Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги жана мамлекеттик администрациялык ведомстволордогу кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-30.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-августу № 371
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги
жана мамлекеттик администрациялык
ведомстволордогу кызматтык жењил
автомашиналарды пайдаланууну тартипке
келтирүү боюнча чаралар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү тууралуу
Кызматтык-күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу, кылмыштуулукка каршы на-
тыйжалуу күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана
укук коргоо органдарына жүктөлгөн кызматтык-оперативдик милдеттерди ат-
каруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамле-
кеттик комитеттердеги жана мамлекеттик администрациялык ведомстволордо-
гу кызматтык жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюн-
ча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20 ап-
релиндеги № 137 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо кирги-
зилсин:
- токтомдун аталышында жана 2-пункттун экинчи абзацында "жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик администрациялык
ведомстволор" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын администрациялык
ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Бул токтомдун 1 жана 2-пункттарынын колдонулушу Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын мекеме-
лери менен органдарына жайылтылбайт;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мекемелери жана укук
коргоо органдары тарабынан автомобиль транспортунун санынын лимити,
пайдалануу, сатуу жана баланстан баланска өткөрүп берүү тартиби Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен белгиленет.".
- 3-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мам-
лекеттик администрациялык ведомстволор" деген сөздөр "Кыргыз Республи-
касынын администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка
органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
мамлекеттик администрациялык ведомстволор" деген сөздөр ", Кыргыз Рес-
публикасынын администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин
башка органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "жана күч структуралары" деген сөздөр ", Курал-
дуу Күчтөрүнүн органдары жана мекемелери жана укук коргоо органдары"
деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттун бешинчи абзацындагы "өзгөртүүлөр" деген сез
"өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- көрсөтүлгөн токтомго № 1 тиркеменин кызматтык жењил автотранс-
порттун кызматтарын пайдаланууга укуктуу кызмат адамдарынын тизмесинде
"Мамлекеттик агенттиктин, ведомствонун директору" деген позиция "Адми-
нистрациялык ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчи-
си" деген позиция менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
менен бирдикте тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдары-
нын, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн органдары менен мекемелеринин жана
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын катышуусу менен ушул
токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
тиешелүү чечиминин долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бел-
гиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги жана мамлекеттик…Постановление · 20.04.2007 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги жана мамлекеттик…Постановление · 20.04.2007 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Күчүн жоготкон