Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 27-сентябрындагы
№ 697 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Менчигинин түрүнө карабастан бир же бир нече айыл чарба өсүмдү-
гүнүн үрөндүк же тигилүүчү материалдарын өстүрүүгө жана (же) сатууга
ниетин ыктыярдуу билдирген, үрөн чарбага карата талаптарга (критерий-
лерге) жооп берген жана жогорку түшүмдүк жана чарбалык-биологиялык ка-
сиеттерге ээ үрөн жана тигилүүчү материалды өндүрүүнү камсыздачу бардык
агротехникалык жана үрөнчүлүк иш-чаралардын сөзсүз аткарылышын гаранти-
ялоочу чарбакер субъект Кыргыз Республикасынын үрөн чарбасы боло алат.
2. Үрөн чарбанын статусун алууга талапкер ар бир чарбакер субъект
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлигинин (мындан ары - Айыл чарба министрлиги) аймактагы райондук
агрардык өнүктүрүү башкармалыгына төмөнкүдөй документтерди тапшырууга
милдеттүү:
- үрөн чарбанын статусун алууга арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик катталганы (кайрадан катталганы)
жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же жеке адамдын ким экенин күбөлөндүрүүчү
документтин нотариуста ырасталган көчүрмөсү;
- айдоо жерлерди пайдалануу укугун ырастоочу документтер;
- материалдык-техникалык базасы (себүүчү, жыйноочу, кыртышты иште-
түүчү, үрөн тазалоочу жана дарылоочу техникасынын маркасын жана техни-
калык абалын көрсөтүү менен), ошондой эле кырмандары жана кампа жайлары
бар экени жөнүндө декларация, алардын өндүрүштүк кубаттуулугун жана та-
бигый абалын көрсөтүү менен;
- ар бир айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүүнүн жана сатуунун жакынкы үч
жылга карата көлөмүн эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү
структурасы жөнүндө, үрөндөрдү сатуунун болжолдонгон булактары жөнүндө
маалымат;
- төлөмдүк жана почталык реквизиттери.
3. Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкарма-
лыгынын жетекчиси түшкөн арыздарды кароо үчүн райондук комиссия түзөт,
анын курамына: агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын агроному, райондук
(райондор аралык) үрөн инспекциясынын, райондук (райондор аралык) тех-
никалык инспекциянын (болгон айыл чарбалык техниканын жарактуулугун
аныктоо үчүн), өсүмдүктөрдү коргоо станциясынын (кампа жайларды жана
үрөндүк материалды дарылоого даярдыкты баалоо үчүн), Кыргыз Республика-
сынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктү-
рүүнүн мамлекеттик фондунун, райондук салык инспекциясынын (карызы
бар-жок экенин аныктоо жана үрөнчүлүк иш жүргүзүүгө финансылык абалын
баалоо үчүн) өкүлдөрү киришет.
Аталган комиссия бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө талапкердин
үрөн чарбанын статусун алууга жана экинчи топтогу үрөн чарбанын функци-
ясын аткарууга жарактуулугу жөнүндө өзүнүн корутундусун жазуу жүзүндөгү
акты түрүндө берүүгө милдеттүү.
Комиссия Айыл чарба министрлигинин ар бир райондук агрардык өнүк-
түрүү башкармалыгында түзүлүп, аны башкармалыктын жетекчиси башкарат.
Анын функциясына талапкерлерге үрөн чарбанын статусун алууга корутунду
берүү менен кошо аткарылган иштерге баа берип, райондогу бардык үрөн
чарбалардын иштеринин жыйынтыктарын жыл сайын кароо кирет, зарыл болсо
үрөн чарбанын статусунан ажыратуу маселесин карайт.
Талапкер биринчи топтогу үрөн чарбанын статусун алуу үчүн Респуб-
ликалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын кошумча макулдугун тапшыруусу,
ал эми биринчи үрөнчүлүк ишти жүргүзүү укугуна ээ үрөн чарбанын стату-
сун алуу үчүн - дыйканчылык боюнча республикалык селекциялык или-
мий-изилдөөчү мекеменин жана Республикалык мамлекеттик үрөн инспекция-
сынын макулдугун тапшыруусу керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн актылардын жана корутундулардын негизинде
райондук мамлекеттик администрация башчысынын Кыргыз Республикасынын
айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин атына өтүнүчү
даярдалат, ал жогоруда аталган документтердин көчүрмөлөрүнүн баарынын
тизмеси менен үрөн чарбанын статусун алууну каалаган талапкер тарабынан
тапшырылат.
4. Министр же анын орун басары түшкөн документтер менен таанышып,
талапкер менен маектешкенден кийин Айыл чарба министрлигинин айыл чар-
балык продукция өндүрүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги жана
башкармалыктын адистери Айыл чарба министрлигинин талапкерге үрөн чар-
банын статусун берүү жөнүндө тийиштүү буйругун даярдашат, анын көчүрмө-
сү үрөн чарбага, райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчисине
жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысына жиберилет. Буйрук-
тун бир көчүрмөсү Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясына жањы
үрөн чарбаны үрөн өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын реестрине каттоо
үчүн жиберилет.
Үч жылда бир жолу бардык үрөн чарбалар аттестациядан өткөрүлүп ту-
рат, андан кийин аттестациядан өткөн чарбалардын тизмеси Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
5. Үрөн чарбанын статусун алган ар бир чарбакер субъект өз алдынча
чарбакер субъект болуп эсептелет, өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өздүк
балансы жана банктарда эсеби болот.
6. Үрөн чарбалар өз иштеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,
өздөрүнүн Уставына, ошондой эле ушул Жобого таянышат, Кыргыз Республи-
касынын "Үрөн жөнүндө" Мыйзамын жана ага ылайык кабыл алынган норматив-
дик укуктук актыларды тыкыр сакташат.
7. Мамлекеттик үрөн чарбалардын жетекчилери кызматка Айыл чарба
министрлигинин тийиштүү буйругу менен, ал эми менчиктин башка түрүндөгү
үрөн чарбалардын жетекчилери - Кыргыз Республикасынын Юстиция минист-
рлигинин органдарында катталган өз уставдарына ылайык дайындалышат жана
бошотулушат.
8. Үрөн чарбанын жетекчиси анын атынан иштейт, республиканын ичин-
деги да, анын чегинен сырткары да бардык уюмдарда жана фирмаларда анын
атынан чыгат. Уставдын негизинде жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде
анын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, анын ичинен
башкаларга ишеним берүүчү келишимдерди түзөт, банктык эсептерди ачат,
төлөм документтерге кол коет, милдеттенмелерди алат жана гарантияларды
берет.
9. Ар бир үрөн чарба өз ишинин процессинде Кыргыз Республикасынын
"Үрөн жөнүндө" Мыйзамына ылайык Республикалык мамлекеттик үрөн инспек-
циясында, ошондой эле аймактык жайгашуусу боюнча үрөндүк инспекцияда
үрөндүк жана тигилүүчү материалдарды өндүрүүчүлөрдүн жана (же) сатуучу-
лардын реестрине катталууга милдеттүү.
2. Үрөн чарбалардын категориялары
10. Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары аткаруучу функцияларына
жараша үч категорияга бөлүнөт, алар:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи үрөнү боюнча ишти жүргүзүү
укугу берилген үрөн чарбалар;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн элита жана биринчи репродукциядагы
сортторунун үрөндөрүн, ошондой эле гибриддердин биринчи муунунун
үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу укугу берилген биринчи топтогу үрөн чарба-
лар;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун биринчи жана экинчи репро-
дукциядагы үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу укугу берилген экинчи топтогу
үрөн чарбалар.
11. Биринчи үрөнчүлүк ишти жүргүзүү укугуна ээ үрөн чарбалар өз
иштерин Айыл чарба министрлиги бекиткен биринчи үрөнчүлүк иш жүргүзүү
боюнча методикалык колдонмолорго жана нускамаларга ылайык аткарышат.
Бул негизинен республиканын дыйканчылык тармактары боюнча илимий-изил-
дөөчү селекциялык мекемелеринин чарбалары, алар айыл чарба өсүмдүктөрү-
нүн биринчи питомниктерин сорттордун жана гибриддердин оригинаторлору-
нун же алар дайындаган адистердин контролу менен өстүрүшөт. Сорттордун
элита жана биринчи репродукциядагы үрөндөрүн, ошондой эле биринчи муун-
дагы гибриддердин үрөндөрүн өстүрүүдө чоњ практикалык тажрыйбасы бар
республиканын чарбакер субъектилери да биринчи үрөнчүлүктү жүргүзүүгө
укук берилген үрөн чарба боло алышат, алар тажрыйбалуу селекционерлер
менен келишим түзүшүп, алардын жетекчилиги менен биринчи үрөнчүлүктү
ишке ашырышат.
Үрөн чарбалардын аталган категорияларынын негизги милдети - сорт-
тор үчүн супер-элитанын сертификатталган жогорку сапаттуу үрөндүк мате-
риалын, ошондой эле гибриддер үчүн баштапкы энелик формалардын үрөндө-
рүн өстүрүп, кийин ал үрөндөрдү биринчи топтогу үрөн чарбаларга сатуу
болуп эсептелет.
12. Биринчи топтогу үрөн чарбалар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт-
торунун элита жана биринчи репродукциядагы үрөндөрүн жана биринчи муун-
дагы гибриддердин үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу боюнча өз милдеттерин
камсыздоо үчүн биринчи үрөнчүлүк жүргүзүүгө укук берилген үрөн чарба-
лардан жыл сайын элита үрөндөрдү өндүрүү максатында элиталык айдоолорду
себүү үчүн супер-элита үрөндөрдү, ошондой эле биринчи муундагы үрөндөр-
дү алуу максатында гибриддештирүүчү участокторду себүү үчүн гибриддер-
дин баштапкы тектик формаларынын үрөндөрүн сатып алууга милдеттүү.
Биринчи топтогу үрөн чарбалар элитанын өстүрүлгөн үрөндөрүн экинчи
топтогу үрөн чарбаларга сатышат же алар менен макулдашуу боюнча элита
үрөндөрдү биринчи репродукцияга чейин көбөйтүп, ал эми биринчи репро-
дукцияны экинчи топтогу үрөн чарбаларга сата алышат.
Биринчи топтогу үрөн чарбалар өндүрүшкөн биринчи муундагы гибрид-
дердин үрөндөрү айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнө өндүрүштүк ай-
доолорду себүү үчүн сатылат.
Биринчи топтогу үрөн чарбалар сатылбай калган үрөндөрдүн калдыгын
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган шартта мамле-
кеттик үрөн фондун топтоого пайдалана алышат.
Биринчи топтогу-үрөн чарбанын статусу үрөн материалды өндүрүү жана
сатуу боюнча көп жылдык практикалык тажрыйбасы бар чарбакер субъекти-
лерге берилет.
13. Экинчи топтогу үрөн чарбалар айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өз-
дөрүнө алардын өндүрүштүк айдоолорду себиши үчүн үрөндөрдү сертификат-
тонун республикада кабыл алынган эл аралык схемасына ылайык айыл чарба
өсүмдүктөрүнүн сортторунун биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндө-
рүн өстүрүү боюнча функцияны аткарышат.
Ар бир сортко таандык түшүмдүүлүк жана чарбалык-биологиялык каси-
еттерди сактоо үчүн үрөн чарбаларга үчүнчү жана массалык репродукция-
лардагы үрөндөрдү өндүрүүгө жана сатууга жол берилбейт.
Экинчи топтогу үрөн чарбаларда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
үрөндөрүнүн сатылбай калган калдыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чечими менен аныкталган шартта мамлекеттик үрөн фондун топтоого пайда-
ланылышы мүмкүн.
3. Үрөн чарбага коюлчу талаптар
14. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өстүрүү жана сатуу боюнча
иштөөгө ниетин билдирген ар бир чарбакер субъект төмөнкүдөй талаптардын
аткарылышын камсыздоого милдеттүү, алар:
- сорттук жана өсүү көрсөткүчтөрү жакшы жогорку сапаттагы үрөндүк
материалды өндүрүүгө жарактуу жаратылыштык-климаттык шарттарда болуу;
- керектүү көлөмдө бекитип берилген сугат айдоо жери болушу;
- үрөн материал өндүрүү жана сатуу үчүн тийиштүү материалдык-тех-
никалык базасы болушу;
- керектүү кадрлык камсыздоосу болушу.
15. Үрөн чарбанын статусун алууга талапкерде сугат айдоонун
төмөнкүдөй аянты болууга тийиш:
Чүй облусунда - 300 га кем эмес;
Ысык-Көл облусунда - 200 га кем эмес;
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарында - 200 га кем
эмес.
Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта үрөнүн өндүрүүгө жана сатуу-
га адистешкен үрөн чарбаларында - 50 га кем эмес.
16. Үрөн чарбага жетекчи жогорку айыл чарбалык билими бар адис бо-
ло алат. Үрөн чарбанын штатында үрөнчү агроном болууга тийиш, ал кыз-
матка дайындалган учурдан баштап жыл ичинде Республикалык мамлекеттик
үрөн инспекциясы жыл сайын уюштуруучу окуудан өтүүгө милдеттүү.
4. Үрөн чарбанын укуктары жана милдеттери
17. Үрөн чарбанын статусун алган ар бир чарбакер субъекттин укук-
тары төмөнкүдөй:
- эгер өндүрүштүк зарылдык болсо үрөн чарба эмес башка чарбакер
субъектилер менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өзүнүн методика-
лык жетекчилиги жана ал үрөндөрдүн сорттук жана өсүү сапаттары үчүн жо-
опкерчиликти өзүнө алуу менен кошумча өндүрүүгө келишимдерди түзүү;
- үрөнчүлүк бирикмелерди, кооперативдерди, консорциумдарды, компа-
нияларды, ошондой эле чет өлкөлүк фирмалар жана компаниялар менен бир-
гелешкен ишканаларды түзүү;
- Кыргызстандын Үрөнчүлөр ассоциациясына кирүү жана андан өзү
өстүргөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатуу боюнча маркетингдик
кызматтарды көрсөтүүнү талап кылуу;
- үрөндөр, күйүүчү-майлоочу материалдар, айыл чарбалык техника жа-
на запас тетиктер, химиялаштыруу каражаттары түрүндө жењилдиктүү мамле-
кеттик кредитти биринчи кезекте ала алуу;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-
раштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен өзүнөн алынба-
ган үрөндөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн
фондуна топтоо жөнүндө келишимдерди биринчи кезекте түзө алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруучу бийлик органдары-
нын аны үрөн чарбанын статусунан ажыратууну, ошондой эле ага бекитип
берилген айдоо жерлерди алып коюуну көздөгөн мыйзамсыз аракеттеринин
үстүнөн сотко даттануу;
- анын үрөндөрдүн айдоолоруна (гибриддештирүү участокторуна) сыноо
(талаалык изилдөөлөрдү), ошондой эле үрөндүк материалдын өсүү сапатта-
рын аныктоо үчүн лабораториялык анализдерди жүргүзүүсүнөн баш тарткан
мамлекеттик кызматтардын үстүнөн Айыл чарба министрлигине, ошондой эле
сотко даттануу.
18. Үрөн чарбанын статусун алган ар бир чарбакер субъектинин мил-
деттери төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасынын "Үрөн жөнүндө", "Селекциялык жетишкендик-
терди укуктук коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө",
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" мыйзамдарынын жана
аларга ылайык кабыл алынган нормативдик укуктук актылардын талаптарын
катуу сактоо;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүлгөн жана сатылчу үрөндүк мате-
риалдарын маркалоону жана упаковкалоону жолго коюу, үрөндүн эндей бери-
лишин болтурбоо;
- жыл сайын, 1-январга карата иштелип чыккан формада үрөнчүлүк бо-
юнча жыл ичинде жасалган жумуштар жөнүндө Айыл чарба министрлигине жана
Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясына отчет берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттору жана гибриддери боюнча пландуу түрдө
сортту жањыртуу жана сортту алмаштыруу жүргүзүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунун жайгаштырылышын ар бир
талаа боюнча такай эсепке алып, эсептик маалыматтарды үрөндүк айдоолор-
дун керектүү удаалаштыгы боюнча талаптарды катуу сактоо үчүн 10 жыл бою
сактоо;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалынын кыймылын сорттор-
дун жана гидриддердин ичиндеги ар бир партия жана ар бир репродукция
боюнча такай эсепке алып, эсептик маалыматтарды 5 жыл бою сактоо;
- жыл сайын Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясына айыл чар-
ба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк себүүлөрүнө талаада сыноо (текшерүү)
жүргүзүүгө аныкталган форма боюнча арыз берүү;
- үрөнчүлүк боюнча мамлекеттик органдардын жана кызматтардын,
ошондой эле Кыргызстандын Үрөнчүлөр ассоциациясынын, өсүмдүктөрдүн ка-
рантини боюнча инспекциянын кызматчыларына алар өздөрүнүн кызматтык
милдеттерин аткарышы үчүн үрөндөрдү, үрөндүк айдоолорду, кампалык жана
бухгалтердик документтерди эркин көрүшүнө жол берүү;
- айдоолорду жана өсүмдүктөрдү карантиндик объектилерди аныктоо
үчүн текшерүү жана алардын толук жок кылууга арналган иш-чараларды
жүргүзүү;
- эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча керектүү иштерди
жүргүзүү;
- өзүнүн аймагында нормалдуу фитосанитардык абалды сактоо;
- үрөн тармагында ишке тартылган адистердин жана кызматкерлердин
кесиптик дењгээлдерин такай жогорулатуу.
5. Үрөн чарбанын статусунан ажыратуу
19. Үрөн чарбанын статусунан ажыратуу ушул Жобонун талаптарын ат-
карбоонун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабоонун, өз милдетте-
рин аткарбоонун натыйжасында, үрөндөрдү фальсификациялоо жана жасалма-
лоо фактылары аныкталган, үрөндүк материалды өндүрүүнүн технологиясы
бузулган учурларда жана ошондой эле республикалык мамлекеттик аттеста-
циялык комиссия аттестация жүргүзгөндөн кийин анын корутундусунун неги-
зинде жүргүзүлөт.
20. Үрөн чарбанын статусунан райондук мамлекеттик администрация
башчысынын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, ошондой эле
башка жогору турган мамлекеттик органдардын сунушу боюнча ажыратуу Айыл
чарба министрлиги Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын өкүлүн,
эгер үрөн чарба мүчөсү болсо анда Кыргызстандын Үрөнчүлөр ассоциациясы-
нын өкүлүн милдеттүү түрдө киргизип түзгөн атайын комиссиянын корутун-
дусунун негизинде ишке ашырылат.
21. Үрөн чарбанын статусунан ажыратуу Айыл чарба министрлигинин
тиешелүү буйругу менен таризделет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №697 "Күздүк өсүмдүктөрдү өз убагында себүү жана кыртышты 2007-жылдагы түшүмгө даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2006 · № 697 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 13.06.1998 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 65 "2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз…Постановление · 07.02.2022 · № 65 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 178 "2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк…Постановление · 13.03.2009 · № 178 · Күчүн жоготкон