Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базаcын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-декабры № 602
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун
ченемдик укуктук базаcын оптималдаштыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын
оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
кароого жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
три бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде ка-
роодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-
сын.
Премьер-министрдин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик
укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө
Бул Мыйзам ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун негизги принциптерин
аныктайт, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык
кайра кароонун тартибин белгилейт.
1-статья. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуу
Бул Мыйзамда ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуу ишкерлердин укукта-
рын, милдеттерин жана алардын иштерине карата талаптарды, ошондой эле
мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди
жөнгө салууну карайт.
2-статья. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук
базасын оптималдаштыруунун жана кайра кароонун негизги
принциптери
Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын кайра
кароонун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр
эсептелет:
- ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун укуктук базасын оптималдашты-
руу процессинин үзгүлтүксүздүгү, ишкердик жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө
салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды (мындан ары - ченемдик
укуктук актылар) иштеп чыгууда жана аткарууда ачык-айкындык жана турук-
туулук;
- ишкердик жүргүзүүгө кийлигишпөө, анын ичинде мыйзамда так анык-
талгандан башка учурларда аны токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо
боюнча функцияларын бөлүштүрүү;
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары жөнгө салуучу таасирге талдоонун негизинде даярдалган не-
гиздеме бербеген учурда ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу;
- ишкердик жүргүзүү чөйрөсүндө мыйзамдын кайсы бир жоболорун кол-
донуудагы күмөндү ишкердик субъектинин пайдасына чечмелөө;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары мыйзамда белгиленгенден башка акыларды белгилешине жана алышына
жол бербөө;
- лицензияларды, уруксаттарды жана ишкердик жүргүзүүгө байланыштуу
башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана/же
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен аныкталгандан башка
документтерди белгилөөгө жана талап кылууга жол бербөө;
- ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оп-
тималдаштыруу процессинин бардык этаптарына кызыкдар бизнес-шериктеш-
тиктердин өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусун камсыз кылуу.
3-статья. Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн
жооптуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу
органы
Ишкердик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу ат-
каруу бийлигинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - ыйга-
рым укуктуу орган) ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук
базасын оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат.
Ыйгарым укуктуу орган:
- аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары ушул Мыйзамды аткарышына мониторинг жүргүзөт жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын отчет берет;
- ченемдик актылардын ушул Мыйзамда белгиленген принциптерге шай-
кештигин кайра кароо боюнча сунуштарды чогултуу жана даярдоо боюнча ко-
ординациялоочу орган болот;
- ушул Мыйзамга ылайык келбеген ченемдик актыларды кайра кароо же
күчүн жоготту деп таануу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген тартипте киргизет.
4-статья. Жөнгө салуучу таасирге талдоо
1. Жөнгө салуучу таасирге талдоо ченемдик укуктук актылардын дол-
боорлоруна бирдиктүү мамилени белгилейт:
- аларды негиздөөнү;
- баштапкы талдоо жүргүзүүнү;
- ченемдик укуктук актыны аткарууга байланышкан чыгымдарды жана
болжолдуу пайданы талкуулоону жана баалоону;
- республикалык (жергиликтүү) бюджеттин ченемдик укуктук актыны
колдонууга карата чыгымдарын аныктоону;
- экономикага жана коомдук процесстерге күтүлүүчү натыйжаларды ба-
алоону;
- ченемдик укуктук актынын эл аралык укуктук ченемдерге жана Кыр-
гыз Республикасынын милдеттенмелерине жана анын аткарылышын контролдоо-
го шайкештигин баалоону;
- сунушталган ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынуучу пробле-
маларды чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин кароону камтыйт.
Жөнгө салуучу таасирге талдоо колдонуудагы ченемдик укуктук акты-
ларга карата да жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо усу-
лу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5-статья. Ишкердик жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү
ченемдик укуктук актыларды кайра кароо
1. Бардык ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамдын жоболоруна ыла-
йык кайрадан каралат. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароо алардын
мазмунун рыноктук экономиканын принциптеринде шайкештигин талдоодон ту-
рат.
2. Ар бир ченемдик укуктук акты ушул Мыйзамдын 2-статьясында бел-
гиленген принциптерге ылайык келиши керек.
3. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароо үч этапта ишке ашырылат.
6-статья. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабы
1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары алардын иш чөйрөсүнө тиешелүү актыларды ушул Мыйзамдын
негизинде үч айлык мөөнөттө карайт.
Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары ченемдик укуктук актыларды караганда тиешелүү тармактардын
бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзү-
шөт.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында аныкталган мөөнөт
бүткөндөн кийин 15 күндүн ичинде ар бир аткаруу бийлигинин органы жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ченемдик укуктук актыларды ыйга-
рым укуктуу органга негиздемелери менен, ыйгарым укуктуу орган тарабы-
нан белгиленген тартипте беришет.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда аныкталган мөөнөт бүткөндөн кийип 15
күндүн аралыгында ыйгарым укуктуу орган тиешелүү ченемдик укуктук акты-
ларды негиздемелери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн ведомст-
волор аралык комиссияга берет.
Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары, ыйгарым укуктары, ку-
рамы жана ишинин башка маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-
нан аныкталат.
7-статья. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун экинчи этабы
Ушул Мыйзамдын 6-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин үч
айдын аралыгында ведомстволор аралык комиссия аткаруу бийлигинин орган-
дары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары беришкен ченемдик
укуктук актыларды жана түшүндүрмө каттарын карайт. Ченемдик укуктук ак-
тыны сунуштаган аткаруу бийлигинин органы жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органы аны кароого катышат.
Ведомстволор аралык комиссия кызыкдар жактарга жана уюмдарга маа-
лымдайт жана ченемдик укуктук актыларды кайра кароого катышуу үчүн шарт
түзөт.
8-статья. Ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун үчүнчү этабы
1. Ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин
бир айдын ичинде ведомстволор аралык комиссия ченемдик укуктук актынын
ушул Мыйзамга шайкештиги жөнүндө корутунду жасайт жана корутундуну Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө берет.
2. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан корутунду берилгенден
кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук
актылардын ушул Мыйзамга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечимди
кабыл алат.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин
эки айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү оз ал-
дынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актынын ушул Мыйзамга шайкеш
эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде
белгиленген тартипте ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга шайкеш
келтирет.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин органдары-
нын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук
актылары ушул Мыйзамга ылайык эместигин аныктаса, аларды өзүнүн чечими
менен жокко чыгара алат.
9-статья. Корутунду жоболор
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабын ишке
ашыруунун башталыш мөөнөтүн биринчи кезекте аныктасын;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ар бир беш жылда ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга шай-
кештигин кайра кароону уюштурсун;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине ушул Мыйзамдын
чегинде жасалган иштердин натыйжалары жөнүндө маалымат жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуу чөйрөсүн-
дөгү мыйзам актыларын ушул Мыйзамда аныкталган принциптерге ылайык кел-
тирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргиз-
син.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 21-февралындагы № 207-IV ""Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 21.02.2008 · № 207-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон