз тигилген, жакасы кайырма, учасы
түз тигилип, этегинде тилиги жок, жењи кош тигиштүү. Бешмантта капкал-
дырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин фор-
масы эки жакка кымтыланма бешманттан турат, бешманттын жењдеринде жана
петлицаларында айкалыштырылган алтын түстөгү жиптер менен саймаланган
улуттук символиканын жана эл аралык атрибутиканын элементтери бар.
Жењдердеги жана петлицалардагы саймалар жењде кызыл жана кызгылт
сары түстөгү сегиз бурчтуу жылдызды кыюулап турган кызгылт сары-кыз-
гылт-көгүш түстөгү өрүлгөн зайтун бутагынан жана петлицада кыз-
гылт-көгүш түстөгү мамлекеттик гербдин сүрөтүнөн турат. Петлицаларда
сайманын жана сүрөттүн жээктери сайманыкындай эле түстө жасалган жана
дөмпөк келип улуттук оймо-чийменин айкалышкан түрүндө.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин фор-
масы бешмант менен шымдан гана турат. Форма ак көйнөк, кара галстук жа-
на кара туфли менен кийилет.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин аял-
дар үчүн формасы бешманттан жана юбкадан турат, маанилик белгилери жана
символикасы боюнча эркектердин формасына толугу менен окшош. Юбка түз,
тиликтүү жана узундугу тизеден ылдый.
2.3. Бешмант жана шым (юбка) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери-
нин атайын каражатынын эсебинен даярдалат.
2.4. Форманы берүү ченемдери жана кийүү мөөнөтү
| № | Аталышы | Кийүү мөөнөтү | Комплекттердин |
| саны | |||
| 1 | Бешмант | 5 | 1 |
| 2 | Шым (же юбка) | 5 | 1 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.