Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 6-июну
Өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрүнө
байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Кыргыз тарап" жана "Түркиялык тарап", чогуу алганда
"Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Рес-
публикасынын Өкмөтү,
1993-жылдын 27-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Элчиликтерге имарат берүү жана жабдуу боюнча финансылык өз ара эсепте-
шүүлөр жөнүндө протоколду (мындан ары "1993-жылкы Протокол" деп аталат)
эске алып,
Бишкек жана Анкара шаарларындагы элчиликтердин жайгашкан жерлерине
байланышкан административдик жана финансылык маселелерди толугу менен
чечүү боюнча өз ара ниеттерин ырастап,
эки өлкөнүн ортосундагы салтка айланган достук карым-катнаштарды
мындан ары дагы өнүктүрүүнү каалап,
өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иш шарттарын жакшыртуу
максатында, жана
өз ара мамиле, тењ укуктуулук жана тењ милдеттенүү принциптерине
таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
а) Түркиялык тарап Кыргыз тарапка төмөнкүлөрдү акысыз өткөрүп бе-
рет:
- Анкара шаарынын Оран дипломатиялык шаарчасында жайгашкан, аянты
4386 чарчы метрге барабар N 25013/1 жана аянты 4443 чарчы метрге бара-
бар N 25013/2 жер участокторуна пайдалануу укуктарын 49 жылдык мөөнөт-
кө;
- Стамбул шаарындагы Бейоглу районунда жайгашкан, азыркы учурда
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу орун алган,
жалпы аянты 198,50 чарчы метрге барабар болгон имаратты 29 жылдык мөө-
нөткө убактылуу пайдаланууга.
b) Кыргыз тарап Түркиялык тарапка төмөнкү жерлерде орун алган жер
участокторуна 49 жылдык мөөнөткө пайдалануу укугун өткөрүп берет:
- аянты 17280 чарчы метр жана 12750 чарчы метр болгон Бишкек шаа-
рынын дипломатиялык районундагы;
- Бишкек шаары, Московская көчөсү, 89 дареги боюнча жайгашкан,
аянты 10200 чарчы метрге барабар жерди жана бул участокто орун алган
имаратка менчик укугун.
Түркиялык тарап жогоруда аталган кыймылсыз объекттерге бардык
укуктарды 2700000 АКШ долларына барабар суммага сатып алат. Түркиялык
тарап бул сумманы ушул Макулдашуунун 1-статьясынын (а) пунктунда белги-
ленген жер участогунда Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчили-
гинин жањы имаратын куруу үчүн бөлүп берет.
Келечекте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участок-
торун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагы катары пайдалануу үчүн алар-
га болгон менчик укуктарын чет мамлекеттерге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү
пайда болсо, Кыргыз тарап ушул Макулдашуунун 1-статьясынын "b" пунктун-
да белгиленген жер участокторуна менчик укуктарын Түркиялык тарапка өт-
көрүп берүүнү кабыл алат жана милдеттенет. Түркиялык тарап бул учурда
өз ара негизде ушул Макулдашуунун 1-статьясынын "а" пунктунда белгилен-
ген жер участокторуна менчик укуктарын Кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү
кабыл алат жана милдеттенет.
Жогоруда аталган сумманы бөлүп берүү Бишкек шаары, Московская кө-
чөсү, 89 дареги боюнча жайгашкан, бүгүнкү күнү Түркия Республикасынын
Элчилигинин аймагын ээлеген убактылуу курулмалар толугу менен алынып
ташталгандан кийин жүргүзүлөт.
Түркиялык тарап Бишкек шаары, Московская көчөсү, 89 дареги боюнча
жайгашкан имаратты өзү зарыл деп санаган каалаган убакта модификациялап
же бузуп таштап, Түркия Республикасынын Элчилиги катары пайдалануу үчүн
жањы имаратты куруу укугун өз аркасында сактайт.
с) Түркиялык тарап Анкара шаарындагы жогоруда белгиленген жер
участокторун пайдалануу укуктарын, ошондой эле ушул участоктордо жай-
гашкан жана кийин курула турган имараттарга менчик укугун Кыргыз Рес-
публикасы үчүн каттайт.
Кыргыз тарап Бишкек шаарындагы жогоруда аталган жер участокторун
пайдалануу укуктарын, ошондой эле бул участоктордо жайгашкан жана кийин
курула турган имараттарга менчик укугун Түркия Республикасы үчүн кат-
тайт. Участокторду пайдалануу укуктарын жана менчик укуктарын тариз-
дөөгө кеткен чыгымдарды аларды берген Тарап тартат.
2-статья.
Тараптардын жогоруда эскертилген жер участокторун пайдалануу укук-
тарын жана алардын үстүндө жайгашкан курулуштарга менчик укуктарын
ырастоочу кыймылсыз мүлктү ээлөөгө күбөлүктөр жогоруда аталган Оран
дипломатиялык шаарчасындагы жер участогунда курула турган Кыргыз Рес-
публикасынын Элчилигинин кызматтык имаратын ээлөө үчүн уруксат берил-
генден кийин бир убакта алмашылууга тийиш.
Бул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык кыймылсыз мүлктү ээлөөгө кү-
бөлүктөр алмашылгандан кийин 1993-жылкы Протоколдун 1-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин азыркы имараты
үчүн ижара акысын төлөөгө көмөктөшүү боюнча Түркиялык тараптын милдет-
тенмеси өз күчүн жоготот.
Кыймылсыз мүлктү ээлөөгө күбөлүктөрдү алмашуу жүргүзүлгөндөн кийин
бир айдын ичинде Кыргыз тарап Анкаранын Билкент районундагы Элчинин ре-
зиденциясынын имаратын жана Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы
Элчилиги үчүн бөлүнүп берилген Йылдыз жана Хилал райондорундагы эки
имаратты бошотуп берүүгө милдеттенет.
Тараптар бул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жогоруда
аталган жер участокторунун жана алардын үстүндө жайгашкан курулуштардын
көлөмүнө, наркына, жайгашкан жерине жана пайдалануу шарттарына байла-
ныштуу бири-бирине кандайдыр-бир дооматтарды койбоого тийиш.
3-статья.
Тараптар жогоруда аталган жер участокторуна карата карыздар, мен-
чикке болгон дооматтар, ипотека же башка кандайдыр-бир чектөөлөр жок
экендигин жана алар менчик укуктарына жана кайтарууга доомат коюунун
предмети эмес экендигин билдиришет. Эгерде келечекте ээлөө укугуна доо-
маттар пайда боло турган болсо, бөлүп берген Тарап буга окшогон ээлөө
укугуна дооматтарды өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чечет.
4-статья.
Тараптар алмашылган жер участокторун жана алардын үстүндө жайгаш-
кан же келечекте курула турган курулуштарды жалањ гана имараттарды ку-
руу жана имаратты дипломатиялык миссия катары иштетүү үчүн пайдаланы-
шат. Ар бир Тарап жогоруда белгиленген кыймылсыз объекттерди үчүнчү та-
раптарга, юридикалык жактарга же жеке адамдарга акы алуу менен же бекер
өткөрүп берүүдөн, сатуудан, ижарага берүүдөн, ээликке берүүдөн, менчик
укуктарын өткөрүп же белекке берүүдөн, узуфрукт, сервитут укуктарын бе-
рүүдөн, жашоо жана бөлүштүрүп биргелешип ээлөө максатында берүүдөн мур-
да экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксатына ээ болушу керек.
5-статья.
Жылытуу жана желдентүү, электр энергиясын, сууну жана жаратылыш
газын пайдалануу үчүн акы төлөөлөр сыяктуу элчиликтердин күнүмдүк чы-
гымдарын, ошондой эле байланыш үчүн чыгымдарды Тараптар өз алдынча тар-
тышат.
6-статья.
Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылкы Вена конвенциясынын ти-
ешелүү жоболорунун күчүнө ылайык жогоруда белгиленген жер участоктору
жана курулуштар спецификалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган жыйымдар
менен төлөмдөрдөн башка бардык улуттук жана муниципалдык жыйымдардан
жана салыктардан, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат.
7-статья.
Бул Макулдашуунун алкагындагы Тараптардын ортосундагы мамилелер
учурда колдонулган эл аралык келишимдерге жана Тараптардын мамлекетте-
ринин улуттук мыйзамдарына ылайык жөнгө салынышы керек.
Бул Макулдашуунун жоболорун аткарууга же чечмелөөгө байланышкан
Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар өз ара консультацияларды
жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
8-статья.
Бул Макулдашууга карата болгон бардык толуктоолор бул Макулдашуу-
нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган атайын протоколдорду түзүү жолу ме-
нен Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ишке ашырылат.
9-статья.
Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-
лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндө-
гү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып өз кү-
чүнө кирет.
Бул Макулдашуу 49 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын
бири дагы тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кеч эмес анын
колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирүүнү экинчи Тарапка жөнөтпө-
сө, ал кийинки ушул сыяктуу мөөнөткө өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 1993-жылкы Протокол жараксыз
деп табылат.
Бишкек шаарында 2007-жылдын 6-июнунда эки нускада, ар бири кыргыз,
түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
юридикалык күчкө ээ.
Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст
негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Эднан Карабаев Серпиль Альпман
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
тышкы иштер министри Кыргыз Республикасындагы
Атайын жана ыйгарым
укуктуу элчиси
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.