Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылдарга „Кайрылман“»мамлекеттик программа
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 19-октябрындагы № 737
токтому менен бекитилген
Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга
көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылдарга "Кайрылман"
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга көмөк көрсө-
түү боюнча 2006-2008-жылдарга "Кайрылман" мамлекеттик программасы (мын-
дан ары - Программа) теги боюнча кыргыз иммигранттарын Кыргыз Республи-
касынын аймагына кабыл алуу жана легалдаштыруунун шарттарын түзүү боюн-
ча мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруунун негизги чараларын
аныктайт.
Программаны жүзөгө ашыруу этностук кыргыздардын тарыхый мекенине
кайтып келүү процессин жөнгө салууну, көчүп келип жатышкан этностук
кыргыздар үчүн "кайрылман" статусун аныктоо менен Кыргыз Республикасы-
нын ченемдик укуктук базасына өзгөртүү киргизүүнү, алар үчүн каттоонун,
жарандыкты алуунун жана документтештирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибинин
шарттарын түзүүнү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында
рационалдуу жайгаштырууну жана алардын социалдык-экономикалык жактан
көнүшү үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт.
Аргасыз көчүп келип жаткандардын абалы өзгөчө тынчсызданууну туу-
дурат. Коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуу менен мурдагы жашаган жерлеринен
кысмакка алынышып, алар жашоого бир кыйла жагымдуу шарттагы өлкөлөргө
кетишүүдө. Жањы жерге келген соњ, укуктук статусунун аныкталышына жана
жарандыганын өзгөрүшүнө байланыштуу кыйынчылыктарга туш болушуп, иммиг-
ранттар жумушка орношо алышпайт, билим алууга, медициналык тейлөөгө жа-
на мамлекеттик кепилдиктеги социалдык пособиелерге толук жете алышпайт.
Кыргызстан өзүнүн көзкарандысыздыгын алган учурда анын чегинен
сырткары жашаган кыргыздар да ушундай шарттарда калышкан. Тажикстандагы
жарандык согуш жана Өзбекстандан түпкү элден башка көптөгөн жашоочулар-
дын кетүүнү каалагандары республиканын, көбүнчө Ош, Жалалабат жана Чүй
облустарына кыргыздардын массалык көчүп келүүлөрүнө алып келди.
Азыркы кырдаалды талдоо
2005-жылдын жаз-жайында Миграция боюнча эларалык уюмдун колдоосун-
да Иммиграция фондусунун демилгеси менен этностук кыргыздар-иммигрант-
тарга колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө өз иш-аракеттерин өкмөттүк эмес уюмдар
тарабынын этностук кыргыздарга республикалык каттоо жүргүзүлгөн, анын
жыйынтыгы боюнча республикага туруктуу жашоого 22805 адам көчүп келген,
алардын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандыгын 2034 адам алды. Көчүп
келгендердин негизги агымын Тажикстан Республикасынан жана Өзбекстандан
келгендер түзөт. Ушул эле учурда чет өлкөлөрдөн этностук кыргыздардын
көчүп келүү процесси токтогон жок жана өсүү тенденциясына ээ. Ошону ме-
нен бирге көчүп келүү уюшкан мүнөздө болбостон, көбүнчө стихиялык мү-
нөзгө ээ. Көпчүлүк учурларда этностук кыргыздар Кыргызстанга мурдагы
жарандыгынан чыгууда чечилбеген маселелери менен келишүүдө. Мамлекеттик
чегарадан өтүү жана каттоого туруу тартибин бузуу менен этностук кыр-
гыздар республиканын аймагына келүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу ме-
нен Кыргызстанга келип жатышкан адамдардын категориясына түз эле өтүп
калышат. Анын натыйжасы катары жыйырма мињге жакын мекендештерибиздин
Кыргызстандын аймаганда легалдуу статусу жок, Кыргыз Республикасынын
жарандыгын алууда жана жергиликтүү жамаатка интеграцияланууда кыйынчы-
лыктарга дуушар болушууда.
Көчүп келгендердин социалдык жана экономикалык адаптацияланышынын
механизмдеринин жоктугу жана бул тармакта мыйзамдык базанын жетиксизди-
ги көчүп келишкен-этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасында жашоосу-
нун жагымдуу шарттарына толук өлчөмдө кепилдик берүүгө мүмкүнчүлүк бер-
бейт. Ушуга байланыштуу, Программа көчүп келишкен-этностук кыргыздарга
"кайрылман" статусун берүү менен жашоого жагдайлуу шарт түзүүнү болжол-
дойт.
"Кайрылман" статусунун башкы мазмуну - көчүп келген-этностук кыр-
гыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин убактылуу ле-
галдуу статус берүү болуп саналат, бул болсо аларды документтештирүү,
каттоо жана эсепке алуу боюнча негизги маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк
берет, ошондой эле эмгекке, билим алууга, жүрүү эркиндигинин укуктарын
ишке ашырууга кепил болот.
Программанын максаттары жана ишке ашыруу механизмдери
Программанын максаттары жана милдеттери этностук кыргыздардын Кыр-
гыз Республикасынын аймагына кайтып келүү процессин тартиптештирүүгө,
аларды документтештирүүгө жана республиканын аймактары боюнча рационал-
дуу жайгаштырууга багытталган.
Программанын негизги максаты чет өлкөлөрдөн келип жатышкан этнос-
тук кыргыздардын жергиликтүү жамаатка интеграцияланышына жагымдуу шарт-
тарды түзүү болуп саналат. Программанын негизги милдеттери төмөнкүлөр
болуп саналат:
1. Улуттук миграциялык мыйзамды өркүндөтүү.
2. Көчүп келишкен-этностук кыргыздар үчүн "кайрылман" статусун
киргизүү жана бул статусту киргизүүгө байланыштуу маселелер боюнча мый-
зам дењгээлинде комплекстүү чараларды ишке ашыруу.
3. Жеке турак-жай курулуштары үчүн жер участокторун берүү, ошондой
эле аларды компактуу жайгаштырган жерлерде окутуу, маданий, социалдык
жана экономикалык көнүү борборлорун түзүү менен "кайрылман" статусу бар
адамдар үчүн ар жылдагы иммиграциялык квоталарды аныктоо.
4. Чет өлкөдө жашашкан этностук кыргыздардын компакттуу жашаган
жерлеринде мурдагы жарандыгынан чыгуу боюнча документтерди туура толту-
руу эрежелерин, ар жылдагы белгиленген иммиграциялык квоталарга ылайык
Кыргыз Республикасынын аймагына легалдуу кирүүнүн жана андан кийинки
документтештирүүнүн шарттары жана тартибин түшүндүрүү менен маалыматтык
кампанияны жүргүзүү, ошондой эле иммигранттардын укуктук билимдерин жо-
горулатуу, окутуучу борборлорду түзүү, семинарларды өткөрүү, маалымдама
материалдарды жарыялоо, телевидение жана ЖМКлар аркылуу маалымат кампа-
нияларын өткөрүү.
5. Этностук кыргыздарды убактылуу жайгаштыруучу борборлорду түзүү
үчүн жайларды бөлүү, аларды ондоо, жабдуу жана штаттык бирдиктер менен
комплектөө.
6. Көчүп келген - этностук кыргыздарды Кыргыз Республикасынын ай-
магында легалдаштыруу үчүн зарыл документтердин пакетин даярдоого көмөк
көрсөтүү.
7. "Кайрылман" статусу бар адамдарга укуктук жана социалдык-эконо-
микалык колдоо көрсөтүү.
Программаны каржылоо
Программаны каржылоо донорлук жана Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында тыюу салынбаган башка финансылык каражаттарды тартуунун эсеби-
нен ишке ашырылат. Программаны бюджеттик каржылоонун көлөмү тийиштүү
финансылык жылга бюджеттик мыйзамды түзүүдө жыл сайын такталып турат.
Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруу көчүп келген - этностук кыргыздардын же
кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктарын ишке ашыруу боюнча
шарттарды мыйзамдык дењгээлде бекемдөөгө, ошондой эле этностук кыргыз-
дардын тарыхый мекенине көчүп келишин жөнгө салуунун иштиктүү механизм-
дерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октября № 737 "Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылга "Кайрылман" мамлекеттик…Постановление · 19.10.2006 · № 737 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-октября № 737 "Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылга "Кайрылман" мамлекеттик…Постановление · 19.10.2006 · № 737 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.