Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-январы № 12
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга
республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-статьясына, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 12-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин кароосуна киргизилсин.
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 8-февралында-
гы № 135-IV "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 380 токтому күчүн жоготту
деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга
республикалык бюджети жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети кирешелер
боюнча 36274864,6 мињ сом суммасында жана чыгашалар 42531706,2 мињ сом
суммасында (2731474,9 мињ сом суммасындагы өнүктүрүү бюджетинин алка-
гындагы гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин дефици-
тинин чектелген өлчөмү 3525366,7 мињ сом суммасында (бюджеттик өнүктү-
рүү алкагындагы 2731474,9 мињ сом суммасындагы гранттык каражаттарды
кошпогондо) белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин дефици-
тин жабууга 3525366,7 мињ сом суммасында каржылоонун тышкы жана ички
булактары багытталсын.
2-статья.
2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин бо-
жомолу № 1 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин киреше
бөлүгү № 1-1 жана 1-2-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшкөн кара-
жаттардын эсебинен түзүлөт.
4-статья.
2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен чыгым-
дарды каржылоого каражат № 2 жана 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү бюджети № 3 тиркемеге ылайык бел-
гиленсин, мында төмөнкүлөрдүн эсебинен республикадагы капиталдык салым-
дарды каржылоо үчүн каражаттардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй:
ички булактардан - 3313034,1 мињ сом;
тышкы булактардан - 5161818,2 мињ сом.
Дотацияда турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түрт-
кү берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
6-статья.
Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган статьялар бо-
юнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр,
медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып
балдарга пособиелер, стипендиялар, милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттин карыз милдеттенмелери жана
калктын аманаттарын индекстөө боюнча жүргүзүлөт.
Чыгашалардын коргоого алынган статьялары штаттык расписаниелердин
бош орундарына жана мыйзамдык жана ченемдик-укуктук актылардын кабыл
алынышына байланыштуу кыскартылышы мүмкүн.
Мамлекеттик финансы статистикасына ылайык жањы бюджеттик классифи-
кацияга өтүүгө жана чыгашаларды пландаштырган учурдагы өз алдынчалуу-
луктун өсүшүнө байланыштуу чыгашалардын коргоого алынган статьяларын
каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктө-
лөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2008-жылга жергиликтүү
бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте коргоого алынган
статьялар боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
7-статья.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде (Бишкек жа-
на Ош шаарларын кошпогондо) 1-4-класстардын окуучуларына тамак-аш уюш-
турууга каражаттар 448400,0 мињ сом суммасында белгиленсин.
Жалпы билим берүү мектептердеги 1-4-класстардын окуучуларына та-
мак-аш уюштурууга бөлүнүүчү каражаттардын өз учурунда жана максаттуу
пайдаланылышына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары
жооптуу болушат.
Жалпы билим берүү мектептердеги 1-4-класстардын окуучуларына та-
мак-аш уюштуруудан үнөмдөлгөн каражат республикалык бюджетке кайтарыла
тургандыгы белгиленсин.
8-статья.
Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча келип
түшкөн бюджеттик мекемелердин каражаттары толугу менен республикалык
бюджеттин кирешесине алынат.
Бюджеттик мекемелердин уруксат, лицензия берүүлөрдөн жана мамле-
кеттик имараттарга ижара төлөмдөрүнөн алынуучу каражаттары толугу менен
бюджеттин киреше бөлүгүнө которулат.
Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны ат-
тап өтүп, пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган
учурда атайын каражаттардын 50 пайызы республикалык бюджеттин кирешеси-
не алынат.
Айылдардын четиндеги жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ал эми көп пайдаланылуучу
жана алыскы жайыттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы райондордун жер-
гиликтүү бюджеттерине келип түшөөрү белгиленсин.
9-статья.
Кызмат көрсөтүүлөрдөн, жумуш аткаруудан жана өз өндүрүшүнүн про-
дукцияларын сатып өткөрүүдөн (Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социал-
дык коргоо министрлигинин системасындагы мекемелерди, саламаттык сактоо
мекемелеринин кош төлөмүн, контракттык окутууну жана ата-энелердин акы
төлөөсүн кошпогондо атайын каражаттардын чыгашадан ашып түшүүсү 10 пай-
ыз өлчөмүндө белгиленсин жана республикалык бюджеттин чыгашаларын кар-
жылоого жумшалсын.
10-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөргө укуктуу:
эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып
келбесе, ушул Мыйзамдын 1-статьясы менен бекитилген суммалардын чекте-
ринде ушул Мыйзамдын № 1, 1-1, 1-2, 2 жана 2-1-тиркемелерине өзгөртүү
киргизүүгө;
тиешелүү органдар кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан ке-
лип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети менен жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу бюджеттеринин өз ара эсептешүүлөрүнө, ошон-
дой эле өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн,
баалардын дењгээлинин өзгөрүшүнө, структуралык өзгөрүүлөргө тактоо кир-
гизүүгө;
мамлекеттик кирешелердин болжолдонгондон тышкаркы түшүүлөрдүн эсе-
бинен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү кароого.
11-статья.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
2007-жылы айрым топтор боюнча толук каржыланбай калган жергиликтүү бюд-
жеттин чыгашаларын компенсациялашсын. Компенсациялоо 2008-жылдын рес-
публикалык бюджетинен бөлүнүүчү ассигнованиелеринин эсебинен жана анын
чектеринде ишке ашырылсын.
Мында эмгек акыга чыгашалар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондуна которуулар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
12-статья.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүдөгү
кассалык накталай акча 2009-жылдын 1-январына карата 70000 мињ сом сум-
масында белгиленсин.
13-статья.
Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди республикалык бюд-
жеттен каржылоо № 4 тиркемеге ылайык 447418,1 мињ сом жалпы суммасында
белгиленсин.
14-статья.
2008-жылга облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттери
үчүн 15 пайыз өлчөмүндө жана райондук маанидеги шаарлар үчүн - 10 пайыз
жана райондор үчүн 25 пайыз өлчөмүндө жумуш берүүчүдөн кармалуучу кире-
ше салыгынан пландуу келип түшкөндөрдөн чегерүүлөрдүн нормативдери бе-
китилсин.
Салык кызматкерлери тарабынан кармалуучу киреше салыгы, патенттик
негиздеги милдеттүү патенттештирүүдөн түшкөн киреше, чакан ишкерликтин
субъекттери үчүн бирдиктүү салык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
бардык органдарынын (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) карамагына
100 пайыз өлчөмүндө калтырылсын.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттери үчүн 2008-жылга
киреше салыгынан, пайдадан алынуучу салыктан, милдеттүү түрдө патент-
тештирүүдөн түшкөн кирешеден, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн бир-
диктүү салыктардан, акциз салыгынан (ички продукцияга), пайыздык салык-
тан, резидент эместердин кирешелеринен алынуучу салыктан пландуу түшүү-
лөрдөн жана камсыздандыруу фондуларынан түшүүлөрдөн 35 пайыз өлчөмүндө-
гү чегерүүлөрдүн нормативдери бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик
тартышат.
15-статья.
Жумуш берүүчүлөрдөн кармалуучу киреше салыгы боюнча 2008-жылдын
биринчи жана экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча пландуу көр-
сөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ашыра аткаруунун суммасы облус-
тук жана райондук маанидеги шаарлардын жана райондордун бюджеттерине
ашыра аткаруунун суммасынан 65 пайыз нормативи боюнча чегерилет.
Жумуш берүүчүлөрдөн кармалуучу киреше салыгы боюнча ашыкча төлөө-
лөрдүн эсебинен пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун суммасы пландан
ашыкча келип түшкөндөрдөн алып салынат.
Киреше салыгы, пайдадан алынуучу салыктар, милдеттүү патенттешти-
рүүдөн алынган кирешелер, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн бирдиктүү
салык, акциздик салык (ички продукцияга), пайыздык салык, резидент
эместердин кирешелеринен алынуучу салык, камсыздандыруу фондуларынан
түшүүлөр жана ички продукцияга кошумча нарк салыгы, Бишкек жана Ош
шаарлары боюнча 2008-жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгына план-
даштырылган пландуу көрсөткүчтөр ашыра аткарылганда ашыра аткаруунун
суммасы Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине ашыра атка-
руунун суммасынан 65 пайыз нормативи боюнча чегерилет, мында салыктар
боюнча ашыкча төлөөлөрдүн эсебинен пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра атка-
руунун суммасы пландан ашыкча келип түшкөндөрдөн алып салынат.
2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландуу көрсөткүчтөр ашыра
аткарылып жана жыл жыйынтыгы боюнча алар аткарылбай калган учурда би-
ринчи жарым жылдыкта которулган каражаттар кийинки жылы республикалык
бюджетке алынат.
16-статья.
2008-жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана рай-
ондордун жергиликтүү бюджеттерине билим берүү чөйрөсү үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын республикалык бюджетинен категориалдык гранттардын өлчөмү
N 5 тиркемеге ылайык чыгашалардын 3185780,9 мињ сом жалпы суммасында
белгиленсин.
Категориалдык гранттар орто жана башталгыч билим берүү чөйрөсүндө-
гү чыгашалардын артыкчылыктуу багыттарын каржылоого багытталат, ошону
менен ушул сектор боюнча чыгашалардын минималдуу дењгээлин жабат.
17-статья.
2008-жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана рай-
ондордун жергиликтүү бюджеттерине N 6 тиркемеге ылайык чыгашалардын
жалпы суммасы 418077,9 мињ сом болгон кирешелерди тењдештирүү үчүн Кыр-
гыз Республикасынын республикалык бюджетинен гранттардын өлчөмү беки-
тилсин.
Ушул Мыйзамдын бул статьясында аныкталган өлчөмдө республикалык
бюджеттен бөлүнүүчү тењдештирүү гранттарын биринчи кезекте "Эмгек акы"
жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр" статьялары
боюнча чыгашаларды жабууга жумшоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына
сунуш кылынсын.
18-статья.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2008-жылы жергиликтүү
бюджеттерден республикалык бюджетке N 7 тиркемеге ылайык 76400,0 мињ
сом жалпы суммасындагы бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди кайтарып
берүүнү камсыз кылышсын.
19-статья.
Бюджеттик мекемелер жана чарбакер субъекттер, бардык дењгээлдеги
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары тарабынан максаттуу жумшоо боюнча пайдаланылбаган бюджеттик ка-
ражаттар тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш. Кайтарылма негизде
берилген бюджеттик каражаттардын өз убагында кайтарылбай калышы, ошон-
дой эле аларды пайдалангандык үчүн пайызын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибе-
рүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн берүүнү кыскартууга же токто-
тууга негиз болуп саналат.
20-статья.
Учурдагы жылга мыйзамдар жана ченемдик актылар менен кабыл алын-
ган, кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгымдар кийинки жылга
бюджетте карала тургандыгы белгиленсин.
21-статья.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдардын аткаруу баракча-
лары боюнча төлөөлөр тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун кара-
жаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү тийиш экендиги белгиленсин.
22-статья.
Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамы 2008-жылдын 1-январынан тартып
колдонууга киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 1-февралы № 113-IV "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда…Постановление · 01.02.2008 · № 113-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 8-февралындагы № 135-IV "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу"…Постановление · 08.02.2008 · № 135-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 30.08.2007 · № 380 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 380 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 30.08.2007 · № 380 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон