КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 „Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-ноябры № 641 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Актуалдаштыруу жана жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кодекстерине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелеринде:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (мындан ары - ЖКККББ) бөлүмчөлөрү жол-транспорт кырсыгын (мындан ары - ЖТК) ЖКККББда талаптагыдай тариздегенден жана каттоого алгандан кийин автомототранспорт каражаттарынын (мындан ары - АМТК) ээлерине жол-транспорт кырсыгы болгон аймактан белгиленген үлгүдөгү маалым катты дароо берет (ушул Эреженин 1-тиркемеси).";
- 2, 4, 5 жана 6-пункттарындагы "МАИ" аббревиатурасы "ЖКККББ" аббревиатурасына алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "№ 2 тиркемеси" деген сөздөр "2-тиркемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежелерге № 1 тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Эрежелерге № 2 тиркемеде:
"№ 2 тиркеме" деген сөздөр "2-тиркеме" деген сөздөргө алмаштырылсын; "МАИ" аббревиатурасы "ЖКККББ" аббревиатурасына алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Begin_nocompare
Тиркеме
"Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелерине 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын № ______ МААЛЫМ КАТЫ ___________________________________ (берилген жери жана берилген күнү)
Транспорт каражатынын маркасы: __________________________________________________ Мамлекеттик номери: _____________________________________________________________ Өңү: _____________________________ Чыккан жылы: __________________________________ Кузовунун номери: ______________ Кыймылдаткычынын номери: ________________________ Шассисинин номери: _____________________________________________________________ Транспорт каражатынын ээсинин аты-жөнү: __________________________________________ Жашаган жеринин дареги: _________________________________________________________ Транспорт каражатын башкаруучу адамдын аты-жөнү: __________________________________ _______________________________________________________________________________ Жашаган жеринин дареги: _________________________________________________________ Транспорт каражатынын кузовунун тышкы авариялык бузулуп-талкаланышынын баяндалышы: _______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ Жол-транспорт кырсыгы болгон күн, убагы жана орду: _________________________________ _______________________________________________________________________________ Бузуулардын бирдиктүү реестринде жана Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде жол-транспорт кырсыгынын каттоо номери: ________________________________ _______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ ЖКККББнын бөлүмчөлөрүнүн аталышы, маалым кат берген кызматкердин кызматы, аты-жөнү: _______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ Эскертүү: бул маалым кат ушул авариялык транспорт каражатын оңдоп-калыбына келтирүү жана түздөп-сырдоо иштерине кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат жана берилген күндөн тартып бир айга чейин жарактуу.
М.О. _______________________
__________________________________
(колу)".
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521" Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө"Постановление · 29.10.2007 · № 521
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон