Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн ЭРЕЖЕСИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 августа 2026 года № 533 "Об утверждении Правил оборота гражданских пиротехнических изделий на территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-августундагы
№ 368 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык
пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн
ЭРЕЖЕСИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежеде жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн тар-
тиби белгиленип, пиротехникалык буюмдарды сатуунун, сактоонун, эсепке
алуунун, пайдалануунун, ташуунун, жок кылуунун, алып келүүнүн жана алып
чыгуунун тартиби каралат.
2. Бул Эреже өнөр жайлык пиротехникалык буюмдарга карата колдонул-
байт.
2. Пиротехникалык буюмдардын классификациясы
3. Жарандык пиротехникалык буюмдарга жылуулук, жарык, от, дабыш,
түтүн, газ же алардын комбинациясы түрүндө техникалык же тиричиликтик
максаттагы натыйжаларды жаратууга арналган пиротехникалык аралашмалар,
алардын негизинде жасалган буюмдар кирет.
4. Пиротехникалык буюмдар колдонуудагы потенциалдуу опурталдуулук
даражасы боюнча 4 класска бөлүнөт.
1-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылганда
чачырачу сыныктары болбойт, кыймылынын кинетикалык энергиясы 0,5 Дж аш-
пайт, буюмдан 0,25 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 125 ДцБ ашык
эмес, ал эми башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын радиусу 0,5 м
ашык эмес (бенгал шамдар, тарсылдактар, үстөлгө коймо фонтандар, көпө-
лектөр);
2-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылганда
чачырачу сыныктары болбойт, кыймылынын кинетикалык энергиясы 5 Дж аш-
пайт, буюмдан 25 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 ДцБ ашык эмес,
ал эми башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын радиусу 5 м ашык эмес
(учуучу фейерверктер, түтүндүү фейерверк каражаттар, мини-салюттар,
концерттик фонтандар);
3-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылганда
чачырачу сыныктары болбойт, кыймылынын кинетикалык энергиясы 20 Дж аш-
пайт, буюмдан 5 м аралыктагы акустикалык нурлануусу 140 ДцБ ашык эмес,
ал эми башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын радиусу 20 м ашык эмес
(мини-рим шамдар, жаныма петардалар, биликтүү петардалар жана петарда-
лардын тизмеги, жерге коюлчу фейерверктер, мини-ракеталар);
4-класс - опурталдуу факторлорунун ичинде эпкини жана жарылганда
чачыроочу сыныктары болбоочу, башка факторлор боюнча опурталдуу зонанын
радиусу 20 м ашык эмес буюмдар (жарандык профессионалдык пиротехникалык
буюмдар).
5. Пиротехникалык буюмдар арналышы жана колдонуу шарттары боюнча
төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) 1-3-класстагы опурталдуу, тиричиликте пайдаланууга арналган,
элге эркин сатылчу, пайдалануу үчүн атайын билим жана маштык талап кы-
лынбаган пиротехникалык буюмдар;
2) 4-класстагы опурталдуу, техникалык жана атайын арналыштагы,
пайдалануу үчүн атайын билим жана аткаруучулардын (пайдалануучулардын)
маштыгы жана (же) техникалык жабдуунун атайын шарттарын камсыздоо талап
кылынган пиротехникалык буюмдар.
3. Жарандык пиротехникалык буюмдарга талаптар
6. Жарандык пиротехникалык буюмдар улуттук стандарттардын жана
техникалык регламенттердин талаптарына ылайык жасалууга тийиш.
7. Пиротехникалык буюмдардагы, керектөөчүлүк тарадагы жана транс-
порттук тарадагы маркалоо буюмдарга идентификация жүргүзүүнү камсыздоо-
го тийиш. Пиротехникалык буюмдарда анын жасоочусу, жасалган күнү жана
партиясынын номери милдеттүү көрсөтүлүүгө тийиш. Маркалоо мамлекеттик
же расмий тилде жазылууга тийиш.
8. Тиричиликке арналган жарандык пиротехникалык буюмдардын опур-
талдуулук классы 3-дөн ашык болбоого тийиш. Ар бир пиротехникалык буюм-
га аны колдонуу боюнча нускама милдеттүү түрдө тиркелип, анда пиротех-
никалык буюмдардын опурталдуулугу жана аларды колдонуу боюнча чектөөлөр
жөнүндө бөлүп көрсөтүлгөн шрифт менен текст болууга тийиш.
9. Импорттолгон жарандык пиротехникалык буюмдар Кыргыз Республика-
сынын колдонуудагы нормаларына, өрткө каршы жана техникалык коопсуздук-
тун эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.
10. Импорттолгон жарандык пиротехникалык буюмдардын колдонуу боюн-
ча нускамасында жана пиротехникалык буюмдарды жасаган өлкөнүн шайкештик
сертификатында мамлекеттик же расмий тилдердеги котормосу болууга ти-
йиш.
4. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу
11. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мый-
замына ылайык берүүчү лицензиянын негизинде ишке ашырылат.
12. 1-4-класстардагы жарандык пиротехникалык буюмдарды сатуу адис-
тештирилген дүкөндөр аркылуу гана ишке ашырылат.
13. 1-3-класстардагы жарандык пиротехникалык буюмдар 1-ноябрдан
тартып кийинки жылдын 15-январына чейин гана, 16 жаштан улуу адамдарга
сатылат.
5. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоонун
жана эсепке алуунун шарттары жана тартиби
14. Соодалык уюмдарда опурталдуулугу 3-4-класстардагы тиричиликтик
арналыштагы, калкка эркин сатылчу жарандык пиротехникалык буюмдар атай-
ын жабдылган сактагычта сакталат, сактагыч төмөнкүдөй талаптарга жооп
берүүгө тийиш:
1) башка көмөкчү, кызматтык жайлардан бөлүнгөн болууга, капиталдык
дубалдары, бекем шыбы жана астанасы болууга. Ички дубалдар (тосмолор)
бекемдиги боюнча ар биринин калыњдыгы 80 миллиметрлик (мындан ары - мм)
кабатталган гипсбетон панелдикине барабар болууга тийиш;
2) ичинен эки кулпу менен бекитилип, мөөр же пломба коюлчу металл
каалгалуу болууга;
3) терезенин оюгунда ич жагынан же рамалардын ортосунда болот ре-
шетка болууга. Решетканын чыбыктарынын учтары дубалга 80 мм кем эмес
терењ киргизилип, бетон куюлат.
Эшик, терезе оюктарына орнотулчу жана дубалдарды (тосмолорду) бе-
кемдөөчү решеткалар диаметри 15 мм кем эмес болот чыбыктан жасалат. Чы-
быктар ар бир кесилишинде 150x150 мм чоњ эмес көзөнөктүү болуп ширети-
лет;
4) желдетүүчү терезелер, люктар бар болсо ал системалар аркылуу
кирүү мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн 100x100 мм ашпаган көзөнөктүү болот
решетка орнотулууга тийиш. Инженердик тармактарды алып өтүү үчүн дубал-
дагы тешиктердин диаметри 200 мм ашпоого тийиш;
5) буюмдарды сактоо үчүн бөлмөдө өрткө каршы каражаттар болушу за-
рыл;
6) буюмдарды сактоочу жайлардын эки комплекти ачкычы болушу керек.
Ачкычтардын бир комплекти буюмдардын сакталышы үчүн жооптуу адамда,
экинчиси - сактоого уруксат берилген уюмдун жетекчисинде мөөр коюлган
пеналда болот.
Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоочу жайдын ачкычтарын стол-
дорго жана бөтөн адамдар алгыдай башка жерлерге калтырууга болбойт.
15. Жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоочу кампалар алардын
арналышына жараша туруктуу (базистик), сарптоочу жана көчмө кампалар
болуп бөлүнөт:
1) базистик кампалар - буюмдарды узак сактоого арналат;
2) сарптоочу кампалар - буюмдарга болгон утурумдук керектөөлөрдү
канааттандырууга арналат;
3) көчмө кампалар - буюмдарды убактылуу сактоого арналат. Жарылгыч
материалдардын иштеп жаткан кампаларын пайдаланууга болот.
16. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ар кыл арналыштагы (туруктуу
жана убактылуу сактоочу, сарптоочу) кампаларда, дүкөндөрдүн кампа жай-
ларында, дүњ базаларда сактоо опурталдуулук классына жараша, өрт кооп-
суздугунун талаптарына жана ушул Эрежеге ылайык уюштурулуп жана эсепке
алынуучу продукциянын сакталышын, эсебин жана бар экенин текшерүү мүм-
күндүгүн камсыздоого тийиш.
17. Жыюу нормалары төмөнкүдөй өлчөмдөн ашпоого тийиш:
- туруктуу сактоочу кампалар үчүн - 200 тоннадан;
- сарптоочу кампалар үчүн - 60 тоннадан;
- соода уюмдарынын (дүкөндөрдүн) кампа жайлары үчүн - 2 тоннадан
ашык эмес.
Бардык учурларда жыюу нормалары ички иштер органдары жана өрткө
каршы мамлекеттик кызмат менен макулдашылууга тийиш.
18. Сактагычтарды желдетүү үчүн кулпу менен бекилчү решеткалуу ме-
талл каалгалар орнотулат, ал эми терезелерге жана желдетүүчү люктарга
металл решеткалар жана торлор орнотулат. Решеткалуу каалгалардын жана
решеткалардын ячейкаларынын өлчөмү 150x150 мм ашык эмес, чыбыгынын
жоондугу 10 мм кем эмес болууга тийиш.
19. Жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сак-
тоо үчүн бардык кампалар ошол кампа таандык уюмдардын, ички иштер ор-
гандарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнөн турган комис-
сия аркылуу кабыл алынып, уруксатсыз кирүүдөн ишеничтүү корголууга тий-
иш.
Комиссиянын кампаларды кабыл алуусу акт менен таризделип, анда
жалпысынан кампанын жана ар бир сактагычтын турган жери, тиби жана сый-
ымдуулугу, ошондой эле курулган кампанын долбоорго шайкештиги көрсөтү-
лөт. Жарандык пиротехникалык буюмдардын кампасынын ар бир сактагычында
чагылгандан сактоочу түзүлүш болууга тийиш.
20. Жарандык пиротехникалык буюмдарды туруктуу жана убактылуу сак-
тоо үчүн иштеп жаткан жана эксплуатацияга жањыдан киргизилчү бардык
кампалар аларды кабыл алуу актысынын негизинде ички иштер органдарынын,
өрткө каршы мамлекеттик кызматтын аймактык органдарында катталууга тий-
иш.
21. Ар бир сактагычта жарандык пиротехникалык буюмдарды ички иштер
органдары сактоого уруксат бергенден ашык эмес өлчөмдө сактоого урук-
сат.
Ар бир туруктуу жана убактылуу кампанын паспорту болууга тийиш,
анын бир нускасы кампада сакталат.
22. Бардык кампалар буюмдардын түрүнө жана жыюу нормасына жараша
коопсуз аралыкта жайгашууга тийиш.
Орто аралыктагы кампалардын өзүнчө имараттарынын ортосундагы ара-
лык жал жасалбаса - 100 м, жал жасалса - 50 м кем эмес болууга тийиш.
Базистик кампалардын жал менен тосулбаган имараттарынын ортосунда-
гы аралык 200 м кем эмес болууга тийиш.
Сарптоо кампалары турак жайлардан, фейерверк көрсөтүүчү аянттан
жана адамдар топтолуучу жерлерден коопсуз аралыкта, бирок 100 метрден
жакын эмес болууга тийиш.
Туруктуу сактоочу жана сарптоочу кампалар төмөнкүдөй жайгаштырылы-
шы зарыл:
- райондук мааниден кем эмес шоссе жолдордон, темир жол тилкесинин
кампага баруучу жолдон башка тилкелеринин чегинен, өзүнчө турган турак
жай курулуштардан - 400 м кем эмес;
- станциялык имараттардын, кампалардын жана башка станциялык куру-
луштардын чегинен - 1000 м кем эмес;
- калкынын саны 10000 ге чейинки жана 10000ден ашык поселоктордун
жана башка калктуу конуштардын аймагынын чек араларынан иретине жараша
800 жана 1000 м кем эмес;
- кампаларга таандык эмес башка өндүрүштүк имараттардан жана ку-
рулмалардан 1500 м кем эмес.
23. Туруктуу жана сарптоочу кампалардын аймагы бийиктиги 2,5 м кем
эмес тикенек зым менен тосулууга тийиш.
24. Бардык сактагычтар бир кабаттуу болууга, күйбөөчү материалдан
жасалып, жылытылбоого тийиш. Сактагычтардын дубалдары жана шыптары ак-
талышы керек. Кампалардын астаналары өнөр жайлык имараттардын астанала-
ры үчүн өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык күйбөөчү, учкун жаралышы
мүмкүн болбогон материалдан жасалууга тийиш.
25. Сактагычтарда көлөмүнө жараша эки эшик болууга тийиш. Узундугу
10 м жетпеген сактагычтар бир эшиктүү болсо болот.
Сактагычтардын каалгалары сыртты карай ачылууга тийиш. Күн тарапка
караган терезелердин айнектери тунук эмес же ак сыр менен сырдалган ай-
нек менен айнектелүүгө тийиш.
Жасалма жарык сырттан берилиши керек. Кампалардын ичинде күзөттүк
жарыктандырууга, ошондой эле газ плиталарды, электрдик жылытуучу при-
борлорду пайдаланууга жана штепсель розеткаларды орнотууга болбойт.
26. Кампалардын электр жабдуулары пайдаланылып бүткөндөн кийин түн
мезгилде токтон ажыратылууга тийиш. Электрдик жабдууну өчүрүүгө арнал-
ган аппараттар кампа жайдын сыртында, күйбөөчү материалдан жасалган ду-
балда же өзүнчө таянычта жайгашып, пломбалоо же кулпу менен бекитүү
үчүн ылайыкташтырылган шкафка же сереге орнотулууга тийиш.
27. Бир сактагычта жарандык пиротехникалык буюмдардын бир нече ти-
би сакталганда чогуу сактоонун эрежеси буюмдардын өрт коопсуздугунун
жана жарылуу коопсуздугунун эрежелерине ылайык катуу сакталууга тийиш.
Буюмдар салынган упаковкалар штабелдерде же стеллаждарда сакталуу-
га тийиш. Фейерверк заттар салынган ящиктер штабелде жана стеллажда
сакталганда партия-партиясы менен жыйылууга тийиш.
Буюмдар салынган жыгач ящиктер штабелде сактоо үчүн биринин үстүнө
бири оозу өйдө каратып жыйылып, астыњкы катарларына аба алмашып туруу
үчүн тактай төшөө керек.
Ар бир штабелде жана стеллаждын тактасында буюмдун аталышы же ин-
декси, партиянын номери, орундардын саны жана келген күнү көрсөтүлгөн
табличка болууга тийиш.
28. Кампанын бөлмөлөрү өрт өчүрүүнүн кол каражаттары же өрт өчү-
рүүнүн автоматтык түзүлүштөрү менен жабдылууга, ошондой эле өрткө каршы
суу менен жана өрткө каршы кызматты чакыруу үчүн телефондук (мобилдүү)
байланыш менен камсыздалууга тийиш. Өрт өчүргүч каражаттардын номенкла-
турасы жана алардын жайгаштырылышы өрткө каршы мамлекеттик кызматтын
органдары менен макулдашылууга тийиш.
29. Сактагычтарда жүктөр күндүзгү мезгилде кабыл алынат жана бери-
лет. Зарыл учурда бул жумуштарды сырттан жасалма жарыктандыруу менен
жүргүзсө болот.
30. Пиротехникалык буюмдардын сактагычтарында (кампаларында) жүк-
төө-түшүрүү жумуштары үчүн механизмдер жарылуудан сакталгыдай жасалуу-
га, ал эми ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарда - түтүн газдарды нейтралдаш-
тыргычтар жана учкунду өчүргүчтөр болууга тийиш.
Кампада продукцияны эсепке алуунун аныкталган формадагы журналы
жүргүзүлүп, ал номер коюлуп, тигилип жана ички иштер органынын мөөрү
менен бекитилүүгө тийиш.
Продукциянын ар бир тиби өзүнчө эсепке алынууга тийиш. Журналга
жазуулар жүктү алгандан же бергенден кийин дароо, кириш-чыгыш документ-
тердин негизинде жазылат.
31. Кампанын сактагычы жана аймагы таза кармалууга тийиш: сынган
тараны, бөтөн жана күйүүчү материалдарды сактоого болбойт. Кампанын
имараттарына, өрткө каршы суу булактарына баруучу жолдор, ошондой эле
өрт өчүрүүчү шаймандарга жана жабдууларга барчу жолдор дайыма бош бо-
лууга тийиш.
Кампалардын ортосундагы коопсуздук үчүн аралыктарда башка ар кан-
дай материалдарды, жабдууларды жана башка буюмдарды сактоого болбойт.
Кампанын аймагына буюмдарды ташып келүү үчүн андай буюмдарды ташу-
уга ички иштер органдары берген күбөлүгү бар транспорт гана киргизилет.
6. Жарандык пиротехникалык буюмдарды пайдалануунун
тартиби (фейерверктерди демонстрациялоо)
32. Кыргыз Республикасынын аймагында фейерверктерди демонстрация-
лоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги берген лицензиясы
бар юридикалык жактар жана жеке адамдар ишке ашырышат.
33. Фейерверктерди демонстрациялоочу юридикалык жактарга жана жеке
адамдарга аларды коомдук-маданий жайларда колдонуу үчүн уруксат бул иш-
ти аткаруу укугуна документтер ички иштер органдары жана мамлекеттик
өрткө каршы кызмат менен макулдашылып, бекитилгенден кийин жергиликтүү
администрациянын уруксаты менен гана берилет.
Макулдашууда жарандык пиротехникалык буюмдардын техникалык доку-
менттери, жайгаштыруу планы, буюмдарды ташуу үчүн атайын транспорт көр-
сөтүлөт.
34. Жумуштардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ошондой эле Кыргыз
Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук актылары менен аныкталган
өрт жана техникалык коопсуздуктардын колдонуудагы стандарттарын жана
эрежелерин да жетекчиликке алуу керек.
35. Маданий-зоок жана массалык иш-чараларды өткөрүүдө фейерверкти
демонстрациялоого уруксат алыш үчүн уюштуруучулар жергиликтүү мамлекет-
тик администрация органына иш-чарадан 10 күндөн кеч эмес мурдатан өтү-
нүч менен кайрылышат.
Өтүнүчтө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- иш-чараны өткөрүүчү уюмдун аталышы жана дареги, уюштуруучулардын
жана алардын өкүлдөрүнүн аты-жөндөрү, кызмат орундарын, даректерин жана
байланышуу телефондорун көрсөтүү менен;
- иш-чаранын аталышы жана максаты;
- иш-чаранын, анын ичинде фейерверкти демонстрациялоонун болуучу
датасы, орду, башталчу жана бүтүүчү убактысы;
- фейерверкти демонстрациялоочу юридикалык жак же жеке адам жөнүн-
дө маалыматтар, ишмердиктин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицен-
зиясын жана аларды сактоого жана ташууга уруксаттарын тиркөө менен;
- фейерверктин көлөмү, пайдаланылчу буюмдардын касиеттери жана иш-
ке ашыруунун тартиби;
- фейерверктин жетекчиси, фейерверкти демонстрациялоого тартылчу
адамдар жөнүндө маалыматтар жана алардын фейерверкти жетектөөгө жана
ишке ашырууга укуктарын ырастоочу документтеринин копиялары.
36. Буюмдарды кыска мөөнөткө сактоодо, фейерверкке даярдануу жана
ишке ашыруу учурунда буюмдар турак жайлык, коомдук курулуштардан, адам-
дар көп топтолгон жерлерден коопсуз аралыкта көчмө кампаларда сакталат
(атайын жабдылган автомобилдер, ички иштер органынын мамлекеттик авто-
мобилдик инспекциясына жана мамлекеттик өрткө каршы кызматка макулдашуу
боюнча). Кампа кайтарыкта болууга тийиш.
37. Фейерверкти уюштуруучулар фейерверк көрсөтүүнүн коопсуздугун,
персоналдын сактануу чараларын жана фейерверк заттардын сакталышын кам-
сыздашат жана кайтаруу иштерин ички иштер органдары менен макулдашат.
Фейерверк болуучу жерди кайтаруу ички иштер органдарына жана бул иш-ча-
раны аткаруучу уюмга жүктөлөт.
38. Фейерверк демонстрацияланчу жерди тандоо жана макулдашуу фей-
ерверк буюмдарды колдонуу белгиленген опурталдуу зоналардын радиуста-
рын, жердин рельефин, метеорологиялык шарттарды, жакын арадагы обьект-
тердин мүнөзүн, опурталдуу зонаны кайтаруунун ишеничтүүлүгүн жана де-
монстрацияга таасир этүүчү башка факторлорду эске алуу менен ишке ашы-
рылууга тийиш.
Опурталдуулугу 4-класстагы жарандык пиротехникалык буюмдар менен
фейерверк демонстрациялоо үчүн жер күйүүчү курулуштардан, отун кампала-
рынан, бышып жетилген эгин же чеп, саман, токой бар талаалардан, электр
өткөрүү линияларынан жергиликтүү мамлекеттик администрация бекиткен
схемага ылайык 500 м кем эмес аралыкта жана күйбөөчү курулуштардан 50 м
кем эмес аралыкта болууга тийиш.
Түзүлүштөрдү орнотуучу орунду көрүүчүлөр шамал соккон тарапта,
атуучу аянттан 100 м кем эмес аралыкта болгудай кылып тандоо зарыл.
39. Фейерверктерди демонстрациялоого тыюу салынган орундар:
1) жарандардын коопсуздугун камсыздай албачу аянттар, имараттар,
курулуштар, жайлар;
2) опурталдуу жана зыяндуу өндүрүштөргө жана объекттерге, ошондой
эле транспорттук түйүндөргө (көпүрөлөр, жол өткөөлдөрү, автомобилдик
жолдордун тилкелери, темир жолдордун, нефти-газ түтүктөрдүн жана жогор-
ку вольттуу электр өткөрүүчү линиялардын, өрт жана жарылуу коркунучу
бар объекттердин чектеринин тилкелери жана башкалар) жакын жайгашкан
аймактар;
3) ооруканалардын жана балдар мекемелеринин имараттарына жанаша
аймактар;
4) маданий маанилүү объекттердин, тарыхый жана маданий эстеликтер-
дин, мүрзөлөрдүн жана сыйынуучу жайлардын, коруктардын, заказниктердин
жана улуттук парктардын, зыярат кылуучу жерлердин аймактары.
40. Фейерверкти демонстрациялоо үчүн пайдаланылчу жарандык пиро-
техникалык буюмдар жана атуучу жабдуу аларды эксплуатациялоо боюнча
тиркелген нускамаларга тыкыр ылайык колдонулууга тийиш.
Колдонулчу буюмдарды эксплуатациялоо боюнча нускамалардын сакталы-
шы үчүн жоопкерчиликти фейерверкти демонстрациялачу уюм тартат.
41. Фейерверк атылчу аянттарда төмөнкүлөргө катуу тыюу салынат:
1) тамеки тартууга жана от жандырууга;
2) мас абалда иштөөгө;
3) фейерверктик каражаттарды кайтаруусуз калтырууга.
42. Фейерверк бүткөндөн кийин демонстраторлор күйбөй калган буюм-
дарды жана элементтерди жыйноо максатында атуучу аянтты тыкан карап чы-
гышат.
43. Атуучу аянттын аймагындагы кайтарык бардык жумуштар бүткөндөн
кийин фейерверктин жетекчисинин макулдугу менен гана алынат.
Опурталдуу зонаны жана өрткө каршы иш-чараларды кайтаруу фейерверк
бүткөндөн кийин гана алынат.
7. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ташуунун тартиби
44. Жарандык пиротехникалык буюмдарды ташуу Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин 2003-жылдын 12-декабрындагы N 542 буйругу ме-
нен бекитилген Опурталдуу жүктөрдү автомобиль транспорт менен ташуунун
коопсуздугун камсыздоо боюнча нускаманын талаптарына ылайык ишке ашыры-
лат (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги катталган номери
2003-жылдын 30-декабры, 128-03).
45. Жарандык пиротехникалык буюмдарды аба транспорту менен ташуу
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
2005-жылдын 31-майындагы N 132 буйругу менен бекитилген "Жарандык аба
кемелерин эксплуатациялоо" жөнүндө Кыргыз Республикасынын авиациялык
эрежелеринин "Коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу" деген Я бөлүгүнө
ылайык ишке ашырылат (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги
катталган номери 2005- жылдын 27-июну, N 80-05).
46. Жарандык пиротехникалык буюмдарды темир жол транспорт менен
ташуу КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол транспорт боюнча кењеши-
нин 1996-жылдын 5-апрелиндеги 15 заседаниесинде бекитилген. Опурталдуу
жүктөрдү темир жолдор боюнча ташуунун эрежесине ылайык ишке ашырылат.
47. Жарандык пиротехникалык буюмдарды транспорттун ар кайсы
түрлөрү менен ташууда алардын ишеничтүү кайтарылышы камсыздалат.
48. Ташылуучу жүк силкилдегенде жана чайкалганда кулап кетпегидей,
сүрүлбөгүдөй, бири-бирине жана транспорттун бортуна урунбагыдай кылып
жүктөлүүгө тийиш.
49. Бара жаткан жолдо улам бир бөлүгү түшүрүлүүчү продукцияны та-
шыганда ар бир партиясы башкаларынан бөлөк-бөлөк, калган жүк андан ары
жүргөндө ордунан жылышып кетпегидей кылып бекитилүүгө тийиш.
8. Жарандык пиротехникалык буюмдарды
жок кылуунун тартиби
50. Төмөнкүдөй себептер боюнча андан ары пайдаланууга жараксыз жа-
рандык пиротехникалык буюмдар жок кылынууга тийиш, алар:
- пиротехникалык буюмдардын толук иштебей калышы;
- курамындагылардын күйбөй калышы;
- электр тутанткычтардын иштебөөсү;
- электр тутанткычтардын үзүлүп калышы;
- кабыгы же пиротехникалык курамы бузулганы даана көрүнөөлер;
- жарактуулугунун гарантиялык мөөнөтү бүткөндөр.
51. Жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуу ушул Эреженин та-
лабына жана конкреттүү буюмду иштеп чыккан заводдун эксплуатациялоо бо-
юнча нускамасына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
52. Жараксыз жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылуу мүмкүн
болушунча пиротехникалык буюмдардын күйгөн элементтери чачырашын чек-
төөчү табигый (жар, жал жана ушул сыяктуу) тосмолору бар атайын аянтта
күйгүзүү же эритүү менен ишке ашырылууга тийиш.
53. Жараксыз жарандык пиротехникалык буюмдарды жок кылууда опур-
талдуу зона оњой от алуучу материалдардан жасалган курулуштардан жана
электр өткөрүүчү линиялардан 500 м кем эмес аралыкта болууга тийиш.
54. Жараксыз пиротехникалык буюмдарды жок кылуу ички иштер орган-
дарынын жана мамлекеттик өрткө каршы кызматтын өкүлдөрүнөн турган ко-
миссия менен ишке ашырылат. Аянттын аймагында пиротехникалык буюмдарды
жок кылуу учурунда бөтөн адамдардын болушуна тыюу салынат. Персонал
коопсуз аралыкта же далдоодо болууга тийиш.
55. Күйгүзүп жок кылуу жок кылынчу буюмдарга бекем бириктирилген
термит шашканы күйгүзүү жолу менен ишке ашырылат. Буюмдар күйгөн жерге
оттун очогу толук күйүп бүткөндөн 15 мүнөттөн кийин гана барууга урук-
сат. Толук күйбөй калса бул операция кайталанат.
9. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз
Республикасына алып келүү жана
Кыргыз Республикасынан алып чыгуу
56. Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасына алып
келүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүдөй докумен-
ттердин негизинде берүүчү уруксат боюнча ишке ашырылат, алар:
- юридикалык жактын же жеке адамдын өтүнүчү, анда алынып келүүчү
же алынып чыгуучу жарандык пиротехникалык буюмдардын аталышы жана саны
(салмагы); алып келүү (алып чыгуу) үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү, пас-
портунун сериясы жана номери; аталган буюмдар алынып чыгып жаткан же
алынып кирип жаткан мамлекет; алып кирүү же алып чыгуу ишке ашырылып
жаткан бажы пункту;
- жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо үчүн (базистик, сарп-
тоочу) кампаны эксплуатациялоого ички иштер жана мамлекеттик өрткө кар-
шы кызмат органдары берген күбөлүк;
- ишкердиктин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицензия.
Жарандык пиротехникалык буюмдарды Кыргыз Республикасынан алып чы-
гуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрли-
ги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 1998-жылдын 8-июнундагы №
1101-1 "Экспорттоо жана импорттоо лицензиялар боюнча ишке ашырылчу то-
варлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген тартипке
ылайык берүүчү лицензия боюнча ишке ашырылат.
57. Юридикалык же жеке жактын жетекчиси жарандык пиротехникалык
буюмдарды алып кирүүдө (алып чыгууда) Кыргыз Республикасынын мамлекет-
тик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пунктта жайгашкан бажы органына Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлиги берген төмөнкүдөй документтерди
көрсөтөт:
- ишкердиктин лицензияланчу түрүн жүргүзүү укугуна лицензияны;
- жарандык пиротехникалык буюмдарды сатып алууга, сактоого урук-
сатты;
- жарандык пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө (алып чыгууга)
уруксатты, алып кирүүчү (алып чыгуучу) буюмдун санын (салмагын) көрсө-
түү менен;
- пиротехникалык буюмдарды ташууга уруксатты;
- транспорт каражатынын опурталдуу жүктөрдү ташууга уруксаты жө-
нүндө күбөлүктү;
- айдоочунун опурталдуу жүктү ташууга уруксаты жөнүндө күбөлүктү;
- опурталдуу жүктү ташуу маршрутунун схемасын;
- пиротехникалык буюм жасалган өлкөдө берилген коопсуздук талапта-
рына шайкештик жөнүндө сертификатты.
10. Бул Эрежени бузгандык үчүн жоопкерчилик
58. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюм-
дарды сатууну, сактоону, эсепке алууну, пайдаланууну, ташууну, жок кы-
лууну, алып кирүүнү жана алып чыгууну ушул Эреженин талаптарын бузуу
менен ишке ашырган юридикалык жактарга жана жеке адамдарга Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Постановление ЗС Жогорку Кенеш КР от 8 июня 1998 года З № 1101-I "Об утверждении перечней товаров, экспорт и импорт которых осуществляется по лицензиям"Постановление · 08.06.1998 · № 1101-1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү…Постановление · 10.08.2026 · № 534
- Приказ Минтранс и коммуникаций КР от 31 мая 2005 года № 132 " Об утверждении Авиационных Правил Кыргызской Республики АП-ЭКС "Эксплуатация гражданских воздушных судов" подчасть R…Приказ · 31.05.2005 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 368 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.