Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 ноября 2011 года № 730 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-11.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы N 730 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-сентябры № 434
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү
уюмдарына жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
21-сентябрындагы № 702 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз
улуттук аскер лицейине педагогикалык кызматкерлерди бекитүү жана окуу-
чулардын билим сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарына
жаш адистерди бекитүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтомуна төмөнкүдөй өз-
гөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги" де-
ген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жа-
на Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине эл аралык финансы инсти-
туттары тарабынан гранттарды берүү жөнүндө маселе чечилгенге чейин жыл
сайын, 2004-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн респуб-
ликалык бюджетте каралуучу ассигнованиелердин чектеринде, конкурс боюн-
ча тандалып алынган жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим
берүүчү уюмдарына иштөөгө жиберилген, университеттердин педагогикалык
бөлүмдөрүнүн жана педагогикалык жогорку жана кесиптик орто окуу жайла-
рынын кеминде 200 жаш бүтүрүүчү адистеринин депозиттик эсебине үч жыл-
дык мөөнөт бүткөндө бардык сумманы төлөө менен ай сайын 2000 сомдон ко-
торуп турууга укук берилсин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.1-пункт менен толукталсын:
"3.1. "Жаш мугалимдин депозити" программасынын колдонулушу конкурс
боюнча тандалып алынган жана Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор
Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине иштөөгө жиберилген
жаш адистерге, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын педагогикалык
адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүнө 2007-жылдын 1-сентябрынан тартып жайыл-
тылсын.
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз
улуттук аскер лицейине иштөөгө жиберилген жаш адистердин депозиттик
эсебине каражаттарды кириштөө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-
гине республикалык бюджеттен каралуучу ассигнованиелердин чектеринде
жүргүзүлсүн.";
- 4-пункт "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрли-
гине" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Коргоо минист-
рлигине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзац "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минист-
рлиги" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги"
деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу үчүн конкурстан
өткөн жана ишке жүйөлүү себептерден улам кирише албай калган жаш муга-
лимдер (контрактка кол коюлганга чейин жана андан кийин) белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин уруксаты менен башка
айыл жериндеги же чакан шаардагы ошол сыяктуу мектепке, ошондой эле Со-
веттер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улут-
тук аскер лицейине жањы бөлүштүрүү алууга укуктуу".;
7-пунктта "Премьер-министрдин Аппаратынын социалдык-маданий өнүк-
түрүү бөлүмү" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият
жана спорт бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Жаш мугалимдин депозити"
программасында:
- Программанын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги" де-
ген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.2-пункттун экинчи абзацы "мектептер" деген сөздөн кийин ",
ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы
Кыргыз улуттук аскер лицейи" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.1-пункттун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлигине" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республика-
сынын Коргоо министрлигине (Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор
Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде толук иштеп
бүтпөгөндөр үчүн)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.1-пункттун бешинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасы-
нын Коргоо министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11- ноябрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2011 · № 730
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004- жылдын 21- сентябрынын № 702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим беруу уюмдарына жаш адистерди бекитуу боюнча чаралар…Постановление · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон
- "Жаш мугалимдин депозити" программасы (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004 -жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтому менен бекитилген )Программа · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11- ноябрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2011 · № 730
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004- жылдын 21- сентябрынын № 702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим беруу уюмдарына жаш адистерди бекитуу боюнча чаралар…Постановление · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон