Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-апрели №106
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү
- ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
24-апрелиндеги № 289 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы №
632 «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР»
телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы
«Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү -ЭЛТР»
телерадиокомпаниясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндик
бульвары, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын бөлүгүн Кыргыз
Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансынан Кыргыз
Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын
балансына жана Ош шаары, Учительская көчөсү, 36 дареги боюнча
жайгашкан имараттын бөлүгүн тиешелүү аймагы менен Кыргыз
Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын
балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын
балансына тиркемеге ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечсин.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук
телерадиокорпорациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук
телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын имараттарын өткөрүп
берүүнү белгиленген тартипте тариздесин».
4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттук
телерадиокорпорациясына батыш тарабынан Улуттук
телерадиокорпорациясына бекитилген жер участкасынан тартып «Сулайман
Тоо» улуттук тарых музейи археологиялык комплексинин азыркы чегарасына
чейин жана музей комплексинин азыркы чегарасынын түштүк тарабына чейин
кошумча жер участкасын берүү жөнүндө маселени карасын.»;
- 3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 5 жана 6-пункттар деп
эсептелсин;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«6. Бул токтомдун аткарылышын контролдооо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына
жүктөлсүн.».
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10 декабрындагы № 632 " Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.12.2005 · № 632
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү-…Постановление · 24.04.2006 · № 289