Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 29-октябры N 521 Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө Адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына, транспорт каражаттарынын бузулушуна алып келген кылмыш жасаган жерден айдоочулар качып кеткен жол-транспорт кырсыктарын оперативдүү ачуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле автомобилдерди техникалык тейлөө станцияларынын жана жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоо боюнча жеке ишкердик жүргүзгөн адамдардын иштерин тартипке келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн ңормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы N 521 токтому менен бекитилген "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон…Правила · 29.10.2007 · № 521
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча…Постановление · 26.11.2019 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 11.03.2023 · № 139