Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-июну № 301-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана
жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлун-
дагы "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу
жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чара-
лар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 565 токтомуна ылайык:
1. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды
чыгаруу жана жүгүртүү үчүн колдонулуучу негизги технологиялык жабдуу-
лардын түрлөрүнүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул буйругу жалпыга маалымдоо
каражаттарында жарыялансын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-июнундагы
№ 301-б буйругу менен
бекитилген
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган
продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүү үчүн колдонулуучу
негизги технологиялык жабдуулардын түрлөрүнүн
ТИЗМЕСИ
I. Пиво чыгарууда колдонулуучу
негизги технологиялык жабдуулар:
1. Угут майдалагыч
2. Бөгөт коючу чан (казан)
3. Чыпкалоочу чан
4. Шире кайнатуучу чан
5. Муздаткычтар (жылуулук алмаштыргычтар)
6. Ачытуучу чандар
7. Лагердик танктар же цилиндр-кондук танктар
8. Чыпка-пресс же сепаратор
9. Бөтөлкө жуучу машиналар
10. Куюучу цех: ылгоочу аппарат, куюучу аппарат, тыгындоочу жана
этикеткалоочу автоматтар
11. Даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсептөөчү автоматтык
каражаттар
II. Этил спиртин чыгарууда жана жүгүртүүдө
колдонулуучу негизги технологиялык жабдуулар
1. Кабыл алуучу бункери бар дан сактагыч
2. Аба-элек сепараторлору
3. Майдалагычтар (валдуу, балкалуу)
4. Данды суу менен аралаштыруучу аппарат
5. Чийки затты кайнатуучу агрегаттар
6. Өсүмдүк чийки затты гидролиздөө үчүн аппараттар
7. Муздаткычтар (жылуулук алмаштыргычтар)
8. Ферментациялоочу жабдуулар
9. Тартуучу орнотмолор (аппараттар)
10. Ачытуучу, эпюрациялоочу, спирттөөчү (ректификациялоочу) жана
сивухадан тазалоочу колонналар
11. Этил спиртин топтогуч
12. Техникалык ченегичтер
15. Таштандыны, бууну, сууну, ачыткыны жана спиртти сордуруп алуу
үчүн насостор
14. Даяр продукциядагы суусу жок спирттин концентрациясын жана
көлөмүн жана даяр продукциянын көлөмүн өлчөөнүн жана эсептөөнүн авто-
маттык каражаттары
III. Арак продукцияны чыгарууда колдонулуучу
негизги технологиялык жабдуулар
1. Спиртти кабыл алуу жана сактоо үчүн сыйымдуу челектер
2. Этил спирти үчүн техникалык ченегичтер
3. Суу үчүн топтоочу челектер
4. Реагент менен сууну жумшартуу үчүн түзүлүш
5. Жумшартылган суу үчүн сыйымдуу челек
6. Ылгоого даярдоо үчүн челек (суу-спирт аралашмасы)
7. Оргутуучу сыйымдуу челек
8. Көмүр колоннасы
9. Сууга чейинки чан
10. Чыпкалар (кум, керамикалык, свечалуу ж.б.)
11. Бөтөлкө жуучу машиналар
12. Арак куюу жана тыгындоо үчүн заводдо даярдалган автоматтар,
түзүлүштөр
13. Даяр продукциядагы суусу жок спирттин концентрациясын жана кө-
лөмүн жана даяр продукциянын көлөмүн өлчөөнүн жана эсептөөнүн автомат-
тык каражаттары
IV. Вино материалдарды жана винолорду чыгарууда
колдонулуучу негизги технологиялык жабдуулар
1. Чийки затты кабыл алуучу бункер
2. Майдалагыч жана тарамдарын ажыраткыч
3. Агызгыч
4. Сыгуу үчүн пресс
5. Ширени тундуруу үчүн сыйымдуу челек
6. Ачытуучу орнотмолор жана/же эмен челектер жана ички жагынан ти-
ешелүү коргоочу катмары бар башка резервуарлар
7. Вино материалдарды ачытууга чейинки, купаж, кайра иштетүү жана
жетилгенге чейин сактоо үчүн ички жагынан тиешелүү коргоочу катмары бар
резервуарлар, сыйымдуу челектер
8. Мезгини, ширени жана вино материалдарды айдатуу үчүн түрдүү
типтеги насостор
9. Чыпка-пресстер
10. Кайнатуучу казандар
11. Бөтөлкө жуучу машиналар
12. Вино куюу жана тыгындоо үчүн заводдо даярдалган автоматтар,
орнотмолор
13. Даяр продукциядагы суусу жок спирттин концентрациясын жана
көлөмүн жана даяр продукциянын көлөмүн өлчөөнүн жана эсептөөнүн авто-
маттык каражаттары
V. Шуулдак винолорду жана шараптарды чыгарууда
колдонулуучу негизги технологиялык жабдуулар
1. Чийки затты кабыл алуучу бункер
2. Майдалагыч жана тарамдарын ажыраткыч (ар түрдүү системада)
3. Агызгыч
4. Сыгуу үчүн пресс
5. Ширени тундуруу үчүн сыйымдуу челек
6. Ачытуучу орнотмолор жана/же эмен челектер жана ички жагынан ти-
ешелүү коргоочу катмары бар башка резервуарлар
7. Вино материалдарды ачытууга чейинки, купаж, кайра иштетүү жана
жетилгенге чейин сактоо үчүн ички жагынан тиешелүү коргоочу катмары бар
резервуарлар, сыйымдуу челектер
8. Мезгини, ширени жана вино материалдарды айдатуу үчүн түрдүү
типтеги насостор
9. Вино материалдарды жана ликерлорду кабыл алуу, сактоо, кайра
иштетүү жана агартуу үчүн сыйымдуу, дат баспас болоттон жасалган же
мийналанган болот челектер
10. Компрессоркана
11. Ликерлерди даярдоо жана жетилгиче сактоо үчүн резервуарлар
12. Аралаштыргыч жана чачыраткыч түзүлүштөр жана температураны
жөнгө салуу үчүн система менен жабдылган ачыткыны аралаштырууга даярдоо
үчүн аппараттар
13. Акратофорлор (5 атм ге чейинки басымга чыдоочу)
14. Чыпкалоо үчүн аппараттар
15. Бөтөлкө жуучу машиналар
16. Шуулдак винолорду жана шараптарды куюу, тыгындоо, мюзелдөө
(зымдоо), капкактарды кысуу жана тариздөө үчүн заводдо даярдалган аппа-
раттар жана орнотмолор
17. Даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсептөөчү автоматтык
каражаттар.
VI. Коньяк чыгарууда колдонулуучу негизги
технологиялык жабдуулар
1. Чийки затты кабыл алуучу бункер
2. Майдалагыч жана тарамдарын ажыраткыч (ар түрдүү системада)
3. Агызгыч
4. Сыгуу үчүн пресс
5. Ширени тундуруу үчүн сыйымдуу челек
6. Ачытуучу орнотмолор жана/же эмен челектер жана ички жагынан ти-
ешелүү коргоочу катмары бар башка резервуарлар
7. Мезгини, ширени жана вино материалдарды айдатуу үчүн түрдүү
типтеги насостор
8. Вино материалдарды коньяк спиртине аралаштыруу үчүн аппараттар
9. Эменден идиштер, челектер, мийналанган металл резервуарлар
10. Сироп жана колер даярдоо үчүн казандар
11. Купаж жана купаждан кийинки тыныктыруу үчүн сыйымдуу челектер
12. Чыпка-пресстер
13. Бөтөлкө жуучу машиналар
14. Коньякты куюу, тыгындоо жана тариздөө үчүн аппараттар жана ор-
нотмолор
15. Даяр продукциядагы суусу жок спирттин концентрациясын жана кө-
лөмүн жана даяр продукциянын көлөмүн өлчөөнүн жана эсептөөнүн автомат-
тык каражаттары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь…Постановление · 03.12.2007 · № 565 · Күчүн жоготкон
- Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 09.07.2007 · № 98 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.