Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 декабря 2009 года №767 "О Государственной таможенной службе при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-18.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 28-марты № 88
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін Токтому
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
2007-жылдын 6-февралындагы № 12 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин башкаруу схемасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин кызматкерлеринин
жогорку штаттык саны 1200 бирдик санында (тейлөөчү персоналды кошпогондо),
алардан: борбордук аппаратта - 160 бирдик, структуралык аймактык
подразделениелерде - 1040 бирдик санында белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде төраганын эки, анын
ичинде бир биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
бажы кызматынын алдында бажы кызматынын өкүлү болсун.
4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен тийиштүү
жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
в) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду
жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» жана «Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген
сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» жана «Мамлекеттик бажы
комитети» деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча «директор» деген сөз «төрага» деген сөз тийиштүү
жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«З. Фонд бажылык тариздөө, бажылык коштоо жана алдын ала чечимдерди кабыл
алуу үчүн түшкөн бажылык жыйымдардан чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.»;
- 6-пунктта:
алтынчы абзац «иш-чаралар» деген сөздөн кийин «, сувенирлерди, эстелик жана
баалуу белектерди сатып алууга» деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзац «анын ичинде медициналык тейлөөгө» деген сөздөрдөн кийин «,
кызмат өтөө учурунда дуушар болгон ооруларды дарылоо» деген сөздөр менен
толукталсын;
«г» пунктчасы «туугандары» деген сөздөрдөн кийин «баланын төрөлүшүнө,
никеге турууга, кызматкерлердин жана жумушчулардын юбилейлик даталарга толушуна
(50, 60 жыл) байланыштуу» деген сөздөр менен толукталсын;
«д» пунктчасы «Кыргыз Республикасы» деген сөздөрдөн кийин «кызматкердин
өлгөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү, кызматкер өлгөн
учурда анын балдарына жогорку окуу жайларында (окуунун күндүзгү формасы) окуу
үчүн төлөө» деген сөздөр менен толукталсын.
5. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциянын
маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы
№ 72 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын
желеги жана символикасы жөнүндө жобонун аталышында «Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийим формасы
жана мүлктүк үлүш нормалары жөнүндө жободо «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы» деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
6. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
27-июлундагы №539 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер министр А. Исабеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 28-мартындагы
№ 88 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы
комитетинин башкаруу
СХЕМАСЫ
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы | |||||||||
| комитетинин борбордук аппараты | |||||||||
| Россия Федерациясынын бажы | |||||||||
| кызматына караштуу Кыргыз | |||||||||
| Республикасынын бажы | |||||||||
| кызматынын өкүлчүлүгү | |||||||||
| Бишкек | "Манас" | Токмок | Кара-Балта | ||||||
| бажысы | бажысы | бажысы | бажысы | ||||||
| "Бишкек" эркин | Түндүк региону | "Түндүк" темир | |||||||
| экономикалык | боюнча оперативдүү | жол бажысы | |||||||
| зонасы" бажысы | бажысы | ||||||||
| Ысык-Көл | Нарын | Талас | Ош | ||||||
| бажысы | бажысы | бажысы | бажысы | ||||||
| Жалалабат | Баткен | "Түштүк" | Энергетикалык | ||||||
| бажысы | бажысы | оперативдүү | бажысы | ||||||
| ----------- ------------ | бажысы | --------------- | |||||||
| Кинологиялык | Лабораториялар | Окуу борбору | |||||||
| кызматы |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 767
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндө Жобо ( 2007-жылдын 28-мартындагы № 88 токтому менен бекитилди)Положение · 28.03.2007 · № 88
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 6-августандагы, №336 буйругуРаспоряжение · 06.08.2005 · № 336
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 21-августундагы № 398 буйругуРаспоряжение · 21.08.2007 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы икспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №…Положение · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 8 февралы, №72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндөПостановление · 08.02.2006 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын «8» февралындагы №72 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын туусу жана…Положение · 08.02.2006 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июлундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери" токтомуПостановление · 27.07.2006 · № 539 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июлундагы N 539 токтому менен бекитилген)Положение · 27.07.2006 · № 539 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 767
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2006-жылдын 8 февралы, №72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери жөнүндөПостановление · 08.02.2006 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөЗакон · 06.02.2007 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июлундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын маселелери" токтомуПостановление · 27.07.2006 · № 539 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө ЖОБОПоложение · 08.02.2006 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2009 · № 361 · Күчүн жоготкон