Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 12-декабры № 844 Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Тигүү тармагынын ишкерлери чыгарган өнөр жайлык өндүрүштүн көлөмүнүн статистикалык эсебин өркүндөтүү, тигүү өнөр жайында патенттик системаны активдештирүү боюнча чараларды көрүү жана аны андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жана Кыргыз Республикасынын "Легпром" ассоциациясы менен бирдикте төлөнбөгөн иштетип алма чийки заттан жана материалдан тигүү продукцияларын чыгаруу көлөмүн эсептөө ыкмасын иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети ар бир квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-числосуна чейин статистиканын аймактык органдарына облустар жана райондорго карата экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча жабдуулардын санын жана жалданма жумушчулардын санын көрсөтүү менен өнөр жайлык продукцияны чыгарууга берилген патенттердин саны жөнүндө маалыматтарды берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. "Кыргыз Республикасында патенттик негизде ишкердик иш-аракет жүргүзүүчү жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-августундагы № 378 токтому менен бекитилген Патенттик негизде жүргүзүлүүчү ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жеке адамдардын кирешелерин декларациялоо жана жеке киреше салыгын төлөө жана патенттерди берүү тартибинин 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тигүү өнөр жайынын жалданма жумушчуларына патент эки түрдө фамилиясы жазылып ар бир жумушчуга өзүнчө же ишкердин колу менен ар бир жумушчунун фамилиясын, атын, атасынын атын, анын НИИ, паспортунун номерин, берүү датасын, ким бергенин көрсөтүү менен сунуш кылынган жумушчулардын тизмесин көрсөтүү аркылуу бардык жумушчуларга бир патент (2 нускада) берилсин".
4. Кыргыз Республикасынын "Легпром" ассоциациясына квартал сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин дарегине расмий статистикалык отчеттуулуктун бланктарында облустар жана райондорго карата тигүү продукциясын чыгаруу боюнча отчеттук маалыматтарды берип туруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2007-жылы башталгыч кесиптик окуу жайларынын системасы аркылуу тигүү жана текстиль тармактарынын кадрларын даярдоонун санын көбөйтүүнү республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде карасын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тигүү жана текстиль багыттарында жогорку билимдүү кадрларды даярдоо программасына кийимди автоматташтырылган долбоорлоо системасын үйрөнүүнү киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Порядок декларирования физическими лицами доходов и уплаты подоходного налога на виды деятельности, осуществляемые на патентной основе, и выдачи патентов (Утвержден…Порядок · 12.08.1996 · № 378
- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп…Постановление · 22.04.2020 · № 212
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 12 августа 1996 года N 378 "О декларировании доходов и уплате подоходного налога физическими лицами, осуществляющими предпринимательскую…Постановление · 12.08.1996 · № 378 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.