Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Токой фондусунун участокторун ижарага берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 апреля 2018 года № 192 "Об утверждении Порядка пользования и распоряжения государственным лесным фондом"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-04-10.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 19-октябры № 482
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Токой фондусунун участокторун ижарага берүү жана пайдалануу
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Рес-
публикасынын Токой кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле токой фонду-
сунун участокторун пайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Токой фондусунун участокторун ижарага берүү жана пайдалануу тар-
тиби жөнүндө жобо;
- Токой фондусунун участокторун ижарага берүү жөнүндө типтүү кели-
шим.
2. "Кыргыз Республикасында токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү туу-
ралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 27-июлундагы № 377 токтому менен бекитилген Кыргыз Респуб-
ликасында токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү тууралуу жобого төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
"Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү" деген 1.2-пунктунда:
үчүнчү абзац "Токойду пайдаланууга тењ" деген сөздөрдөн мурда "эм-
гек чыгымдарын эсепке алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой чарбалык иштер жок болгон учурда токой чарбасынын макулдугу
менен иштерди аткаруу төлөмдүн бекем суммасы менен алмаштырылышы мүм-
күн.";
жетинчи абзацта "дүйнөлүк тажрыйбанын" деген сөздөр "башка өлкө-
лөрдүн тажрыйбасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүнүн принциптери" деген
1.4-пунктунда:
1. 4.6-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "продукция" деген сөз "жыгач
эмес продукция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүгө берилген жер участокторун
пайдалануу мөөнөттөрү" деген 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"1.5. Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүгө берилген жер участокто-
рун пайдалануу мөөнөттөрү
Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү тууралуу келишим 5 (беш) жылдык
мөөнөткө түзүлөт, токой фондусунун участогун ак ниет жана тийиштүү кол-
донгон жана келишимдин бардык шарттарын аткарган шартта келишимдин мөө-
нөтү 50 (элүү) жылга чейин узартылат.";
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде
токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүнү киргизүү тартибинин" деген 2.2-пун-
ктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүнү киргизүү үчүн токой чарбасы-
нын директорунун буйругу менен токой чарбасынын жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен бирдикте биринчи комиссия
түзүлөт, анын курамына токой чарбасынын башкы токойчусу жана токойчусу,
тийиштүү айыл өкмөтүнүн өкүлү, ошондой эле токой чарбасын коомдошуп
жүргүзгөн адамдардын өкүлү кирет, ал:";
экинчи абзацта "чогултушат" деген сөз "чогултат" деген сөз менен
алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта "маалымдашат" деген сөз "маалымдайт"деген сөз менен
алмаштырылсын;
төртүнчү жана бешинчи абзацта "аныкташат" деген сөз "аныктайт" де-
ген сөз менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацта "түзүшөт" деген сөз "түзөт" деген сөз менен алмаш-
тырылсын;
"Мамлекеттик токой фондусунун участокторун токой чарбасын коомдо-
шуп жүргүзүүгө өткөрүп берүүчү органдар" деген 2.3-пунктунда:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой фондусунун участокторун токой чарбасынын токойчулуктарына
караштуу токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүнү адилет жана объективдүү
бөлүштүрүү үчүн токой чарбасынын директорунун буйругунун негизинде
экинчи комиссия (жерди берүүчү комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамына
токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү боюнча адис, токой башчы, токойчу,
айыл өкмөтүнүн жана токой чарбасын коомдошуп жүргүзгөн адамдардын өкүл-
дөрү кирет.";
үчүнчү абзацта "Комиссия" деген сөз, "Экинчи комиссия" деген сөз
менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацта "өтүнүч кат" деген сөз "арыз" деген сөз менен ал-
маштырылсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- комиссия токой чарбасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу-
нун жалпы чогулушунун алдында отчет берет.";
- "Мамлекеттик токой фондунун участокторун токой чарбасын коомдо-
шуп жүргүзүүгө берүүнүн тартиби" деген 2.4-пунктунда "комиссия" деген
түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийешелүү жөндөмөдө "экинчи комиссия" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Биргелешип башкаруу кењеши" деген 2.8-пунктунда:
2. 8.1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Биргелешип башкаруу кењеши токой чарбасынын коллективинин чогулу-
шунда айыл өкмөтүнүн, токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүчү жактардын,
аймактык токой чарба башкармасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 5 жыл
мөөнөткө шайланат.";
2. 8.2-пункчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Биргелешкен башкаруу кењешинин курамына токой чарбасынын өкүлдө-
рү, токой чарбасынын аймактык башкармалыгынын токой чарбасын коомдошуп
жүргүзүү боюнча адиси, айыл өкмөтүнүн, токой чарбасын коомдошуп жүргүз-
гөн адамдардын жана жергиликтүү кењештин депутаттарынын өкүлдөрү кирет.
Мында кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн саны бирдей болууга тийиш. Бир-
гелешкен башкаруу кењешинин курамын токой чарбасынын аймактык башкарма-
лыгы бекитет.";
2. 8.4-пунктчасындагы "жылына 3 жолу" деген сөздөр жана сан "жылы-
на 2 жолу" деген сөздөр жана сан менен алмаштырылсын;
- "Отчеттуулук" деген 2.9-пунктунда "жыл сайын" деген сөз "башкы
токойчу тарабынан жылына эки жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жер участокторун токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүгө өткөрүп
берүүчү органдар" деген 3.3-пунктунун үчүнчү абзацында "өтүнүч кат" де-
ген сөз "арыз" деген сөз менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасында токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү туура-
луу жобого тиркеме ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакцияда ба-
яндалсын.
- ушул токтомдун № 2 тиркемесине ылайык № 2 тиркеме менен толук-
талсын.
3. "Мамлекеттик токой фондусунун мурун айыл чарба ишканаларына
узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жерлерин кайта алуу жана колхоздук
жана мамлекеттик чарбадагы токойлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентствого өткөрүп берүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 15-апрелиндеги №
226 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик токой фондусунун
участокторун ижарага берүү жана пайдалануу тартибин сактоого контролду
күчөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 19-октябрындагы
№ 482 токтому менен
бекитилген
Токой фондусунун участокторун
ижарага берүү тууралуу
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
_____________ 200____-жылдын "__________"_____________
Мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу ________________________
токой чарбасы Жобонун негизинде иш жүргүзүүчү директорунун атынан _____
_______________________________________________________________________
(кызматы, аты-жөнү)
бир жактан жана мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталуучу
_______________________________________________________________________
(ижара берилген юридикалык жактын же жарандын аты)
(паспорт N _____ сериясы ______________ берилген) экинчи жактан
төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү _____________________________________________
токойчулугунун __________________________ токой чарбасынын аймагындагы
_________ обход, квартал N __________ ________________________________,
(өткөрүп берилүүчү жерлердин кыскача мүнөздөмөсү)
бөлүнгөн жерден токой фондусунун участогун тиркелген таксациялык баян-
дамага ылайык 20____ -жылдын "_______" __________ баштап 20_____-жылдын
"__________" __________________ чейин _______________________ (жыл, ай)
мөөнөткө токой пайдалануу үчүн убактылуу ээлик кылууга жана пайдалануу-
га берет, ал эми Ижарага алуучу кабыл алат.
1.2. Токой фондусунун участогу ___________________________________
_________________________________________________________ үчүн берилет.
токойду пайдалануу түрү көрсөтүлсүн
1.3. Келишим ага кол коюлгандан жана жергиликтүү жер жайгаштыруу
жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасында катталгандан жана
токой участоктору пайдаланууга өткөрүп берилгенден баштап күчүнө кирет.
2. Ижара акысы
2.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн токой фондусунун
участогун пайдаланганы үчүн Ижарага алуучу Ижара берүүчүгө жыл сайын
(квартал сайын, ай сайын же тараптар макулдашкан башка мөөнөттөрдө)
_______________________ сом өлчөмүндө 20___- жылдын "____________" ке-
чиктирбестен _____________ (накталай же накталай эмес эсептешүү) (ке-
рексизи сызып ташталсын) түрүндө төлөөгө милдеттенет.
3. Ижарага алуучунун укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- токой фондусунун участокторун ижарага берүүгө Келишимдин жана
токой белеттеринин шарттарын кайра карап чыгуу боюна сунуштарды кир-
гизүүгө;
- токой фондусун уруксат документтерде көрсөтүлгөн пайдалануу кө-
лөмдөрүнүн, мөөнөттөрүнүн жана түрлөрүнүн чегинде пайдаланууга;
- аныкталган тартипте (ижара берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу
боюнча) убактылуу өндүрүштүк, кампалык жана башка имараттарды жана ку-
рулмаларды архитектуралык-пландоочу, курулуш, экологиялык, санитар-
дык-гигиеналык, өрткө каршы жана токой фондунун участогун пайдаланууга
байланыштуу башка атайын талаптарды (нормаларды, эрежелерди, норматив-
дерди) сактоо менен курууга, ижарага алган участокто уруксатсыз куру-
лушка жол берилбейт;
- ижарага алынган аймакты көрктөндүрүүгө;
- токой фондусунун участокторун ижарага алуу келишимин Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык бузууга;
- өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын (алар бузулган учурда) сот тар-
тибинде коргоого, ошондой эле келтирилген чыгымдарды төлөтүп алууга;
- ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын талапта-
рына жана Ижара келишиминин шарттарына каршы келбеген учурда башка
укуктарды пайдаланууга;
- Ижара келишимин жањы мөөнөткө түзүүдө башка адамдарга караганда
артыкчылык укукка.
Табигый кырсыктар (ижарага алуучунун күнөөсү боюнча эмес токой өр-
ттөрү, токой зыянкечтеринин жапырт көбөйүшү, чапкын ж.б.) болгондо ижа-
рага алуучу бул кырсыктарга туш болгон участоктордо токойду калыбына
келтирүүчү иш-чараларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдардан бошотулат.
3.2. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- токой фондусунун участогун токой мыйзамдарына жана Ижара келиши-
мине ылайык пайдаланууга;
- ижара акысын Ижара келишиминде каралган өлчөмдөрдө жана мөөнөт-
төрдө төлөөгө;
- Ижара келишиминин шарттарын, ошондой эле токой кыюу белетинин,
токой белетинин шарттарын сактоого;
- жарандардын ден соолугуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зы-
ян келишине жол бербөөгө;
- жумуштарды кыртыштын эрозиясын болтурбоочу, токой фондун пайда-
лануу токойлордун абалына жана калыбына келишине, ошондой эле суу жана
башка жаратылыш объектилеринин абалына терс таасирин тийгизбеген же
чектегидей ыкмалар менен жүргүзүүгө;
- токой фондусунун ага ижарага берилген участогунда токойлордогу
өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого жана өрткө каршы зарыл иш-чара-
ларды жүргүзүүгө, токойдо өрт чыккан учурда аны өчүрүүнү камсыз кылуу-
га;
- Ижара келишиминде, токой кыюу белетинде, токой белетинде көрсө-
түлгөн мөөнөттөрдө жана шарттарда токойлорду калыбына келтирүү боюнча
иш-чараларды жүргүзүүгө;
- токой фондусун пайдалануусунун натыйжасында бузулган токой фон-
дусунун участокторун өзүнүн эсебинен аларды максаты боюнча пайдалануу
үчүн жарамдуу жана уруксат документтеринде көрсөтүлгөн абалга келтирүү-
гө;
- ижарага алуучунун ишмердигинин натыйжасында жањы өсүп келаткан
өсүмдүктөр жок кылынган же жыгач-бадал өсүмдүктөрү куурап калган жер-
лерде жана аянттарда өзүнүн эсебинен токойду калыбына келтирүүчү иш-ча-
раларды жүргүзүүгө;
- иштер аяктаган учурда ижарага берүүчүгө токой тилкелерин ижара
келишиминде, токой кыюу билетинде белгиленген абалда өткөрүп берүүгө;
- токойдо санитардык эрежелерди сактоого, Кыргыз Республикасынын
токой мыйзамдарынын башка талаптарын аткарууга;
- башка токой пайдалануучулардын укуктарынын бузулушуна жол бер-
бөөгө;
- токой чарбасын башкаруунун аймактык органдарына жана мамлекеттик
статистика органдарына токой фондусун пайдалануу тууралуу маалыматты,
ошондой эле токой фондусун пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн
аныктоого керектүү маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
- келишимдик шарттарда токойду жайгаштыруу, токой-чарба иш-чарала-
рын жүргүзүүгө жардам берүүгө;
- токой фондусунун ижарага берилген участокторунда ањ чарбасын
уюштуруу долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген мөөнөттөрдө ижара-
га берүүчүгө тапшырууга, көрсөтүлгөн долбоорлорду курчап турган жараты-
лыш чөйрөсүн коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу тийиштүү орган-
дар менен макулдашууга;
- Ижарага берүүчү менен токой жолдорун, жыгач сактоо пункттарын,
транспорт токтоочу жайды, башка убактылуу курулуштарды жана курулмалар-
ды жайгаштыруу ордун, токой фондусунун участогун пайдаланууга байланыш-
туу аймакты көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды макулдашууга;
- токой фондусунун участогун ижарага берүүчүгө нормалдуу өзгөрүү-
сүн эске алуу менен мурдагы абалында, же ижара келишиминде шартташкан
абалда өткөрүп берүүгө;
- жогоруда көрсөтүлгөн милдеттемелерди жана Кыргыз Республикасынын
токой мыйзамдарында каралган башка милдеттенмелерди жана талаптарды ат-
карууга;
- пайдаланууга өткөрүлүп берилген участоктун картасынын (планынын)
чектеринде гана токой фондусунун участогун пайдаланууга, ал ушул Кели-
шимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ижарага алуучу токой мыйзамдарынын талаптарын, токой пайдалануу,
токой чарбасын жүргүзүү нормаларын, эрежелерин жана келишимдин шартта-
рын сактоосун контролдоого;
- Ижарага алуучудан токой фондусун пайдалануу, коргоо жана сактоо
жана токойлорду калыбына келтирүү тууралуу маалыматтарды, маалыматтык
жана башка материалдарды алууга;
- Ижара келишиминин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды
киргизүүгө же Ижара келишимин токой жана жарандык мыйзамдарга, ошондой
эле Ижара келишимине ылайык бузууга;
- белгиленген тартипте ижарага алуучуларга алар токой чарбасына
келтирген зыянды төлөп берүү тууралуу доо коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токой
фондусунун участокторун пайдалануу укугун токтото турууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой фондусунун
участокторун ижарага алуу келишимин бузууга;
- обходдордун жазгы жана күзгү текшерүү ревизияларын жүргүзүүгө;
- аларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын
талаптарына жана Ижара келишиминин шарттарына каршы келбеген учурда
башка укуктарды пайдаланууга;
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин Ижарага алуучу өздүк жана карыз
каражаттарынын эсебинен курган бардык объектилерди калдык баасы боюнча
сатып алууга;
- ижарага берилүүчү токой фондусунун участогунун чектерин токой
чарбалык белгилердин жардамы менен жана план-картографиялык материал-
дарда натурада белгилөөгө;
- токой тилкелерин бөлүүгө жана таксациясын жүргүзүүгө жана ижара-
га алуучуга токой кыюу белеттерин жана токой белеттерин белгиленген
тартипте берүүгө;
- Ижарага алуучу аткарган токойду калыбына келтирүүчү жана башка
токой чарбалык иштерди кабыл алууга;
- Ижарага алуучу аткарган токойду калыбына келтирүү жана башка то-
кой чарба иштерине ижара келишимине ылайык акы төлөөгө;
- Ижарага алуучуга токой жайгаштыруучу документтерди белгиленген
тартипте убактылуу пайдаланууга берүүгө жана Ижарага алуучуну анын эсе-
бинен бул документтердин көчүрмөлөрү менен камсыз кылууга;
- Ижарага алуучуга дарактар кыйылган жерлерде токойду калыбына
келтирүү ыкмаларын жана методдорун тандоодо жардам берүүгө, токой өсүм-
дүктөрүн отургузуу долбоорлорун түзүүгө, Ижарага алуучуну токой өсүм-
дүктөрүн отургузуу үчүн келишимдик негизде көчөт жана үрөн материалдар
менен камсыз кылууга;
- Ижарага алуучу токой чарбалык жана токойду калыбына келтирүүчү
иштерди аткарышы үчүн зарыл учурларда ага токой чарба техникасын кели-
шимдик шарттарда берүүгө;
- Ижарага алуучудан алынган маалыматтын жашырындыгын сактоого;
- Ижарага алуучунун ишмердигин мыйзамсыз чектөөнүн же токтотуунун
натыйжасында жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка учурларда ага
келтирилген зыянды төлөп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында жана Ижара келишимин-
де каралган башка милдеттерди аткарууга.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Эгер ижарага алуучу токой фондусунун ижарага алынган участо-
гунда токой фондусунун объектилерине зыян келишин болтурбоо боюнча ча-
раларды көрбөгөн учурда, келген зыян Ижарага алуучудан төлөтүлөт.
5.2. Ижара акысын өз убагында төлөбөгөн учурда Ижарага алуучу Ижа-
рага берүүчүгө төлөмдүн мөөнөтүнөн кечиккен ар бир күнү үчүн мөөнөтүндө
которулбаган карыздын суммасынан ______________ % акча төлөп берет.
5.3. Бул Келишимдин шарттарын бузганы үчүн Тараптардын ушул Кели-
шимде каралбаган жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык колдонулат.
6. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жана бузуу тартиби
6.1. Бул Келишим бир тараптын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда сот
тарабынан төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн:
- токой фондусунун участогу максатка ылайык пайдаланылбаганда;
- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдары бузулганда;
- ижара акысы Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндө;
- ижарага алуучу Келишимдин шарттарын аткарбаганда.
Бул келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер
боюнча да бузулушу мүмкүн.
6.2. Бул келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин Тараптардын жазуу жүзүндө-
гү макулдугу боюнча гана өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
7.1. Бул Келишим боюнча келип чыга турган бардык талаш-тартыштарды
Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
7.2. Сүйлөшүүлөр процессинде Тараптар макулдашууга жетише албаган
учурда алардын ортосундагы талаштар сот тартибинде чечилет.
8. Форс-мажордук кырдаалдар
8.1. Форс-мажорлук кырдаалдар болгондо (жер титирөө, суу каптоо,
селдер, жер көчкүлөр, согуштук окуялар жана башка табигый кырсыктар)
Тараптар бири-биринин алдында жоопкерчилик тартпайт.
9. Өзгөчө шарттар
9.1. Пайдаланууга берилген участоктун картасы (планы), участоктун
таксациялык баяндамасы жана өткөрүп берилген токой участогунун экспли-
кациясы ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9.2. Бул келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин Ижарага алуучунун көзү
өтүп кеткен учурда Ижарага берүүчү мураскер макул болгон учурда Ижара
келишимин анын мураскерлеринин бири менен кайра түзүүгө тийиш.
9.3. Бул келишим Тараптарга бирден жана бир нускасы кыймылсыз мүл-
ккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдары үчүн бирдей юридикалык күчкө
ээ 3 нускада түзүлдү.
9.4. Ушул Келишимди түзүүдө Тараптар токой фондусунун участогун
ижарага алуу жана пайдалануу жөнүндө жобону жетекчиликке алышат.
9.5. Бул Келишим менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
9.6. Бул Келишимде каралбаган иштердин түрлөрүн аткаруу зарыл бол-
гон учурда Тараптар аларды токой чарбанын каражаттарынын эсебинен атка-
руу тууралуу макулдашат.
Тараптардын юридикалык даректери:
Ижарага берүүчүнүкү: Ижарага алуучунуку:
почта дареги _________________ почта дареги _________________
алыш-бериш эсебинин N ________ алыш-бериш эсебинин N ________
__________________________ МФО __________________________ МФО
______________________________ ______________________________
______________________________ ______________________________
(аты-жөнү) (аты-жөнү)
______________________________ ______________________________
(колу, мөөр) (колу, мөөр)
1: ___________ масштабындагы тиркелген планы (картасы) бар бул ке-
лишим ___________ облусунун _____________ районунун жерге жайгаштыруу
жана каттоо башкармалыгында _____________-жылдын "____" ____________
катталды, каттоо N _______, участоктун кодунун N __________ жана мамле-
кеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
______________ облусунун
______________ районунун
жерге жайгаштыруу жана
каттоо башкармалыгынын
начальниги
М.О.
_________-жылдын "_____" ________________
___________ ___________________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
Типтүү келишимге
тиркеме
Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү үчүн ижарага
берилген токой фондусунун участогунун
ТАКСАЦИЯЛЫК БАЯНДАМАСЫ
1. Токой чарбасынын аты _________________________________________
2. Токойчулуктун аталышы ________________________________________
3. Жалпы аянт ___________________________________________________
4. Обход N ______________________________________________________
5. Квартал N ____________________________________________________
6 Бөлүнгөн жер N _______________________________________________
7. Породалык курамы _____________________________________________
8. Жашы (орточо) ________________________________________________
9. Толуктугу ____________________________________________________
10. Участоктун абалы (тиктиги, рельеф) ___________________________
11. Участоктун санитардык абалы (илдеттер) _______________________
12. Уруксатсыз кыюулар ___________________________________________
13. Участоктун абалынын мүнөздөмөсү (мал жаюу, табигый жањылануу)
_______________________________________________________________________
14. Өткөрүп берилген участоктун Токой пайдалануучу жашаган жерден
алыстыгы, км __________________________________________________________
| N | Д | породалар | Башка | Эскертүү | |||||
| см | ---------------------------------------- | породалар | |||||||
| жањгак | карагай | арча | алма | алча | долоно | ||||
| 4 | |||||||||
| 8 | |||||||||
| 12 | |||||||||
| 16 | |||||||||
| 20 | |||||||||
| 24 | |||||||||
| 28 | |||||||||
| 32 | |||||||||
| 36 | |||||||||
| Бардыгы |
Таксациялык баяндаманы түзгөндөр:
Токой башчы _______________ колу
Токойчу ___________________ колу
Токой пайдалануучу ________ колу
Дата ___________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 19-октябрындагы
№ 482 токтомуна
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасында
Токой чарбасын коомдошуп
жүргүзүү жөнүндө жобого
№ 1 тиркеме
Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү үчүн токой
фондунун участокторун ижарага алуу тууралуу
КЕЛИШИМ
_______________ 200__ - жылдын "_______"________________
Мындан ары "Токой чарбасы" деп аталуучу ____________________ токой
чарбасынын атынан директор _________________ биринчи жактан жана мындан
ары "Токой пайдалануучу" деп аталуучу токой чарбасын коомдошуп
жүргүзүүчү адам ______________ (паспорт N _____ сериясы ____ __________
(аты-жөнү)
берилген) экинчи жактан төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
Токой чарбасы белгиленген тартипте ___________ токойчулугунун
________________ токой чарбасынын аймагандагы ___________ айланасы
__________ квартал N _____ бөлүнгөн жер (токой фондусунун участогун өт-
көрүп берилүүчү токой участогунун таксациялык баяндамасына ылайык) то-
кой чарбасын коомдошуп жүргүзүү үчүн пайдаланууга берет, ал эми Токой
пайдалануучу кабыл алат.
2. Токой жерлерин пайдалануу акысы
2.1. Токой фондусунун участогун пайдалангандыгы үчүн Токой пайда-
лануучу ушул Келишимдин 4.1.6-пунктунда белгиленген токой чарбалык иш-
терди аткаруу түрүндө же жыл сайын 200____ -жылдын "______" __________
кечиктирбестен ___________________ сом өлчөмүндө акы төлөйт.
3. Келишимди колдонуу мөөнөтү
3.1. Бул келишим 200____-жылдын "______" __________________ тартып
200___-жылдын "______" __________ чейин 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт
жана ага кол коюлгандан жана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоонун жергиликтүү башкармалыгында катталгандан жана токой
жерлери пайдаланууга өткөрүп берилгенден тартып күчүнө кирет.
3.2. Токой пайдалануучу жогоруда көрсөтүлгөн беш жылдык мөөнөттүн
ичинде бул келишимдин бардык шарттарын аткарган учурда бул келишим Бир-
гелешкен башкаруу кењешинин чечими боюнча 50 (элүү) жылга чейин узарты-
лышы мүмкүн.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Токой чарба төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.1.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда каралган токой фондусунун учас-
тогун алар катталган учурдан тартып жана алардын дайындалышына жана
ушул келишимдин шарттарына ылайык келген абалда, участоктун таксациялык
баяндамасына ылайык чек мамыларын орнотуу менен берүүгө;
4.1.2. Токой пайдалануучуну бул келишимди түзүп жатканда Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул участокторго башка адамдардын
укугу келип чыгышы мүмкүн экендиги тууралуу алдын ала эскертүүгө;
4.1.3. Токой өрттөрү чыккан учурда аларды өчүрүү боюнча иштерди
уюштурууга;
4.1.4. Өткөрүп берилген токой участогунда токой патологиялык тек-
шерүүлөрдү жана токойду коргоочу иш-чараларды өткөрүүгө;
4.1.5. Токой пайдалануучу менен бирдикте токой пайдалануунун тө-
мөнкү түрлөрүн аныктоого:
4.1.6. Токой пайдаланууга ылайык Токой пайдалануучу аткара турган
иштердин көлөмүн жыл сайын аныктоого, аткарылуучу иштердин көлөмү Та-
раптардын макулдашуусу боюнча гана кайра каралышы мүмкүн:
- токой маданий иштер ____________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
- токой чарбалык иштер ___________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
аткарылгандан кийин аткарылган иштерди кабыл алуу актысы түзүлөт,
ал Токой чарбасынын бухгалтериясында катталат. Өткөрүп берилген учас-
токто токой маданий фондусу болбогон учурда токой маданий иштерди өткө-
рүүчү жерди Токой чарбасы аныктайт.
4.1.7. Токой пайдалануучуга токой чарба ишмердигин жүргүзүү боюнча
консультациялык жардам берүүгө;
4.1.8. Токой пайдалануучуга өз алдынча чарба жүргүзүү үчүн керек-
түү шарттарды түзүүгө жана токой участогун натыйжалуу пайдаланууга тос-
коол болбоого.
4.2. Токой чарба төмөнкүлөргө укуктуу:
4.2.1. Бул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча сунуштар-
ды киргизүүгө;
4.2.2. Токой чарбасын башкаруу боюнча өз функцияларына ылайык пай-
даланууга берилген токой фондусунун участокторунда токой чарба иш-чара-
ларын жүргүзүүгө;
4.2.3. Токой тууралуу мыйзамдардын, токой пайдалануу жана токой
чарбасын жүргүзүү нормаларын, эрежелерин сактоону контролдоого;
4.2.4. Токой пайдалануучуга ал токой чарбасына келтирген зыяндын
ордун толтуруу тууралуу доолорду белгиленген тартипте коюуга;
4.2.5. Токой пайдалануучудан келишимде белгиленген токойлорду пай-
далануу, калыбына келтирүү, коргоо жана сактоо тууралуу маалыматтарды,
маалыматтык жана башка материалдарды алууга;
4.2.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда то-
кой фондусунун участогун пайдалануу укугун токтото турууга;
4.2.7. Токой пайдалануучуну өрт өчүрүүгө тартууга;
4.2.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Келишимди бузуу-
га;
4.2.9. Токой пайдалануучу отургузган токой өсүмдүктөрүн техникалык
кабыл алууга, инвентаризациядан өткөрүүгө жана эсепке алууга, жазгы жа-
на күзгү текшерүү ревизияларын жүргүзүүгө;
4.2.10. Токой пайдалануучуга ага берилген токой участогунда жыйыл-
ган түшүмдү сатууга жазуу түрүндө уруксат берүүгө.
4.3. Токой пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттенме алат:
4.3.1. Өткөрүп берилген токой участогун пайдалануу үчүн ушул кели-
шимдин 4.1.6-пунктуна ылайык жыл сайын иштердин көлөмүн аткарууга;
4.3.2. Колдонууга алынган токой фондусунун участогун туруктуу пай-
даланууга, келишимде көрсөтүлгөн токойду калыбына келтирүү жана токой
өстүрүү боюнча иштерди сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарууга;
4.3.3. Берилген жерлерди максаттуу пайдаланууга;
4.3.4. Токойду өз алдынча кыюулардан, малды чар-жайыт жаюудан жана
башка эреже бузуулардан (баалуу жыгач-бадал породаларынын сакталышы)
сактоого;
4.3.5. Токойду зыянкечтерден коргоо боюнча токой чарбасы өткөргөн
иш-чараларга катышууга. Токой зыянкечтеринин очогу табылган учурда да-
роо токой чарбасына билдирүүгө;
4.3.6. Келишимдин мөөнөтү бүткөндө жер участогун токой чарбасына
тийиштүү абалда кайтарып берүүгө;
4.3.7. Өрткө каршы коопсуздук чараларын сактоого. Өрт башталган
учурда кечиктирилгис түрдө токой чарбасына билдирүүгө жана аны өчүрүү
боюнча иштерди аткарууга;
4.3.8. Токой чарбасына участогунда болгон бороон, шамал кар кый-
роолор тууралуу өз убагында билдирүүгө;
4.3.9. Өткөрүп берилген токой участогунда тосмолорду (токой өсүм-
дүктөрүнөн жана питомниктерден башка) жана өз алдынча курулмаларды ор-
нотпоого;
4.3.10. Токой чарба менен бирдикте токойдун табигый көбөйүшүнө кө-
мөк көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
4.3.11. Өз участогунда токой чарбасынын жылдык планына ылайык
иш-чараларды жүргүзүүгө.
4.4. Токой пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
4.4.1. Өткөрүп берилген токой участогунда келишимдин шарттарына
ылайык өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
4.4.2. 4.1.5-пунктуна ылайык өткөрүп берилген токой участогунда
ишмердикти жүзөгө ашыруунун жыйынтыгында алынган мөмөлөргө, жыгач эмес
продукцияга, кирешелерге менчик укугуна;
4.4.3. Келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда өткөрүп берил-
ген токой участогун өздөштүрүүгө жана жакшыртууга жумшалган чыгымдарды
кайтарып алууга;
4.4.4. Бул Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Токой пайдалануучу
аны кайра түзүүдө артыкчылыктуу укукка ээ.
4.4.5. Бош участоктордо тез өсүүчү породалардан турган өнөр жай
плантацияларын жана көчөт материалын өстүрүү боюнча питомниктерди тү-
зүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Өткөрүп берилген участокто токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн
Токой пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык админист-
рациялык жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
5.2. Токой пайдалануучу өткөрүп берилген участокто токой фондусу-
нун объектилерине зыян келтирүүнү (токойду өз алдынча кыюу, жањгак ка-
пын жана кап-тамырды мыйзамсыз даярдоо жана Мамлекеттик токой фондусу-
нун жерлерин бузуу) алдын алуу боюнча чараларды көрбөгөн учурда зыян
Токой пайдалануучудан төлөтүп алынат.
5.3. Бул Келишимдин шарттарын бузганы үчүн тараптардын ушул кели-
шимде каралбаган жоопкерчилигине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдары колдонулат.
6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
6.1. Бул келишимди аткарууда Тараптар ортосунда келип чыккан та-
лаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Тараптардын бири-бирине
коюлган доолорун кароонун белгиленген мөөнөтү - он күн.
Талаш маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон
учурда Тараптар Биргелешкен башкаруу кењешине кайрылышат.
6.2. Биргелешкен башкаруу кењешинин чечимине макул болбогон учурда
Тараптар талаштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот ор-
гандарында чечишет.
7. Келишимди өзгөртүү жана бузуу
7.1. Бул келишим төмөнкү учурларда бузулушу мүмкүн:
- келишимдин мөөнөтү бүткөндө;
- тараптардын макулдашуусу боюнча;
- Токой пайдалануучу токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү укугунан өз
эрки менен баш тартканда;
- Тараптар келишимдин шарттарын аткарбаган жана бузган учурда;
- өткөрүп берилген участокто баалуу жыгач-бадал породаларын өз ал-
дынча кыюуга жол берилгенде;
- токой участоктору мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн
алынганда;
- соттун чечими боюнча.
Сотко чейин талаштарды Биргелешкен башкаруу кењеши Токой чарбасын
коомдошуп жүргүзүү тууралуу жобого ылайык жөнгө салат.
8. Форс-мажордук кырдаалдар
8.1. Форс-мажорлук кырдаалдар болгондо (жер титирөө, суу каптоо,
селдер, жер көчкүлөр, согуштук окуялар жана башка табигый кырсыктар)
Тараптар бири-биринин алдында жоопкерчилик тартпайт.
9. Өзгөчө шарттар
9.1. Пайдаланууга берилген участоктун картасы (планы), участоктун
таксациялык баяндамасы жана өткөрүп берилген токой участогунун экспли-
кациясы ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9.2. Бул келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин Токой пайдалануучунун
көзү өтүп кеткен учурда токой чарбасы токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү
тууралуу келишимди мураскер Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү тууралуу
жобого ылайык токой чарбасын коомдошуп жүргүзүүгө макул болсо анын му-
раскерлеринин бири менен кайра түзүүгө тийиш.
9.3. Бул келишим Тараптарга бирден жана бир нускасы кыймылсыз мүл-
ккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдары үчүн бирдей юридикалык күчкө
ээ 3 нускада түзүлдү.
9.4. Ушул келишимди түзүүдө Тараптар Токой чарбасын коомдошуп жүр-
гүзүү тууралуу жобону жетекчиликке алышат.
9.5. Бул Келишим менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
9.6. Бул Келишимде каралбаган иштердин түрлөрүн аткаруу зарыл бол-
гон учурда Тараптар аларды токой чарбасынын каражаттарынын эсебинен ат-
каруу тууралуу макулдашат.
10. Тараптардын юридикалык даректери
Токой чарбасы (аты-жөнү) Токой пайдалануучу (аты-жөнү)
________________________ _____________________________
(колу) (колу)
М.О (Мөөрү болсо) М.О
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 19-октябрындагы
№ 482 токтомуна
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасында
Токой чарбасын коомдошуп
жүргүзүү жөнүндө жобого
№ 2 тиркеме
Токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү үчүн ижарага
берилген токой фондусунун участогунун
ТАКСАЦИЯЛЫК БАЯНДАМАСЫ
1. Токой чарбасынын аты _________________________________________
2. Токойчулуктун аталышы ________________________________________
3. Жалпы аянт ___________________________________________________
4. Обход N ______________________________________________________
5. Квартал N ____________________________________________________
6 Бөлүнгөн жер N _______________________________________________
7. Породалык курамы _____________________________________________
8. Жашы (орточо) ________________________________________________
9. Толуктугу ____________________________________________________
10. Участоктун абалы (тиктиги, рельеф) ___________________________
11. Участоктун санитардык абалы (илдеттер) _______________________
12. Уруксатсыз кыюулар ___________________________________________
13. Участоктун абалынын мүнөздөмөсү (мал жаюу, табигый жањылануу)
_______________________________________________________________________
14. Өткөрүп берилген участоктун Токой пайдалануучу жашаган жерден
алыстыгы, км __________________________________________________________
| № | Д | породалар | Башка | Эскертүү | |||||
| см | ---------------------------------------- | породалар | |||||||
| жањгак | карагай | арча | алма | алча | долоно | ||||
| 4 | |||||||||
| 8 | |||||||||
| 12 | |||||||||
| 16 | |||||||||
| 20 | |||||||||
| 24 | |||||||||
| 28 | |||||||||
| 32 | |||||||||
| 36 | |||||||||
| Бардыгы |
Таксациялык баяндаманы түзгөндөр:
Токой башчы _______________ колу
Токойчу ___________________ колу
Токой пайдалануучу ________ колу
Дата ___________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- Постановление Правительства КР от 15 апреля 1997 года №226 "О возврате земель гослесфонда, ранее переданных в долгосрочное пользование сельхозпредприятиям, и передаче колхозных и…Постановление · 15.04.1997 · № 226
- Положение об общинном ведении лесного хозяйства в Кыргызской Республике (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 июля 2001 года №377)Положение · 27.07.2001 · № 377 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү…Постановление · 22.05.2013 · № 278 · Күчүн жоготкон
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007 жылдын 19 октябрындагы №482 Токтому менен бекитилген) Токой фондусунун участокторунун ижарага берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖобоПоложение · 19.11.2007 · № 482 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 305 токтомуПостановление · 25.05.2017 · № 305
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу…Постановление · 25.05.2017 · № 305 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 15 апреля 1997 года №226 "О возврате земель гослесфонда, ранее переданных в долгосрочное пользование сельхозпредприятиям, и передаче колхозных и…Постановление · 15.04.1997 · № 226
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- Постановление Правительства КР от 27 июля 2001 года №377 "Об утверждении Положения об общинном ведении лесного хозяйства в Кыргызской Республике"Постановление · 27.07.2001 · № 377 · Күчүн жоготкон