Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фонду тууралуу ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-апрелиндеги
№ 118 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү
министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан
сыйлоо фонду тууралуу
ЖОБО
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү минис-
трлигинин Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фондунун каражатта-
рын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги-
нин (мындан ары - Министрлик) Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо
фонду (мындан ары - Фонд) төмөнкү максаттар үчүн түзүлөт:
- Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн натыйжалуу
иши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- Министрликтин системинин кызматкерлерин социалдык жактан коргоо-
ну жана гарантияларын камсыз кылуу, алардын өз ишинин жыйынтыгына кы-
зыкчылыгын көтөрүү;
- Министрликтин системинин кызматкерлеринин квалификациясын жого-
рулатуу;
- майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана
жарандарга бир жолку материалдык жардам берүү.
2. Министрликтин Фондуна каражаттарды которуу үчүн мыйзамда белги-
ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук
казыналыгында атайын каражаттар боюнча утурумдук эсеп ачылат.
II. Өнүктүрүү жана материалдык жактан
сыйлоо фондун түзүүнүн булактары
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен куралат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин
атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" N 531 токтомуна
ылайык ведомство алдындагы бөлүмчөлөрдүн атайын каражаттарынан 10% че-
герүүлөрдөн;
- гранттардан;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбей турган башка түшүү-
лөрдөн.
III. Өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо
фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- майыптарга, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана
жарандарга бир ирет мамлекеттик жардам көрсөтүүгө;
- Министрликтин кызматкерлерине, анын ичинде пенсионерлерге жана
пенсияга чыкканга байланыштуу иштен бошонуп кеткен кызматкерлерге дары-
лануу үчүн бир ирет мамлекеттик жардам көрсөтүүгө; дарылоочу мекемелер-
ге жолдомонун наркынын жарым-жартылайын компенсациялоого;
- Министрликтин системасынын мекемелеринин материалдык-техникалык
базасын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө (кызматтык имаратты куруу жана ку-
рулушуна үлүштүк катыш, капиталдык ремонт, компьютердик жана оргтехни-
каны, инвентарды сатып алуу, техникалык каражаттарды тейлөө жана оњдоо,
ошондой эле жылуулук, электр энергияларына, байланыш кызматына төлөө,
бланк продукцияларын сатып алуу ж.у.с);
- Министрликтин атайын журналын, нормативдик укуктук актыларынын
жыйнактарын басып чыгарууга;
- социалдык-маданий иш-чараларды, чет өлкөлүк делегациялар менен
расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана
өткөрүүгө;
- кызматтык ишсапарларга ж.у.с. чыгымдоолорго;
- окуу-билим алуу программалары менен камсыз кылууга, Министрлик-
тин системасынын кызматкерлерин окуп келүүгө, стажировкага жөнөтүүгө;
- эмгек келишими жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча
күтүлбөгөн чарба иштерин аткарууга;
- Министрликтин мекемелеринин аларга жүктөлгөн маселелерди жана
функцияларды аткаруу боюнча ишин жакшыртууга багытталган иш-чараларга.
5. Фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-
гинин Борбордук казыналыгында Министрликтин борбордоштурулган атайын
эсебинде чогултулат.
6. Фондунун каражаттарын чыгымдоо бекитилген чыгымдоо сметасына
жана кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
7. Фондунун каражаттарын тескөөчүлөр болуп бюджеттик ассигнование-
лерди тескөөгө укуктары бар министр жана статс-катчы эсептелишет.
8. Министрликтин финансы кызматы каражаттардын куралышынын, бөлүш-
түрүлүшүнүн эсебин жүргүзөт, Фондунун каражаттары боюнча отчет берет,
белгиленген тартипте бекитилген сметалык арналыштарга ылайык каражат-
тарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдүк кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 12.04.2007 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2000 года №531 "О специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2000 · № 531 · Күчүн жоготкон