Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-мартындагы № 87 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө жобону бекитүү тууралу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 18-марты № 87
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык
кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы
(протоколдук формадагы кийими) жөнүндө
жобону бекитүү тууралу
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери-
нин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө тиркелген жобо
бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин протоколдук формадагы
кийим менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана чет
мамлекеттердеги мекемелеринин атайын каражаттарынын эсебинен камсыз кы-
луу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бюджетинде Кыргыз Республи-
касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы үчүн ке-
ректүү атайын каражаттарды караштырсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О дипломатической службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.07.2002 · № 131 · Күчүн жоготкон