Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2007-2008-жылдарга бюджеттик пайдалануучулар үчүн жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш газын, сууну пайдалануунун жана ыплас сууларды кабыл алуунун лимиттерин бекитүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 7-августу № 316
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-2008-жылдарга бюджеттик пайдалануучулар
үчүн жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш
газын, сууну пайдалануунун жана ыплас сууларды
кабыл алуунун лимиттерин бекитүү жөнүндө
Отун-энергетикалык ресурстарын пайдаланууга байланыштуу чыгашалар-
ды төлөө үчүн бөлүп берилген мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана са-
рамжалдуу пайдалануу максатында жыл сайын бюджеттик уюмдар үчүн электр
жана жылуулук энергиясын пайдалануунун лимиттери бекитилет. Бул максат-
тар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "2005-2006-жылдарга
бюджеттик уюмдар үчүн жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш газын, су-
уну пайдалануунун жана ыплас сууларды кабыл алуунун лимиттерин бекитүү
жана коммуналдык кызматтарга акы төлөө үчүн бюджеттик уюмдарга бөлүнгөн
каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июнундагы № 255 токтому кабыл
алынган.
Бирок бир катар министрликтер, ведомстволор жана мекемелер тарабы-
нан бекитилген лимиттер сакталбайт. 2006-жылдын жыйынтыктары боюнча
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Рес-
публикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юс-
тиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча
мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу баш-
каруу академиясы, И.Абдраимов атындагы кыргыз авиациялык колледжи, Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын дарылоо-ден соо-
лукту чыњдоо бирикмеси тарабынан электр энергиясын лимиттен ашык пайда-
ланууга жол берилген.
Электр энергияны пайдалануунун белгиленген лимити сакталбагандыгы-
нын бирден бир себеби бюджеттик уюмдардын жетекчилери тарабынан ти-
йиштүү контролдугу жоктугу болуп эсептелет.
Мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караш-
туу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринде тышкаркы,
бюджеттик эмес керектөөчүлөрдүн кошулушуна жол берилүүдө, субабоненттер
тарабынан керектелген электр энергиясы өзүнчө эсепке алынбайт, анын на-
тыйжасында керектелген бардык электр энергиясы үчүн бюджеттик каражат-
тардын эсебинен акы төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинде, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана ведомстволук мекемеле-
ринде лимитти сактоо боюнча иш тийиштүү дењгээлде коюлган эмес.
Алсак, мурда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-
тетүү өнөр жай министрлигинин балансында турган имаратта көптөгөн суби-
жарачылар бар ("Ориент" рестораны, менчик кафелер). 2006-жылы бүткүл
имарат боюнча электр энергияны пайдалануу 298,7 мињ сом суммасына 296,1
мињ кВт/саат, алардын ичинен бюджеттик пайдалануу - 237,4 мињ сом жана
бюджеттик эмес - 61,3 мињ сомду түзгөн. Бирок, Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги электр энергия
боюнча чыгашаларды каржылоодо республикалык бюджеттин каражаттарынын
эсебинен бюджеттик эмес керектөөчүлөрдү кошкондо пайдаланылган электр
энергиянын толук суммасы төлөнгөн.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ве-
домстволук уюмдарында лимитти сактоону контролдоо боюнча иш начар коюл-
ган.
Алсак, Кыргыз улуттук китепканасындагы ижарачы-"Сүрөт басмасы" жо-
опкерчилиги чектелген коому жылуулук энергия боюнча эсептерди төлөбөй
келүүдө, электр энергиянын счетчигине пломба коюлган эмес.
Орус улуттук драма театрында (кафе үчүн жайкы аянтча, офис),
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык теат-
рында (үч буфет, эмерек жана тигүү цехтери, металл конструкцияларын чы-
гаруу, кийиз буюмдарын жасоо, тиричилик техникасын оњдоо боюнча цех,
дүкөн), жатакананын жайларынын жарымы ижарага берилген Чуйков атындагы
көркөм сүрөт окуу жайында ижарачылар тарабынан пайдаланылган электр жа-
на жылуулук энергия боюнча төлөм бюджеттик каражаттарынын эсебинен
жүргүзүлөт.
Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында жайды ижара-
га алган кафе электр энергияны пайдалануу үчүн төлөмдү эсептөө прибору
боюнча эмес эсептик методу боюнча жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз
Республикасынын министрлери жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу
үчүн өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылуучу
приказдарды жана буйруктарды чыгарышаары белгиленген "Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы-
нын 16-статьясын бузуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-
дын 23-июнундагы N 255 токтому менен бекитилген лимитти өзүнүн ведомс-
тволук мекемелерине буйрук менен эмес тизме келтирүү менен жиберген.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги аталган лимит жөнүндө өзүнүн ведомстволук уюмдарын такыр
маалымдаган эмес.
Ведомстволук мекемелер лимиттин маанисин жана анын зарылчылыгын
түшүнө билишпейт, натыйжада электр энергияны сарамжалдуу эмес пайдала-
нуу фактылары кетирилүүдө, энергия менен камсыз кылуу боюнча иш
жүргүзүлбөйт. Ведомстволук мекемелердеги энергочарба үчүн жооптуу адам-
дардын иши электр счетчиктердин көргөзмөлөрүн алуу менен гана чектелип
калган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр боюнча канааттандыраарлык эмес иш белгиленсин:
- энергоресурстарын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууга багыт-
талган иш-чараларды аткаруу, 2006-жылдын жыйынтыктары боюнча электр
энергияга белгиленген лимитти сактоо боюнча: Кыргыз Республикасынын Би-
лим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-тех-
никалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республика-
сынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, И.Абдраимов атын-
дагы кыргыз авиациялык колледжинин, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин Иш башкармалыгынын дарылоо-ден соолукту чыњдоо бирикмесинин;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясы-
нын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республика-
сынын Аскер прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-
гинин Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги-
нин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган
адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин, Кыргыз Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын,
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик өрткө каршы кыз-
матынын башкы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын, Кыргыз
Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иш-
тер министрлигинин, "Манас Ордо" Кыргыз улуттук комплексинин, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюн-
ча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департамен-
тинин, Кыргыз республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-
тиктин, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун, Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун,
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио компаниясынын, И.Абдраимов
атындагы кыргыз авиациялык колледжинин, Кыргыз Республикасынын Мамле-
кеттик күзөт кызматынын, Кыргызстандын эл аралык университетинин.
2. 2007-2008-жылдарга бюджеттик пайдалануучулар үчүн жылуулук,
электр энергиясын, жаратылыш газын, сууну пайдалануунун жана ыплас суу-
ларды кабыл алуунун лимиттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары бир жумалык мөөнөттө жы-
луулук, электр энергиясын, жаратылыш газын, сууну пайдалануунун жана
ыплас сууларды кабыл алуунун лимиттерин белгиленген тартипте
бөлүштүрүшсүн жана ведомстволук жана аймактык уюмдарга жана бөлүмдөргө,
ошондой эле тиешелүү электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуучу иш-
каналарга жана "Бишкексууканалы" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалы-
гына маалымдасын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бир жумалык мөөнөттө
жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш газын пайдалануунун лимиттерин
белгиленген тартипте бөлүштүрүшсүн жана эки дењгээлдүү бюджеттик систе-
мага өтүүгө чейин тиешелүү түрдө облустук жана райондук бюджетте турган
бюджеттик уюмдарга маалымдасын.
5. Бюджеттик уюмдар жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш газын,
сууну жана ыплас сууларды пайдалануунун белгиленген лимиттерин сөзсүз
сакташсын.
6. Бул токтомдун 3, 4 жана 5-пункттарын бузгандыгы үчүн жеке жооп-
керчилик бюджеттик уюмдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясы:
- 2007-2008-жылдарга жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден
каржылануучу жылуулук, электр энергиясын жана жылуулук булактарын пай-
далануучуларына текшерүү жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- энергетикалык паспортторду бюджеттик уюмдарга киргизүүнү аяктоо.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 "2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана…Постановление · 27.05.2013 · № 289 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2005 года №255 "Об утверждении лимита потребления тепловой, электрической энергии, природного газа, воды и приема стоков на 2005-2006…Постановление · 23.06.2005 · № 255 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон