Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы „Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө“Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-декабры № 565
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасында
спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана
жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну
оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"
Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
"Этил спиртин, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны чыгаруу
жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
18-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продук-
циясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдашты-
руу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- бир айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы №
343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу
жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чара-
лар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү кароочу Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун;
Кыргыз Республикасында Спирт ичимдиктерин чекене сатуу эрежелери-
нин долбоорун;
Алкоголдук жана спирт камтылган тамак-аш продукцияларын сатып
алууга, сактоого жана берүүгө лицензиясы бар уюмдарды аккредитациялоо-
нун бирдиктүү тартибинин долбоорун;
- эки айлык мөөнөттө:
Спирт, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды чыгарууда
колдонулуучу негизги технологиялык жабдуулардын тизмесин;
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды чыга-
руу жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо жөнүндө жобонун долбоорун.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
18-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продук-
циясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдашты-
руу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте мурда "Алкопром" мамлекет-
тик ишканасынын курамына кирген алкоголдук продукцияны даярдоо жагында
иш жүргүзүүчү чарбалык коомдордун мамлекеттик үлүшүн аукциондордо са-
тууну камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенци-
ясына киргизилген "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган про-
дукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууну камсыздоо су-
нушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жүктүн бажылык
декларациясына жана товардык-транспорттук накладнойлоруна (импорттолуу-
чу этил спирти, алкоголдук жана спирт камтылган продукциялар үчүн) тир-
келүүчү маалымкаттардын формаларын жана бул маалымкаттарды толтуруу
тартибин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте 2008-жылдын 1-январына
чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргиз-
син.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №301 буйругуРаспоряжение · 19.06.2008 · № 301
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 25.04.2006 · № 294
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы №343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну…Указ · 18.07.2007 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 09.07.2007 · № 98 · Күчүн жоготкон