Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 31 декабря 2018 года № 659 "О вопросах деятельности Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-31.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-июлундагы
№ 288 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту
көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө
ЖОБО
(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматы (мындан ары - Финкөзөмөл) финансылык рынокту, ошондой эле
бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулук жана аудитти көзөмөлдөөдө
жана жөнгө салуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсепте-
лет.
2. Финкөзөмөл өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституция-
сын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтомдорун жана буйруктарын, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл
аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик
укуктук актыларын жана бул Жобону жетекчиликке алат.
Финкөзөмөл ушул Жободо көрсөтүлгөн иш милдеттери жана ыйгарым
укуктары менен катар эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
башка ыйгарым укуктарга да ээ.
3. Финкөзөмөл юридикалык жак болуп эсептелет, анын өзүнүн мамле-
кеттик жана расмий тилде жазылган аталышы жана Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү баш-
ка мөөрлөрү, штамптары жана бланкалары, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык казыначылык тутумунда ачылган эсептери болот.
4. Финкөзөмөлдүн берилген ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алын-
ган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында бардык юридикалык
жана жеке жактардын аткарышы үчүн милдеттүү.
II. Максаты жана негизги милдеттери
5. Финкөзөмөлдүн ишмердигинин максаты мамлекеттин туруктуу эконо-
микалык өсүшү үчүн шарт түзүү, финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп
системасын, финансылык отчеттуулук жана аудитти өнүктүрүү менен инвес-
тициялык климатты жакшыртуу.
6. Финкөзөмөлдүн негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, финансылык рынокту
өнүктүрүүнүн, бухгалтердик эсеп системасынын, финансылык отчеттуулуктун
жана аудиттин артыкчылыктарын жана стратегиясын аныктоо;
- финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук
жана аудит маселелерин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны өр-
күндөтүү;
- фондулук рынокту өнүктүрүүгө инвестиция тартуу үчүн жагымдуу ин-
вестициялык климатты түзүү аркылуу көмөктөшүү;
- финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп системасын, финансылык от-
четтуулукту жана аудитти мамлекеттик жөнгө салуу;
- корпоративдик башкаруунун принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- дүйнөлүк финансылык рынокко, ошондой эле эл аралык бухгалтердик
жана аудитордук жамааттарга кошулуу үчүн шарт түзүү;
- финансылык рыноктун, аудитордук ишмердиктин субъекттерине алар-
дын ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо
боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу;
- финансылык отчеттуулуктун, аудиттин эл аралык стандарттарын кир-
гизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу жана финансылык отчеттуулуктун жана
аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарынын сакталышы үчүн контрол-
доо механизмин түзүү;
- финансылык кызматтын керектөөчүлөрүнүн укуктарын жана мыйзам ме-
нен корголгон кызыкчылыктарын сактоо.
7. Бул жободо көрсөтүлгөн финансылык отчеттуулукту, бухгалтердик
эсепти жана аудитти жөнгө салуу маселелери менчик секторду жөнгө салуу-
га тиешелүү.
III. Иш милдеттери жана ыйгарым укуктары
8. Финкөзөмөл коюлган максаттарга жетүү, ошондой эле өзүнө тагыл-
ган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкү иш милдеттерди аткарат:
- финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулук-
ту жана аудитти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана
иш жүзүнө ашырат;
- финансылык рыноктун жана анын субъектилеринин, ошондой эле бух-
галтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит системасынын иштешин
жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүүчү баалуу кагаздардын
эмиссиясына, жайгаштырылышына жана жүгүртүлүшүнө, анын ичинде чет элдик
эмитенттердин баалуу кагаздарына уруксат берүү тууралуу да талаптарды
(стандартты) иштеп чыгат жана бекитет;
- финансылык рыноктун жана аудиттин субъекттеринин ишин жүргүзүү-
гө, ошондой эле бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө жана финансылык отчет тү-
зүүгө карата бирдей эрежелерди (стандарттарды) жана талаптарды иштеп
чыгат жана бекитет;
- камсыздандыруу уюмдары үчүн камсыздандыруу операцияларынын жана
камсыздандыруу боюнча отчеттуулуктун, ошондой эле бул операциялардын
туруктуулугуна таасир этүүчү башка финансылык-чарбалык ишмердиктин мил-
деттүү түрдөгү бирдиктүү көрсөткүчүн жана эсеп формасын иштеп чыгат жа-
на бекитет;
- камсыздандыруу уюмдарынын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор-
дун, лотереялык жана оюн-зоок мекемелеринин уюштуруучуларынын жана тү-
зүүчүлөрүнүн төлөм мүмкүнчүлүктөрүн жана финансылык туруктуулугун бе-
кемдөө боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү, сунуштарды иштеп чыгат;
- финансылык кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн финансылык ры-
ноктун субъектилеринин иш аракеттерине карата арыз, даттанууларын ка-
райт;
- аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун финансылык отчетто-
рунун көлөмүн аныктайт жана отчет берүүсүнүн тартибин иштеп чыгат;
- баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучулары үчүн баалуу
кагаздар менен операцияларды жүргүзүү боюнча тобокелдикти чектөөчү өз-
дүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн милдеттүү нормативдерин жана башка
көрсөткүчтөрдү бекитет;
- баалуу кагаздардын эмитенттеринин жана баалуу кагаздар рыногунун
профессионал катышуучуларынын маалыматты ачуусуна карата талаптарды жа-
на эрежелерди (стандарттарды) бекитет, ошондой эле берилчү маалыматтын
тууралыгына көзөмөл жүргүзөт;
- баалуу кагаздар рыногундагы ишмердикке, аудитордук, камсызданды-
руу ишмердигине жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун жана аларды
башкаруучу компаниялардын ишмердигине, оюн-зоок бизнесинин субъектиле-
рине лицензия берүүнү ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган учурларда жогоруда көрсөтүлгөн ишмердиктер боюн-
ча берилген лицензияларды убактылуу токтотот, жањыртат жана кайра алып
коет;
- баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучулары тарабынан
түзүлүүчү өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдардын (союздар, ассоциациялар, би-
рикмелер) ишин жүргүзүүгө уруксат берет жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ал уруксаттарды убактылуу
токтотот же жокко чыгарат;
- лотереялык ишмердикти жүргүзүү укугуна күбөлүк берет, ошондой
эле берилген күбөлүктүн күчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талап-
тарына ылайык убактылуу токтотот, жањыртат жана кайра алып коет (жокко
чыгарат);
- камсыздандыруу брокеринин ишмердигин жүргүзүү укугуна уруксат
берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жаг-
дайларда көрсөтүлгөн уруксаттарды убактылуу токтотот, кайра алып коет
жана жокко чыгарат;
- баалуу кагаздар рыногунда профессионал иш жүргүзүүнү, аудитордук
иш жүргүзүүнү каалаган жеке адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте аттестациялайт жана квалификациялык күбөлүк-
төрдү жана сертификаттарды берет. Аларга берилген квалификациялык күбө-
лүктөрдү жана сертификаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-
ралган учурларда жана тартипте убактылуу токтотот, жањылайт жана күчтө-
рүн жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарылышына
контроль жүргүзөт, ошондой эле финансылык рынокту, финансылык рыноктун
субъектилеринин ишмердигин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стан-
дарттары жана аудиттин эл аралык стандарттары киргизилишин жана колдо-
нулушун мониторингдейт;
- баалуу кагаздардын чыгарылышын, баалуу кагаздардын эмиссиялары-
нын проспектилерин мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жана кайрадан мамле-
кеттик каттоону жүзөгө ашырат, ошондой эле алардын чыгарылышынын жыйын-
тыгын каттоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр боюнча
реестр жүргүзөт: Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын; баалуу ка-
газдар рыногунун профессионал катышуучусуна, камсыздандыруу уюмдарына,
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго, оюн-зоок ишмердиктин субъектиле-
рине, аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, жеке аудиторлорго, Кыргыз Рес-
публикасынын профессионал аудитордук бирикмелерине берилген, убактылуу
токтотулган жана жокко чыгарылган лицензиялардын; лотереялык ишмердикти
жана камсыздандыруу брокеринин, ошондой эле өзүн өзү жөнгө салуучу уюм-
дардын ишмердигин жүргүзүү укугуна уруксаттардын;
- чет өлкөлүк эмитенттер чыгарып, Кыргыз Республикасынын фондулук
биржасына жүгүртүүдөгү баалуу кагаздарынын эмиссияларынын проспектиле-
рин каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат;
- пайлык инвестициялык фондулардын эрежелерин каттоону, ошондой
эле пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын баштапкы
жайгаштыруунун жыйынтыктарын каттоону жүзөгө ашырат;
- финансылык рыноктун субъектилеринин, аудитордук уюмдардын, жеке
аудиторлордун отчетторду тапшыруусунун жана маалыматтарды ачуусунун
тартибине, көлөмүнө жана формасына карата талаптарды аныктайт, ошондой
эле берилчү маалыматтардын тууралыгын контролдойт;
- баалуу кагаздар рыногунда баанын өзгөртүлүшүн, баалуу кагаздар
рыногунда кызматтык, коммерциялык, банктык же башка мыйзам тарабынан
сакталган жашыруун сырды түзгөн маалыматты пайдалануу менен бүтүм жа-
соону контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финкөзөмөлдүн ишмер-
дик жүргүзүү процессинде түзүлгөн архивдик документтерди топтоо, сак-
тоо, эсебин жүргүзүү жана пайдалануу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
9. Финкөзөмөл өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык:
- акционердик коомдор акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү боюн-
ча Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндөгү" Мыйзамынын
жоболорунун аткарышын мониторингдейт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде финансылык рыноктун жана ауди-
тордук ишмердиктин субъектилерине милдеттүү түрдө аткарылчу көрсөтмө-
лөрдү жиберет;
- Финкөзөмөлгө жүктөлгөн иш милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамле-
кеттик органдардан керектүү маалыматтарды аныкталган тартипте сурайт
жана алат;
- эксперттик жана башка консультациялык кењештерди түзөт;
- Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча, ошондой
эле финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана аудиттин эл ара-
лык стандарттарына байланыштуу маселелер боюнча ченемдик укуктук акты-
ларды, усулдук жана башка документтерди иштеп чыгууга катышуу үчүн жу-
мушчу топторду түзөт жана тиешелүү адистерди катышууга тартат;
- Финкөзөмөлдүн аймактык бөлүмдөрүн түзүү жана жоюу боюнча белги-
ленген тартипте сунуштарды киргизет, ошондой эле алардын иштөөсүнүн
тартибин аныктайт;
- Финкөзөмөлдүн керектөөсү үчүн товарды алууга, жумуштарды атка-
рууга, кызмат көрсөтүүлөргө заказдарды берүү боюнча белгиленген тартип-
те тендерлерди өткөрүүнү уюштурат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башкаруучу ком-
панияларды тандоо боюнча конкурстарды өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган
өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик илимий-техникалык сая-
сатты жүргүзөт;
- финансылык рыноктун иштөөсү жөнүндө маалыматтык базаны түзөт;
- аудитти өнүктүрүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү өркүндөтүү жа-
на финансылык отчеттуулуктун бекитилген стандарттарына ылайык финансы-
лык отчет түзүү боюнча маалымат-аналитикалык базаны түзөт жана сактайт;
- оюн зоок ишмердигинин субъектилеринен лотереялык ишмердикти жүр-
гүзүү укугу үчүн жана каттагандык үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларында бекитилген өлчөмдө бир жолку төлөм алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия жана башка
уруксат документтер үчүн акы алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Финкөзөмөлдүн иш чөйрөсүнө тие-
шелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун аныкталган
тартипте киргизет;
- чарбакер субъектилердин ишмердигине текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн
жеке аудиторлорду жана аудитордук уюмдарды (аудитордук кызматтарды),
укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана башка адистерди белгилен-
ген тартипте тартат;
- өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишмердигине карата талаптарды,
өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишмердигин жүргүзүү укугун берүү жана
токтотуу тартиптерине карата талаптарды аныктайт;
- камсыздандыруу резервдерин жана пенсиялык активдерди жайгаштыруу
нормативдерин, эрежелерин жана принциптерин бекитет;
- финансылык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчет жана аудит
маселелери боюнча чет элдик жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;
- финансылык рыноктун субъектилеринен, аудитордук уюмдардан, жеке
аудиторлордон финансылык-чарбалык иштери боюнча отчетторду, керектүү
маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте
сурайт жана алат;
- баалуу кагаздар менен жасалып жаткан бүтүмдөрдү Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында аныкталган тартипте токтотот;
- баалуу кагаздардын чыгарылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык ишке ашкан жок деп эсептейт, ошондой эле баалуу кагаздардын
чыгарылышын жокко чыгарат;
- топтомо пенсиялык фонддорду өзгөртүп кайра түзүүгө жана жоюуга
макулдук берет;
- Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча укук кор-
гоо органдарына материалдарды жөнөтөт жана сотко доо арыздар менен кай-
рылат.
IV. Ишти уюштуруу
10. Финкөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башкарат. (2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Финкөзөмөлдүн төрагасы Финкөзөмөлдүн атынан иш жүргүзөт жана
мамлекеттик органдар, финансылык, эл аралык жана башка юридикалык жана
жеке жактар менен мамиледе Финкөзөмөлдүн атынан чыгат.
12. Финкөзөмөлдүн төрагасы:
- Финкөзөмөлдүн ишин жетектейт;
- Финкөзөмөлдү кармоо жана ага тапшырылган иш милдеттерди жүзөгө
ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каралган каражатты алуучунун жана
башкы тескөөчүнүн иш-милдетин аткарат;
- Финкөзөмөл тарабынан кабыл алынчу документтерге кол коет;
- Финкөзөмөлдүн атынан көрсөтмөлөрдү жиберет;
- Финкөзөмөлдүн төрагасынын орун басарынын, Аткаруу кењешинин мү-
чөлөрүнүн жана кызматкерлеринин кызматтык милдеттеринин тизмесин беки-
тет;
- Финкөзөмөлдүн аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду
бекитет;
- Финкөзөмөлдүн кызматкерлерин аныкталган тартипте кызматка дайын-
дайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финкө-
зөмөлдүн кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча, ошондой
эле Финкөзөмөлдүн ички уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык буйруктарды чыгарат;
- кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына
көрсөтөт, ошондой эле аларды Финкөзөмөлдүн сыйлыктары менен сыйлайт;
- Финкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бекитүү үчүн киргизет;
- аймактык бөлүмдөрдүн түзүмүн жана штаттык санын белгиленген сан-
дын жана эмгек акы фондусунун чегинде бекитет;
- Финкөзөмөлдүн атынан ишеним кат берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финкөзөмөлдүн мүлкүн
тескейт;
- белгиленген тартипте финансылык рынокто иш жана аудитордук иш
жүргүзүү үчүн лицензияларды жана башка уруксат документтерди берүү жө-
нүндө чечим кабыл алат, ошондой эле берилген лицензияларды жана башка
уруксат документтердин жарактуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында каралган тартипте убактылуу токтотот, жањылайт, кайра алып коет
жана жокко чыгарат;
- тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштары боюнча баалуу кагаздар-
дын чыгарылышын жана баалуу кагаздар эмиссиясынын проспектилерин каттоо
жана кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук аткарыларынын талаптарын бузгандык
үчүн администрациялык жана экономикалык санкцияларды салуу жөнүндө че-
чим кабыл алат;
- эксперттик кењештердин жана башка консультациялык кењештердин
жеке курамын бекитет;
- тапшырылган иш чөйрөсү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Финкөзөмөлдүн ишмердиги боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө отчет берип турат;
13. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана
Финкөзөмөлдүн төрагасынын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында анык-
талган тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Финкөзөмөлдүн төрагасы тарабынан статс-катчыга Мамлекеттик кызмат
боюнча кењеш бекиткен мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө жободо
аныкталган иштерден жана ыйгарым укуктардан башка иш милдеттер жана ый-
гарым укуктар тапшырылышы мүмкүн.
14. Финкөзөмөлдүн төрагасынын орун басары кызматка Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министри тарабынан Финкөзөмөлдүн төрагасынын сунушу
боюнча дайындалат жана бошотулат.
Финкөзөмөлдүн төрагасынын орун басары:
- төрага жок учурда Финкөзөмөлдүн төрагасынын милдетин аткарат;
- белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Финкөзөмөлдүн түзүмдүк
бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көрсөтмөлөрдү берет;
- өзүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
V. Аткаруу кењеши
15. Финансылык рынокту, финансылык рыноктун субъектилеринин ишмер-
дигин, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана
жөнгө салуу, аудиттөө жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо боюнча бирдей мамлекеттик саясат жүргүзүү, макулдашыл-
ган чечимдерди кабыл алуу максатында Финкөзөмөлдө Аткаруу кењеши иш-
тейт.
16. Аткаруу кењешинин курамына төмөндөгүлөр кирет:
- Финкөзөмөлдүн төрагасы;
- Финкөзөмөлдүн төрагасынын орун басары;
- Аткаруу кењешинин милдеттерди туруктуу негизде аткаруучу, кыз-
матка Финкөзөмөлдүн төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу үч мүчөсү.
17. Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин мүчөлөрү:
- бул Жобо жана/же Финкөзөмөлдүн төрагасынын чечими менен аныктал-
ган ыйгарым укуктардын чегинде Финкөзөмөлдүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн же-
текчилерине көрсөтмөлөрдү беришет;
- Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин жыйынына белгиленген тартипте
айрым маселелер боюнча жеке өзүнүн оюн же кошумча материалдарды кирги-
зишет;
- финансылык рыноктун ишмердигин жөнгө салууга карата жана бухгал-
тердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит тармагындагы, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо менен Финкөзөмөл-
дүн компетенциясына киргизилген, милдеттүү түрде Финкөзөмөлдүн Аткаруу
кењешинин жыйынында каралууга тийиш болгон маселелер боюнча сунуштарды
аныкталган тартипте киргизишет;
- Финкөзөмөлдүн иш-чаралар пландары аткарылышын жана жүзөгө ашыры-
лышын контролдошот;
- өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөлөрү үчүн жеке жоопкерчилик тарты-
шат.
18. Аткаруу кењеши тарабынан төмөнкүдөй маселелер боюнча чечимдер
кабыл алынат:
- Финкөзөмөлдүн ишмердигинин стратегиясын бекитүү;
- Финкөзөмөлдүн алдындагы эксперттик жана башка кењештерди түзүү
жана жоюу;
- тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштары боюнча, баалуу кагаздар
рыногунун профессионал катышуучулары тарабынан түзүлүүчү өзүн өзү жөнгө
салуучу уюмдардын ишмердик жүргүзүүсү үчүн уруксат берүү, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда
андай уруксатты токтотуу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит тармагында-
гы, ошондой эле финансылык рыноктун ишмердигин жана башка ишмердиктерди
жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жана усулдук сунуштарды Кыргыз
Республиканын мыйзамдары менен Финкөзөмөлгө берилген ыйгарым укуктары-
нын чегинде бекитүү;
- баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгын каттоо жөнүндө, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда баалуу кагаздардын
чыгарылышын ишке ашкан жок деп таануу, баалуу кагаздардын чыгарылышын
токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- эгер текшерүүнүн жыйынтыгы коллегиялык чечим кабыл алууну талап
кылган маселелерди кароо зарылдыгын жаратса, финансылык рыноктун субъ-
ектилеринин ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгын кароо;
- финансылык рыноктун жана аудитордук ишмердиктин субъектилерине
коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү.
19. Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин жыйындары зарылдыгына жараша,
бирок бир айда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат, аларда ушул Жободо
белгиленген иш-милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ылайык коллегиалуу
чечим кабыл алууну талап кылган маселелер каралат.
Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин кезексиз жыйындары Финкөзөмөлдүн
төрагасынын, төраганын орун басарынын же Аткаруу кењешинин үч мүчөсүнүн
чечими менен чакыралат.
20. Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин жыйынын Финкөзөмөлдүн төрагасы
башкарат, ал жок болсо бул милдетти анын орун басары аткарат.
Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин жыйынынын кворуму анын төрт мүчөсү
болсо жетиштүү, алардын бирөө Финкөзөмөлдүн төрагасы же анын орун баса-
ры болууга тийиш.
Чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тењ бо-
луп калса, Финкөзөмөлдүн Аткаруу кењешинин жыйынында төрагалык кылуучу
добуш берген чечим кабыл алынат.
VI. Финкөзөмөл тарабынан алынуучу
жыйымдар жана төлөмдөр
21. Финкөзөмөл төмөнкүлөрдү мамлекеттик каттагандык үчүн бир жолку
комиссиялык жыйым алат:
- акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын каттаганда уставдык капи-
тал бир миллион сомго чейин өлчөмдө болсо уставдык капиталдын 0,1 про-
центи өлчөмүндө;
- акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын каттаганда уставдык капи-
тал бир миллион сомдон ашык өлчөмдө болсо он эсептик көрсөткүчтүн өлчө-
мүндө;
- баалуу кагаздарды мурда аныкталган жактардын арасында жайгаштыр-
ганда баалуу кагаздардын чыгарылышын каттаганда баалуу кагаздардын жай-
гаштырылган көлөмү бир миллион сомго чейин болсо анын көлөмүнүн 0,1
проценти өлчөмүндө;
- баалуу кагаздарды мурда аныкталган жактардын арасында жайгаштыр-
ганда ал баалуу кагаздардын көлөмү бир миллион сомдон ашык өлчөмдө бол-
со он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;
- баалуу кагаздарды мурда аныкталбаган жактардын арасында жайгаш-
тырганда ал баалуу кагаздардын көлөмүнө карабастан беш эсептик көрсөт-
күчтүн өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамынын
23-статьясынын 3-пунктуна ылайык акционердик коом чыгарган акциялардын
номиналдык наркынын көбөйүшүн каттаганда уставдык капиталдын көбөйгөн
суммасына карабастан он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;
- баалуу кагаздары фондулук биржаларда листинг жол-жобосунан өткөн
эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышын каттаганда баалуу кагаз-
дардын жайгаштырылган чыгарылышынын көлөмүнө карабастан беш эсептик
көрсөткүчтүн өлчөмдө.
Финкөзөмөл төмөнкүлөрдү мамлекеттик кайра каттагандык үчүн үч
эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө бир жолку комиссиялык жыйым алат:
- коомдун акцияларынын жүгүртүлүүчү санынын азайышын;
- башка баалуу кагаздардын акцияларга айландырылышын;
- акциялардын консолидацияланышын же бөлүнүшүн.
Юридикалык жакты же башка уюштуруучулук-укуктук формадагы жакты
өзгөртүү жолу менен акционердик коом түзгөн учурда өзгөртүп түзүлүп
жаткан юридикалык жактын уставдык капиталынан ашпаган өлчөмдө баалуу
кагаздарды мамлекеттик каттоо аларды каттагандык үчүн бир жолку комис-
сиялык жыйымды төлөбөстөн ишке ашырылат.
Чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамле-
кеттик каттаганда, кайра каттаганда Финкөзөмөл бир жолку комиссиялык
жыйымды ушул пунктта белгиленген өлчөмдө алат.
Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттагандык үчүн комиссиялык жыйым
баалуу кагаздар мамлекеттик каттоого алынып жаткан учурда алынат.
Финкөзөмөл лотереялык ишмердик жүргүзүү укугу үчүн акыны жана бир
жолку каттоо жыйымын оюн-зоок ишмердигинин субъекттеринен Кыргыз Рес-
публикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмүндө
алат.
Финкөзөмөл алуучу жогоруда көрсөтүлгөн жыйымдар жана төлөмдөр рес-
публикалык бюджетке кириштелет.
VII. Ишмердикти каржылоо
22. Финкөзөмөлдүн ишмердигин каржылоо:
- республиканын бюджеттик каражатынан;
- финансы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ма-
кулдашылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген грант-
тардын, донорлордун жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын, жеке
адамдардын ыктыярдуу кошумчаларынын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен жү-
зөгө ашырылат.
VIII. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
23. Финкөзөмөлдү өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын…Постановление · 31.12.2018 · № 659
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" ТоктомуПостановление · 24.07.2007 · № 288 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон