Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 22-ноябры № 812
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 222 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет- тер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар тарабынан 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу- лукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны (мындан ары - Мамле- кеттик программа) аткаруу, укук тартибин жөнгө салуу, жарандардын жана коомдун мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуу- лардан мамлекеттик коргоону камсыз кылуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт. Мамлекеттик программага ылайык укук бузуулардын алдын алуу жана профилактикалоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча уюштуруу, укуктук, атайын ведомстволук чаралар ишке ашырылууда. Ошону менен бирге эле айрым министрликтер, администрациялык ве- домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Мамлекеттик прог- рамманы аткаруу боюнча толук көлөмдө зарыл чараларды көрбөй жатышат. Аны ишке ашыруу максатында иштелип чыккан иш-чаралар декларативдүү мүнөзгө ээ болуп, конкреттүү эмес, зарыл уюштуруу иштери менен бекем- делбейт. Натыйжада Мамлекеттик программада каралган жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өзгөчө мааниси бар көптөгөн иш-чаралар толук дењгээлде аткарылбай формалдуулук чегинде калып, тийиштүү натыйжаларды бербей жа- тат. Республикадагы коомдук-саясий кырдаалды талдоо коомдук коопсуздук да жана республиканын туруктуулугуна мурдагыдай эле олуттуу коркунучтар болуп, криминалдык элементтердин, уюшкан кылмыштуу топтордун жана диний экстремизмдин бөлүп-жаруу иштери жүрүп жаткандыгын көрсөтүүдө. Мындай терс көрүнүштөрдүн жайылышына ички социалдык-экономикалык, саясий, демографиялык, этностор аралык проблемалардын болушу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз ал- дынча башкаруу органдарын кошо алганда аткаруу бийлик органдары, укук коргоо структуралары, ошондой эле салттуу диний конфессиялардын кызмат кылуучулары жагынан жогоруда көрсөтүлгөн коркунучтарга каршы туруу бо- юнча иштерде так координациялоо жана өз ара аракеттенүүнүн жоктугу көмөкчү болууда. Мунун натыйжасы ушул жылы диний-экстремисттик "Хизб-ут-Тахрир" партиясы тарабынан агитациялык-пропагандалык иштердин кескин актив- дешүүсү болуп саналат, ал барган сайын калктын, өзгөчө аялдар менен жаштардын кењири катмарын активдүү тартуу менен өлкөдө ички саясий оор- чулукту түзүүдө. Соњку убактарда республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жана укук коргоо органдары тарабынан көп сандаган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жарылгыч заттар, экстре- мисттик адабияттар табылган. Жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжа- сында коомдук-саясий жагдайды дестабилдештирүүгө багытталган бир катар террористтик пландаштырылган актылар четтетилген. Кыргызстандын коопсуздугуна олуттуу коркунучтардын бири экономика- га таасир этүү, коомдун социалдык активдүүлүгүн басуу, бийлик структу- раларынын жана укук коргоо органдарынын каршы күрөшүүсүн жењүү чөйрөсүндөгү күрөш үчүн айрым уюшкан кылмыштуу топтор колдонуучу "кри- миналдык терроризм" болуп баратат. Бул тууралуу Жалалабат шаарында жана Талас облусунун Бакайата ра- йонунда 2006-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кыз- маткерлерин өлтүрүү, Ош шаардык кењешинин депутаты А.Х.Алимжановду өлтүрүү, ошондой эле "криминалдык териштирүүнүн" негизинде жасалган за- каздык мүнөздөгү белгилер менен башка бир катар өлтүрүүлөр буга ачык далил боло алат. Катталган кылмыштардын саны кыйла азайгандыгына карабастан, 2006-жылдагы кылмыштуулуктун дењгээли мурдагыдай эле жогору бойдон ка- лууда. Өткөн мезгилде 24132 кылмыш катталып, алардын бетин ачуу 61,7 процентти түзгөн. 15326 оор жана өзгөчө оор кылмыштар, менчикке каршы кылмыштардын 13710 фактысы, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна кылмыштык кол са- луулардын 1836, өлтүрүүлөрдүн 343 фактысы катталган. 61 киши өлтүрүү фактысы (кол салуу менен), денесине оор жаракат келтирүүнүн 19 фактысы, анын ичинде өлүмгө дуушар кылган оор жаракат келтирүүнүн 18 фактысы, зордуктоолордун 36 фактысы, 797 тоноолор, жа- рандардын жеке мүлкүн уурдоонун 3031, анын ичинде квартиралардан уурдо- олордун 888 фактысы ачылбай калган. Өткөн мезгилде мал уурдоонун 980 фактысы болуп, мал уурдоонун бетин ачуу бардыгы болуп 70,3 процентти түзгөн. Республика үчүн наркокылмыштуулук олуттуу коркунуч бойдон калууда. Республиканын бардык укук коргоо органдарынын ичиндеги орун алган кем- чиликтердин натыйжасында аныкталган наркокылмыштардын жалпы саны 1,6 процентке азайган, ошондой эле бањгизаттардын бардык түрлөрү боюнча аларды тартып алуунун да азайышы байкалат. Мында наркокылмыштуулуктун кыйла бөлүгүн бањгизаттарды керектөөгө байланыштуу кылмыштар түзөт. Коомдук коопсуздуктун абалы боюнча кардиналдуу чараларды көрүү та- лап кылынат. 2006-жылдын өткөн мезгилинде коомдук жерлерде жана көчөлөрдө 2700дөн ашуун кылмыштар, анын ичинде өлтүрүүлөр, денесине оор жаракат келтирүүлөр, уурдап-тоноолор жана куралдуу кол салуулар, хули- ганчылык жана башка укук бузуулар жасалган, бул укук коргоо органдары тарабынан колдо болгон күчтөр менен каражаттарды өтө начар пайдалануу- нун кесепети болууда. Быйылкы жылдын 9 айында республикада экономика чөйрөсүндө жана кызмат жагында 2623 кылмыш аныкталган. Кылмыштардын бардык түрлөрү бо- юнча аяктаган кылмыш иштери жагындагы териштирүүлөрдөн келтирилген зыян 715,5 млн. сомду түзгөн, алардын ордун толтуруу бар болгону 24,3 про- цент. Республикага контрабандалык товарларды алып келүүгө каршы күрөшүүнүн абалы өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат, ал өлкөнүн финансы- лык абалын жана жалпысынан экономиканы турукташтыруу процессине терс таасир тийгизүүдө. Жалпы керектелүүчү товарларды контролсуз ташып келүү өтө көп өлчөмгө жетти, бул бажы органдары, ички иштер жана финансы по- лиция органдары Мамлекеттик программанын иш-чараларын жеткире аткара албай жаткандыгы тууралуу тастыктап турат. Укук коргоо органдары материалдык-техникалык базаларын андан ары өнүктүрүүгө муктаж. Алардагы болгон курал-жарак, байланыш каражаттары, криминалисттик жана атайын техникалар, автотранспорттор негизинен эски- рип бүткөн жана аларды эксплуатациялоодо көптөгөн материалдык сарптоо- лорду талап кылат. Республиканын укук коргоо жана сот системасын реформалоо өтө жай- баракат жүрүүдө. Алардын башаламандыгы, бүтүндөй бир бирдиктүү мамиле- нин жоктугу күтүлгөн натыйжаларды бербей жатат. Жалпысынан Мамлекеттик программаны аткаруунун жүрүшүн изилдөө ми- нистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар республикадагы криминогендик кырдаалдын татаалдашып баратышына жеткире баа бербей, илењ-салањдыкты көрсөткөндүгүн айкындап турат, укук тартибин чыњдоого жана кылмыштуу- лукка каршы күрөшүүгө багытталган укук коргоо органдарынын, коомчулук- тун, калктын күч аракеттерин мобилизациялоо боюнча зарыл уюштуруу жана саясий иштер толук дењгээлде жүргүзүлбөй жатат. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, өлкөнүн коомдук коопсуздугун камсыз кылуу факторун азыркы этапта жана келечекте негизгилерден деп эсептөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы
күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу О.Н.Гуронов- дун маалыматы көњүлгө алынсын.
2. Мамлекеттик программанын иш-чараларын аткаруу, укуктук тартипти
жөнгө салуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жерги- ликтүү мамлекеттик администрациялардын иштеринин жетишсиз экендиги бел- гиленсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- жарандардын, инсандардын жана коомдун конституциялык укуктарын
кылмыштык кыянаттыктардан мамлекеттик коргоону камсыз кылуу боюнча ишти негизги деп эсептөө менен Мамлекеттик программанын иш-чараларын аткаруу боюнча иштерди улантышсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу маселелери боюнча укук коргоо ор- гандары менен жумушчу карым-катнаштарда болууга жооптуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү аныкташсын;
- экономикалык, кызматтык кылмыштарга, коррупцияга жана контрабан-
дага каршы күрөштү күчөтүү боюнча атайын пландарды жана экономикалык, кызматтык кылмыштар боюнча материалдык зыяндардын ордун толтурууну эсепке алуунун тартиби жөнүндө бирдиктүү ведомстволор аралык нускаманы иштеп чыгышсын;
- коомдук тартипти коргоону камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы
күрөшүүдө жана укук бузуулардын алдын алууда, укук коргоо органдарын жер-жерлерде кызматтык жайлар менен камсыздоодо, материалдык-техникалык абалын жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууда тийиштүү мамлекеттик ведомстволор менен өз ара аракеттенүү боюнча чараларды көрүшсүн.
4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы №
222 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы №
222 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Улуттук коопсуздук кызматы, тийиштүү министрликтер жана адми- нистрациялык ведомстволор менен бирдикте улуттар аралык жана диний не- гиздеги жањжалдардын келип чыгуу белгилерин, алардын пайда болушуна көмөктөшүүчү себептер менен шарттарды өз учурунда аныктоо боюнча комп- лекстүү иш-чараларды жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келишине, анда болушуна жана Кыргыз Республикасынан кетишине, ошондой эле республикадагы ички миграцияга контролдукту күчөтүшсүн. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мамлекеттик эсепке алуунун бир- диктүү системасын иштеп чыгышсын жана киргизишсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-
пекциясы Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жана Кыргыз Республика- сынын Финансы полиция кызматы менен бирдикте курал-жарактарды, ок-дары- ларды, жардыргыч заттарды жана жалпы керектелүүчү товарларды мыйзамсыз алып өтүшүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик че- гарасы аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктөрдү текшерүүгө контролду күчөтсүн жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган тиешелүү системасын киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына коомдук коопсуз-
дукту камсыздоо, кылмыштардын бетин ачуу жана териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын иш-аракетине көзөмөлдүктү күчөтүү сунушталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Укук коргоо ор-
гандарынын жетекчилеринин координациялык кењешмесинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жерги- ликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен республиканын коомдук кооп- суздугун камсыз кылуу маселелерин кароо сунуш кылынсын.
11. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы №
222 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-
гыз Республикасынын укук коргоо органдарын зарыл атайын жана техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн алар жүргүзүп жаткан иш-чараларды өз учу- рунда жана жетиштүү түрдө каржылоону камсыз кылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча
мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте диний уюм- дарды каттоону тартипке келтирүү жана диний экстремизмдин жайылышына каршы күрөшүү жагынан чараларды көрүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
14. 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы
күрөшүү боюнча Мамлекеттик программаны аткаруунун жүрүшү жана натыйжа- лары 2007-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниесинде каралсын.
Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнунда № 222 " 2007-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү…Постановление · 09.07.2007 · № 222
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.