Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 августа 2015 года № 564 "О мерах по реализации требований статей 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-10.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Ѳкмѳт γйγ 2007-жылдын 4-апрели №94
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961
«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташылып кирген товарлардын бажы наркын аныктоо методикасы жөнүндө нускаманын 7.2- пунктчасына төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- бешинчи абзацтагы «башка түрү менен» деген сөздөр «автомобилдик түрү
менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- темир жол транспорту менен ташуу үчүн - Кыргыз Республикасынын темир жол курамына кирген, темир жол транспорту баруучу станция (анын ичинде Кыргыз Республикасынын ишкана, мекеме жана уюмдарынын балансында турган, аларга өкмөттөр аралык Макулдашуулар күчүндө турган мезгилде баш- карууга берилген, коњшу мамлекеттин аймагында жайгашкан станциялар);».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1.4 жана 1.5-пунктчаларда «бир айлык минимум эмгек акынын» деген
сөздөр «бир эсептешүү көрсөткүчүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- бүткүл текст боюнча ар кандай сандык жана жөндөмөлүк формада турган
«минимум эмгек акы» жана «эмгек акынын минимум өлчөмү» деген сјздөр тиешелүү сандык жана жөндөмөлүк формаларда «эсептешүү көрсөткүчү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүне кирет.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о методике определения таможенной стоимости ввозимых товаров в Кыргызскую Республику" (Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2015-жылдын 10-августунун № 564 токтомуПостановление · 10.08.2015 · № 564
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Кыргыз РеспубликасынынЗакон · 27.01.2006 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2004 года №976 "Об утверждении Инструкции о перемещении товаров и автотранспорта через государственную границу Кыргызской Республики…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.