Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 января 2008 года № 12 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2008 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-01-19.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-январындагы № 12 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 30-августу № 380
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берил-
син.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргаз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга
республикалык бюджети жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети киреше бо-
юнча 33984984,3 мињ сом суммасында жана чыгашалар 39468534,0 мињ сом
суммасында (2108183,0 мињ сом суммасында өнүктүрүү бюджетинин алкагында
гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджет дефицитинин
чектүү өлчөмү 3375366,7 мињ сом суммасында (2108183,0 мињ сом суммасын-
да өнүктүрүү бюджетинин алкагында гранттык каражаттарды кошпогондо)
белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин дефици-
тин жабууга 3375366,7 мињ сом суммасында каржылоонун тышкы жана ички
булактары жумшалсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин 2010-жылга чейинки
болжолу № 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин киреше
бөлүгү № 1-1 жана 1-2-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн
эсебинен калыптанат.
4-статья.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Бюджеттик уюмдар
жана мекемелер үчүн 2008-жылга чыгашаларды каржылоо каражаттары № 2 жа-
на 2-1-тиркемеге ылайык белгиленген өлчөмдө бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары менен мекемелеринин чыга-
шаларын каржылоо каражаттарынын өлчөмдөрү бекем сакталууга жана ушул
Мыйзамда белгиленген чекте иш-чаралар менен программаларга жумшалууга
тийиш.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү бюджети N 3-тиркемеге ылайык бе-
китилсин, республикада
- 1783034,1 мињ сом - ички булактардын;
- 4923249,1 мињ сом - тышкы булактардын эсебинен жүргүзүлүүчү ка-
питалдык салымдарды каржылоо үчүн каражаттардын ушундай өлчөмү белги-
ленсин.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациячыл органдарына стимул-
доочу (үлүштүк) гранттардын каржылоо артыкчылыктары белгиленсин.
6-статья.
Кедейчиликти кыскартуунун борборлошкон фондунун 620000,0 мињ сом
суммасында каражаты төмөнкү долбоорлорго багыттоо белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине
300000,0 мињ сом, анын ичинен мектептердин учурдагы оњдолушуна 100000,0
мињ сом, компьютерлерди алууга 100000,0 мињ сом; окуу китептерин алууга
70000,0 мињ сом, жањы мектептерди эмеректер менен жабдууга 30000,0 мињ
сом;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине
30000,0 мињ сом, маданият объекттерин капиталдык оњдоолорго;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-
гине 20000,0 мињ сом, интернаттарды капиталдык оњдоого;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сел
жүрүүдөн коргоо башкармалыгына 50000,0 мињ сом, жээк чыњдоо иштерине;
- 20000,0 мињ сом социалдык инфраструктуранын башка объекттерине.
7-статья.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинин чыгаша-
ларын каржылоо биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы,
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, та-
мактануу, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана майып-балдарга пособиелер,
стипендиялар, милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондуна чегерүүлөр),
ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана калк аманаттарын ин-
декстөө боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын корголгон статьялары штаттык
расписаниелерде бош орундарга жана мыйзам жана нормативдик-укуктук ак-
тылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
Мамлекеттик финансы статистикасына ылайык жањы бюджеттик классифи-
кацияга өтүүгө жана чыгашаларды пландаштырууда өз алдынчалыктын
көбөйүшүнө байланыштуу чыгашалардын корголгон статьяларынын каржыланышы
үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.
2008-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи
кезекте корголгон статьялар боюнча жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарына жана райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация-
ларына сунушталсын.
8-статья.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетте жалпы би-
лим берүүчү мектептеринде (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо)
1-4-класстарга ысык тамак уюштурууга 360000,0 мињ сом суммасында кара-
жаттар каралсын.
Жалпы билим берүүчү мектептердеги 1-4-класстарга ысык тамак уюшту-
рууга бөлүнгөн каражаттардын өз учурунда жана максаттуу пайдаланылышына
Кыргыз Республикасынын райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жооптуу болушат.
9-статья.
Атайын каражаттар сметасында бекитилген суммадан ашыкча келип
түшкөн бюджеттик мекемелердин кирешеси толугу менен республикалык бюд-
жеттин кирешесине алынат.
Бюджеттик мекемелердин уруксат, лицензия берүүлөрдөн жана мамле-
кеттик жана муниципалдык имараттар үчүн ижара төлөмдөрдөн алынган кире-
шелери толугу менен бюджеттин тиешелүү дењгелинин киреше бөлүгүнө чеге-
рилет. Мамлекеттик билим берүүчү уюмдардын жана маданият мекемелердин
материалдык-техникалык базасын мамлекеттик эмес (жеке) уюмдарга ижарага
берүүдөн алынган киреше бюджетке алынбайт, ал мамлекеттик билим берүүчү
уюмдар тарабынан уставдык максаттар үчүн пайдаланылат.
Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыналык
системасынан четтеп пайдаланууга тыюу салынсын. Бул тартип бузулса ата-
йын каражаттардын 50 пайызы тийиштүү дењгээлдеги бюджеттин кирешесине
кармалат.
Айылга жамаатташ, интенсивдүү жана алыскы жайыттарды пайдаланган-
дык үчүн ижаралык акы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюд-
жетине келип түшүүсү белгиленсин.
10-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- эгер республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып кел-
бесе, ушул Мыйзамдын 1-статьясы менен бекитилген суммалардын чектеринде
ущул Мыйзамдын N 1, 1-1, 1-2, 2, жана 2-1-тиркемелерине өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө;
- тиешелүү органдар кабыл алган нормативдик актылардан келип чыгу-
учу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Респуб-
ликасынын республикалык бюджетинин өз ара эсебине тактоолорду, ошондой
эле өндүрүш көлөмдөрүнө (иш, кызмат), баа дењгээлине өзгөртүүлөрдү,
структуралык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- мамлекеттик кирешелердин болжолдон ашыкча түшүүлөр эсебинен рес-
публикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга.
Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та-
рабынан каралат жана кабыл алынат.
11-статья.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
2007-жылы айрым топтору боюнча толук каржыланбай калган жергиликтүү
бюджеттердин чыгашаларын 2008-жылга алардын бюджетинде каралган ассиг-
нованиелер чектеринде компенсацияласын. Мында эмгек акыга чыгашалар жа-
на Социалдык фондго чегерүүлөр биринчи кезекте компенсациялоого жатат.
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иш (кызмат) көлөмү
боюнча карыздарды өз убагында тындыруу үчүн контролдук коюлсун.
12-статья.
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча 2009-жылдын
1-январына карата жүгүртүүдөгү кассалык акча 50000 мињ сом суммада бе-
китилсин.
13-статья.
Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди N 4-тиркемеге
ылайык, 471237,8 мињ сом жалпы суммада республикалык бюджеттен каржылоо
бекитилсин.
14-статья.
2008-жылга облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттери
үчүн 15 пайыз өлчөмүндө, жана райондук маанидеги шаарлар үчүн - 10 па-
йыз өлчөмүндө жана райондор үчүн - 25 пайыз өлчөмүндө жумуш берүүчүдөн
кармалуучу жеке киреше салыгынын пландуу келип түшүүлөрүнөн че-
герүүлөрдүн нормативдери бекитилсин.
Салык кызматы тарабынан кармалуучу жеке киреше салыгы, патенттик
негиздеги жеке киреше салыгы, милдеттүү патенттештирүүдөн киреше, чакан
ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салык жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун бардык органдарынын (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо)
карамагына 100 пайыз өлчөмүндө калтырылсын.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттери үчүн жеке киреше
салыгынан пландуу келип түшкөндөрдөн, пайдадан алынуучу салык, мил-
деттүү патенттештирүүдөн киреше, чакан ишкердиктин субъекттери үчүн
бирдиктүү салык, акциздик салык (ички продукцияга), пайыздарга салык,
резидент эместерге кирешеден салык жана камсыздандыруу фондунан келип
түшүүлөр 35 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөр нормативи 2008-жылга бекитил-
син.
15-статья.
Жумуш берүүчүлөрдөн кармалуучу киреше салыгы боюнча 2008-жылдын
биринчи жана экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча пландуу
көрсөткүчтөр ашыра аткарылган учурда ашыра аткаруунун суммасы облустук,
райондук маанидеги шаарлардын жана райондордун бюджеттерине ашыра атка-
руунун суммасынан 65 пайыз нормативи боюнча чегерилет.
Жумуш берүүчүлөрдөн кармалуучу киреше салыгы боюнча ашыкча
төлөөлөр эсебинен пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун суммасы план-
дан ашыкча келип түшкөндөрдөн алынат.
Киреше салыгынын пландуу көрсөткүчтөрү, пайдадан алынууну салык-
тар, милдеттүү патенттештирүүдөн кирешелер, чакан ишкердиктин субъект-
тери үчүн бирдиктүү салык, акциздик салык (ички продукцияга), пайыздар-
га салык, резидент эместерге кирешеден салык жана камсыздандыруу фонду-
нан келип түшкөндөр жана ички продукцияга кошумчаланган салык, Бишкек
жана Ош шаарлары боюнча 2008-жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгына
пландаштырылган пландуу көрсөткүчтөр ашыра аткарылганда ашыра аткаруу-
нун суммасы Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине ашыра
аткаруунун суммасынан 65 пайыз нормативи боюнча чегерилет, мында салык-
тар боюнча ашыкча төлөөлөр эсебинен пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра атка-
руунун суммасы пландан ашыкча келип түшкөндөрдөн алынат.
2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландуу көрсөткүчтөр ашыра
аткарылып, жыл жыйынтыгы боюнча алар ашыра аткарылбай калган учурда би-
ринчи жарым жылдыкта которулган каражат кийинки жылы республикалык бюд-
жетке алынат.
16-статья.
2008-жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ра-
йондун жергиликтүү бюджеттерине N 5-тиркемеге ылайык 3320467,1 мињ сом
чыгашалардын жалпы суммасында билим берүү чөйрөсү үчүн Кыргыз Республи-
касынын республикалык бюджетинен категориалдык гранттардын өлчөмү беки-
тилсин.
Категориалдык гранттар орто жана башталгыч билим берүү чөйрөсүндө
чыгашалардын артыкчылыктуу багыттарын каржылоого жумшалат, ошону менен
ушул сектор боюнча чыгашалардын минималдуу дењгелин жабат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
жана райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациялары категориалдык
гранттардын өз убагында жана максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчиликте
болушат.
17-статья.
2008-жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ра-
йондун жергиликтүү бюджеттерине N 6 тиркемеге ылайык 420441,1 мињ сом
чыгашалардын жалпы суммасында кирешелерди тењөө үчүн Кыргыз Республика-
сынын республикалык бюджетинен гранттар өлчөмү бекитилсин.
Бул Мыйзамдын ушул статьясында аныкталган өлчөмдө республикалык
бюджеттен бөлүнүүчү тењөө гранттары биринчи кезекте "эмгек акы" жана
"Кыргыз Республикасынын "социалдык фондуна чегерүүлөр" статьялары боюн-
ча чыгашаларды жабууга багыттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарына жана райондук жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына сунуш-
талсын.
18-статья.
2008-жылга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерги-
ликтүү бюджеттерине бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди кайтаруунун N
7-тиркемеге ылайык 76400,0 мињ сом чыгашалардын жалпы суммасы бекитил-
син.
19-статья.
Бюджеттик мекемелер жана чарба жүргүзүүчү субъекттер бардык
дењгелдеги мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылба-
ган бюджеттик каражат тийиштүү бюджетке өндүрүп алууга жатат. Кайтарым
негизинде берилген бюджеттик каражаттын өз убагында кайтарылбай калышы,
ошондой эле аларды пайдалангандык үчүн пайызын төлөө мөөнөтүнүн өтүп
кетиши:
- мамлекеттик колдоонун бардык түрүн берүүнү кыскартуу же токто-
туу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонуудагы эсептик че-
нинин эки эсе өлчөмүндө айып салуу үчүн негиз болуп калат.
Ишканаларга, уюмдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген бюджеттик
ссудалардын, кредиттердин кайтарылышы, ошондой эле ушул каражаттарды
пайдалангандык үчүн акы төлөө бюджетке милдеттүү түрдө төлөөлөргө
тењештирилет жана биринчи кезекте ишке ашырылат.
20-статья.
Коомдук уюмдарды жана чыгармачыл союздарды, өз демилгелүү жамаат-
тарды (элдик театрлар, музыкалык, драмалык жана башка) каржылоо өздүк
каражаттар эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
21-статья.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдардын аткаруу баракча-
лары боюнча төлөөлөр тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун кара-
жаттары эсебинен жүргүзүлүшү белгиленсин.
22-статья.
Сот органдарынын чечимдери боюнча аткаруу баракчалары боюнча
төлөөлөр республикалык бюджеттин каражатынан кезектүүлүк тартибинде
жүргүзүлүшү белгиленсин.
23-статья.
Кошумча каржылык ресурстарды талап кылган быйылкы жылда кабыл
алынган мыйзамдар жана укуктук-нормативдик актылар боюнча чыгашалар ки-
йинки жылдын бюджетинде каралышы белгиленсин.
24-статья.
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылдын 1-январынан баштап күчүнө
кирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 19.01.2008 · № 12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 19.01.2008 · № 12 · Күчүн жоготкон