Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 августа 2024 года № 504 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-декабры № 901
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология,
санитария жана экология тармактарындагы
коопсуздук боюнча чараларды
аныктоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги N 149
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык
жана структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү техникалык регламенттер-
ди кабыл алганга чейин, ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемио-
логия, санитария, экология тармактарындагы коопсуздукту контролдоо жана
көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрү бел-
гиленсин.
2. Кыргыз Республикасында ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини,
эпидемиология, санитария, экология тармактарындагы обьекттердин шайкеш-
тигин баалоо жана коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча тиркелген
жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:
- ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария,
экология тармагында техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча анык-
талган тартипте сунуштарды киргизишсин;
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун не-
гиздери жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясынын 2-пунктунда жана 7-статьясы-
нын 1-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык, товардык номенклатура-
лардын тышкы экономикалык ишмердиктин 10 белгиге чейинки коду жана та-
лаптары аныкталуучу ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен шайкеш-
тикти милдеттүү талаптарды баалоого жата турган обьекттердин тизмесин
иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып тогуз айлык
мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө"
Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- төмөнкү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-
томдорунун долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин:
айыл чарба жаныбарларын кармоо жана көбөйтүү боюнча мал чарба иш-
каналарын долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга карата ветеринар-
дык-санитардык талаптар;
союлуучу жаныбарларды алгачкы иштетүү, мал чарба азык-түлүктөрүн
өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча ишканаларды долбоорлоого, ку-
рууга жана пайдаланууга карата ветеринардык-санитардык талаптар;
патогендүү биологиялык агенттер менен жана малдарды коргоо үчүн
биологиялык препараттарды өндүрүү боюнча иштеген ишканаларды долбоорло-
ого, курууга жана пайдаланууга карата ветеринардык-санитардык коопсуз-
дук талаптары;
балык чарбаларына, балыкты иштетүүчү ишканаларга карата ветеринар-
дык-санитардык талаптар;
жапайы жаныбарларды жана учуучу куштарды асыроо боюнча зоопарк
комплекстерине, корук жайларга жана алар менен чектеш аймактарга карата
ветеринардык-санитардык талаптар;
жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азык-түлүктөрдү ташуу үчүн
колдонулган унаа каражаттарына карата ветеринардык-санитардык талаптар;
жаныбарларды сугаруу үчүн пайдаланылган суунун коопсуздугуна кара-
та ветеринардык-санитардык талаптар;
айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттарга карата ветеринардык-санитар-
дык талаптар;
айыл чарба жаныбарларын кармоо шарттарына карата ветеринардык-са-
нитардык талаптар;
жаныбарларды ыландардан коргоо каражаттарына карата ветеринар-
дык-санитардык талаптар;
эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык чараларды уюштуруу,
өткөрүү;
карантинди (чектөө иш-чаралары), малдарды карантиндөөгө жана Кыр-
гыз Республикасынын аймагында жугуштуу ылањдардын таралышына жол бербөө
боюнча чараларга талаптарды уюштуруу, өткөрүү;
биологиялык калдыктардын, алардын ичинде жаратылыш жана техноген-
дик кырсыктардын коопсуздугуна карата ветеринардык-санитардык талаптар;
ветеринардык көзөмөл обьекттеринде дезинфекция, дезинвазия, дезин-
секция жана дератизация жүргүзүүгө карата талаптар;
коопсуздук талаптарына жооп бербеген малдарды жана малдардан алын-
ган азык-түлүктөрдү бөлүү жана жок кылуу;
Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо;
карантиндөөгө жаткан продукцияларды жана кампа имараттарын экспер-
тизалоо жана фитосанитардык кароо;
Кыргыз Республикасынын коњшу өлкөлөр менен чек арасындагы айдоо-
лордун, өсүмдүктөрдүн, жерлердин жана кампа жайлардын карантиндик аба-
лын аныктоо үчүн фитосанитардык изилдөө жүргүзүү;
жаныбарларды камсыздандыруу.
5.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомуна ылайык күчүн
жоготту)
6.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомуна ылайык күчүн
жоготту)
7.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомуна ылайык күчүн
жоготту)
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жана экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген)Правила · 18.06.2015 · № 376
- Кыргыз Республикасында ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария, экология тармагындагы объекттердин шайкештигин баалоо жана коопсуздук чараларын камсыз…Положение · 30.12.2006 · № 901
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 26.08.2024 · № 504
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.01.2009 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24 июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын жогору турган органдарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик…Постановление · 24.06.2008 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2- ноябрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу"токтомуПостановление · 02.11.2012 · № 762 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология…Постановление · 29.09.2014 · № 552 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы №901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария…Постановление · 15.02.2012 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 26.08.2024 · № 504
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдык жана…Указ · 30.04.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы №901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария…Постановление · 15.02.2012 · № 92 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67