Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-сентябры № 427
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка
аскердик бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп
бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу,
ошондой эле 2007-жылдын октябрь-декабрында жарандарды
анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары)
кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик мил-
деттүүлүгү жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин 2007-жылдын 24-августундагы № 383 "Кыргыз Республика-
сынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик бирикмелеринде анык ас-
кердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын белгиленген
мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик (аскерден тышкары) кыз-
маттын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын ок-
тябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскерден
тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндөгү" Жарлыгына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын
белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ку-
ралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бирикмелеринин катарынан
2007-жылдын октябрь-декабрь айларында запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги чакырылган күнгө ка-
рата 18 жашка толгон, чакырылуусун создуктурууга укугу жок жарандарды,
ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон чакыруу ку-
рагындагы улуу адамдарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана
башка аскердик бөлүктөрүнө анык аскердик, ошондой эле Кыргыз Республи-
касынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда, ишка-
наларында, мекемелеринде жана уюмдарында альтернативдик (аскерден тыш-
кары) кызмат өтөөгө 2007-жылдын октябрь-декабрында чакырууну уюштурсун.
3. Анык аскер кызматына биринчи кезекте чакыруудан узартуу мөөнөтү
бүткөн же түрдүү себептер менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнө белгиленген мөөнөттө чакырылбаган чакырылуучу улуу курактагы
жарандар чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандарды анык аскердик жана
альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн:
- облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын
түзүшсүн, аларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон медици-
налык куралдар жана аспаптар менен жабдылган чакыруу (чогултуу) пунк-
ттары менен камсыз кылышсын;
- жарандын чакыруу пункттарына уюшкандыкта келишин камсыз кылуу
чараларын көрүшсүн;
- чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн автотранспорт,
техникалык кызматкерлер жана тейлөө кызматчыларын бөлүп беришсин;
- төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин:
кењсе товарларын сатып алууга (бланка продукцияларын даярдоо), ча-
кыруу участкаларында, республикалык жана облустук чогултуу пункттарында
чакырылгандардын тиричилигин, тамактануусун, маданий эс алуусун уюшту-
рууга;
чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык тек-
шерүүгө жана дарылоо жүргүзүүгө;
чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу пункттарына
чейин жеткирүүгө;
республикалык жана облустук чогултуу пункттарынын коммуналдык кыз-
матына акы төлөөгө;
- техникалык кызматкер жана автотранспорт бербеген учурда аскер
комиссариаттарына техникалык кызматкерлерди кармоо жана транспорттук
кызматтарга чыгымдарды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын
эсебинен аскер комиссариаттарына зарыл акча каражатын бөлүүнү карашсын;
- чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана чакырылуучу-
ларды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кы-
лышсын.
5. Республикалык чакыруу комиссиясынын негизги жана запас курамда-
ры тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- жарандарга кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүүнүн же чакыруудан
бошотуунун, ошондой эле альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка жи-
берүү жөнүндө чечимдин тууралыгын текшерүү;
- тиешелүү талаптарды эске алуу менен аскерлердин түрү боюнча ча-
кырылуучулардын бөлүштүрүүнүн тууралыгын контролдоо;
- райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияларынын аракет-
терине жарандардын даттанууларын кароо.
7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалык
кызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген мезгилинде
алардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары сакталаары бел-
гиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн квалификация-
луу адис врачтарды жана медициналык орто кызматкерлерди зарыл санда
бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылу-
учуларды дарылоо-алдын алуу мекемелеринде кезексиз стационардык (амбу-
латориялык) медициналык текшерүүнү жана дарылоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды анык
аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө чакыруу
жүргүзүүдө, анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат
өтөөдөн качып жүргөн адамдарды издеп табууну уюштурууда, ошондой эле
аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарту-
уда райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жардам жана көмөк
көрсөтүшсүн.
10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана альтерна-
тивдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүүнү контролдоо Кыр-
гыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн
тартып күчүнө кирет.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-сентябрындагы
№ 427 токтомуна
тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын
КУРАМЫ
Абдрахманов Р.И. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык
башкармалыгынын анык аскердик, альтернативалуу
(аскерден тышкаркы) кызматка чакыруу жана аль-
тернативалуу (аскерден тышкаркы) кызмат өтөөнү
контролдоо башкармалыгынын начальниги, комисси-
янын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Караталов Б.Ө. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн референти;
Салимжанов З.З. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин ички аскерлер штабынын кадрлар, жеке курам-
ды комплектөө жана эсепке алуу кызматынын на-
чальниги;
Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин дарылоо-профилактикалык жардам
көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси;
Ташпаев А.А. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын
укук коргоо органдары жана коргонуу бөлүмүнүн
башчысы;
Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык
башкармалыгынын анык аскердик, альтернативалуу
(аскерден тышкаркы) кызматка чакыруу жана аль-
тернативалуу (аскерден тышкаркы) кызмат өтөөнү
контролдоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары.
Республикалык чакыруу комиссиясынын резервдик
КУРАМЫ
Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын Башкы уюштуруучулук-мобилизациялык
башкармалыгынын бөлүм начальниги - анык аскер-
дик, альтернативалуу (аскерден тышкаркы) кыз-
матка чакыруу жана альтернативалуу (аскерден
тышкаркы) кызмат өтөөнү контролдоо башкармалы-
гынын начальнигинин орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн эксперти;
Назаркулов А.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин ички аскерлеринин медициналык башкармалыгы-
нын начальниги - аскер госпиталынын начальниги;
Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин дарылоо-профилактикалык жардам
көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси;
Байболов К.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын
укук коргоо органдары жана коргонуу бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси;
Аманалиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-
кы штабынын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык
башкармалыгынын альтернативалуу (аскерден тыш-
каркы) кызмат өтөөнү контролдоо бөлүмүнүн на-
чальниги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 383 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик…Указ · 24.08.2007 · № 383 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндөЗакон · 16.12.1992 · № 1068-XII · Күчүн жоготкон
- Об альтернативной (вневойсковой) службеЗакон · 13.06.2002 · № 100 · Күчүн жоготкон