Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 200 - жылдын 7 - февралындагы №38 «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 7-февралы № 38
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн
негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн не-
гиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын И.Чудинов
Долбоор
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн
негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негизде-
ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөр-
түүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкү мазмундагы төртүнчү - он биринчи абзацтар ме-
нен толукталсын:
"жетим балдар - ата-энесинин экөө тењ же бирден бир ата-энеси каза
болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар;
ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыш-
туу ата-энесинин экөөнүн тењ же бирден бир ата-энесинин камкордугусуз
калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар:
- ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажыра-
гандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин
дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын да-
рылоо мекемелеринде болуулары;
- ата-энелерин каза болду деп табуу;
- эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жаза-
сын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайта-
рууда кармалуучу жерлерде болуу;
- балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын
коргоодон ата-энелердин баш тартуусу;
- тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан
коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балда-
рын алуудан ата-энелердин баш тартуусу;
- жана баланы белгиленген тартипте ата-энелеринин камкордугусуз
калган деп тааныган башка учурларда;".
2. 4-статьянын алтынчы абзацы "ата-энесинин" деген сөздөрдөн мурда
"өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган башка балдар жана" деген сөздөр
менен толукталсын.
3. 6-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык жактан тейлөө тармагындагы мамлекеттик минималдык социалдык
стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.".
4. 7-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац
менен толукталсын:
"- үй-бүлөлүк балдар үйү.".
5. 11-статьяда:
он биринчи абзац "балдар" деген сөздөн мурда "жетим балдар жана"
деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген
сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын.
6. 14-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац
менен толукталсын:
"- социалдык коштоо.".
7. 21-статья төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"21-статья. Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган балдарга кошумча
социалдык жардам
Өтө кыйын турмуштук кырдаалда калган балдар төмөнкүдөй түрдөгү со-
циалдык жардамдарга укуктуу:
- социалдык жактан тейлөөнүн адистештирилген уюмдарында жашоого
жана акысыз социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
- камкорчуларды, асырап алуучу ата-энелерди жана фостердик үй-бү-
лөлөрдү издөөдө социалдык кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;
- билим алууга жана кесипке ээ болууга;
- материалдык жардам алууга;
- ден соолугун чыњдоо жана жайкы эс алууну уюштурууга көмөк көрсө-
түүгө;
- юридикалык жардамга;
- консультация алууга, жеке алдын алуу иштерин жүргүзүүгө.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч
айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-мартындагы № 263-IV ""Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 14.03.2008 · № 263-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-июнундагы № 491-IV ""Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана…Постановление · 12.06.2008 · № 491-IV
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2008 · № 177
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 марта 2004 года №168 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнения в Закон Кыргызской республики "Об основах социального…Постановление · 15.03.2004 · № 168 · Күчүн жоготкон