Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2007-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-июну № 222
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча
2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында
кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
мамлекеттик программаны ишке
ашыруунун жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-
тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-
циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республи-
касында 2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамле-
кеттик программаны (мындан ары - Мамлекеттик программа) ишке ашыруу
үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышканын жана бул республикада крими-
ногендүү абалды бир аз жакшыртууга шарт түзгөнүн белгилейт.
2007-жылдын 1-кварталында бардыгы 7743 кылмыш катталган, бул
2006-жылдын 1-кварталына (7992) салыштырганда 3,1 процентке аз.
Жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 2006-жылдын ти-
йиштүү мезгилине салыштырганда 1,7 процентке азайган.
Адамга каршы жасалган кылмыштардын саны 22,3 процентке (541 ден
420га), менчикке каршылар - 2,4 процентке (4884төн 4766га), өлтүрүүлөр
(кол салуу менен) - 14,9 процентке (114төн 97ге), зордуктоолор - 14,2
процентке (63 төн 54кө), ден соолукка оор зыян келтирүү менен жасалган
кылмыштар - 29,7 процентке (84төн 59га) азайганы белгиленди.
Республикада катталган бардык кылмыштардын (4766) 61,5 процентин
менчикке кылмыштуу кол салуулар түзөт. Алардын структурасында басымдуу
бөлүгүн (2898 же 60,8 процентин) уурулук, анын ичинде квартиралардан
уурдоолор (862 же 18 процент) түзүшөт.
Ошону менен бирге эле, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, ад-
министрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти чыњдоо,
кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жа-
тышкан иштер коюлган талаптарга жооп бербейт, республикада түзүлгөн
криминогендүү абалдын коомго коркунучтуулугуна жетиштүү баа берилбейт.
Анын себептеринин бири Мамлекеттик программанын иш-чаралары кана-
аттанарлык аткарылбаганында. Кылмыштуулукка каршы күрөштө орчундуу маа-
ниге ээ көптөгөн иш-чаралар кээде формалдуу, толук эмес аткарылат жана
тийиштүү натыйжа бербейт. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-ноябрындагы N 812 "2006-2007-жылдарга Кыргыз Республика-
сында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке
ашыруунун жүрүшү жөнүндө" токтомунда айтылган. Атап айтканда, минист-
рликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго,
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына Мамлекеттик программанын иш-чараларын жарандардын,
адамдын жана коомдун конституциялык укуктарын кылмыштуу кол салуулардан
мамлекеттик коргоону камсыз кылуу боюнча негизги иш деп эсептөө менен
аткарууну улантуу, ошондой эле Мамлекеттик программаны ишке ашыруу ма-
селеси боюнча укук коргоо органдары менен иштик байланышты жүргүзүү
үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү аныктоо тапшырылган.
Мамлекеттик программаны аткаруунун жүрүшүн изилдөөдө министрлик-
тер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары республикадагы криминогендүү абалдын татаалдыгына толук баа бе-
ришпегени, укук коргоо органдарынын, коомчулуктун жана элдин укуктук
тартипти чыњдоого жана кылмыштуулукка каршы күрөшкө багытталган
күч-аракеттерин мобилизациялоо боюнча зарыл уюштуруу иштерин толук кө-
лөмдө жүргүзүшпөгөнү көрүндү.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 73-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтердин жана ведомстволордун Кыргыз Республикасында
2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик
программанын иш-чараларын 2007-жылдын 1-кварталында аткаруу боюнча иш-
тери жетишсиз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Кыргыз Республика-
сынын ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко-
митетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык
полициянын директору, Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук
агенттигинин директору Кыргыз Республикасында 2006-2007-жылдарда кыл-
мыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын иш-чараларын
аткаруу боюнча бардыгын камтыган чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жарандардын коомдук жа-
на жеке коопсуздугуна кол салуучу укук бузууларды өз убагында алдын
алуу, токтотуу, аныктоо жана ашкерелөө үчүн өз ара байланышта иштөөнүн
дењгээлин жогорулатышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызыкдар мамлекеттик ор-
гандар менен бирдикте туруктуу негизде улуттар арасында жана диний не-
гизде чыр-чатактардын чыгышына өбөлгө түзүүчү белгилерди, себептерди
жана шарттарды өз убагында аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүр-
гүзүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик бажы комитети кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча
кылмыш иштерди өз убагында жана сапаттуу тергөө жана келтирилген мате-
риалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүшсүн.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын башчылары "Кыргыз Республикасындагы укук
бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
14-статьясына ылайык:
- тийиштүү структуралардын жана ведомстволордун коомдук тартипти
сактоону, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жана укук бузуулардын алдын
алууну камсыздоодо өз ара байланышта иштөөлөрү боюнча чараларды
көрүшсүн;
- ички иштер органдарынын кызматкерлерин керектүү кызматтык жай-
лар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздашсын жана турак
жайтиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүшсүн;
- коллегиялардын жыйындарында Мамлекеттик программанын иш-чарала-
рын тийиштүү түрдө аткарууну камсыздабаган кызмат адамдарынын жоопкер-
чиликтерин карашсын жана күнөөлүү адамдарга тиешелүү тартиптик таасир
этүү чараларын колдонушсун.
7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укук коргоо орган-
дарынын жарандардын коомдук жана жеке коопсуздуктарын камсыздоо боюнча
иштеринде мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чара-
ларды көрүү сунушталсын.
8. Мамлекеттик программаны ишке ашырууга тартылган министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар:
- квартал сайын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине
жалпылоо үчүн тийиштүү маалымат беришсин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалпыланган маалы-
матты квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип
турсун. Мамлекеттик программанын айрым пункттары толук аткарылганда
аларды контролдон алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ап-
паратына сунуштарды киргизсин.
9. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын
2006-2007-жылдарга карата Мамлекеттик программанын иш-чараларын аткаруу
боюнча иштеринин жыйынтыктары 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы №
812 "2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы
күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө"
токтомунун 4, 5 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 812 " 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке…Постановление · 22.11.2006 · № 812 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.