Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-августу № 534
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 16-августундагы № 770 «Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алуу тууралуу» чечимине, «Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) пиротехникалык буюмдарды сатуу адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана жүргүзүлөт;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат;
3) иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашырууга жол берилбейт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 «Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна)Правила · 10.08.2026 · № 534
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн ЭРЕЖЕСИПравила · 24.08.2007 · № 368 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 368 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндөЗакон · 21.05.2015 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 24.08.2007 · № 368 · Күчүн жоготкон