Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жјнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна өзгјртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жјнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на земельные участки, находящиеся в муниципальной собственности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-23.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2006-жылдын 16-ноябры №799
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
«Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара
укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди ишке
ашыруунун тартибин жјнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы
№ 57 токтомуна өзгјртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жјнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн
жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу
жоболорду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-
февралындагы № 57 токтому менен бекитилген Калктуу конуштарда жер участокторуна
менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
типтүү жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 5.5-пункттагы «8.2» жана «8.3» деген сандар тиешелүү түрдө «8.1» жана
«8.2» деген сандарга алмаштырылсын;
- 9-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«9- Жер участокторуна укуктарды конкурстун шарттарында көп кабаттуу турак
жай куруу үчүн берүүнүн өзгөчө шарттары
9.1. Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участканы
акысыз алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган, турак жай-
курулуш кооперативдерине көп кабаттуу турак жай куруу үчүн калктуу конуштарда
жер участкаларга укук беріү тартибин жана шарттарын белгилейт.
9.2. Көп кабаттуу турак жай курууга жер участкаларына укук берүү конкурстук
негизде гана жүргүзілөт.
9.3 Конкурсту өткөрүүнін шарттары жана тартиби ыйгарым укуктуу орган
тарабынан белгиленет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Конкурстун милдеттүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- иштелип чыккан эскиздик долбоорду берүү;
- көп кабаттуу турак жайдын курулушун каржылоо мумкүнчүлүгү же арыз ээсинин
банктык мекемелер менен кредиттик макулдашуунун болушу.
Конкурсту жыйынтыктоодо тиешелүү шаар курулуш Кењешинин эњ жогорку баллын
алган жана көп кабаттуу турак жайдын курулушун каржылоонун эњ эле артыкчылыктуу
шарттарын, анын ичинде ипотекалык кредиттөө шарттарында сунуш кылган катышуучу
артыкчылыктуу укуктарга ээ.
9.4. Жер участкасын берүү жөнүндө комиссиянын чечими протокол түрүндө
таризденет. Протоколдо жер участкага берилген укуктун түрү, жер участкасын
пайдалануу шарттары, аны берүүнүн мөөнөтү жана ыкмасы көрсөтүлөт. Протокол
ыйгарым укуктуу органга жиберилет, ал аны келгенден кийин 3 иш күндүн ичинде
бекитет.
9.5. Жер участкасын берүүдј жер участкаларын түзүү боюнча иштер бул Типтүү
жобонун 5.2, 5.6, 5,8 жана 5.10-пункттарына ылайык аткарылат.
9.6. Конкурс өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине,
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык
аныкталат.
9.7. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген протоколдун көчүрмөлөрү
жергиликтүү архитектура жана курулуш органдарына жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик
агенттикке жиберилет.
Комиссиянын протоколунун кјчүрмөсү арыз ээсине да жиберилет.
9.8 Өткөрүлгјн конкурстун жыйынтыктары боюнча конкурстун жењүүчүсү менен
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда келишим түзүлөт.
Келишимдин негизги шарты жер участкасын пайдаланууга жана ага ээлик кылууга
берүү болуп саналат. Жер участкасы мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын актысына
ылайык турак үйдү (үйлөрдү) кабыл алуудан кийин карамагына өткөрүп берилет.»;
- Калктуу конуштардагы жер участкаларына менчик укуктарына же ижарага акы
тјлөп берүү тартиби жана шарттары жјнүндө типтүү жобонун № 4 тиркемесинин 4-
схемасында:
- аталышында:
«, инвестициялык долбоорлордун» деген сөздөр алып салынсын;
«тоорук өткөрбөстөн» деген сөздөр «конкурстун шарттарында» деген сөздөргө
алмаштырылсын»
- 6-пункт тјмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
_______________________________________________________________________________
| 6 | ЖМКдагы | Конкурстун | Ыйгарым | 30 | Жарыя | Ыйгарым | |
| конкурс | схемасы жана | укуктуу | укуктуу | ||||
| жөнүндө | шарттары, | орган | органдын | ||||
| жарыя | конкурстун | жетекчиси | |||||
| уюштуруучусу | |||||||
| жана анын | |||||||
| дареги | |||||||
| _____ | __________ | ______________ | __________ | ____ | _____ | ___________ | ____________ |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"
_______________________________________________________________________________
| 7 | Конкурс | Арыз,ким | Комис- | Комис- | 1 | Комис- | Комис- |
| экендигин | сия | сия | сиянын | сиянын | |||
| тастыктоочу | прото- | төрагасы | |||||
| документ, | колу | ||||||
| кредиттик | |||||||
| макулдашуу, | |||||||
| конкурстун | |||||||
| шарттары | |||||||
| боюнча | |||||||
| сунуш | |||||||
| _____ | __________ | ______________ | _________ | _________ | ____ | _________ | ___________ |
";
- 7-17-пункттар тиешелүү түрдө 8-13-пункттар деп эсептелсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары өздөрүнүн нормативдик актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Реслубликасынын Премьер-
министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү
бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчі өнөр жай бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Приложение к постановлению № 63 сессии Кенеша депутатов Саруйского айыл окмоту 19 созыва от 7 октября 2010 годаПоложение · 07.10.2010 · № 63
- Калктуу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57…Типовое положение · 05.02.2004 · № 57 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык- курулуштук ниеттерди…Постановление · 05.02.2004 · № 57 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Инвестициялык-курулуш ниеттерин ишке ашыруунуе тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтому менен бекитилген)Положение · 05.02.2004 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 16 мая 2007 года № 322 "О внесении изменений и дополнений в постановление Бишкекского городского Кенеша депутатов "О порядке…Постановление · 16.05.2007 · № 322 · Күчүн жоготкон