Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007 жылдын 19 октябрындагы №482 Токтому менен бекитилген) Токой фондусунун участокторунун ижарага берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 апреля 2018 года № 192 "Об утверждении Порядка пользования и распоряжения государственным лесным фондом"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-04-10.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 19-октябрындагы
№ 482 токтому менен
бекитилген
Токой фондусунун участокторунун ижарага
берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Токой кодексине жана Кыргыз Рес-
публикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка норматив-
дик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана токой фондусунун учас-
токторун ижарага берүү жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижарага берүүчү - токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик
органы (токой чарбалар);
ижарага алуучу - ижарага берүүчүдөн белгиленген тартипте токой
фондусунун участокторун ижарага алган жеке адам же юридикалык жак;
токой фондусунун участокторун ижарага алуу жөнүндө келишим - ижа-
рага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун ортосунда түзүлгөн документ, ан-
да токой фондусунун участокторун пайдалануу мөөнөттөрү жана шарттары,
ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун укуктары менен милдеттери
көрсөтүлөт;
токой фондусунун участогу - токой участоктору, ошондой эле токой
жерлеринин токой өсүмдүктөрү каптабаган участогу, анын чектери натурада
атайын белгилер менен белгиленген жана план-картографиялык материалдар-
да (токой карталарында) көрсөтүлгөн;
конкурс - тооруктун түрү, ал аркылуу токой фондусунун участогу бе-
рилет. Сынактын жењүүчүсү деп сынак комиссиясына эњ мыкты шарттарды су-
нуштаган өтүнүүчү-талапкер таанылат;
коммерциялык конкурс - конкурстун тиешелүү шарттары милдеттүү түр-
дө сакталган учурда ижара акысынын эњ чоњ суммасын сунуш кылган өтүнүү-
чү-талапкер жењүүчү деп таанылуучу конкурстун формасы;
инвестициялык конкурс - конкурстун тийиштүү шарттарын аткаруудан
тышкары, токой фондунун участогун жакшыртууга инвестиция салууга мил-
деттенген өтүнүүчү-талапкер жењүүчү деп таанылуучу конкурстун формасы.
2. Токой фондусунун участогунун ижара келишими боюнча токой чарба-
сын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары (мындан ары - ижарага
берүүчү) токой пайдалануучуга (мындан ары - ижарага алуучу) токойду
пайдалануунун токой фондусунун участогун акысына кыска мөөнөттүү ижара-
га - 5 жылга чейин же узак мөөнөттүү ижарага - 5 жана андан ашуун жылга
берүүгө милдеттенет.
Узак мөөнөттүү ижарага берүүдө токойду пайдалануунун бир же бир
нече түрүн ишке ашыруу үчүн милдеттүү түрдө 5 жылдык сыноо мөөнөтү бел-
гиленет, токой фондусунун участогун ак ниет жана тийиштүү түрдө пайда-
ланган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана кели-
шимдин шарттарын аткарган учурда келишимдин мөөнөтү 50 (элүү) жылга
чейин узартылат.
3. Токой фондусунун участоктору бир же бир нече ижарага алуучуга
токой пайдалануунун төмөнкү түрлөрүн ишке ашыруу үчүн ижарага берилиши
мүмкүн:
а) дыйканчылык, чөп чабуу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өс-
көн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык чийкизатты жый-
ноо жана башка;
б) экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоо (дүмүрлөрдү, дарак-
тардын кабыгын жана башкаларды);
в) токойду илимий-изилдөө, маданий-ден соолукту чыњдоо, рекреация-
лык жана туристтик максаттарда, ошондой эле ањ уулоо чарбасынын муктаж-
дыктары үчүн пайдалануу;
г) белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо.
4. Токой фондусунун төмөнкү участоктору ижарага берилбейт:
- мамлекеттик заказниктердин;
- токой үрөн участоктору бар жерлер.
5. Токой фондусунун участоктору ата мекендик жана чет өлкөлүк юри-
дикалык жактар катышкан бирикмелерге жана уюмдарга, ошондой эле эл ара-
лык уюмдарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга, чет өлкөлүк жарандарга
жана жарандыгы жок адамдарга ижарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чечими менен гана берилиши мүмкүн.
6. Токой фондусунун участокторун ижарага алуу токой ресурстарын
үзгүлтүксүз, сарамжалдуу жана туруктуу пайдалануу принциптеринде ишке
ашырылууга тийиш.
7. Токой менен капталган аянттагы ижарага берилүүчү токой фондусу-
нун участокторунун чектик өлчөмдөрү жањгак-жемиш токойлорунда 5 га чей-
ин, ойдуњ токойлордо 2 га чейин, башка токойлордо 10 га чейин белгиле-
нет.
8. Жарандар ижарага алуучунун макулдугу менен эс алуу, жапайы өс-
көн жемиштерди, мөмөлөрдү, жањгактарды, козу карындарды, башка тамак-аш
азыктарын, дары-техникалык чийкизатты жеке пайдалануу үчүн жыйноо, ма-
даний-ден соолукту чыњдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга каты-
шуу үчүн ижарага берилген токой фондусунун участокторунда боло алышат.
Ижарага берилген токой фондусунун участокторунда жарандардын болу-
шу, ошондой эле бул участоктордо жапайы өскөн жемиштерди, мөмөлөрдү,
жањгактарды, козу карындарды, башка тамак-аш азыктарын, дары-техникалык
чийкизатты жыйноо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-
типте чектелиши мүмкүн.
9. Ижарага берилген токой фондусунун участоктору ижара мөөнөтү
бүткөндө ижарага алуучунун менчигине өтпөйт.
Токой фондусунун ижарага алынган участокторун сатып алууга жана
субижарага алууга тыюу салынат.
Токой фондусунун ижарага алынган участогуна болгон укук ипотека
келишиминин предмети болушу мүмкүн эмес.
II. Токой фондусунун участокторун
ижарага берүү тартиби
10. Токой фондусунун участокторун ижарага берүү тийиштүү аймакта
жашаган калктын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен ачык-айкын ишке ашы-
рылат.
11. Токой фондусунун участоктору конкурстун жыйынтыгы боюнча ижа-
рага берилет. Конкурс өткөрүү тартиби тууралуу жобо токой чарбасын баш-
каруу боюнча республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат
жана бекитилет.
12. Токой фондусунун участоктору токой конкурстарына токой чарба-
лардын чечимдери боюнча коюлат.
Токой чарбасын башкаруунун аймактык органы токой чарбанын сунушу
боюнча токой конкурстарын өткөрүү боюнча комиссиялардын курамын беки-
тет.
Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү токой чарбалары тарабынан Токой
конкурсун өткөрүү тартиби тууралуу жобого, Кыргыз Республикасынын Токой
кодексине жана жарандык мыйзамдарга ылайык уюштурулат жана өткөрүлөт.
Конкурс өткөрүү тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында
жарыяланат.
13. Конкурста жењип алган жеке же юридикалык жак жана конкурсту
уюштуруучу конкурстун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюшат. Про-
токолдун негизинде конкурсту жењип алган жак жана ижарага берүүчү про-
токолдо көрсөтүлгөн мөөнөттө токой фондусунун участогунун ижара келиши-
мин түзүшөт.
14. Ижара келишиминде токой фондусунун ижарага берилүүчү участогу-
на үчүнчү жактардын аны пайдаланууга укуктары (сервитут) көрсөтүлөт.
15. Ижарага берүүчүнүн токой фондусунун участогун өткөрүп бериши
жана ижарага алуучунун аны кабыл алышы ижара келишиминде каралган шарт-
тарда, тараптар кол койгон өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзүлөт.
Ижарага берүүчүнүн ижарага алуучуга токой фондусунун участогун өт-
көрүп берүү милдеттенмеси эгерде мыйзамда же ижара келишиминде башкача
каралбаса тараптар өткөрүп берүү актысына кол койгондон кийин аткарылды
деп эсептелет.
16. Токой фондусунун участогу маданий-ден соолукту чыњдоочу, ту-
ристтик жана спорттук максаттарда, ањ уулоо чарбасынын муктаждыктары
үчүн ижарага берилгенде ижарага алуучу өткөрүп берүү актысына кол кой-
гондон кийин бир жылдын ичинде ижарага берүүчүгө токой фондусунун ижа-
рага берилген участогун көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдалануу долбоорун
көрсөтүүгө милдеттүү.
17. Токой фондусунун ижарага алынган участогунда токой чарбасын
уюштуруу жана алып баруу долбоорлору, кыюулардын планы жана ањ уулоо
чарбасын уюштуруу долбоорлору, маданий-ден соолукту чыњдоочу, туристтик
жана спорттук максаттарда токой фондусунун ижарага берилген участогун
пайдалануу долбоорлору ижарага алуучунун эсебинен токой чарбасын башка-
руунун мамлекеттик органынын токой жайгаштыруу боюнча мамлекеттик уюму
тарабынан иштелип чыгат.
III. Токой фондусунун участогунун ижара
келишиминин түрлөрү жана шарттары
18. Токой фондусунун участогунун ижара келишими жазуу жүзүндө бир-
дей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлөт. Ижарага берүүчү жана
ижарага алуучу бирден нуска алышат, ал эми үчүнчү нуска Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюн-
ча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү органына мамлекеттик каттоо үчүн
берилет.
Ижара келишими жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет-
тик катталууга тийиш жана мамлекеттик катталуудан өткөндөн тартып тү-
зүлдү деп эсептелет.
Ижара келишиминин жазуу түрүн жана аны мамлекеттик каттоо тууралуу
талаптарды сактабагандык келишимдин жараксыздыгына алып келет.
19. Эгер Ижара келишими коммерциялык конкурстун негизинде түзүлсө,
анда келишимде ижара төлөмдөрүн төлөө графиги көрсөтүлүүгө тийиш.
20. Эгер Ижара келишими инвестициялык конкурстун негизинде түзүл-
сө, анда ижара келишиминде ижарага алуучунун конкреттүү конкурстук жана
инвестициялык шарттарды аткаруу жана ижара мөөнөтү бүткөндө токой фон-
дусунун участогун жакшыртылган жана тийиштүү абалда өткөрүп берүү боюн-
ча милдеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
21. Ижара келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) ижара келишиминин тараптары;
б) токой фондусунун участогунун чектери (алар натурада атайын то-
кой чарба белгилери менен белгиленген жана план-картографиялык матери-
алдарда көрсөтүлгөн болууга тийиш) жана таксациялык баяндамасы;
в) токойду пайдалануу түрлөрү;
г) токой пайдалануу көлөмдөрү (өлчөмдөрү);
д) ижара мөөнөтү;
е) ижара акысынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби;
ж) токой фондусунун участогун пайдалануу, коргоо, сактоо жана то-
койлорду калыбына келтирүү боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери;
з) ижарага алуучу аткарган токой чарба иштерине төлөө тартиби;
и) келишимдик милдеттенмелерди бузганы үчүн жоопкерчилик жана чы-
гашаларды төлөө тартиби;
к) ижара келишимин бузуу жана өзгөртүү негиздери.
Көрсөтүлгөн шарттар токой фондусунун участогунун ижара келишиминин
негизги шарттары болуп саналат. Ижара келишиминде тараптардын каалоосу
боюнча Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында каралган башка шарт-
тар көрсөтүлөт.
IV. Токой фондусунун участогун
пайдалануу үчүн ижара акысы
22. Кыргыз Республикасында токой фондусунун участокторун пайдала-
нуу үчүн акы төлөнөт. Ижарага алуучу келишимде белгиленген өлчөмдөрдө
жана мөөнөттөрдө ижара акысын төлөйт.
Ижара акысы токой фондусунун ижарага алынган бардык участогу үчүн
ижара келишиминде каралган токой пайдалануу түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн
суммасы катары белгиленет.
23. Ижара акысынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча токой
пайдалануу түрүн, участоктун өлчөмүн, токой фондусунун участогу жайгаш-
кан жерди жана токой пайдалануунун бул түрү үчүн колдонуудагы ставка-
ларды эсепке алуу менен белгиленет.
24. Конкурстун жыйынтыктары боюнча кыюу, багуу үчүн өткөрүп берил-
ген токой фондусунун участогунун ижара акысынын өлчөмү ижара келишимин-
де аныкталган жыгач даярдоо көлөмдөрүнө ылайык белгиленет жана өсүп
турган дарактын акысынын минималдуу ставкалары боюнча эсептелген өлчөм-
дөн аз болбошу керек.
25. Ижара акысы мезгил-мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү төлөм-
дөрдүн белгиленген суммасы түрүндө төлөнүшү мүмкүн.
26. Ижара акысы ижарага алуучунун ижарага берүүчүгө токой фондусу-
нун участогун пайдалануудан алынган продукциянын/мөмөлөрдүн (натурада)
белгиленген үлүшүн өткөрүп берүү түрүндө белгилениши мүмкүн.
27. Бардык ижарага алуучулар, анын ичинде туристтик ишмердүүлүктүн
субъекттери, балык чарбасынын субъекттери, токой ресурстарын коммерция-
лык максаттарда пайдалануучулар, коомдук жана жеке бал челекчилер, ањ
уулоочулар ижарага алынган аянт үчүн ижара акысын ижара келишимине
ылайык төлөйт.
28. Ижара акысы ижарага алуучу тарабынан токой чарбасынын атайын
эсебине которулат жана токойлорду коргоо жана сактоо үчүн колдонулат.
Мында жер салыгын төлөгөндөн кийин калган 20 пайыз тийиштүү айыл өкмө-
түнүн жерлеринде эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуу үчүн пайдаланылат.
V. Ижарага алуучунун укуктары жана милдеттери
29. Ижара келишими мамлекеттик каттоодон өткөндөн жана токой кыюу
билетин жана токой билетин алгандан кийин ижарага алуучу төмөнкү укук-
тарга ээ болот:
а) ижара келишиминде аныкталган өлчөмдөрдө токойду пайдаланууга;
б) белгиленген тартипте (ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макул-
дугу менен) архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитар-
дык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (нормаларды,
эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен токой жолдорун, токой пайдала-
нуу үчүн керектүү жыгач сактоо пункттарын, башка убактылуу имараттарды
жана курулмаларды курууга, ижарага алынган участоктордо өз алдынча ку-
рууга жол берилбейт;
в) ижарага берилген токой фондусунун участогу тууралуу маалымат
алууга;
г) токой фондусун пайдалануу боюнча чарба ишмердигинин түрүн өз
алдынча тандоого жана токойдун даярдалган продукциясын тескөөгө;
д) ижарага алынган аймакты көрктөндүрүүгө;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой фондусунун
участокторун ижарага алуу келишимин бузууга;
ж) аларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын
талаптарына жана ижара келишиминин шарттарына каршы келбеген учурда
башка укуктарды пайдаланууга;
30. Токой фондусунун участогунун ижара келишими боюнча ижарага
алуучу ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин башка тењ шарттарда
ижара келишимин жањы мөөнөткө түзүүгө башка адамдар алдында артыкчылык
укугуна ээ.
31. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) токой мыйзамдарына жана ижара келишимине ылайык токой фондусу-
нун участогун максаты боюнча пайдаланууга;
б) ижара келишиминде белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө ижара
акысын төлөөгө;
в) токой фондусунун участогунун ижара келишиминин шарттарын, ошон-
дой эле токой кыюу билетинин, токой билетинин шарттарын сактоого;
д) кыртыштын эрозиясынын пайда болуусун четтетүүчү, токойлордун
абалына жана калыбына келтирүүгө, ошондой эле суу жана башка жаратылыш
объектилеринин абалына токой пайдалануунун терс таасирин тийгизбеген же
чектеген ыкмалар менен иштерди жүргүзүүгө;
е) ага ижарага берилген токой фондусунун участогунда токойлордогу
өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого жана өрткө каршы зарыл иш-чара-
ларды өткөрүүгө, токойдо өрт чыккан учурда аны өчүрүүгө;
ж) ижара келишиминде, токой кыюу билетинде, токой билетинде көрсө-
түлгөн мөөнөттөрдө жана шарттарда токойлорду калыбына келтирүү боюнча
иш-чараларды жүргүзүүгө;
з) токой фондусунун участогундагы жерлерди өзүнүн эсебинен ижара
келишиминде, токой кыюу билетинде, токой билетинде көрсөтүлгөн абалга
келтирүүгө;
и) ижарага алуучунун ишмердигинин жыйынтыгында жањы өсүп келаткан
өсүмдүктөр жок кылынса же жыгач-бадал өсүмдүктөрү куурап калса, кыйыл-
ган жерлерде жана аянттарда өзүнүн эсебинен токойду калыбына келтирүүчү
иш-чараларды жүргүзүүгө;
к) аларда иштер аяктаган учурда ижарага берүүчүгө токой тилкелерин
ижара келишиминде, токой кыюу билетинде белгиленген абалда өткөрүп бе-
рүүгө;
л) санитардык эрежелерди сактоого, токой фондусун пайдалануу тар-
тибин жөнгө салган эрежелерде белгиленген башка талаптарды, ошондой эле
токой чарбасын башкаруунун, жаратылышты коргоонун мамлекеттик органда-
рынын кызмат адамдарынын ыйгарым укугунун чегинде чыгарылган көрсөтмө-
лөрүн аткарууга;
м) токойду өз алдынча кыюулардан, малды системасыз жаюудан жана
башка токойду бузуулардан коргоого;
н) башка токой пайдалануучулардын укуктарынын бузулушуна жол бер-
бөөгө;
о) белгиленген тартипте токой чарбасын башкаруунун аймактык орган-
дарына жана мамлекеттик статистика органдарына токой фондусун пайдала-
нуу тууралуу маалыматты, ошондой эле токой фондусун пайдалануу үчүн тө-
лөмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктоо үчүн керектүү маалыматты берүүгө;
п) келишимдик шарттарда токойду жайгаштыруу, токой-чарба иш-чара-
ларын жүргүзүүгө жардам берүүгө;
р) токой фондусунун ижарага берилген участокторунда токой чарбасын
алып баруу долбоорлорун, кыюулардын пландарын, ањ чарбасын уюштуруу
долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген мөөнөттөрдө ижарага берүү-
чүгө тапшырууга, көрсөтүлгөн долбоорлорду курчап турган чөйрөнү коргоо
тармагындагы атайын ыйгарым укук берилген тийиштүү органдар менен ма-
кулдашууга;
с) ижарага берүүчү менен токой жолдорун, жыгач сактоо пункттарын,
транспорт токтоочу жайды, башка убактылуу курулуштарды жана курулмалар-
ды жайгаштыруу ордун, токой фондусунун участогун пайдаланууга байланыш-
туу аймакты көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды макулдашууга;
т) ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин токой фондусунун участогун ижара-
га берүүчүгө ижара келишиминде белгиленген абалда өткөрүп берүүгө;
у) Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында каралган башка мил-
деттенмелерди аткарууга.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турист-
тик, бал челекчилик, ањчылык жана башка ишмердикти жүргүзгөн ижарага
алуучу токой фондусунун ага бекитилген участогунун чегинде токой чарба
ишмердигин жүргүзгөн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга токой
участогун тоскоолсуз пайдаланууга берүүгө милдеттүү.
VI. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
32. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) ижарага алуучунун Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын
талаптарын, токой чарбасын жүргүзүү нормаларын жана келишимдин шартта-
рын сактоосун контролдоого;
б) ижарага алуучудан токой фондусун пайдалануу, коргоо жана сак-
тоо, токойлорду калыбына келтирүү тууралуу маалыматтарды, маалыматтык
жана башка материалдарды алууга;
в) ижарага алуучуну токой өрттөрүн өчүрүүгө тартууга;
г) ижара келишиминин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды
киргизүүгө же ижара келишимин токой жана жарандык мыйзамдарга, ошондой
эле ижара келишимине ылайык бузууга;
д) жер салыгынын ставкалары өзгөрүлгөн учурда аларды пайдалануу
үчүн ижара акысын өзгөртүүгө;
е) ижарага алуучуга токой фондусунун участогун пайдалануунун, жак-
шыртуунун жана коргоонун алдыњкы методдорун сунуш кылууга;
ж) ижарага алуучулар токой чарбасына келтирген зыянды төлөп берүү
тууралуу белгиленген тартипте аларга доо коюуга;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токой
фондусунун участокторун пайдалануу укугун токтото турууга;
к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой фондусунун
участокторун ижарага алуу келишимин бузууга;
л) Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында жана ижара келиши-
минде каралган башка укуктарга ээ.
33. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) токой фондусунун ижарага берилүүчү участогунун чектерин натура-
да токой чарбалык белгилердин жардамы менен жана план-картографиялык
материалдарда белгилөөгө;
б) токой тилкелерин бөлүүгө жана таксациясын жүргүзүүгө, ижарага
алуучуга токой кыюу билеттерин жана токой билеттерин белгиленген тар-
типте берүүгө;
в) ижарага алуучуга токойду жайгаштыруу документтерин белгиленген
тартипте убактылуу пайдаланууга берүүгө жана ижарага алуучуну анын эсе-
бинен бул документтердин көчүрмөлөрү менен камсыз кылууга;
г) Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында жана ижара келиши-
минде каралган башка милдеттенмелерди аткарууга.
VII. Токой фондусунун участогунун
ижара келишимин токтотуу негиздери
34. Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
а) ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндө;
б) ижарага алуучу токой фондусунун участогунун ижара укугунан баш
тартканда;
в) токой фондусунун участогун ижарага алуу тууралуу келишимде баш-
кача каралбаса ижарага алуучунун ишмердиги токтотулганда (юридикалык
жактын жоюлушу, жарандын (жеке адамдын) өлүмү);
г) ижарага алуучу келишимдин шарттарын жана өз милдеттенмелерин
аткарбаганда;
д) бир жыл үчүн ижара акысы өз убагында төлөнбөгөндө;
е) токой фондусунун ижарага алынган участоктору мамлекеттик жана
коомдук керектөөлөр үчүн алынганда;
ж) Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде жана жарандык мыйзам-
дарда каралган башка учурларда.
35. Токой фондусунун ижарага алынган участогун пайдалануу укугун
мажбурлап токтотууга Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде каралган
учурларда жол берилет.
36. Ижарага берүүчү ижарага алуучу Кыргыз Республикасынын токой
мыйзамдарынын талаптарын же токой кыюу билетинин, токой билетинин шарт-
тарын бузууга жол берген токой фондусунун участогунда ижарага алуучу
көрсөтүлгөн эреже бузууларды жойгонго чейин пайдалануу укугун бир та-
раптуу токтотуу же чектөө тууралуу чечим чыгарууга укуктуу.
37. Ижарага алуучу ижарага берүүчүнүн ижарага алынган участокту
пайдалануу укугун токтотуу, токтото туруу же чектөө тууралуу чечимине
макул болбогон учурда ал бул чечимге сот тартибинде даттана алат.
VIII. Ижара келишиминин шарттарын өзгөртүү тартиби
38. Ижара келишиминин шарттарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда жол
берилет:
а) өрттүн, катуу шамалдардын натыйжасында токой фондусунун абалы
өзгөргөндө, зыянкечтерден, илдеттерден жана башка себептерден токой жа-
быр тартканда;
б) кезектеги токой жайгаштырууга байланыштуу токой пайдалануу кө-
лөмдөрү жана токой чарба иш-чаралары өзгөргөндө;
в) белгиленген тартипте токой пайдалануу эрежелери жана режими өз-
гөргөндө;
г) токой фондусунун жерлери белгиленген тартипте мамлекеттик же
башка муктаждыктар үчүн алынганда;
д) ижарага алуучу токой пайдалануунун айрым түрлөрүнөн баш тарт-
канда.
Ижара келишиминде ижара шарттарын өзгөртүүнүн башка учурлары да
каралышы мүмкүн.
IX. Ижара келишиминин шарттарын бузгандыгы
үчүн жоопкерчилик жана талаштарды кароо
39. Ижара келишиминин шарттарын аткарбаганы жана тийиштүү эмес
түрдө аткарганы үчүн тараптар мыйзамдарга жана ижара келишимине ылайык
жоопкерчилик тартышат.
40. Ижара келишимин түзүүдө, аткарууда, өзгөртүүдө жана бузууда
келип чыккан талаштар сот тартибинде чечилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 482 "Токой фондусунун участокторун ижарага берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана…Постановление · 19.10.2007 · № 482 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15