Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-октябры N 465
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган
Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө
байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына, "Кыргыз
Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-
сынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өздөрүнүн
элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам дол-
боору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган
Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өздөрүнүн элчи-
ликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ра-
тификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы
аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги
жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө түрк тарабына билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- 2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлкүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн…Закон · 29.01.2008 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.