Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын «Коомдуктелекөрсөтүү- ЭЛТР» телерадиокомпаниясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү-
ЭЛТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу
тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн
2007-жылдын 10-апрелиндеги №106
токтомуна ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы
№632 "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө"
Жарлыгын аткаруу жана калкка объективдүү маапымат берүүнү камсыздоо,
коомдук телерадиоберүүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясынын
ишин каржылоого "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык
бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө каралган
финансы каражаттарын толук көлөмүндө бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндик
бульвары, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын бөлүгүн Кыргыз
Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансынан Кыргыз
Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын
балансына жана Ош шаары, Учительская көчөсү, 36 дареги боюнча
жайгашкан имараттын бөлүгүн тиешелүү аймагы менен Кыргыз
Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын
балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын
балансына тиркемеге ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук
телерадиокорпорациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук
телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын имараттарын өткөрүп
берүүнү белгиленген тартипте тариздесин».
4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттук
телерадиокорпорациясына батыш тарабынан Улуттук
телерадиокорпорациясына бекитилген жер участкасынан тартып «Сулайман
Тоо» улуттук тарых музейи археологиялык комплексинин азыркы чегарасына
чейин жана музей комплексинин азыркы чегарасынын түштүк тарабына чейин
кошумча жер участкасын берүү жөнүндө маселени карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокомпаниясы Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632
Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР"
телерадиокомпаниясына эфирдик аппараттык-монтаждоо комплексин бөлүп
берсин жана башка техникалык, чыгармачылык жана уюштуруу маселелерин
чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Вице-
премьер министри А.К.Мадумаровго жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10 декабрындагы № 632 " Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.12.2005 · № 632
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 04.04.2006 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-апрели №106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү -…Постановление · 10.04.2007 · № 106